alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Эй Умар! Аллахтан корккун ,өлүм бар!

.Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) халифа болуп дайындалган соң өз каражатына бир адамды жалдады.  Анын болгон милдети, күн сайын Азирети Умарга (андан Аллах ыраазы болсун) келип: «Эй Умар! Аллахтан корккун, өлүм бар! «-деп айтуу эле. Ошентип ал адам айлап -жылдап өз ишин аткарып жүрдү.  Күндөрдүн биринде Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) өзүн күзгүдөн карап, чачы менен сакал- муруту акырындан болсо да агарнанын көрдү. Анан ал күндө өлүмдү эске салып туруучү жалчынын мындан ары зарылдыгы жок экендигине ынанып, анын ишин токтото турган болду.  Анда жалчы Азирети Умардан (андан Аллах ыраазы болсун):
    -Эй, Умар. Эмне мындай жакшы пикириңден баш тарттыңбы? Деги сага эмне болду? -деп сурап калды.
        Өзүнүн адилеттүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү жана мемлекет башкаруудагы зор жетишкенликтери менен таанымал болгон жана Ислам тарыхында алтын тамгалар менен адилеттүүлүктүн үлгүсү катары жазылып калган.  Азирети Умар(андан Аллах ыраазы болсун) жалчынын суроосуна мына мындай өтө маанилүү сөздөр менен жооп берди: 
       -Ушул убакка чейин жаш болчумун. Чачым менен сакал -мурутумду ак аралаган эмес болчу. Туура багыттан адашпоо үчүн ар күн мага өлүмдү жана Аллахтан коркууну эск салып турган бир үгүт насаатчыга муктаж болчуумун. А азыр болсо, күзгүгө караган убагымда чачым менен сакал -мурутумду ак аралап калганын көрдүм. 
       Мына, эми «өлүмдүн жарчысы катары ак аралаган чачым менен сакал -мурутум мага жетиштүү «-деп ойлоймун. Сен мага өлүмдү күндүн белгилүү бир убактысында эстетип турган болсоң,чачым менен сакал -мурутум ар убакта күзгүгө көрүнгөндө эске салып турат.
Адашпоо,жан дүйнөнүн тазалыгы,туура жолдо жүрү,бул -Аллахтан коркуп,өлүмдү эстөө менен өзүңө эскертүү бер!
«Бул дүйнөөгө батирчи сыяктуу жайгаш,үйдүн ээси сыяктуу жайгашып алсаң чыгууга кыйын болот ». А. Беккине…
©»Бактылулуук Формуласы «.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button