Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Бөбөк (аңгеме)
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Таасирдүү окуялар > Бөбөк (аңгеме)
РубрикасызТаасирдүү окуяларЭне жөнүндө

Бөбөк (аңгеме)

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:51 ТЧ
Бөлүшүү

Колуна тийген наристени суктана карап алары менен жүрөгү булкунуп кетти. Кандай татынакай наристе? Бойтойгон колдору, быйтыйган эрини, тармалдашып кеткен чачы менен бейиштен кабар берген сымал аңкыган жыты… Бооруна кыса моокуму кангыча жыттагысы келип эми өзүнө тарта бергенде:   

-Тарт колуңду? Мага тийбе! — деген бир үн чыкты кайдандыр. Калтаарый түшкөн жаш келин эки жагын элеңдей карап алды. Бөлмөдө наристе экөөнөн башка жан жок эле. Энелик мээрими менен наристени бооруна кысып алды да кайра ага үңүлө бергенде баягы үндү эми даана укту. Жаңы төрөлгөн бөбөк жерип жатты аны: 
-Тийбе мага, жолобо! — деп чырылдап кирди тырмактай наристе. Дендароо боло түшкөн аял өзүнө келген соң: — Эмнеге тийбейм? Мен… Мен да уулдуу болуп, мен да үй-бүлө күтсөм деп кыялданбадым беле? Эмнеге тийбейм, эмнеге өбө албайм анан?! — деп чырылдап ийди.   
— Баары бир сен мени эркелете албайсың! Мен да сага энекелеп эркелегим келген эле, бирок, эми мен да сага, сен да мага жакындай албайсың! — деп энеден өтө чыркырады наристе.   
— Кандайча? Кантип? Мен сенин апаңмын, эмнеге менден качып атасың? Эмнеге мени тыйып жатасың? — деди буулуга ыйлаган эне шордуу.   
— Сенден качкан мен эмес, мени сен жеридиң. Өзүң качтың менден түбөлүк. Өзүң! Өзүң!… Нары кекене, нары өксүй каршылык кыла берди бала.   
-Качан, качан жеридим…- деп буулуга ыйлап тура калам дегенде, керебеттен кулап түштү келин. Аңгыча ак халат кийген доктурлар чуркап кирип тегеректеп калышты.   
— Эсиңизге келиңиз айым. Наркоздун таасиринен чыга албай жатсаңыз керек. Эми баары жайында. Аборт операциясы ийгиликтүү өттү. Бат эле сакайып ооруканадан чыгып кетесиз…   – деп кайрат айтып жүрдү доктурлардан бирөө…

Насыпбек Асанбаев

10.12.2014
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Адамдын эркеги менен айбандын эркегинин арасында канча айырма бар?
Кийинки макала Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор(жумадан-жумага). 31-Бөлүк
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?