alternatetext Багымдат: 04:24 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Жаңылыктар

«Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат.»

ДААВАТ — азыркы кезде Кыргызстанда адеп-ахлактын, ыймандуулуктун реалдуу иштеп жаткан жападан жалгыз элдик мектеби. Дааватчылар расмий молдолорго караганда он, балким жүз эсе көп иш жасап жатышат. Аруу динибиздин, ага жанашкан чыныгы адамкерчиликтин негиздерин өздөрү үйрөнүү менен, бири бирине үйрөтүү менен, ыйманга ыктаган башка калкты ушул чыныгы элдик кыймылга тартуу менен. Мында каапырлар корккудай кыпындай саясат жок, бетпактар жабышкыдай кыпындай адепсиздик жок. Дааватчылардын жобосунда кантип саясатка киришпөө, кантип бирөөнүн эшигин адепсиз чертпөө дегенге чейин ташка тамга баскандай жазылып турат. Ал эрежеден чыккандын дааваты да, башка диний амалдары да кабыл болбойт. Бүгүнкү күндө мектеп да, башка окуу жайлар да, дегеле бүтүндөй коомубуз менен мамлекетибиз унуткан чоңдорду жана балдарды адеп-ахлакка тарбиялоо ишин жалгыз ушул дааватчылар жүргүзүп жатат. Аны алар эч кимге милдет, док кылган жок. Өкмөттөн да, элден да ал үчүн эки тыйын акча сураган дааватчы жок. Мээнетибиз Кудайдан кайтсын деп, ого бетер кайратмандык менен иштеп жатышат. Эгерде өлкөбүздө миңдеген адамдар, айрыкча жаштар ыйман жолуна түшүп, арагын, жаман адаттарын таштап, миңдеген мусаапырлар менен жетим-жесирлердин, миңдеген кем-карчтыктар менен муктаждыктар үн-сөзү, ызы-чуусу жок эле, өзүнөн өзү чечилип калып жатса, ошонун ондон тогузу дааватчылардын иш-аракеттеринин жемиши. Жасаган жакшылыктарын рекламалаган иштер гана дааватчылардыкы эмес.Ошондуктан дааватчылардын ишин токтотууга болгон аракетти жалпы элге карата кара ниеттиктен, душмандыктан башкача мааниде түшүнүү мүмкүн эмес.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Бул да кызыктуу

3 пикир

  1. Б.Бекешов авам сыяктуу кара сөздүн каймагын алган, ыймандуу, билимдүү агаларым бийлик башына келсе КЫРГЫЗСТАН сөзсүз өнүкмөк!
    Анткени Жаратуучубуз куранда:
    Кайсыл бир коом өзү өзгөрмөйүнчө, эч ким өзгөртпөйт!- деген эмеспи?!
    Ал эми биздин бийликтеги «балыктар» башынан эмес, мээсинен сасыганы өкүнүчтүү…
    Эх арман күн, Манас бабам болгондо:
    Ой каапырлар кантет, мекенди элди кордоп, кутуруп?!- деп баары душманды жексен кылса керек эле..
    Ошентсе да Бейшекем сыяктууларды колдоп, коргоп эл башына алып келүү биздей карапайымдардын милдети деп ойлойм.
    А бирок соңку мезгилдерде биздин ынтымагы жок, айдаган тарапка оомо, ишенчээк маңыроо эл экенибизге ишенип баратам…
    Ошентсе да мобурекиндей посторду окусам, үмүттүн шооласы жүрөгүмдө жылт этет.
    Бар жана бир болуп, ата салтыбыз, таза динибиз, керемет мекенибиз, балдай тилибизди сактайлы кыргызым!!!

  2. Даават мээнети Кыргызстанда Кудайым буйурса токтобойт . Биз озубуз токтобосок эгер . Биз , Мен озум ушул мээнетти кадырласак ин ша Алла токтобойт . Бул дин Алланын дини аны Аллалан башка эч ким тосо албайт . Демек биз Алла менен мамилени ото бекем , мыкты тузсок . Баары жакшы болот . Ар бир намаздарда Аллага Дуа кылалы .

  3. Эн тура Аллага дуба кылалы , Алланын даватын эчким токтотто албайт ,1 кылымдан жер асты усту болуп жок болуп кеткенчекти Алланын ишин токтотто албайт Алланын кудуретине эчким кудуретти эмес, ичи сасык сасык бок которуп жургон адамдын колунан не келмек эле ,корот элем Алла сийдигинди богунду чыкчу жеринден чыгарбай оозундан чыгарып койсо безелендеп жалынганынды, шугур кылсанар депутатында минстр президентинда , Адам заты

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button