ВидеоМедиа

Бишкекте өзгөчө стиль менен “7-апрель шейиттери” мечити салынууда.

Архитектуралык дизайны өзгөчө имарат үч кабаттан туруп, ага 900дөн ашык адам батат.

Бишкек шаарынын Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде 2010-жылкы Апрель элдик революциясынан курман болгон баатырларга арналып мечит курулууда.

“7-апрель шейиттери” атындагы мечит мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2015-жылдын апрель айында салынып баштаган.

Анын жалпы аянты 1 гектарды түзүп, мунарасынын бийиктиги 34 метрди түзөт. Архитектуралык дизайны өзгөчө имарат үч кабаттан туруп, ага 900дөн ашык адам батат.

Учурда курулуш иштери бүтө элек. Мечит август айынын соңунда Курман айтка чейин бүтүп ишке берилиши божомолдонууда.

Булак
"Спутник"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker