Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Чубак ажы Жалилов: «Аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек…»
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
«Сулуулук салондон жуктургандар көп». Кыргызстанда гепатит менен ооругандар көбөйүүдө
Жаңылыктар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Рубрикасыз > Чубак ажы Жалилов: «Аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек…»
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов: «Аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек…»

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:52 ТЧ
Бөлүшүү
-Кийип жүргөн кийимиңди башка бирөөгө берсең эч нерсе болбойбу?

-Эч нерсе болбойт. Жакшы ниет менен убактынча берип турса да сооп алат. Эскирип же кийилбей калса, атайын берсе да садака катары каралып, сообу жетип турат.

-Бир молдо менин курбумдун бактын ачып берем деп кулпуга дем салып берген 3 жыл мурда. А кыз дагы деле турмушка чыга элек. Ушул туурабы? Бактысын табуу үчүн кандай дуба окуп жүрсө болот?

-Алар молдонун терисин жамынган көзү ачыктар. Барбагыла аларга. “Мага бардык жагынан төп келген, татыктуу, ыймандуу күйөөнү насип кыл” деп Кудайдан гана сурагыла.

-Сапарга чыкканда парз намазынын ордуна касыр намазы кандай эрежеде окулат?

-Сапардагы кыйынчылыктарды эске алып, жеңилдиктер берилген. 4 рекет намаздар 2 рекет болуп кыскартылып окулат. Мисалы, бешим намазынын касыр болгон парзын окумакка ниет кылынат. Багымдат жана шам намаздары касыр болбойт. Калган 4 рекеттери бар намаздар гана касыр болот.

-Төрө ата деген ким? Касидачы деген ким? Кимдин илими күчтүүрөөк?

-Алланын астында бардык адамдар бирдей. Бирок, эң урмат-сыйга татыктуулар – такыбалар деп айтылган. Төрөнүн илими көп же касидачыныкы көп деп чектелбейт. Көбүнчө дем салып, сүрөлөрдү окугандарды касидачы деп коюшат.

-Аялы күйөөсүн намазга жыкса болобу?

-Албетте, жакшы болот.

-Эл ортону элүүгө чыккан күйөөм өзүнөн бир топ жаш келинди ээрчип кетти. Эки уулу атасы өлгөндөй ыйлап кала берди. Балдардын убалы кимге? Багымдат намазында экөөнү тең каргайм. Деги каргышым тиеби?

-Таштап кеткени, албетте, жаман көрүнүш. Алла ага хидаят берсин. Жалпы эле эркектерге айтаарым; аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек. Бул чоң күнөө. Ушунчалык эле болбой калса, экинчи аял кылып алып, экөөн тең өзүнүн камсыздыгына алышы керек. Алладан жардам сурай бериңиз, үмүтүңүздү үзбөңүз.

-Катмы-куран деген эмне? Өтүп кеткендерге окулабы?

-Бул куранды баштан аякка баарын окуп чыгуу болуп эсептелет. Окулган ар бир тамгасына бирден онго чейин сооп берилет. Окуп, маркумдарга сообун багыштаса да болот. Негизи эле Куран окулуп туруу үчүн түшүрүлгөн.

— Бутту учкаштырып турса эмне болот?

-Бутту учкаштырып туруу адепсиздик болуп калат деген маңызда ата-бабаларыбыз айтса керек. Шариятта буга тыюу жок.

-Эгер аялы күйөөсү жокто, күйөөсүнүн уруксатысыз эжесинин жоктугун билип туруп жездесинин үйүнө барса болобу, же күнөөбү?

-Дегеле исламда чоочун эркек менен аялдын жалгыз жолугушуусу, бир бөлмөдө калуусу тыюу салынган көрүнүш. Жездесиби, балдызыбы, ким болбосун жалгыз калуудан сак болуш керек.

-Кыз турмушка чыгаарда эмнелерге көңүл бурушу керек?

-Эң биринчи ыймандуу болушу керек. Турмушу жакшы болушун Алладан сураныш керек. Күйөөгө, кайын журтка мамиле кылууну, үй жумуштарын жасоону үйрөнүү, аял, эркек укуктарын билүү зарыл.

-Аялдар алтын тагынып, эркектер күмүш тагынуусу керекпи?

-Аялдар алтын, күмүш тагынса болот. Эркектер алтын такса болбойт.

-Мен таежемдин колунда жашайм. Балдарынын көзүнчө жоолугумду артымдан салынып жүрсөм болобу? Балдары да намаз окушат.

-Бөлөлөр никелешсе болот да. Андыктан жоолукту ээгинен алып, салынып жүрүүңүз керек.

-Шариятта ыр-бий жок. Бирок, кыргыз акындарынын, Токтогул жана башкалардын ырларынын үгүт-насыят, тарбиялык жагы бар. Элдик фольклорду муундан муунга кантип беребиз?

-Насаат айткан, Алланы, динди, Мекенди даңазалаган жакшы ырларды эстрадалык музыкасыз укса болот.

— Ата-эне кызынын үйүндө жуунса болбойбу?

-Буга тыюу жок.

-Аялдар жаназадан келгенде гусул алышы керек. Шайтан зына кылат экен деп уктум?..

-Бул туура эмес. Өлүктү жуугандан кийин гусул алып коюу мустахаб – милдеттүү эмес амал катары каралган.

-Акыр заман жакындаганда Дажжал чыгат. Аны Иса пайгамбар өлтүрөт. Андан кийин Иса жерде калабы? Башка диндегилер исламды кабыл алабы? Түшүндүрүп берсеңиз?

-Дажжал адамдарды азгырып, динден алыстатууга аракет жасайт. Ошол мезгилде Алланын пайгамбары Иса түшүп, аны жеңет. Иса акыркы пайгамбар Мухаммеддин шариятында, Куран өкүмдөрүнө баш ийген амалда келет. Адамдарды жакшылыкка чакыруу иштерин улантат.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Чубак ажы Жалилов
11.04.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Максатбек ажы Токтомушев, муфтий: “Төрөбай Закирович кумар оюндары баш болгон бир топ маселелерге катуу туруп койгону үчүн ага чабуулдар башталды “ — ВИДЕО
Кийинки макала Москвада көптөн күткөн мавлид программасы (ФОТОРЕПОРТАЖ)
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?