alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарМедиаФото
Эң мыкты

Бишкекте “Фадиля” онлайн окутуу борборунун аялдарга арналган «Аялзаты бүткүл ааламды тарбиялоочу» аттуу семинар болуп өттү.

30-май күнү Бишкек шаарында “Фадиля” онлайн окуутуу борбору айымдар үчүн практикалык семинар уюштурду. Бул тууралуу курстун жетекчилиги билдирди

Иш-чарага район-шаардан 60- ка жакын курстан билим алып жаткан окуучулар катышты. Семинарга катышуу үчүн атайын Казахстандан да келген окуучу болду.

Семинар Ыйык Курани Каримдин аяттарын окуу менен башталды.

Семинардын алкагында Кызбурак, Салтанат, Рабия,Рысбу ж.б. мугалимдер өздөрүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинарга катышкан окуучулардын айтымында, бул курс аялзаты үчүн аябай ыңгайлуу, үйдөн чыкпай эле илим алып окуса болот.

Иш-чаранын максаты аялзатынын өнүгүүсүнө салым кошуу, коомдо аялзатынын орду тууралуу маалымат берүү жана ошондой эле илим алууга болгон стереотиптерди жоюу.

Семинардын жүрүшүндө «Аялзаты бүткүл ааламды тарбиялоочу» жана «Рамазан айынын пазилети» тууралуу баян өтүлдү.

Тажвид жана Курандан сабак берген устазалар «Тажвид илимин жана Куран окуунун пазилети» тууралуу доклад окуду.

Ал эми араб, орус, англис тилдери боюнча терең билими бар, практолог Бейшебаева Жаннат, Курманкулова Элмира сыяктуу мугалимдер тилдерди үйрөнүү зарылчылыгы тууралуу баяндама жасады.

«Тигүү жана бычуу» курсунун мугалими Кызбурак Жапарбек кызы «Барабан сумка»сын тигүү боюнча видео мастер класс көргөздү. Тигүү курсунда окуп жаткан окуучулардын бири өзү тигип келген буюмдарын көргөзүп, окуучуларга белек кылды.

@La_fleur.kg гүл дүкөнүнүн жетекчиси Ташиева Рано жоолук салууну үйрөтүү мастер классын өткөрүп, айымдарга үч түрлүү жоолук салынуу ыкмасын көргөздү.

Ошондой эле ар кандай илимий конкурстар уюштурулду. Семинардын катышуучуларына Тажвид илимин үйрөнүүдө эң зарыл болгон «Тажвид эрежелери» ж.б. белектер ыйгарылды.

Семинар ийгиликтүү аяктап, катышуучулар ыраазычылыгын айтып, жакшы маанайда кетишти.

Эске сала кетсек иш-чарага Бишкек шаарындагы бир катар социалдык мекемелерден, мугалимдерден, административдик кызматкерлерден турган 60тан ашуун айымдар катышып, аял затынын диндеги жана коомдогу орду тууралуу маалымат ала алды. Иш чара кийинки жылдан тартып, өлкө аймагы боюнча өткөрүлөрү пландалууда.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button