alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
ЖаңылыктарРубрикасыз

Жер титиреген Чайчи айылында арак сатууга тыюу салынды

Жер титиреген Чайчи айылында арак сатууга тыюу салынды. Бул боюнча кечээ, 27-ноябрда Чайчи айылында өткөн жыйында белгилүү болду. Жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков жана облустук, райондук баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жылуу чатырлар менен камсыздалганы, мобилдик контейнердин жетиштүүлүгү, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздоо, элдин ден-соолугун кароо маселелери каралды. Тапшырманы талаптагыдай аткарбаган жетекчилерге тез арада кемчиликтерди оңдоо эскертилди. Жыйында Кызыл-Суу айылдык кенешинин депутаттары атайын токтомдун негизинде арак сатууга тыюу салышкандыгын билдиришти. Мындай жакшы саамалыкка улай эле Чайчи жана Алп ордо айылдарындагы жер титирөөдөн жабыркаган 2 мечитти жаңылап, заман талабына ылайык жаңы мечит куруп берүүнү Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар уюмунун өкүлү өз милдетине алды.
http://maralfm.kg/

November 29, 2015 at 12:42AM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button