Балыкчы шаардык хатибияты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биргеликте шаардагы жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөттү.
Бул күнү ар бир үй-бүлөгө ун, кесме, кумшекер, күрүч, суу май сыяктуу азыктар таратылып, жалпысынан 174 000 сом сарпталган.
“Кайрымдуулук иш-чара ыйык Рамазан айына карата уюштурулуп, жакшылыктын айында колубуздан келишинче жардам бердик”,
-деди Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов.