АалымдарМакалаларТарбия

БАЛАГА АТ КОЮУ


Биз ата-энелерге перзенттер кандай урмат кылышы керек туурасында өтө көп айттык. Бирок ошол эле учурда ата-эне дагы перзенттерине эмне кылуусу керектиги туурасында көптөгөн окуялар көптөгөн хадистер көптөгөн сөздөр бар. Мына ошол сөздөргө ин шаа Аллах кулак салабыз.
Азирети Суфян Ас – Саврий (рохимаху Аллахи Таала анху ) айтат:
ﻛَﺎﻥَ ﺳُﻔْﻴَﺎﻥُ ﺍﻟﺜَّﻮْﺭِﻱُّ , ﻳَﻘُﻮﻝُ : ﺣَﻖُّ ﺍﻟْﻮَﻟَﺪِ ﻋَﻠَﻰ ﺍﻟْﻮَﺍﻟِﺪِ ﺃَﻥْ ﻳُﺤْﺴِﻦَ ﺍﺳْﻤَﻪُ ، ﻭَﺃَﻥْ ﻳُﺰَﻭِّﺟَﻪُ ﺇِﺫَﺍ ﺑَﻠَﻎَ ، ﻭَﺃَﻥْ ﻳُﺤْﺴِﻦَ ﺃَﺩَﺑَﻪُ

“Перзенттин ата-энедеги акысы: анын атын жакшы коюсу, көркөм жакшы ат тандап коюсу, балагатка жеткенде үйлөндүүрүсү жана анын адеп-ахлагын көркөм бир адеп-ахлак кылууга аракет кылуу” – деди.
Мына ушул риваятта перзенттин ата-энедеги акылары туурасындагы акылардан үчөөсү зикр кылынган.
Биринчиси: Ата-эне өзүнүн баласынын, кызынын, перзентинин атын өтө кооз көркөм жана мусулманча кылып коюусу керек. Айрыкча биздин кыргыздарда ат койгондо өтө аша-чаап кеткен учурлар кездешип калат. Ээрчиме эл болуп ошол ээрчимелигибиз ат койгондо дагы калбайт. Мисалы үчүн Итибай, Күчүкбай, Тешебай деген аттарды дагы коюшат. “Эмне минтиң?” – десең, “Эптеп ошол тешедей болуп адамдарга жарап жүргөн болсо ошол болот. Итибай, Күчүкбай ошондой күчүктүн баласындай жүрсө деле болот” – дешет.
Айтор ушуга окшогон аттарды коюшат. Ат койгондо адам өтө бийик маанилерди ойлонуп жакшы адамдардын, пайгамбарлардын атынан коюсу керек болот. “Эптеп эле болсо болду. Эл арасында жүрсө болду” – деп эмес, жогорку деңгээлди алыш керек. Ал эмес биздин элибизде туура эмес түшүнүк бар. Чоң аттарды койсо, атты көтөрө албай калды деп туура эмес түшүнүктү айтышат. Атты көтөрө албай калды деген сөз жок! Ал туура эмес түшүнүк. Көтөрөт! Аттын баардыгы жакшы.
Пайгамбарыбыз:
“Пайгамбарларынын аттарынан койгула. Ошондой эле Абдурахман, Абдулла деп койгула”- деген.
Жакшы аттар бар. Демек ата-эне ат тандаш керек. Анан кээде ат койгондо мусулманча эмес аттарды коюп, мисалы үчүн Марсель деп коёт. Башка деп коюп алышат. Эми ошол дин суздап турган убакта коюлуп калган аттар. Айтор ата-эне баласына атты тандап эң жакшы мааниси бар, эң бир көркөм, бала уялбай турган деңгээлдеги аттар коюлуусу кажет.
Экинчиси: Перзент балагатка жеткенде аны үйлөп коюуу керек. Эгерде кыз бала болсо турмушка чыгарып, эгерде уул бала болсо аны үйлөө ата-эненин мойнундагы милдети болуп эсептелет.
Андан кийинкиси: Ошол перзентине ата-энеси адеп бериш керек. Аллах Таала ырыскыны камсыз кылган. Биз адеп берүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан балдардын адебин жакшылап бере турган болсок ин шаа Аллах балдарыбыз жаман жакка кетпейт.
Азирети Абу аль-Муътабирден риваят кылынат: Умар ибн Абдулазиздин алдында чогулулушуп отурат эле. Ошол жерде көп сөздөрдү айтышты. Ошол жерде бир адам айтты мага кабар жетти (Пайгамбарыбыздан же сахабалардан). Бир сөз уктум дейт. Ат коюлбай туруп өлүп калган бала Кыямат күнү атасына “мени ысымсыз, атсыз калтырдың” – деп айтат деди. Демек төрөлгөн балага жакшы ат коюу атанын милдети болот. Маани бербей коюп, ага көңүл бурбай коюп, ат коюлбай калат. Эгерде жаңы туулган балада жандын бар экендиги билинсе, жандын бар экендиги сезилсе, ага дароо ат коюш керек. Атасы мына ушул аталык милдетин аткарууга шашылыш керек. Кудай сактасын бирок төрөлгөн баланын аты коюлуш керек болуп туруп, атсыз өлүп калып, андан кийин атсыз көмүлүп калган болсо, Кыямат күнүндө: “Мен туулганда жаным бар эле! Мага ат коюшуң керек эле! Мени аты жок калтырдың!” – деп ошол бала доогер болот. Ошондуктан эгерде бала төрөлгөндө, төрөлүп эле үн чыгып өлө турган болсо ага ат коюлуп, андан кийин кадимкидей ошол баланы көмгөнгө туура келет. Ата-эне баланы багуусу, жедирип-ичиндирүүсү, кийиндирүүсү, жууп-тароосу, аны тазалоосу милдет болот. Жаңы төрөлгөн бала төрөлүп эле өлүп кала турган болсо
– деп доогер боло турган болсо, албетте мындан башка дагы өзүнүн укуктарына ал доогер болуп талап кылат. Перзенттин укуктары жөнүндө кээ бир маалыматтарды бере турган болсок Ислам динибизде перзенттин укуктары өтө камкордукка алынган. Ата-эне же алардын туугандары, ошол жердеги коомчулук ошол балдарды тарбиялоого милдеттүү болуп эсептелет. Балдардын тарбиясын, балдардын укуктарын берүү үчүн азыркы учурда ар кандай НПОлор, ар кандай коомдор, уюмдар балдардын укугу дейт. Бирок динибизде айтылгандай балдардык укугу эч бир жерде корголгон дагы, козголгон дагы эмес.
Ошол балдардын укуктарынын биринчиси балдардын тегин сактоо. Тек нике менен сакталат. Ошон үчүн никеси жок, көрүнгөнгө кошулуп отуруп, анан бир күн анданбы же мынданбы белгисиз болуп, теги белгисиз болуп төрөлүп кала турган болсо бул жакшы эмес иш. Никенин негизги максаттарынын бири мына ушул – текти сактоо. Үй-бүлө дагы, коом дагы мунсуз болбойт. Ошон үчүн перзент ата-энесинин никеси болуп, никеден кийин никелүү болуп төрөлгөнгө укуктуу. Ошол укукту алып берип койбошубуз керек.
Андан кийинки балдардын укуктарынын бири боло турган перзентке ылайык болгон ата жана энени тандоо. Бул, эгерде адам эркек болсо өзүнүн келечектеги балдарынын энесин тандоого өтө аракет көрүү керек. Таза, жаман жолдо жүрбөгөн, жакшы тарбия алган, адептүү адамга үйлөнүп, ошол баласынын энесин туура тапканга эркек милдеттүү болот. Ошондой эле аял заты дагы келечектеги балдарынын атасын тапканга аракет кылыш керек. Көрүнгөнгө эмес, ата боло турган, балдары атам деп сыймыктана турган адамга турмушка чыккандын аракетинде болуу керек. Ал үчүн аракет кылыш керек. “Болсо беш болбосо он беш” – деп күйөөгө тийип кетип калбастан, аракетин көрүш керек.
ﻋَﻦْ ﺃَﺑِﻲ ﺍﻟْﻤُﻌْﺘَﻤِﺮِ ، ﻗَﺎﻝَ : ﺗَﺬَﺍﻛَﺮُﻭﺍ ﻋِﻨْﺪَ ﻋُﻤَﺮَ ﺑْﻦِ ﻋَﺒْﺪِ ﺍﻟْﻌَﺰِﻳﺰِ ، ﻓَﻘَﺎﻝَ ﺭَﺟُﻞٌ : ﺑَﻠَﻐَﻨِﻲ ﺃَﻥَّ ﺍﻟْﻤَﻮْﻟُﻮﺩَ ﺇِﺫَﺍ ﻣَﺎﺕَ ﻭَﻟَﻢْ ﻳُﺴَﻢَّ ﻳَﻘُﻮﻝُ ﻷَﺑِﻴﻪِ ﻳَﻮْﻡَ ﺍﻟْﻘِﻴَﺎﻣَﺔِ ﺗَﺮَﻛْﺘَﻨِﻲ ﻭَﻻ ﺍﺳْﻢَ ﻟِﻲ

“Эмне үчүн мага ат койгон жоксуң?”
Азирети Айша радыя Аллаху Таала анха айтат:
“Силер өзүңөрдүн урук тууганыңарга, уругуңарга ылайык болгон үй-бүлөнү тандагыла. Өзүңөргө ылайык болгон адамга үйлөнүп, келечекте балдарыңар: “Эмне үчүн менин энем ушул болуп калды же менин атам ушул болуп калды?” – деп өкүнбөй турган таризди кармагыла”.
Имам Ибн Маажа, имам Даарукутний мына ушундай риваят кылышат.
Андан кийинки перзенттин укуктарынын бири эмизүү болуп эсептелет. Төрөлгөн бала эмизилүүгө муктаж. Бул эненин милдети. Кайсы бир шарий үзүр себеп менен эне эмизе албай калса, анда эмизүүчүнү табып, аны ыраазы кылуу атанын милдети болуп эсептелет.
Аллах Таала Бакара сүрөсүндө:
“Ким эмизгенди мукаммал кылып, толуктаганды кааласа, энелер перзенттерин толук эки жыл эмизсин” – дейт.
Перзеттерди эки жыл эмизүү – перзенттин акысы. Эгерде андан мурда эмизбей коё турган болсо, энеси же атасы күнөөңкөр болот. Анткени перзеттин укугун тебелеген болуп эсептелет. Эгерде перзенттер энесинин сүтүн иче турган болсо анын денеси же анын руханий өсүшүнө дагы ошол өтө жардам берет. Эненин сүтү менен баланын сөөктөрү катып, эненин сүтү менен баланын башка тараптары да өсүп-өөрчүйт. Эки жыл деп Кураани Каримде айтылды. Бирок акыйкаттан адашып кеткен инсаният 1400 жылдан кийин ошону түшүнүп жетти. Азыркы илимий текшерүүлөрдөн кийин жаш балага эң жакшы азык эненин сүтү жана толук эки жыл эмизгенде бала толук ошондон жакшы пайда алат деген маанини азыр айтып турушат. А мындан 1400 жыл мурда Кураану Каримде ушундай маани келген.
Ошондой эле баланын ата-энесиндеги акыларынын бири балага ылайык көркөм жакшы ат-ысым тандоо. Ар бир адам өзүнүн ысымдары менен сыймыктанат.
Пайгамбарыбыз:
“Аттардын ысымдардын эң жакшысы анын пенделик жана мактоону билдирип тура турган ысымдар” – деп айтты.
Ошон үчүн Абдуллах, Абдуррахман, Абдуссаттаар деген аттарды койсо Аллах Тааланын пендеси деген маанини туюндурат. Андан сыркары Хамидуллох Аллах Таалага мактоолор болсун деген ат же болбосо ошол сыяктуу пайгамбарлардын аттары же сахабалардын аттары же мурдагы өткөн азиздерибиздин аттарын коё турган болсок, булар жакшы аттар болуп эсептелет. Ошондой эле кыздарыбызга дагы илгери өткөн ыймандуу, илгери өткөн энекелерибиздин, сахаба аялдардын аттарын коюп жана жакшы аттарды коё турган болсок албетте бул нерсе жакшы болот
Шейх Чубак ажыЖалилов

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close