Макалалар
Маанилүү

Бидияттардын күчөшүнө ким күнөөлүү?

Ошентип, күркүрөгөн күз, «ак төөнүн карды жарылган» бышыкчылык кез да келди. Бул учур дыйкандарыбыздын жаз, жай мезгилдери ичи пешене терин агызып, кылган мээнетинин акыбети кайткан, тойлор көбөйүп, «тапкандары тойлорго буйрулган» мезгил эмеспи. Албетте, тынччылыкта, токчулук бардар турмушта жашап, тойлордун көп болгону жакшы деңизчи. Бирок, тойлорубузда бидияттар күн санап күч алууда. Азыр орто эсеп менен жүз элүү миң келиндин калыңына, жүз миң тойго, кафе-ресторанга эки жүз миң сом болуп, колу жупунураак адам жарым миллионсуз той өткөрө албай калды. Ал эми байлардын сарптаган акчасынын эсеби жок.

Андай ысырапкерчиликтин, пайдасыз чыгымдардын, бидияттардын көбөйүшүнө ким күнөөлүү?..

Албетте, ага биз- ата-энелер күнөөлүбүз. Мен, сиз, тиги, ал, бардыгыбыз күнөөлүүбүз. Мен тигинден жогорураак турам, ага караганда байыраакмын деген, өзүн-өзү көрсөтүү, менменсинүү, текеберлик, курчирендик айыптуу.

Ооба, тойго ар бир адам даярданат, акча жыйнайт, камданат дээрсиз. Чындыгында азыркы жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштеп, акча таап, анан үйлөнүшүүдө. Бирок, ал акчаны табуу үчүн алар адам чыдагыс шарттарда эмгектенишип, жаштыгын, алтындан кымбат болгон убактысын коротуп, кала берсе жаштыгын, ден соолугун да короторун ата-энелер унутпасак жакшы болор эле.
Айрым ата-энелерге кафе-ресторансыз, чыгымы азыраак болгон, чаканыраак той өткөрүүнү сунуштасаң сени билимсиз, караңгы, түркөй адам катары түшүнүшөт. Олурая карап, жутуп жибергидей болушат.

«Ал үчүн же уулуң молдо болуш керек же атинча келин алышың керек» дешет. Чындыгында кимге пайда, кимге зыян экенин капарына алып да коюшпайт.

Айрымдары тигинин тоюнда мындай болгон, аркынын тоюнда тигиндей болгон деп ким эмне жасаса, ошонун бирин да калтырбай жасаганга аракеттенишет. Ошентип олтуруп, азыр тойлордо тартылуучу тамак-аштардын түрү грил, балык, шашлык, самса жана башка болуп олтуруп, ондон ашып кетти. Эл арасында айтылып жүргөндөй «пил сойсоң да эч ким ыраазы болбойт». Канча чачсаң да көпчүлүктүн арасынан «арагы аз же мунусу кем болду» деп, кемчилигиңди тапкан бирөө чыгат.

Жакында жакшы эле тааныган тааныштарымдын бирөөсү келин алды. Уулу ресторанда той өткөрүүгө макул болбоду. Кафеге сарпталчу акчага машина сатып алды, өз бизнесин баштады. Азыр жубайы экөө ынтымак жашоо кечирип жатышат.

Мындан он-он беш жыл мурда дагы бир таанышым келин алды. «менин башкалардан эмнем кем, ресторанда той өткөрөмүн» деп туруп алды. Той да өттү, анын эртеси да болду. Баласы үйлөнгөндөн кийин Россияга иштегени кеткен бойдон келбей жүрөт. Же үстүндө үйү жок, же жарытылуу иштеп тапкан акчасы жок.

Миңдеген сом акчага той өткөрүп, бир ай чогуу жашабай, ажырашып кеткендер ушундайлардан үлгү алышса.

«Эртең мененки тамакты өзүң же, түшкү тамакты бирөө менен бөлүш, ал эми кечки тамакты душманыңа бер» деп айтышат дарыгерлер. Ансыз деле эки-үч саатка кечигип башталган тойлордо ондон ашык тамактан даам татып келгенден кийин ( жеген тамагың сиңип-сиңбей) уктоонун өзү, өз жанын өзү кыйган менен барабар эле окшойт.

Менимче, чакан гана тойлорду өткөрүп, керексиз, ашыкча ысырапкерчиликти кыскартып, кафе-ресторандарга берилүүчү акчаларды турмуш сапарына жаңыдан гана кадам таштай баштаган жаштардын жакшы жашоосу үчүн ( билим алууга, там салууга, мал-жан күтүүгө, бизнес жүргүзүүгө ж.б) шарт түзүүгө сарптасак дурус болор беле?

Урматтуу окурман! Сиздин пикириңиз кандай? Келиңиз, ой бөлүшөлү. Сөз кезеги анда сизде.

Макаланын автору:
Т. Анарматов
Булак
"Ноокат Таңы" гезити
Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Нуркамил Абдуллаев

Абдуллаев Нуркамил Баатырбаевич. 1976-жылы Ош областынын Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку. Ош гуманитрадык педагогикалык институнун тарых факультетин аяктаган. Ош областтык мугалимдеринин «Билим булагы» жана Ош областтык «Ош жаңырыгы» газеталарында эмгектенген. Учурда Ноокат райондук «Ноокат таңы» газетасынын башкы редактору болуп эмгектенүүдө. Анын бир топ аңгемелери жана публицисттикалык макалалары республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close