Бишкекте көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды.

admin
1 Min Read

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарындагы тегерек столдо көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Анын жүрүшүндө айрымдар Кыргызстанда көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу керек деген пикирин айтышты.
Өзбек ажынын пикиринде, бир нече үй-бүлөнү камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар эркектер экинчи, үчүнчү аял менен жашаса болот.

«Аялдарды камсыздоо зарыл. Алар өздөрү иштеп, жумушка чыкпашы керек », — деди ал.

Көп аял алууга «Манас» эпосундагы Акбалтаны мисал келтирип, анын 60 аялы болгонун айтты.

«Бирок, биз 60 аял алуу тууралуу айткан жокпуз. 3-4 аял менен жашап, аларды камсыздаса болот», — деди Өзбек ажы.

Ал эми, Чубак ажынын айтымында, бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй болуп саналат. Анын пикиринде, көп аял алуу менен көп балалуу болуп, сойкуларды азайтууга мүмкүн болот.

http://turmush.kg

Автор

[ruby_related total=5 layout=5]

[ruby_static_newsletter]
1 пикир