Юристтен кеңеш

Бийлик органдарына туура жана натыйжалуу кайрылууну үйрөнөлү.

Ар бир жаран ушул күнгө чейин айыл өкмөт, мэрия, паспорт стол, ЗАГС, госрегистр, сот жана укук органдары же башка мамлекеттик органдарына кандайдыр бир маселеси, көйгөйү, арыз-муңу менен жок дегенде бир нече жолу кайрылса керек. Албетте, өздөрүнүн милдеттерин так аткарып, жарандардын ар бир арыз-кайрылуусун четке какпай, аны карап, чечүүгө аракет кылган, өзүнүн ишин жакшы түшүнгөн адистер, кызматкерлер аз эмес. Бирок кээ бир учурларда кызмат адамы тарабынан жарандарга, элге карата болгон мыйзамсыз, маданиятсыз, терс мамилелерин көрүүгө болот, мисалы жаранга анын маселеси боюнча жакшы түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй, же арызын эч ким кабыл кылбай же арызына жооп берилбей, жаранга кайдыгерлик мамиле жасалып калышы мүмкүн. Мындай учурларда жаран маселесине канаттандыраарлык жооп ала албагандыктан, “баары бир карга карганын көзүн чукубайт, арызданганда пайда жок, буларга пара бермейинче ишиң чечилбейт, Кыргызстан эч качан оңолбойт” деген ички жаман ойлору, капачылыктары пайда боло баштайт, жана эл арасында бийликке болгон нааразычылыктар, ишенбөөчүлүктөр көбөйөт. Мындай көрүнүшкө кызматкерлер да, жарандар дагы күнөөлүү. Анткени, жарандар кимге, кантип туура кайрылууну билишпейт, сабырсыздык кылышат, жана кызмат адамдары тууралу негизсиз эле жаман күмөн кылышы мүмкүн. Кызматкерлер болсо жакшы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт, иштерин так аткарышпайт. Жарандандыр кайрылууларын кароого байланышкан атайын мыйзамдар дагы иштелип чыккан, болгону ошол мыйзамдарды кызматкерлер так аткарбашы мүмкүн, ал эми жарандар билбеши, колдоно албашы мүмкүн.

АРЫЗ, КАЙРЫЛУУГА БОЛГОН ТАЛАП, ЖАНА АНЫН ҮЛГҮСҮ.

Арыз, кайрылууларга мыйзамда өзүнчө талаптар коюлган, эгер арызыңыз ошол мыйзам талабына жооп бербесе, анда каралбай калышы дагы мүмкүн. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  1. кайрылып жаткан мекеменин аталышы (жетекчинин аты жөнү жазылышы сөзсүз эмес).
  2. кайрылып жаткан жаран же жарандар тууралу маалымат (толук аты жөнү, фамилия, аты, атасынын аты, толук даректери, телефондору).
  3. арыз, кайрылуу деп жазылса жакшы.
  4. сиздин маселеңиз, чечилүүгө жаткан жагдайыңыз, көйгөйүңүз көрсөтүлүш керек.
  5. сиздин өтүнүч, талабыңыз, эмне сурап жатасыз.
  6. эгер болсо, анда арызга тастыктоочу, далилдөөчү кагаздар дагы тиркелгени жакшы.
  7. арыздын акырына сөзсүз түрдө кол же колдор (кол тамга) коюлушу шарт.
  8. арыз жазылган же тапшырылган күндү да көрсөтүп коюу керек.

Арыз, кайрылууңуз төмөнкү үлгү сыяктуу жазылуусу туура болот:

_____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____

_____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____

Жүктөп алыңыз

КАЙРЫЛУУНУ ТАПШЫРУУ ЖОЛДОРУ ЖАНА ЫКМАЛАРЫ.

Ар бир арыз же кайрылуу кат жүзүндө берилген учурда гана бир жооп талап кылсак болот. Арыз мамлекеттик кыргыз тилинде же расмий орус тилинде жазылуусу зарыл. Оозэки кайрылса дагы болот, бирок талап кылуу жана натыйжа жагы ойдогудай болбошу мүмкүн. Ошондуктан, арызды кагазга жазып, аны тийиштүү мамлекеттик мекемеге тапшырганда гана, ал арыз толук кандуу каралышы мүмкүн. Кат жүзүндөгү арызын жаран өзү алып барып тапшыруусу керек, же болбосо электрондук почта аркылуу, же факс аркылуу, же жөнөкөй почта кызматы аркылуу, же ишеним каттын негизинде өкүл аркылуу дагы тапшырса болот. Ошондой эле, мамлекеттик органдын сайты болсо, ошол сайт аркылуу электрондук түрдө да кайрылса болот. Арыз бир эле адамдын же бир нече адамдын (жамааттын) атынан кол коюлуп, тапшырылуусуна болот.

Ар бир мекемеде кат-арыздар менен иш алып баруучу бир адис сөзсүз болот, болбосо бирөөгө ошол милдет жүктөлөт, б.а. секретарь, жалпы бөлүмү, канцеляриясы, кадр бөлүмү же башка адиске арыздарды кабыл алуу, каттоо милдети жүктөлөт. Арызыңызды ошол адиске, кызматкерге тапшырасыз. “Арызымды журналыңа каттап, анан мага да копия кылып берчи” деп секретардан талап кылууга акыңыз бар, анткени арызды алгандыгын сизге тастыктап берүүсү шарт. Же болбосо, кол коюлган арызыңызды алдын ала көчүрмө кылып алып, түп нускасын тапшырып, ал эми көчүрмөгө “алдым” деп кол койдуруп алыңыз. Эгер андай кылбасаңыз, кийин арызыңыздын жообуна келгениңизде, “арызыңызды качан жана кимге тапшырдыңыз эле, кандай, эмне жөнүндө арыз болчу, точно тапшырдыңыз беле, катыңызды таппай жатабыз, жок арызыңызды эле талап кыла бересизби, сиз бизге арыз менен кайрылган жоксуз” деген сөздөрдү угуп калууңуз мүмкүн. Арызды кабыл алган адистин фамилия, атын, кызматын, сурап туруу үчүн телефонун жазып алсаңыз. Дагы бир жолу эскертебиз, арызыңыздын экинчи көчүрмөсүнө сөзсүз түрдө (!!!) “алдым” деп кол койдуруп тапшырыңыз. Эгер ксерокопия жок болсо, же электр жарыгы өчүп калса, анда катталган арызыңызды жок дегенде телефонуҢузга сүрөткө же видеого тартып алыңыздар.

Арызды секретарга тапшырып кетсе да болот, арызыңызды карап, аткарып жаткан адис өзү сизди чакыруусу мүмкүн, же арыз менен жетекчиге да кирүүгө болот.

Ал эми сайт аркылуу электрондук кайрылууга болгон талаптар ошол сайтта көрсөтүлөт, ошол жерде таанышып алса болот.

КАЙРЫЛУУНУН КАРАЛУУ МӨӨНӨТҮ, ТАРТИБИ.

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майынан чыккан № 67 мыйзамы бардык мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан аткарылууга милдеттүү. Бул мыйзамда кайрылууларды тапшыруу, кароо, чечүү тартиптери жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Ар бир арыз, кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралууга тийиш, кээ бир арыздар татаалдыгына жараша 30 күндүн ичинде дагы каралуусу мүмкүн. Бирок 14 күн өткүчө сөзсүз бир кабарын билдирүүгө милдеттүү. Арызда түшүнүксүз, тактай турган учурлар болсо, арыз ээси тактоо үчүн чакырылышы мүмкүн. Арыз ээсинин аты-жөнү же/жана дареги көрсөтүлбөсө, ал арыз каралууга жатпайт. Арызды карап жаткан кызмат адамы арыз ээсинен арызга тиешеси бар иш-кагаздарды суратып алууга укуктуу. Кызмат адамдары арыз-кайрылууларды кабыл алууга, аларды кароого, арызда айтылган маалыматтарды текшерүүгө, арызды кароо натыйжасы тууралу арыз ээсине билдирүүгө, кагаз жүзүндө жооп берүүгө, эгер арыз оң жагынан чечилбесе же арыз четке кагылса, анда себеп-жүйөсүн көрсөтүүгө, жоопко даттануу тартибин түшүндүрүүгө милдеттүү. Кайрылып жаткан жаран өзүнүн далилдерин айтууга, келтирүүгө, арыздын каралышына катышууга, арызга жоопту талап кылууга, жоопко канаттанбаса, жогорку жакка же прокуратурага даттанууга, арызын кароосуз кайтаруу тууралу кайырулууга укуктуу. Башка адамдардын ар-намысына, кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирген сөздөрдү камтыган арыздар каралбай, четке кагылышы мүмкүн.

Сотко тапшырыла турган ар кандай доо талаптарды камтыган арыздар, доо арыздар, даттануулар 25.01.2017-жылдан №14 Жарандык процесстик кодексине (ЖПК) жана 25.01.2017-жылдан №13 административдик процесстик кодексине ылайык (АПК) даярдалат жана тапшырылат, аны юрист же адвокаттын жардамы менен тапшырганыңыз жакшыраак болот.

КАЙРЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНБАСА, КАРАЛБАСА, ЖООП БЕРИЛБЕСЕ.

Арыз-кайрылуу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынбаса, же белгиленген мөөнөттө каралбаса, же эч кандай жооп берилбесе, же мыйзамсыз жооп берилсе, анда ал кызмат адамдарына карата административдик же башка жоопкерчиликтер каралган.

“Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине ылайык, Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тарткандыгы үчүн, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн, документтер менен тааныштыруудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн кызмат адамдарына карата бир нече миң сом өлчөмдө айып пулдар салынышы мүмкүн, бирок ал үчүн ал кызматтарынын үстүнөн прокуратурага даттануу керек. Эгер кызмат адамы бир нече ирет арыз, кайрылуулар боюнча мыйзам чегинде жооп бербесе, жумуш ордунан бошотуу маселесин жетекчиден талап кылууга укуктуусуз. Арызга байланыштуу арыз ээсине карата кысым-куугунтуктоолорго тыюу салынат.

Эгер сиз бир маселе боюнча башка кызмат адамына кайрылган болсоңуз дагы, ал арызыңызды кабыл алууга милдеттүү, мисалы жер маселеси менен сиз паспорт столго кайрылып алсаҢыз дагы ал арызыңызды кабыл алып, тийиштүү мекемеге, кызмат адамына өздөрү жөнөтүп коюшу же сизге кагаз түрүндө жооп берүүгө милдеттүү, андыктан “мындай маселени биз карабайбыз, биз чечпейбиз” деген шылтоо менен арызыңызды кабыл албай койсо же кайсыл жакка, кимге кайрылууну түшүндүрүп койбосо, анда ал кызмат адамдын үстүнөн жектечисине же жогорку жакка же прокуратурага даттансаңыз болот.

Эгер арызыңызды кабыл алышпаса, же кызмат адамдары дайыма иш ордуларында жок болсо, анда арызыңызды почта кызматы аркылуу жиберсеңиз болот, мындай учурда “заказной с уведомлением” кылып жөнөтүңүздөр, анткени арызыңызды ким, качан алганы белгилүү болот.

МЫЙЗАМСЫЗ ТАЛАПТАРЫ, АШЫКЧА ТӨЛӨМДӨР.

Арызга байланыштуу арыз ээсинен, жарандан кандайдыр бир төлөмдөр, акчалар талап кылынса, анда суралган акчаны эч качан көчөдө, кабинетинде, коридордо колуна бербеңиздер, тийиштүү төлөмдөрдү мекеменин кассасына кассирге гана төлөңүздөр, жана квитанция талап кылыңыздар. Эгер кызмат адамы акча талап кылса, “квитанция бересиңби, сен кассирсиңби” деп айтыңыз. Төлөмдү КАССАДА гана жүргүзүңүз, кассасы жок болсо, анда банктагы эсептик счетун, тактап, банкка төлөп келиңиз. Кассадан сырткары жүргүзүлгөн төлөмдөр мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн, жана алган да, берген да тарап “паракорчулук” беренеси менен жооп берүүсү толук ыктымал, о.э. азыр бардык жерде видео-аудио көзөмөлдөр орнотулган. “Мени тиякка алып барып келиңиз, бензин куюп бересизби, кагаз, краска алып бересизби, түгөнүп калыптыр, комиссия келип калды эле, анда мындай” деген талаптар дагы мыйзамсыз.

Эгер кызмат адамы тарабынан мыйзамсыз талаптарды, сөздөрдү айтуусун божомолдосоңуз, анда алдын ала телефонуңуздун диктофон, видеокамерасын жандырып алып, бардык сөздөрдү жаздырып алсаңыз, кийин далил катары колдоносуз. Мындай сактануу чарасынан көпчүлүк кызмат адамдары, жетекчилер кооптонушат, анткени ютубда жана тергөөдө шерменде болууну эч ким каалабайт.

АРЫЗ ЧЕЧИЛБЕСЕ, КИМГЕ КАЙРЫЛСА БОЛОТ.

Эгер арызыңызга берилген жоопко канаттанбасаңыз, анда ошол райондун прокуратурага даттансаңыз болот же жогорку жагына да даттанууга укугуңуз бар. Ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жана кызмат адамынын Бишкек шаарында жайгашкан жогорку башчылары, министрлери, төрагалары болот. Бишкекке барбай эле, алардын даректерин, аталыштарын кызмат адамынан тактап, даттанууну почта аркылуу жиберсеңиз болот же ошол эле мекеме аркылуу тапшырсаңыз да болот. Ошондой эле, интернет аркылуу да даттануу калтырсаңыз болот. Төмөнкү сайттар аркылуу арыз, кайрылуу, даттанууңуздарды калтырсаңыздар болот6 www.gov.kg же www.okmot.kg же www.kattar.kg . Бул сайттарда электрондук кайрылуулардын тартиби жазылган, ошондой эле ишканалардын даректрери, аталыштары, жоболорун тапсаңыздар болот. Жөнөкөй эле смартфон, андроид же планшет аркылуу өзүңүздүн арызыңызды, каалаган кайрылууңузду жүктөсөңүз болот. Электрондук кайрылуунун тартиби жогоруда айтылган тартипке эле окшош.

КОРУТУНДУ.

Мамлекеттик кызмат абдан оор жана жоопкерчиликтүү жумуш, айлыктары дагы жакшы эмес, талаптары да кыйын. Бир жактан жетекчилик дайым талап кылат, бир жактан эл талап кылат, иштердин көлөмү дагы көп болот, кызмат адамдары чындыгында кээде физикалык түрдө иштерди мөөнөтүндө аткарууга жетишпей калган учурлар да болот. Ошондуктан, оозэки жана кагаз жүзүндөгү кайрылууңуздарда өзүңүздүн акыңыз жок, сизге тиешеси жок же мыйзамсыз нерселерди же кызмат адамы чече албай турган талаптарды койбоңуздар, мамлекеттик кызматкерлерден кагаз жүзүндө жооп берүүнү гана талап кыла бериңиз, анткени оозэки талашып-тартышуу эч нерсени чечпейт. Маселеңизди чечип бере албагандары үчүн аларды жаман көрбөңүздөр, балким чындап эле мыйзам боюнча сиздин маселеңиз оңунан чечилүүгө жатпайттыр. Эч акыйкатка жетпедим деп эсептесеңиз, анда сотко кайрылыңыздар. Калыс жана толук кандуу маалыматты билүү үчүн юрист, адвокаттар менен кеңешип иш кылыңыздар, ашыкча убаракерчиликтен, чыгымдардан сактанасыз.

(Макала атайын www.formula.kg сайты үчүн даярдалды. Түшүнүктүү болуусу үчүн үстүртөн жана жалпак тилде жазылды. Макала толукталып, оңдолуп туруусу мүмкүн.)
05-май 2018-жыл
“Кеңеш” маалымат-укуктук борбору мекемесинин жетекчиси,

адвокат Бакиров Кубанычбек Тоялыевич.
Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көч.№68.
Электрондук дарек: bakirov.kubanychbek@mail.ru жана 2009.mda@mail.ru

Ватсап: 0779-958333.

ЭСКЕРТҮҮ: Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын аракеттерине, аракетсиздигине, токтом, актыларына карата сотко даттануу мөөнөтү билген күндөн баштап 3 ай. Андыктан, бир акты, токтом менен макул болбогон учурда, сотко кайрыла турган болсоңуз, анда кечиктирбей, тийиштүү сотко мыйзам чегинде доо арыз тапшырууга жетишип калууңуз керек.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Кубанычбек Бакиров

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, адвокат, "Кеңеш" маалымат-укуктук борбору мекемесинин жетекчиси. Дарегибиз: Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көч.N68. Тел.: 0557661377, 0777661377, 0507661377. W/A: 0779958333

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker