alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
ВидеоЖаңылыктар

Бишкекте көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды.

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарындагы тегерек столдо көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Анын жүрүшүндө айрымдар Кыргызстанда көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу керек деген пикирин айтышты.
Өзбек ажынын пикиринде, бир нече үй-бүлөнү камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар эркектер экинчи, үчүнчү аял менен жашаса болот.

«Аялдарды камсыздоо зарыл. Алар өздөрү иштеп, жумушка чыкпашы керек », — деди ал.

Көп аял алууга «Манас» эпосундагы Акбалтаны мисал келтирип, анын 60 аялы болгонун айтты.

«Бирок, биз 60 аял алуу тууралуу айткан жокпуз. 3-4 аял менен жашап, аларды камсыздаса болот», — деди Өзбек ажы.

Ал эми, Чубак ажынын айтымында, бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй болуп саналат. Анын пикиринде, көп аял алуу менен көп балалуу болуп, сойкуларды азайтууга мүмкүн болот.

http://turmush.kg

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Кыргызстанда баары бутуп кыйратып коюшкансып эле,коп аялдуулук калгансып. Андан башка ч4чилуучу маселе толтура жатпайбы. Аял алып тойбогон озбек ажыбы дагы?…

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button