Урматтуу окурман! Колуңуздагы бул чакан китепчеде ахмадий дажжалдарынын эң биринчи лидери жана пайгамбары Мирзо Гулам Ахмад, анын Британияга сатылган чыккынчылыгы, өзүн пайгамбар деп жарыялаган каапырчылыгы, Исламга кыянаттары, ал түзгөн «Кадияния» дини, ал өлгөндөн соң, андан мурас калган жана британиялыктар түзүп берген халифаттагы бийлик жана байлыкты талашуунун натыйжасында алардан бөлүнүп кеткен Лахория жамааты, бул жамааттын лидери Мухаммад Алинин айлакерликтери, Исламды бузуп, мусулмандарды азгырыш үчүн Кураани Каримди кантип бурмалап, англис тилине которгону жана «Ахмадия Анжуман Иншаат Ислам» уюму тарабынан орус тилине котортулган бул тафсир учурда Кыргызстанга кеңири таратылып жатканы жөнүндө икая кылынат.
Акылети чыгып оозунанАбийири кетип өлгөн ким?
1908-жылдын Май айынын акырында Индия мамлекетинин газеталары өзүн пайгамбар деп жарыялаган Мирзо Гулам Ахмад Кадиянинин өлүмү жөнүндө кабар таратышты. Ал маалыматардын мазмуну боюнча, Мирзо Гулам Ахмад 67 жашында холерия ооруусу менен өлгөн. Өлүмүнө санактуу сааттар калганда ал ичинин «козголоңуна» чыдай албай калган жана акылети оозунан атырылган бойдон… ажатканада жан берген! Бул кабардагы «ажатканада» деген сөздөн башкасын Кадиянилер өздөрү дагы четке какпайт. Маселен, Кадияния лидерлеринен бири Мухаммад Исмаил «Пайгам сулх» газетасында (1939-жыл, 3-март саны ) мындай билдирүү жасаган: «Биздин оппоненттерибиз Азрети Масих мавьуд (Мирзо Гулам Ахмад) жөнүндө «Өлүмүнүн алдынан акылети оозунан чыгып кеткен» деп айтышууда».
Ал эми, жасалма пайгамбардын өлүмүнүн толугураак баяны анын уулу жана халифа-орунбасары Башир Ахмад ибн Гуламдын «Махдинин өмүр баяны» (Сийратул Махди) деген китебинде төмөндөгүчө сүрөттөлгөн:
…Апам мага Азиреттин тамактануудан кийин эле ажатканага шашып калганын айтты. Андан кийин бир аз уктады. Кийин менин бар экенимди да сезбей, ажатканага дагы бир-эки жолу каттады. …Мен анын аябай шалдырап калганын жана өзүнүн кроватына жете албай калганын көрдүм. Ошондуктан, менин кроватыма отурду. Мен аны сылап, массаж кыла баштадым. Бир аздан кийин кайрадан ажатканага баргысы келди. Бирок, бул ирет ажатканага жете алган жок. Кроваттын алдында эле «аткарды». Анан жатып калды. Анда кыпындай да дарман калган жок эле. Анан дагы каалап, дагы «аткарды». Анан оозунан келе баштады. Кусуп бүтөөрү менен чалкасынан бара жатып, кроватка башын жөлөдү. Өң-алеттен кете баштады…» (Сийратул Махди китеби. 109-бет)
Ла хавла ва лаа куввата! Аллах Тааланын пайгамбарлары, олуялары мындай өлүм менен өлбөйт! Өтө жийиркеничтүү өлүм! Аябай катуу жаза! Эмне үчүн? Мирзо Гулам Ахмад Кадияни ушундай жаза-өлүмгө «татыктуу» болуу үчүн эмне кылмыш жасады эле? Бул суроолорго жооп кийинки бөлүмдөрдө.
Жалган пайгамбардын чын мүнөздөмөсү
Өзүнүн ата-теги жөнүндө кээде моңгол-түрк, кээде персиялык, кээде кытайдан деп чакчелекей баяндаган Мирзо Гулам Ахмад Индиянын Панджаб провинциясына караштуу Кадиян айылында төрөлгөн. Ал өзүнүн төрөлгөн жылын айтканда деле чаржайыт сүйлөп, «Китабул барийя» деген эмгегинде «Мен 1939- же 1840-жылда төрөлгөнмүн» дейт. Өзүнүн күбөлүк беришинде анын аты Гулам Ахмад, атасынын аты Гулам Муртаза, чоң атасынын аты Ато Мухаммад болгон. Ал кичине кезинен эле араб, перс тилдеринен башталгыч сабактарды алган. Табыпчылык менен шугулданган. Атасы жөнүндө «Ал көзү ачык болгон» дейт. Ал эми Хадис, Усул, Фикх сыяктуу шарият илимдерин терең билбегенин өзүнүн»Индия машайыктарына таблиг » деген китебинде мойнуна алган жери бар. Анын кээ бир устаздары апийимкор (наркоман) болгонун кадиянилердин «Аль-Фазл» деген газетасынын 1929-жыл, 5-февраль санында өзүнүн уулу Махмуд Ахмад билдирген. Дагы бир уулу Башир Ахмаддын айтуусунда атасы Сиялкут шаарында ачылган кечки англис медресесинде окуган. Бул медресе Британия өкмөтүнө кадр даярдай турган очок болгон. Мирзо Гулам көп маалыматтарды ошол жерден алат. Хадис жана башка шарият илимдерин терең билбегендиктен эмгектеринде оркойгон каталарды кетирген. Маселен, «Пайгам сулх» деген китебинде пайгамбарыбыздын өмүр баянын жазып, «расулуллах туулгандан бир аз өткөн соң, атасы кайтыш болду» деп маалымат берет. Бирок, пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуган жаш балдар деле анын атасы туулганга чейин кайтыш болгонун эң сонун билишет. Дагы бир «Тарякул кулуб» деген китебинде өзүнүн төрөлүшү жөнүндө минтип жазат: «Күтүлгөн бала Ислам айларынын төртүнчүсү — Сапар айында төрөлдү». Мына сага! Сапар айы Ислам айларынын төртүнчүсү эмес, экинчиси экенин билбеген сабатсыз адам кайсы арына китеп жазат да, кайсы арына өзүн пайгамбар жеп жарыялайт! Айланып, садага кетсин, Аллахтын элчилеринен! Аллахтын элчилери аңкоо, унутчаак жана түрү суук болбойт. Кемелдүү, сулуу, көркөм болушат. Көркөм демекчи… Мирзо Гуламдын уулу Башир Ахмад атасы жөнүндө жазган «Махдинин өмүр баяны» деп аталган эскерүү китебинде анын оң колу сынык, чолок, тиштери курттаган, кемшик болгонун жазат. Аллахтын элчилери таза-пакиза болушат. Мирзо Гулам болсо өмүр бою заарасын тыйа албай жашаган. Муну ал өзүнүн «Вахий чындыктары» деген китебинде мындай баяндаган: «Мен эки түр ооруу менен ооруганмын. Бири сырттан — денемден, экинчиси ичтен — организмден. Сырткы ооруум башымдын тегеренгени, ал эми ички ооруум көп заара кылганым». Биринчи ооруусунун кесепетинен ал кээде жаалданып, балдарына атырылып калганда балдары качып кутулган же тегеректегилер аны кармап калышкан. (Башир Ахмад. «Махдийнин өмүр баяны» китеби.) Ушул эле китепте автор атасынын көзүнө ар нерсенин карааны көрүнө берээрин, бир кезде мечитте намаз окуй туруп, көз алдынан бир караан учканын көргөндө, чаңырып жерге кулап түшүп, акыл-эсинен танганын, ошондон кийин жамаат намазына барбай калганын жазат. «Ошондон кийин — дейт автор — баш айланма ооруусу Гулам Ахмадга адат болуп калды жана ушул себептүү көп орозолорун кармабай албады». Бул оорууларга кошумча Гулам Ахмад өзүнүн нервден ооруганын жана өтө унутчаактыгын да жашырбай «Мактубатул Ахмадия» китебинде айтып өткөн. Уулу Баширдин күбөлүк беришинче, анын көзү да аябай нурсуз болгон.
Шоорат деп шору каткан адам
Мирзо Гулам Ахмад Кадияни 33-35 жашына чейин белгисиз бир кызматчы болгон. Анан, 1875-жылдан тарта кантип бай болуу жана шоорат чокусуна чыгуу жөнүндө ойлоно баштады. Ал жогоруда айтылган кемчилдиктерине карабай, өзүнүн пайдасына өлө шылуун эле. Ошол мезгилдерде Индия мусулмандары бир тараптан, христиан миссионерлеринин идеологиялык чабуулу астында калган болсо, экинчи тараптан Буддизм, Брахманизм, Кришнаизм дүйнөтаанымы исламдык түшүнүктөргө кооп туудуруп, мусулмандарды азгыра баштаган болчу. Сиялкут шаарындагы кызматынан бошоп, бекерпоз болуп жүргөн Мирзо Гулам дал ушул кырдаалды өз карьерасына чебердик менен пайдаланып кетти. Оболу христиандык жана индустук китептерди окуп, үйрөнүүгө киришти. Кийин мезгил-мезгили менен басма сөз беттеринде христиан жана индус дүйнөтаанымынын чабуулунан Исламды коргогон макалалары менен чыга баштады. Албетте, мусулман жамааты бул арекетти көз жаздымда калтырган жок. Басма сөз беттеринде анын макалалары чыккан сайын жана кээ бир христиан же индус динчилидери менен дебат уюштуруп, алар менен жекеме-жекеге чыккан сайын, коомдо анын урматы, шоораты өсүп жатты. Мусулмандар бул «Ислам коргоочусуна» ар тараптан колдоо көргөзө баштады. Эч ким андан эч нерсесин аябай тургандай жагдай жаралганда ал коомчулукка: «Мен Ислам Динин коргоо жана христиандар менен индустарды илимий майданда жеңилүүгө учуратыш үчүн элүү (!) томдон турган китеп жазамын. Келгиле, бул ишти бардыгыбыз чогуу жасайлы!» деген маанидеги кайрылуу менен чыкты. Анан көрүп алыңыз, Гулам Ахмадга чар тараптан эхсан-садакалар агып келе баштады. Ал дагы бекем отуруп, китеп жазууга киришти. 1880-жылда «Ахмадий далилдер» деп аталган китебинин биринчи бөлүгүн чыгарды. Бирок… эмнегедир ал китеп кээ бир далилдер менен бирге… өзүнүн шоораттуу билдирүүлөрү, өзүнө берилген «кереметтер», «олуялыктар» менен толуп ташкан эле! Экинчи китеби дагы биринчисинен эч нерсеси менен айырмаланбады. Ошентип, «заманасынын гениалдуу жазуучусу» 1882-жылы үчүнчү китебин, 1884-жылы төртүнчү китебин чыгарып салды. Бул китептердин чыгышын каржылаган элдер «Астагфируллах!» деп жака кармаганга аргасыз болушту. Анткени, китептер ал убада кылгандай Исламды коргоо маанисинде эмес, көбүрөөк анын жеке аброюн даңазалоо Исламдын кээ бир негиздерине каяша айтуу жана… каапыр, баскынчы Британия өкмөтүн айга-күнгө теңеп мактоо маанисинде жазылыптыр! Ошондо гана кээ бир уламалар бул адамдын «кайырмакка илингенин», баскынчы өкмөткө сатылганын, Исламды болсо, бир дүкөн сыяктуу пайдалангысы келгенин байкап калышты. Чынында, англичандар өздөрүнө керектүү куурчакты илгиртпей, туура тандаган эле. Ошол мезгилде алардын Индиядагы колониялык саясатына индустардын эч бир коркунучсуз митингдерин эсепке албаганда, жападан-жалгыз каршылык көргөзгөн реалдуу күч, өз ата-мекенин коргоо үчүн колдоруна курал кармап жихад кылган мусулман согушкерлери эле. Алар Кураани Каримдеги «Баскынчы каапырларга каршы согушкула» деген маанидеги аяттарга таянып, партизандык согушун башташкан жана англичандардын көзүн ачырбай, шаштысын кетирип, көп жоготууларга учуратып турушкан. (1985-90-ж.ж. аралыгында Индия кинометаграфчылары тарабынан тартылган «Палейхан» көркөм фильминдеги окуялар бул маалыматтын далили катары жетиштүү болот деп ойлойбуз) Бул «жапайыларды» кантип токтотуу мүмкүн? Ооба. Албетте, бурмаланган дин буйругу, Кураан-Хадис өкүмдөрү менен! Ошон үчүн Британиялык төбөлдөр өздөрүнө жан-дили менен кызмат кылууга даяр, жазган китептеринде уят-сыйытты жыйыштырып, аларга жагына баштаган Гулам Ахмадды тандап алышып, анын калеми менен «Душманга каршы жихад кылүү — күнөө», «Сүйүү — бардыгына, жек көрүү эч кимге» деп «таалим» бере турган жаңы дин жаратуу планын иштеп чыгышты жана бул динге пайгамбар болуу мансабына Гулам Ахмадды көндүрүштү. Баса, бул чыккынчынын атасы Гулам Муртаза дагы 1857-жылдан бери британиялыктарга «ак эмгек» өтөп жүргөн майда чиновниктерден бири эле. Эми, Гулам Ахмад өзүнүн эмес Аллах Тааланын атынан сүйлөй баштады. Ал «Ахмадий далилдери» китебинин төртүнчү бөлүгүндө мындай деп жазды:»Мага кээ бир мусулмандар «эмне үчүн сен Британия өкмөтүн мактап жана ыразычылык билдирип жатасың?» деп кат жазышууда. Кээ бирөөлөрү мени ашатып сөгүшүүдө. Бардыгы билип алышсын, мен бул өкмоттүү жалаң Кураан жана Хадис таалимдерине моюн сунганым үчүн гана мактоодомун. Демек, мен аларды мактоого жана аларга ыразычылык билдирүүгө мажбурмун». Мирзо Гуламдын атасы 1857-жылдан бери Британия өкмөтүнө иштеп, элине, мекенине кыянат кылып келген болсо, эми анын баласы элине кыянат кылганы аз келгенсип, динине да кыянат кылуу жолуна түштү. Ал өзүнүн жалган доо-дастанын 1885-жылы «Мен ислам реформаторумун» деп баштаган болсо, бул долулук жылдан-жылга өзгөрүп, өсүп барып, 1891-жылда «Мен — Махдиймин» дегенге чейин жетти. (Махдий. Сөздүктөгү мааниси «Туура жолго баштоочу имам». Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламы болсун!) айтуусу боюнча кыяматка жакын мусулмандарды куткаруу жана ааламга ислам мыйзамын жайылтуу үчүн чыга турган киши). Ошол эле жылы жалгандын кезектеги тепкичине көтөрүлүп, «Мен — күтүлгөн Ыйсамын» деди. (Күтүлгөн Ыйса — пайгамбарыбыз саллаллоху ва салламдын «Акыр заманда Ыйса пайгамбар асмандан түшүп, жер жүзүнө ислам бийлигин орнотот» деген маанидеги хадисинин негизинде айтылган сөз. Мирзо Гулам «Мен — Ыйсамын» деген сөзү менен Кураани Каримде айтылган «Ыйса пайгамбарды Аллах Таала тирүү бойдон асманга көтөрүп кеткен» деген ишенимди жокко чыгарат. Өз ордунда бул маселеге кеңири токтолобуз.) Ал эми, 1901-жылга келип, өзүнүн пайгамбар экенин, болгондо да, бардык пайгамбарлардан абзел экенин айта баштады.
Уландысы бар….
Дуба:
«Мага Аллах жетиштүү. Эч бир илах жок, Өзү бар. Өзүнө тобокел кылдым жана Ал Улуу Арштын Ээси»
(Бул дубаны эрте менен жана кечинде 7 иреттен окуса, эки дүйнөнүн зарыл иштеринде Аллах жетиштүү жардамчы болот)