Таасирдүү окуялар

Бейиштин эшигин кантип бермек элем…

Жакында мындай окуя уктум. Мурдараак Сауд Аравияда эки бир тууган бири-бирин сотко берет. Алар энесин меникинде жашайт деп өз ара  бөлүшө албай атыптыр. Кичүү уулу башка шаарда окууда жүргөндө улуу баласы аны бир нече жыл багып келген экен. А кичүү уулу окуудан келгенде апасын өз үйүнө алып кетем дептир. А улуусу бергиси келбейт, Бейиштин эшигин кантип бермек элем деп…
Энесине өзүң танда дептир. Бирок, ал да эки уулунун бирин тандай албаптыр. Сот кичүү уулунукунда жашасын деп чечиптир.  Эки уулунун үйү бир эле шаарда экенине карабай, улуу уулу көз жашын төгүп энесин узатыптыр…

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Адилет Сыдыков

Сыдыков Адилет Акматжанович 1995-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. Улуту – кыргыз. 2001-жылы айылдагы Боронбай Атишев атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Эркин журналист, блоггер жана веб-дизайнер. 22 жашта. Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин социология факультетин аяктаган.

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close