alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:44
АңгемелерТаасирдүү окуялар

Бир стакан сүт

“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт”

(Ч.Айтматов)

Хорвард Келли, кедей бир үй-бүлөнүн уулу эле, өзүнүн кем-каржысын толуктоо үчүн үйлөрдү кыдырып жүрүп майда-чүйдө сатып иштечү. Ал күнү эч нерсе сата албады, курсагы аябагандай ачканын сезди. Кийинки барган үйдөн сөзсүз жегенге бир нерсе сурайм деп ойлоду. Кезектеги үйдүн каалгасын акырын какты, эшикти жаш, сүйкүмдүү аял ачты. Хорвард бир саамга уялып унукпай туруп калып, акырын: “Кечиресиз, ичкенге бир стакан суу бере аласызбы?” -деди. Мээримдүү аял баланын курсагы ач экендигин энелик жүрөк менен сезип турду. Үйүнө кирип кетип чоң стаканды толтуруп сүт куюп чыгып, кичинекей Хорвардга сунду. Ал сүттү бир аздан ууртап ичип бүтүп, “Чооң ракмат, канча карыз болдум? ” – деп кайрылды.

“Кагылайын, карыз болгон жоксуң”, –  деп сүйкүмдүү аял күлүп койду. Апам бизди ар бир жакшылык үчүн ыраазычылык иретинде бир нерсе жасоого үйрөткөн. Карызым жок болсо чооң ыракмаат сизге деп Хорвард аялга эркелеп карады.

Кайра сапарын улап жөнөгөндө бала өзүн ар тараптуу күчтүү сезип, өзүнө ишенимдүү бара жатты.

Арадан көп жылдар өттү. Мээримдүү аял чанда кездешчү ооруга кабылды. Көптөгөн докторлор аялдын дартын так аныктай албай, көпкө убара болушат. Акыры чоң бир шаардагы ооруканага жөнөтүшөт. Доктор Келли текшерүү үчүн келген оорулунун кайсыл жерден келгендигин көрүп, жүрөгү бир башкача туйлап, толкундануу сезимдери күч алды.  Ортодо күндөр айга, айлар жылга алмашып отуруп бир топ жыл өткөн эле. Ошентсе да Хорвард бир нече жыл мурун өзүнө бир стакан сүт берген аялды көздөрүнөн тааныды. Өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгенин жасоого аракет кылды. Акыры эмгеги текке кеткен жок, бир нече күндө аял куландан соо болуп, сакайып чыга келди. Бир күнү Доктор Келли мээримдүү аялдын ооруканага төлөй турган акчасы жазылган кагазды мед айымга алдырды. Андан соң кагазга кубанычтуу жүз менен кагазга бир нерселерди чиймелеп, оорулуу аял жаткан палатага жөнөттү. Ал учурда аял төлөй турган акчасы жок экендигин ойлоп, терезени телмире тиктеп олтурган. Мед айым кагазды алып келип аялга берди. Коркконунан колдору титиреп атып, аял кагазды араң ачты.  Кагазда, “Карызыңыз бир стакан сүт менен төлөндү!”– деген жазуу бар эле.

Көрсө адамдын жакшылыгы эч качан жерде калбайт тура.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button