«Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борбору» коомдук бирикмеси атамекендик тастыкталган адал тамак-аш жана азыктардын курамындагы заттардын пайдалуулугуу жөнүндө так маалымат берүүчү маалыматтык кызматын ачты. Бул тууралуу аталган бирикмеден маалымдашты.
Кеңири маалымат алуу үчүн кызматтын төмөнкү байланыш номерлерине чалсаңыздар болот:
0312 89 14 90, 0555 89 14 90, 0707 666 881.
Эске сала кетсек, аталган коомдук бирикме өлкөбүздө 3 жылдан бери иш алып барат жана ага учурда 100гө жакын ишканалар катталган.
Адал индустриясы дүйнөдө эң ыкчам өнүгүп келе жаткан экономикалык тармактын бири. Ал тамак-аш өндүрүүдөн тышкары, косметика, даары-дармектер, кийим, ар кандай кызматтар жана логистика тармактарын камтыйт.
INTER.KG
Эгер сиз адал тууралуу маалымат алып тургуңуз келсе…
//
The post Кыргызстанда адал азыктары тууралуу маалыматтык кызматы ачылды + ВИДЕО appeared first on FORMULA.KG.
September 13, 2015 at 11:32AM