alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларПайдалуу кеңештер

БАКТЫЛУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

БАКТЫЛУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Азыркы кундо кооптогон адамдар оздорун бактысыз сезет. Чындыгында бай адамдын деле кайгыда жургонун корууго болот. Бул, байлык сени бактылуу кылат деген тушунукту четке кагат эмеспи?

Ооба..

Кедей адамдардын бактылуу жургонун коруп калабыз . Кээде мунун тескерисин,
кайгыда жургонун коробуз .
Мындан сабак, бактылуу жашоо
бул дуйнодо мумкун эмес деп айтууга болот .
Созумду туура тушунунуздор!
Анткени, байдын жашоосу бактылуу деп айтылбайт.
Аны, женил жашоо дейт!

Себеби, акча бул адамды убактылуу убакытка кайгыруудан сактап турчу нерсе.
Акча Жашоону женилдетет.
Акчан тугонгондо кайгыра баштайсын .
Акчан болуп калса бир аз женил журуп каласын .
Туурабы туура эмеспи ?

Ошондуктан достор,
бактылуу жашоо бул дуйнодо берилбейт .
Бул дуйнодо кимдир бироолорго
женил жашоо берилиши мумкун .
Ал Эми чыныгы бакыт,
чыныгы бактылуулук татыктуу адамдарга
акыретте Гана берилет !
Эмнегедир инсан табияты ошол бактылуу жашоону
каалап, озунун жашоосун кооздогонго аракет жасайт.
Бирок, адам баласы озу жетишкен нерселерди
чыныгы бактылуулук деген тушунуктун
ичине камтып алат ..
Коптогон максаттарына жетсе деле озун бактысыз сезип жургонун коросун.
Дагы деле журогу тынчый элек болот .
Дагы деле журогу ырахат таба албай озун
бактысыз сезип кала берет .
Себеби эмнеде?

Адам озунун максатына жеткенден кийин бактылуу болушу керек эле .
Бирок эмнеге жашоосу бактылуу корунгону менен,
журогу бактысыз бойдон кала берет ?

Анткени достор !
Коздогон максатка жетуунун даражалары бар.
Биз эн астынкы катмардагы,
адамга женилчилик бере турган нерселерге жетууну бактылуулук,
ошол нерсеге жетсен бактылуу жашайсын деген
тушунукторго ынанып ,
ал нерселерди Максат кылып ,
коздогон нерсебизге жетип жатабыз .
Жеткенибизден киийн дагы деле
бактылуу боло албай, бакытты издеп торт тарапты коздой умтулуп журо беребиз .

Анткени биз Максат кылган, биз азыркы кундо коздогон нерселер ото жонокой эле корунуштор .
Жонокой нерсенин артындагы бактылуулук да
жонокой бойдон кала берет .
Биз качан бактылуу болобуз ?

Биздин Максат кылган, биздин коздогон нерсебиз,
эн баалуу, эн чон куч, эн бийик жана таза амалды
максат кылсак, ошол баалуу нерсеге жете алсак
биз созсуз бактылуу болобуз !!!

Куттуу создордо баяндалгандай:
Танкы Багымдат намазынын эки рекет сунноту
бул дуйно Жана анын ичиндеги
баардык байлыктан кымбатыраак дейт .

Сиздин колунуздагы байлык канча ?
Канча акчаныз бар ?
1 миллион акчаныз болсо деле озунузду бактысыз сезесиз эмнеге??

Анткени адамдын журогу ааламдагы баардык байлыкты алгандан кийин тоёт эмеспи ?
Ааламдагы Баардык байлыкты чогултса,
ошону бир адам алса канча журогу тынчыйт?
Ал эми танкы багымдат намазынын эки ирекетин окуган адамдын журогу ,
дуйнодогу баардык байлыкка жеткен адамдай
женил журот .. журок ырахат алат.
Журоктордун ырахат алышы
эн чон бактылуулук эмеспи ? …

Акылдуу заттар айтышат :
Омурумдо соз менен айтып жеткире алгыс
учурлар болот, ошол учурдагы мен сезип жаткан
бактылуулукту Бейиштегилер да сезишсе
анда чындыгында бейиштегилер да бактылуу экен ..
Ал бактылуу учурлар

Жараткан Мээримдуу Кудай Таалага тизе бугуп
саждада турган учурум ..

Билесизби,, бактылуу учурлар бул ..
Жараткан Даанышмандын созу, окуму, чыныгы бактылуулук эшиктерин ачуучу кооз китеп,,
Курани Каримди окуп турган учурунуз ..

Бактылуу учурлар бул ..
Чындык менен коз жаш тогуп, тоё тоё
шугурчулук, жан дуйнон менен жалынып ,
кааба таштын астында дуба кылып турганын
чыныгы бактылуулук !

Орозо айында ооз ачып жаткан кезиниз ,
Тундо туруп намаз окуу учун карангыда
Алланын уйу мечитти коздой кадам басып бараткан
кезиниз, жарды, муктаж кишиге чын конулдон
берген кайыр садаканыз ,
таравих намазын окуп, кадыр тунундо намазда угулган Куран унун угуп ыйлаганда, коздон
тып- тып акырын агып тушкон коз жаштарыныз
жайнамазга тийип жаткан учур эн бактылуу учурунуз!
Эн бактылуу учур бул ,

сизди торогон апа сизге карап мен сенден ыраазымын балам деп дуба кылса эн бактылуу учурунуз ушул бир тууганым .
Атаныз сизди кучактап пешененизден суйуп
жылмайып караса ушул эн бактылуу учурунуз …

Ушул нерселер эн жогорку бакыттын чокусу .
Коптогон адамдар бул нерселерди жасабайт.
Жасап корушпосо чыныгы ырахаттын
эмне экенин кайдан билишсин?
Эхххххххх…….. !

Сиздин жашоонузда бул нерселердин бириси да болбосо озунузду канчалык денгээлде кыйнап
бактылуумун деп айтсаныз деле
бактылуу боло албайт экенсиз .
Анткени бул амалдар ар бир инсанды эки дуйно
созсуз бактылуу кылчу амалдар .

Суроттогу ымыркай мейли кийими жоктур,
мейли уйу жоктур , мейли досу жоктур бирок
биз тушунуп жетели ..анын Жаратканы бар ,
анын Кудайы бар ..
Жаратканын тааныган адам созсуз бакытка жетет.
Ал эч качан кем болбойт.
Кудуреттуу Даанышман Заттын Озу,
сенин колдоочун болсо кайгырбасан деле боло берет.

А сен досум ? Азыр эмнелерди озуно кудай кылып басып журосун, бакытты кай жерден издеп жатасын,
Жана таба алдынбы деген чоон суроо турат,
жана арты чечилбеген маселе турат ..

Кел бир тууганым .
Сен мусульман пендесин . Башынды койчу саждага ..
Кыйналганынды, кайгырганынды, бакытты таппай жатканынды моюнга алып
жай намазды коздой умтулчу ..
Чыныгы ийгилик созсуз сен тарапта болот муну унутпачы бир тууганым ☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️..

Тон моюн болбо. Жаратканына каршы чыкпачы.
Бактылуу жашоону корсотуп берген
Мухаммед пайгамбарыбыздан да акылдуу болуп кайдан бакытты издеп жатасын ??
Озун каалагандай жашап
озун каалагандай сыгылып бутподунбу алигиче!

Намаздан сени тоскон нерселердин баары
сени бактылуулуктан тосуп жаткан нерселер..
Ойлон, ойгон. Коодонун сокур бойдон калып кетпесин
Акылдуулук менен жол таба бил 🤗🤗😊!!

Бул сенин жашоон, ал бир эле жолу берилет . .
Туболук бакытты куруп кал .

..биз кайтып келбейбиз..

👤Али Маматов.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button