✔Бактылуу айым болууну кааласаң Хадижа Энебизден үлгү ал!
✍🏻Ал өзгөчө эле,анткени …
📎 -Ал -момундардын алгачкы Энеси:
📎 -Пайгамбарыбыздын (с.а.в) алгачкы жубайы;
📎 -Алгачкы ыйман келтирген айым;
📎- Алгачкы бейиш менен сүйүнчүлөнгөн бакытыяр;
📎 -Пайгамбарыбыз (с.а.в) менен бирге алгачкылардан болуп ибадат кылган зат;
📎 -Ислам үчүн эч нерсесин аябаган Тахира!
📎 -Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жүрөгүн рухий жана руханий тарабын толтурган Кубра!
📌Азирети Хадижа балалуу жана жесир,ошо менен бирге, Алланын Элчисинин (с.а.в) он беш жаш улуу эле. Анын назиктиги, кен пейилдиги менен ахалагы, акылмандыгы жана махабатынын тереңдиги анын айрым кемчиликтерин жаап койду. Алланын Элчисини (с.а.в) өзүнө тартты . Жыйырма беш жыл бактылуу өмүр сүрүштү. Бардыгынан да Азирети Хадижа айымдык сыпаттардын эң мыктысы тарабын көрсөтүү. Азирети Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жашоосун жандандырып,кооздуктар менен курчаган. Анын жасаган эмгеги бактылуу үй -бүлө кура турган бардык айымдарга дайыма жандуу өрнөк бойдон кала бермекчи..
✔Хадижа Энебиздин жашообузга ала турган сабактар.
📌1. Азирети Хадижадай акылмандуулук менен турмуш кура турган адамыңыздын мал -мүлкүнөн дагы адеп -ахлагына көңүл буруу керек. Азирети Хадижа Энебиз :
«Эй,Алланын Сүйүктүү кулу! Мен сиздин ахалгыңызга суктангандыгым үчүн сизге турмушка чыгууну кааладым «-деп айткан.
Эгерде турмуш кура турган кишиден материалдык абалыбыз же болбосо башка жактан даражабыз өйдө болсо, анда аларды кемсинтип, оор абалга калтуурудан алыс болуу керек. Тескерисинче, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,сүйүктүүбүздүн көңүлүн алуу жолдорун издегенибиз туура болот. Азирети Хадижа Энебиз байлыгын ортодогу махабатты жана биримдикти чыңдоого жумшаган. Албетте, бул нерсенин толугу менен жакшылыктарга себепчи болуусу үчүн эки тарапты тең Пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Аль -Амиин) сыпатына ээ болуулары керек.
📌2. Аял, өмүрлүк жолдошуна дайым көмөкчү болушу абзел. Өзгөчө, кыйын кезеңинде Пайгамбарыбызга (с.а.в) алгачкы вахий келген учурда: «Мага эми ким ишенет, эй Хадижа? «-деп сураганда ,Азирети Хадижа энебиз Пайгамбарыбыздын (с.а.в) башкалардан айырмаланган сыпаттарын эскертүү менен анын көңүлүн көтөргөнгө аракет кылат: «Эч ким ишенбесе да мен ишенем,Эй,Алланын Элчиси! «-дейт. Антпесе, Аны кыйын күнүндө жалгыз таштап кеткен болуп калмак. Ошондой эле Пайгамбарыбызга (с.а.в) ыйман келтирип жатканда, ал, жолдошунун даражасына сөздөрүнө карап маани берген.
Бул, ошол эле учурда, кишинин жоопкерчилигин эске салууда.
📌3. Байкот учурунда Хадижа энебиз малы менен жаны менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кыйынчылыктарына чыдап,көңүл кучагын бардык момундарга ачкан. Айырыкча, мүмкүнчүлүгү болгондо, Алланын Элчисинин (с.а.в) сүйүктүүлөрүнө белектерди тартуулап мактоосуна ээ болгон.
Азирети Хадижа энебиздин кайтышынан кийин дагы Алланын Элчиси курмандыкка чалган малдарынан Хадижа энебиздин туугандарына бөлүп турган.
📌4. Азирети Хадижа Энебиздин түшүнүктүүлүгү, башкалардын түйшүгүн ойлогондугу,чексиз сүйүүсү жана жоомарттыгы менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өзгөчө мактоосуна татып,көңүлүн ээлеп алган. Бул себептен,эки дүйнө жарлыгынын ыраазылыгына жана дубасына ээ болгон. Демек, айымдар да өз күйөөлөрүнө Азирети Хадижанын берилгениндей мамиле кылса, күйөөлөрүнүн жана Жараткандын ыраазылыгына татыктуу болуусу күмөнсүз…
📌5. Үй -бүлөбүзгө кылган эң чоң жардамыбыз эстен чыгарбайлы. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Азирети Хадижаны кызганган Азирети Айша Энебизге: «Аллах мага андан дагы кайырдуусун берген жок. Анын сүйүүсү мага ырыскы катары берилди «-дейт. Күйөөлөрүбүздүн жүрөгүн башка туура эмес орун калбагандай кылып,аруу сүйүүбүз менен толтурушубуз керек.
📌6. Азирети Хадижа Энебиз күнүмдүк иштерде кызматчы колдонгон эмес. Бардык иштерин бир гана өзү кылганга аракет кылган. Биз,айымдар күйөөбүзгө кызматты өзүбүз жасаганга аракет кылуубуз керек. Бул иштерге балдарды жана кызматчыларды аралаштырбообуз керек. Адам өз эмгеги менен кылган ишке көбүрөөк маани берет,ал ишинен ырахат алат. Кызмат кылуу аркылуу адамдагы махабат сезими жана мээримдүүлүгү көбөйгөнү чындык.
📌7. Азирети Хадижа Энебиз эмгекчи айымдарга үлгү болуп саналат. Ал соода-сатык менен алек болсо да, бир жагынан үй -бүлөсүнө жана балдарына караганга жетишкен. Үй -бүлөнү эң биринчи орунга койуп,тынчтыктын жана бакыттын өзөгү үй -бүлөдө болоорун көрсөткөн. Бул оор милдеттинин ээзилип калбаш үчүн,Пайгамбарыбыз (с.а.в) кымбаттуу жубайына үй -тиричилигинде да жардамчы болгон.
📌8. Сүйгөн адам, сүйгөнүнүн сүйүктүүлөрүн да сүйөт дегендей,Азирети Хадижа Энебиз Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бардык сүйүктүүлөрүнө көңүл буруп, алар менен катташып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) көңүлүн алган. Бир гана ушул себеп менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүт Энеси Халима зыярат кылып келгенинде кырк кой,бир төө белек кылган. Азирети Хадижа Энебиздин бул жоомарттыгы Пайгамабарыбыздын (с.а.в) купулуна толгон. Ин ша Аллах,биз дагы андан үлгү алып,сүйүктүүбүздүн жүрөгүн анын жакшы көрүп,сыйлаган адамдарын сүйүү менен ээлей алабыз.
📌9. Азирети Хадижа Энебиз сырткы көрүнүшүнө жана тазалыгына көбүрөөк көңүл бурган аялзатынан болгон. Колунан келишинче күн сайын жарашыктуу кийинип,өзүнө жана келбетине маани берген. Мындай мамиле менен Пайгамбарыбызды (с.а.в) күндөн -күнгө өзүнө тарткан. Жашы өтүп калса дагы,өзүн таштабай,Алланын Элчисинин көңүлү кала тургандай абалда болгон эмес. Анын көзү барында башка аялга үйлөнбөгөнүн себеби да Пайгамбарыбыздын (с.а.в) намысы жана адамгерчилиги менен бирге Азирети Хадижа Энебиздин пазилетин жана жогорку сыпаттарын белгилей кетүү керек.
«Кандай болсо баймын,» Кандай болсо да жакшы күйөөм бар же болбосо «Эмне кылайын улгайып калдым «дебестен, аялдын жана эркектин табиятында болгон бири -бирине тартуу сезимин четке какпастан, тескерисинче, акылдуулук менен колдонгон.
📌10. Ошондой эле, төмөнкү өзгөчүлгүн да баса белгилегим келип турат. Жахиля доорундагы (коомдун ичинде) жаңы төрөлө турган баланын «эркек «болуусуна маани беришкен,ал түшүнүк азыр дагы жок эмес. Азирети Хадижа Энебиз Пайгамбарыбыздан (с.а.в) эки уулу,төрт кызды дүйнөгө алып келген. Бул никеден төрөлгөн балдарынын көпчүлүгү кыз болгонун эске алсак жана ошол учурдун көз карашы менен карай турган болсок, бул үй -бүлөгө карата жасалган моралдык сезимди сезе алабыз.
Алланын Элчиси (с.а.в) дагы. Анын жубайы дагы айланасындагы караңгылыктын көз карашындагы басымдарга көңүл бурбастан, кыздарын, эркек балдарындай тең кылып багышып,алардын дүйнөгө келишине сүйүнүп, ар бир баласы үчүн акыйка курбанчылыктарын чалдырышкан. Бул боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в) алгачкы кызына «Зейнеп «(Атасынын сулуусун) деген атын коюусу, өз баласынын төрөлүшүнө аябай кубангандыгынын далили. Алардын дүйнөгө келиши менен бирге келген кубанычы жана бооруна басуу мүмкүнчүлүгү өмүр бою уланган.
Эч күмөнсүз,мында, учурдагы эле жоголбой келген түшүнүккө карышы маанилүү сабак бар.
Аталары гана эмес,керек болсо ,энелери «кыздуу «болгодугунан уялып жаткан кезинде, Азирети Хадижа энебиздин бул мартабасы, биз үчүн жашообуздун мыйзамы болуусу зарыл.
Кыскасы,Азирети Хадижа Энебиздин күйөөсүнө моюн сунуусу жана ага чын дилинен баш ийүүсү Аллах жолунда жубайына көрсөткөн көмөгү жана жардамы болуп эсептелет. Өзүнүн аркасынан калтырып кеткен асыл балдары менен бирге эң улуу адамдарынын катарын толуктай берет.
«📒Момундардын Энелери » китебинен алынды…
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG