Бишкек шаарынын Кѳк-Жар конушундагы эң кооз мечиттерин катарына кирген «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдындагы 3000 м² жерге демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп, жарыктар орнотулуп, унаа токтоочу жайлар чийилип, арыктар калыбына келтирилди. «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын оңдоп-түзөө ишине жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты сарпталган.
«Буга чейин «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдыңкы тарабы боз топурак болуп чаңдап келсе, жаан-чачын болгондо жарандар үчүн абдан чоң ыңгайсыздыктарды жаратып келген эле. Эми минтип демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп, жарыктар орнотулуп, мекендештерибиз үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү»,-деди борбордун имам хатиби Нуркамал каары Мизираимов.
Ал эми «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын асфальтоо үчүн 1 800 000 сом акча каражаты сарпталса, жарыктарды орнотууга 200 000 сом жумшалып, оңдоп, калыбына келитрүү иштери менен кошкондо жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты чыгымдалган.