Макалалар

Бетти канжалатуу спорт эмес

Спорт деген сөздүн мааниси, дегеле спорттун маани-маңызы тууралуу бир аз изденип көрдүм.

Жалпылап алганда эс алуу, жарышуу, алаксуу (күнүмдүк иштерден) максатында жасалган, дене-бойдун жана акыл-эстин жетилгендигин талап кылган кыймыл-аракеттердин жыйындысын спорт деп атоо туура болчудай.

Өзгөчө зомбулукка, зөөкүрлүккө тиешелүү эч кандай өңүтү деле жок экен. Футбол, волейбол, сууда сүзүү же шахмат сыяктуу спорттун түрлөрүндө ансыз деле күч колдонууга, зөөкүрлүк кылууга муктаждык жок. Айтайын дегеним, спорттун бул түрлөрүнөн: «Балким адамды зөөкүрлүккө жетелейби?» деп кам санабаса да болот.

Биздин өлкөдө спорттун түрү катары жекеме-жеке мушташуунун (MMA) түрлөрү көп жайыла баштаганы маалым. Көңүл буруңуздар, өнүгүп бара жатканын айтпадым, кеңири жайылып баратканын гана айттым.

Спорттун бул түрү биздин өлкөдө эс алуу, жарышуу же балким акыркы чара катары өзүн-өзү коргоо максатында үйрөтүлбөй калды. Бара-бара спорттун бул түрү жеке кызыкчылыктарды мыйзамсыз жолдор менен коргоо, башкаларга үстөмдүк кылган белгилүү бир күчтүн ээси болуш үчүн көп жаштарды кызыктырчу болду. Бул аябай кооптуу болуп баратат.

Спорт клубуна барып бир канча ай машыккан соң муштуму кычышканда өзү менен жакшы келише албаган бирөөнү дароо беттен ары чаап, жерге сулап калганда да тепкилеп салганды спорт менен машыгуунун максаты катары көрүп калышты окшойт.

Илимий негиз

Психологиялык, социологиялык изилдөөлөрдүн негизинде агрессиянын себептери катары бир канча негизге токтолсо болот.

1. Биринчиден, агрессия адамдын табиятындагы табигый түрткүдөн (impulse), өзгөчө эркектеги тестостерон гормонунан улам пайда болору айтылат экен. Дүйнөдөгү бардык кишилердин табияты окшош экенин эске алганда, бул негиз эмне үчүн өзгөчө кээ бир өрөөндөрдө агрессия салыштырмалуу көбөйүп баратканына жооп бере албайт. Анткени зомбулук табияттагы түрткүдөн улам келип чыга турган болсо, бардык аймакта бирдей деңгээлде болушу керек эле да.

2. Кайсы бир тоскоолдукка учуроо да агрессиянын көбөйүшүнө дагы бир негизги себеп катары каралат экен. Адам табиятынан бактылуу болууну каалайт. Бул үчүн белгилүү жетишкендиктерге (жакшы жашоо шарт, жакшы киреше, өзү сүйгөн кесипти аркалоо, сүйгөн адамы менен бирге болуу ж.б) жетүүнү самайт. Так ошол койгон максаттарына бараткан жолдо кандайдыр бир тоскоолдуктар менен беттешсе, ал адамда каршы чыгууга, зомбулукка, күч колдонууга окшогон кубулуштардын пайда болушу табигый көрүнүш.

Бул негиз, балким, биздин коомдо аң-сезимсиз балбандардын көбөйүп баратканына белгилүү деңгээлде жооп боло алат. Мамлекет менен жарандын ортосундагы алакага байланыштуу бир мисал келтире кетейин. Мамлекет жарандарына салык төлөө, кылмышка барбоо, билим алуу, аскердик кызмат өтөө сыяктуу белгилүү бир шарттарды коёт. Бул шарттарды орундаткан учурда ал жок дегенде орто стандартта жашоо деңгээлине жетиши күтүлөт.

Жаран мамлекеттин айткандарын орундаткан учурда, мамлекет түзүп берген шартта бир айлык эмгек акысы бир апталык минималдуу (орточо эмес) жашоосун камсыз кылбаса, бул тоскоолдук катары кабыл алынышы толук мүмкүн. Ошол эле учурда жогорку билими жок, мыйзамга каршы иштерге аралашкан, жемкорлукка тиешеси бар, мыйзам алдында жооп бере турган жагдай жаралган учурда жоопкерчиликтен качыш үчүн, керек болсо «каралар» аркылуу күч колдонгонго чейин барган кишилердин (канчалык киши экени башка кеп) материалдык жактан түйшүксүз, керек болсо элитага зөөкүрлүк кылган, башкаруу органдарына сөз өткөрө алган абалда жашашы да тоскоолдук катары кабыл алынышы мүмкүн.

Соттон калыс чечим чыкпай калышы, укуктук нормалар белгилүү гана адамдарды көзөмөлдөгөнгө жарап калышы да тоскоолдук катары кабыл алынышы мүмкүн.

Ушул жерде тийиштүү доордун илим чөйрөсүнүн гиганттарынан Ибн Халдундун «…эгерде мамлекет кирешенин (экономикалык мыйзамдарга ылайыктуу таризде) бөлүштүрүлүшүн калыс жүргүзбөсө, элде нааразылык башталат, адамдар мамлекетке болгон милдетин так орундатууну каалабай калат. Натыйжада чыккан башаламандыктан улам мамлекеттер, цивилизациялар кулайт…» деген пикирине шилтеме бере өтүүнү туура көрдүм.

3. Дагы бир маанилүү фактор катары медианын таасирин атап өтсө болот. Жекеме-жеке мушташтын, анын каармандарынын ЖМК аркылуу өтө эле популярдуу болуп баратканы маалым.

Мисалы, ошол сегиз бурчтуу тордун ичине кирип, жырткыч сыяктуу бири-бирин төпөштөп, бети-башына кан шыбалып уткан соң эки колун көтөргөндү өтө чоң жетишкендик катары коомдук аң-сезимге жайылтуу туура эмес. Тим эле жеңген тарапты глобалдык масштабтагы коркунучту, адамзаттын пайдасы үчүн жер менен жексен кылып сулата чапкан каармандай кылып жарнамалоо жаштардын аң-сезиминин калыптанышына таасир этпей койбойт.

Менин оюмча, спорттун бул түрүнүн өнөр же чеберчилик катары баркы жок. Болгону материалдык бир аз кирешеси бар. Бирок биздин жетилип келе жаткан жаш жигиттерибиз учурдагы спорт чебери болгон агаларын көрүп алданбашы керек.

Спорттун бул форматынан уюштуруучу фирма, жарнама уюмдары, алдын-ала акча коюп кумар ойноткон фирмалар сыяктуу шылуундар балким канааттандырарлык киреше табышат. Ал эми бул балбандары арзыбаган акча, жасалма аброй үчүн короз мушташтагы короздор сыяктуу күүлөп салып койсо ден соолугун, келечегин коркунучка салып мушташа берет. Чыныгы спорт чебери болгусу келген киши мындай абалга өзүн ылайык көрбөйт деп ойлойм.

Тыянак

Көрүнүп тургандай, коомдо зомбулуктун, күч колдонуунун көбөйүшү бир гана зөөкүрдүн айынан эмес, коомдук бир топ бытырандылыктын айынан болуп жатканы көрүнүп турат.

Демек, коомдогу зомбулуктан улам бир топ киши, бир топ бийлик бутагы өзүн жооптуу сезүүгө тийиш. Ислам тарыхынан Умар бин Хаттаб халифа болуп турган кезде анын халифалыгындагы бир койду бир карышкыр жеп кетсе ал үчүн да кыяматта жоопко тартыларын дайыма көңүлүнө түйүп жашаганы бизге сабак болор бекен? Бүгүн адилетсиздикке кабылып какшаган кыргыз жараны үчүн кимдин, канчалык деңгээлде тынчы кетет болду экен!? Эски ажолордон бири «…эл караңгы, кедей болсо буга мен күнөөлүү эмесмин» деп ачык айтып койгон эле…

Албетте, булар комплекстүү маселелер. Зөөкүргө барып зөөкүрлүк жаман экендигин айтуу менен ал токтоп калбайт. Жогорудагы айтылгандардан улам бул бир топ коомдук маселе менен байланыштуу жана алардын алдын алуу да так ошол коомдук маселелерди чечүү менен гана мүмкүн болот. Бул үчүн ар бирибиз, өзгөчө бийлик ээлери, милдетибизди так аткарууга тийишпиз. Болбосо Кудайдын жараткандарынын арасынан эң куттуусу болгон адамдын убалын, кусурун кенемтелөө эч убакта мүмкүн болбойт!

Автору
Элмурат Кочкор уулу
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close