Бул кат менин көзүмдү ачты, башкаларга да пайдасы тийсин деп жарыя кылдым, кайдыгер болбой окуп койгула, албетте мында жазылгандын баарын билесиңер, бирок…:
“Кызым оорудан кайтыш болуп калды” деп башталыптыр кат. Андан ары минтип жазылат: “Бир күнү түшүмө кирди, “Акыреттен сөз кылчы” деп сурадым андан.
“Өтө оор абалга туш болдук, чынында билет элек, бирок аткарбадык. Атаке, Аллахка ант берип айтам: бүгүн мага амал дептеримдеги бир ирекет намаз тиги дүйнөдөгү бардык нерседен баалуу болуп турат” деди кызым.
Кызым: “Билет элек, бирок аткарбадык” деп, өтө олуттуу сөз айтты. Бирок мунун маанисине көбү түшүнө албайт. Ошон үчүн бул катты жазып, анын айтканын чечмелеп коюуну туура таптым:
🌼 “Субхааналлоохи ва бихамдих” деп 100 жолу айтса, деңиз көбүгүндөй көп болсо да күнөөлөр кечирилээрин билет элек, бирок күндөр өтүп айга айланды, бул сөздү бир жолу да айтпадык;
🌼 Эки ирекет шашке намазы 360 мүчөбүзгө садага болорун билет элек, бирок аны бир жолу да окубадык;
🌼 Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармасаң, Аллах тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс кылаарын билет элек, бирок орозо кармоого оозубуз бошободу;
🌼 Оорулуу адамдан бир жолу кабар алсаң, жетимиш миң периште кечирим тилерин билет элек, бирок ооруулардын жанынан качып өттүк;
🌼 Жаназага катышып, маркумга топурак таштасаң, эки Ухуд тоосундай сооп-сыйлык болорун билет элек, бирок жакыныбыздан башканын жаназасынан жаа бою качат элек;
🌼 Аллах жолунда торгойдун уясындай мечит курсаң, ал үчүн Аллах бейиште үй курарын билет элек, бирок мечитке бир кыш да койбодук;
🌼 Ыйык Курандан бир тамга окусаң, ага он барабар сооп берилерин билет элек, бирок бир аят да окубадык;
🌼 Жесирге жардам берип, жетимдин башынан сыласаң, Аллах жолунда казат кылгандай, эртеден кечке орозо кармагандай, түнү уктабай ибадат кылгандай соопко ээ болорун билет элек, бирок аларды көзүбүзгө илбедик;
🌼 Кабыл болгон ажылыктын сыйы бейиш экенин, аны аткарган адам энеден жаңы төрөлгөндөй тазарарын билет элек, бирок ага кетирчү каражатты башка нерсеге жумшадык;
🌼 Момундун кадыры анын түнкү намазды окуусу менен көтөрүлөрүн, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жана сахабалар Аллах жолунда казатта жүргөндө да, күнүмдүк нанын табуу үчүн эмгектенип жатканда да түнкү намазын калтырбаганын билет элек, бирок биз түнүбүздү уйку менен өткөрдүк;
🌼 Кыяматтын кайым болорун билет элек, бирок ага даярданбадык;
🌼 Өлүктөрдү көрөт элек, көмөт элек, эртедир-кечтир алардын ордунда өзүбүз болорубузду билет элек, бирок өлбөөчүдөй жашоо кечирет элек;
Кызымдын “Билет элек, бирок аткарбадык” дегенинин кыскача мааниси мына ушундай болду. Чынында буларды биз мурда эле билет элек, бирок көңүл бурбайт элек. Эми бир аз болсо да буга көңүл бурабыз го деп үмүт кылам.
Жакшылыкка багыт берүүчү аны аткаргандай сооп табарын билебиз, келгиле анда бул катты өзүбүздүн жакындарыбызга жиберип коёлу, алар мунун баарын билет, бирок…
Булак: http://islam-kg.com/ishamsarticles/amal.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG