alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
МакалаларРубрикасыз

БАРААТ ТҮНҮ.


?Бүгүн түнү арманда калбагыла!

?БАРААТ ТҮНҮ.

  ?Бул түндө бардык иштер бөлүштүрүлөт. Бул түндүн рахмат, берекет жана жакшылыгын санап бүтө албай турган даражада эсепсиз. Бул берекелүү түндө Жабраил периште, Пайгамбарыбыздын алдына келип ушундай деди: «Оо Аллахтын Пайгамбары, Аллах бул түндө бир нече инсандардын күнөөсүн кечирет. Кээ бир инсандардын күнөөсүн кечирбейт. Бул түндөгү Аллахтын кечиримине төмөнкү инсандар киришпейт:

(1) Аллах Тааланы жана анын элчисин жана момундарды шылдындагандар.

(2) Мусулмандар бири-бири менен кек сактап араздашкандар.

(3) Туугандар менен карым катнашты үзгөндөр.

(4) Бой көтөрүп текеберленген инсандар.

(5) Ата энесин нааразы кылгандар.

(6) Өзүмчүл болуп (кумарга батып) өмүрүн өткөргөндөр.

     ?Ато ибни Ясар «Шаабан айынын 15-түнү Азраил периште кийинки жылы Шаабан айынын 15-түнүнө чейин каза болуучу инсандардын тизмесин даярдайт. Арада канча инсандар бул тизмеге кирип калганынан кабары болбой калат» деп айткан.

     ?Ибни Умардан риваят кылган бир хадисте Пайгамбарыбыз ушундай деген: «Төрт түн бар, анда дубалар кайтарылбайт. Сөзсүз кабыл болот.

(1) Ражаб айынын алгачкы түндөрүндө.

(2) Шаабан айынын 15-түнү.( Бүгүн түнү)

(3) Кадыр түнү.

(4) Эки айт түнүндө.

     ?»Төрт түн бар; түндөрү күндүз сыяктуу, күндүздөрү түндөр сыяктуу. Аллах ал түндө ант ичкендердин антын чындык менен иш жүзүнө ашырат. Кечирим сураган инсандарды кечирет, аларга чексиз сооп жана сыйлык берет. Бул түндөр Кадыр түнү, Бараат түнү, Арафа түнү жана Жума түнү».

     ?Ибн Мажжа Али ден риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген: «Шаабан айынын 15-түнү (бүгүн түнү) келген убакта күндүз орозо кармоо менен өткөргүлө, түнү ибаадат кылгыла. Анткени Аллах таң атаардан мурда дүйнө асманына түшөт жана мындай дейт:

    ? «Истигфар айтып тообо кылып кечирим сураган барбы, кечирейин. Ырыскы сураган барбы, мол ырыскы берейин, балээ-сыноого учураган барбы, аларды куткарып тынчтык берейин. Баланча кайда? Түкүнчө кайда?» Бул таң агарганга чейин улана берет.

   ?  «Ким Шаабан айынын 15-түнү( бүгүн түнү) жана эки айт түнү ибаадат кылса бардык жүрөктөр өлгөн күнү( кыямат күнү) анын жүрөгү өлбөйт.

?»Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар» китебинен.

Бул да кызыктуу

2 пикир

  1. Вы приходите в магазин, аптеку, но — ни все оказывается так просто…
    Тут возникает проблема «где можно купить этиловый(питьевой, медицинский…) спирт в 2023г»?
    Подсказка, спирт купить можно тут:

    этиловый спирт

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button