Кыргызстанда акыркы кезде салафизм, салафийлер деген сөздөр көбүрөөк айтыла баштады. Бирок алардын табияты, максаты коомчулук үчүн али бүдөмүк.
Салафийлер деген кимдер, алар Кыргызстанда барбы?
Ушул жылдын 4-январында милиция кызматкерлерин атты делинип, эртеси 5-январда Бишкектен жогору тоо этекте атайын операцияда жок кылынган жана кармалган куралдуу топтун мүчөлөрүнүн бири өзүн салафиймин деп айтканын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламенттеги жыйында билдирген эле.
Ошондон тарта журт ичинде салафийлер ким, бул эмне болгон диний агым деген суроо күч.“Салаф” деген сөздү араб тилинен түздөн-түз которгондо түпкү, байыркы деген түшүнүктү билдирет. Бул эми сөздүк мааниси.
Өзүн салафий идеологиясын жактайм деген бишкектик жигит өз ысмын атабастан туруп, “Азаттыкка” салафийлер тууралуу мындайча түшүнүк берди:
— Мурунку убактагы дили таза адамдар дегенди билдирет. Булар Мухамммад пайгамбар, аны ээрчиген сахабалар, сахабаларды ээрчиген таабийндер. Табийиндер деген бул сахабалардын идеологиясын ээрчигендер. Тааба таабийиндер деген саахабаларды ээрчигендерди эрчигендер. Пайгамбарыбыз айтат: үч доор эң жакшы доор деп. Бул мен жана менин сахабаларымдын доору, экинчиси — сахабаларды ээрчигендердин доору, үчүнчүсү — сахабаларды ээрчигендерди ээрчигендердин доору.
Маектешибиз салафий деп айтуу туура эместигин, эгер антип атасак бул жаңы агым катары саналып калаарын, салафизм жаңы агым эместигин да белгиледи:
— Салаф дегендин негизги мааниси келсек, бул чыныгы исламдын булагы, идеологиясы. Салафтар деген термин жок өзү. Мен өзүмдү салафмын деп айтпайм. Бирок мен салафтардын идеологиясын ээрчийм. Кайсы салафтардын? Эң биринчи доордогу, дили таза адамдардын. Исламдын негизи ошол. А мени ким дейт? Мени момун мусулман дейт.
Күч органдарынын өкүлдөрү террорчу деп кармаган адамдар өздөрүн салафий деп атаганын маектешибиздин эсине салдык.
— Жанагы кармалган балдарды “сен кимсиң” десе, “менин акыйдам салаф” деп койду. Ошентип койсо эле, эксперттер булар салафтар деген сөздөрдү айтып жатышат. Салафтар деген сөздү айтыш үчүн бир эле эксперт менен кеңешүү болбойт.
Маектешибиздин жүйөсү боюнча, салафмын дегендер бул сөздүн маанисин жеткире түшүнбөгөндүктөн айтышат, же болбосо ислам дининин душмандары, чыккынчылар болушу мүмкүн.
Салафийлер менен вахабийлер бирби?
Чубак ажы Жалилов
2009-жылы салафий агымына Тажикстан бийликтери тыюу салган. Ушундай эле чектөө Казакстанда да бар. Бирок ага карабастан, Орусияда, Борбор Азияда жана Кавказда салафийлердин саны артып баратканы айтылууда.
Кыргызстандагы салафийлер, алардын ишмердүүлүгү тууралуу муфтийЧубак ажы Жалилов буларга токтолду:
— Азыркы учурда бизде салафий деп айтылып жаткан жамааттар мазхаб кармаганды жокко чыгарып, айтылып жаткан сөздү, шариаттын бардыгын Курани-каримден жана пайгамбарыбыздын хадистеринен алып, жүргүзө алабыз дегенди айтышат. Ал эми салттуу динди карманып келе жаткандар “жок, мындай эмес, бардык эле адамдар Курани-каримди жана пайгамбарыбыздын осуяттарын түшүнө алышпайт” дешет. Андыктан шариаттагы ушул эки негизди: Курани-каримди жана пайгамбарыбыздын сүннөттөрүн тактап, дааналап, мыктылап билген аалымдардын жолу менен жүрүшөт. Бул аалымдар ошолорду жакшылап окуп, анын негизинде жыйынтык бергендер. Себеби кыяматка, Кудайдын астына барганда бизден эмне үчүн Курани-каримди же пайгамбардын сүннөтүн толук окубадың деп айтпайт, бирок эмне үчүн шариатты аткарбадың деп сурайт…
Салафизм менен ваххабизмдин окшоштугу жана жакындыгы тууралуу сөздөр канчалык жөндүү экенин муфтийден тактап көрдүк:
— Салафизм менен ваххабизм — экөөсү бир эле түшүнүк. Бир түшүнүк эки башка ат катары эсептелет.
Эксперт эмне дейт?
Кадыр Маликов
Диний эксперттер салафизм айрым өлкөлөрдө мамлекет тарабынан расмий таанылганын белгилешет. Маселен, Сауд Арапстанда салафизм мамлекеттик идеология катары кабыл алынган. Дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликовсалафийлерге мындайча аныктама берди:
— Эгер салафизм тууралуу айта турган болсок, бул “Мусулман агайиндери”, “Хамас”, “Өзбекстан ислам кыймылы” жана башка агымдарды өзүнө камтыйт. Бул ченемдүүлүктөн радикалдуулукка чейинки түрдүү саясий агымдардын бирдиктүү түзүмү катары сыпатталат.
Маликов ошол эле кезде Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан салафийлердин анчалык деле мамлекет үчүн коркунучу жоктугун белгилеп, эгер милиция менен атайын кызматтар салафийлерди кодулоосун уланта берсе, алардын арасынан радикалдар өсүп чыгышы мүмкүн экендигин кошумчалады.
— Кыргызстандын аймагындагы биз билген жана изилдеген топтордун токсон пайызы радикалдуу эмес, ченемдүү салафийлер. Башкача айтканда, алар светтик конституциялык түзүлүштү таанышат жана мыйзамдарга бай ийишет.
Кыргызстан бийликтери тыюу салынган диний агымдардын катары артып жатканын кийинки кезде көбүрөөк билдирүүдө. Буга дээрлик күн алыс кармалып жаткан “Хизб-ут Тахрир” кыймылынын мүчөлөрүн айтсак болот. Жакындан тарта, салафийлер деген сөз тарады. Бирок азыр анын табияты жана максаттары кандай экени кеңири коомчулукка али бүдөмүк.