alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

Бүгүн рамазандын эң акыркы күнү

 

Эмнегедир жүрөгүм кайгыга батып,
өкүнүп турат .
Менин эң жакын адамым узаак сапарга ,
кайра келбес жака кол булгап кетип бараткансыйт .
Көзүмдө жаш, дилимде кайгы, жүрөктө өкүнүч..

Бирок кичинемде менин мугалимим
мага көп нерселерди үйрөтөт болчу .
Бүтүндөй ааламдагы инсаниятга сабак берүүчү
тарбия берүүчү эң жакшы ай ,
бул рамазан айы экен .
Жараткан Аллах Таала өз пенделерине
Боорукер ары Мээримдүү экенин жан дүйнөм менен сезип олтурамын .
Жер жүзүндө жашап жаткан адам балдары
ачка калып, тирүүлөй ата-энесинен,
бир тууган ага-инисинен ажыраган наристенин
абалы көз алдымдан дагы эле кетпей турат .
Жараткандын бизге берген жакшылыгы,
берген тынчтыгы менен мол ырыскысы ,
чексиз-чексиз жакшылыктары …

Эхххххх, биз аны сезбей жүргөн турбайбызбы!?.
Таксырым, сиз муну билип жүргөнсүз го ??
Бир деме десеңизчи ?.

Х! Кантсе да сабырдуу болууну, азга шүгүр кылып,
барга канаат кылууну үйрөндүм .
Динден өтө эле алыста жашап жүргөнүмдү эстесем, кабыргаларым майышып каттуу өкүнүп турамын. Напсиме канча кул болуп жүрүптүрмүн, рамазан мени кулчулуктан куткарды. Роббиге болгон кулчулукту үйрөттү!
Бүтүндөй жандуулардын баарына,
боорукерлик менен мамиле кылуубуз,
эң абзели жүрөктөн кечиримдүү болууну үйрөндүм.
Эч качан укпай жүргөн, окууну да билбеген
Куран китебибизди биринчи ирет ушул айда,
таза абалда кармап, барактадым .
Өкүнүч, аттиң !
Бирок, аны окууну кайдан билмек элем?
Мусулман деген сырткы гана сөзүбүз ,
биздин көзүбүздун пардасын
тосуп алган турбайбы .
Биринчи ирет мусулмандардын жылуу мамилесин, ифтарда күлүп, жылмайып,
бири-бирине таттуу мамилесин ,
үй-бүлөө ичиндеги бактылуулукту,
мечиттерде дүйнө боюнча мусулман элинин
таза даарат менен бир сапта
Жараткан Аллах Таалага жалбарып жаткандарын көрдүм .
Жалган дүйнөдө деле бактылуу болуу үчүн
дин менен жашоо керек экенин ,
эгер дин менен жашаганда гана түбөлүктүү
акырет жашоосунда да
бактылуу жашай аласың да !
Ушундай айда кубанышым керек эле ..
Бирок мен каттуу кайгырып турганчагым.
Анткени, рамазан аяктаса мурдагы абалыбызга кайтып кетеминби деп коркомун .

Бирок мен Аллах Таалага
өмүрүмдүн акырына чейин кулчулук кылып,
адамдарга жакшылык жасап өтөмүн деген ниетти бекем кармандым .
Жараткандан суранамын, бул дүйнөдө толук мусулман болуп өтүүнү ар бирибизге насип этсин !»- деген муңдуу сөздөр,
жүрөктүн түпкүрүнөн чыгып жаткан сөздөр,
айтып жаткан жигиттин көзүнө толгон жаштар,
аны көрүп тилимден:
«Аллах Улуу Зат» — деген гана сөздү
айта алдым.

Аллах Таалам бизге эмне пайда, эмне зыян экенин жакшы билүүчү Зат !
Аллах Таалам эмнеге өкүм берсе анын ичинде
сиз бизге толук пайда бар .
Эмнеден кайтарган болсо ,
анын ичинде сөзсүз зыян бар !
Бул окуядан айтайын дегеним достор,
рамазан айы адамды тарбиялап, такыбаа
болуусуна шарт түзөт.

Тозоктун отун өчүрө ала турган
ааламда бир да суу жок !
Бирок, Аллах үчүн чыккан эки көздүн жашы,
түбөлүккө отту күйбөс кылып өчүрө алат .
Аллах үчүн, Аллахтан уялып, Аллахтан коркуп,
Аллахтан суранып ыйлаган көздөрдү
тозок оту азаптабайт !
Аллах үчүн тер төккөн,
Роббиси үчүн кыйналган адам
кандай гана бактылуу адам .
Кимдир бирөөлөр иш жасап тер төгөт.
Кимдир бирөө ачуусу келип тер төгөт.
Дагы бири чуркап тердейт .
Баардык денеден чыккан терлер дүйнө үчүн.
Бир гана ибаадатта чыккан терлер,
таравих учурунда кыйналып, күндүн ыссыктыгына карабай намазга барган адамдар
кандай гана бактылуу .
Бир жолу да калтырбастан жыл сайын
кадыр түндү ибаадат менен өткөргөндөр
кандай гана бактылуу инсандар .
Рамазан айы Аллах үчүн тер төгө турган,
Аллахтан гана суранып
күнөөлөрдөн арыла турган ай эле.
Бул ай да кетип бара жатат .
Кыяматка чейин кайрылып келбейт !
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз алайхис салам
эгер силер орозонун сообун билгениңерде
анда жыл бою орозо болуп калуусун кааламаксыңар — деп мубаарак жүзүнөн нур чачырайт эле .
Анткени Орозо тутуучу адамдын сообун
Кудай Таалам өзү берет .
Бүгүнкү күндө бир киши,
падышадан грамота сыйлык алса
канча сүйүнөт туурабы ?
Ал эми бүткүл падышалардын
Жаратуучусу Робби сыйлык берсе кандай
болот экен эээ ?

Аллах жолунда жуккан чаңга тозоктун түтүнү жакындай албайт .
Адам баласы Алланын жолуна чыкса,
напсиси менен күрөшүп, оңолуп келейин деп,
жакшылыкка чакыруу үчүн дааваттын
береклүү жолдоруна чыкса ,
Аллах Таалам периштелерге кайрылып:
«Бул пендемдин баскан кадамдарын гана эсептеп жазып койгула,
анын сыйлыгын Өзүм беремин !»- дейт .
Аллах Таала Даанышман Зат!
Ибаадаттарга кээде 10дон же көбөйтүлүп 700гө дейре же мисалы Меккеде хараммечитинде окулган намаз 100 миң намазга тете ..
Же ж.б.у.с ..
Ал эми бир амалдын сообу чексиз !
Ал сабырдуулук .
Ким сабырдуу болсо, анын сыйлыгы эсепсиз
чексиз кылып берилет !
Жана ошондой эле Орозонун сыйлыгы да өзүнчө,
аны Аллах Таалам өзү берет.

Бул айда шайтандар байланып
адамдар напсилери менен гана чогуу калат.
Бир адам рамазанга чейин напси жана шайтандын азгыруусу менен күрөшсө ,
Рамазандашайтаны байланып калат да
напсиси менен жекеме-жеке калат .
Разна-раз калган учурда
ким жеңээр экен эми ?)))
Бул ошол напсини Аллага баш ийдире турган ай.
Ким рамазанга жетип туруп күнөөлөрүнөн айрылбаса ал мурду жер сүзсүн,
ийгиликке жетпесин деген хадистегидей
болуп калбайлы да !

Ошондуктан баарыңыздарды Аллах үчүн
жакшы көрөбүз , жакшылык калайбыз.
Бактылуу жашоону, түбөлүк бейиштикаалайбыз.
Аллах Таалам баарыңыздардын кармаган орозоңуздарды кабыл кылсын туугандарым..
Баарыңыздардын окуган таравих,
окуган хатмил Куран,
кылган дубааңыздарды кабыл кылсын !
Кудай Таалам баардык ибаадаттарыбызды кабыл кылып, күнөөлөрүбүздү кечирсин ..
Роббибиз ааламда ачка жүргөн мусулмандардын курсагын тойдуруп,
ааламга тынчтык, молчулук,
Ислам нуру менен, ыймандын, Курандын,
Пайгамбарыбыз алайхис саламдын
сүннөттөрү менен нурландырсын !
Аллах Таалам орто Азияны, Кыргызстанды
тынч кылып, ыйман менен, тынчтыктын
берекеси менен өнүктүрсүн !
Биздин желегибизди ыймандын негизинде
көктө желбиретсин !
Кыяматка дейре бирдагы душман, бир да терорист чек арабызды буза албасын !
Дүйнөдөгү согуштарды токтотчу Аллаахым..

Йаа Робб!
Кыргызстанды арактан, арамдан арылткын !
Зынааны жок кылгын ..
Кудай Таалам, көчөдө намысын сатып жүргөн
кыздарыбызга уяттуулук бер, ыйман бер,
Ата-энесинин астында ак нике менен
бактылуу өмүр кечирүүсүн насип кылгын.
Аллахым Ошту зынаадан тазалап,
ынтымактын, биримдиктин,
ыймандын ордосу кылгын !
Элибизди рибаадан, сүткордуктан алыстаткын.

Кудай Таалам устаздарыбыздан ыраазы бол.
Ар бир дин үчүн акча короткон инсандын
мал-мүлк, казынасын Өзүң көбөйтүп бер!
Роббибиз, биздин катаа
кемчиликтерибизди кечиргин!
Махшар майданында шерменде кыла көрбө!
Ач калгандардын курсагын тойдуруп,
оорулуу бир туугандардын оорусуна
Өзүң шыпаа бергин !
Карызы барлардын карызынан куткаргын !
Ажырашкандарды жараштырып,
ар бир үй-бүлөөнү ыймандын негизинде өмүр кечирүүсүн насип кылгын .
Бизди ата-энебизге, бир туугандарыбызга
жакшылык кылуучулардан кыл ..
Бул дүйнөдөн толук мусулман болуп өтүүнү
насип кыл .
Тооболорубузду кабыл кылбастан биздин
жаныбызды албагын !

Өлүм учурунда, өлүмдү бизге жеңил кыл.
Бизди азабыңа албагын, биз алсызбыз
Сениназабыңа көз ирмемчалык чыдай албайбыз.
Сенин Мээримдүүлүгүң, Азабыңдан жогору,
бизди Өз Мээримиң менен кечирип
Ахли Фирдаус, Фирдаус бейишинде
Пайгамбарыбыз менен кол кармашып
күлүп кирүүнү насип кылгын !

Кудай Таалам бизге сабырдуулук бергин.
Бизге такыбаачылык бергин !
Бизди өз напсибизге таштай көрбөгүн ..
Эгер бизди өз напсибизге таштап койсоң,
анда өзүбүзгө-өзүбүз зулум кылуучулардан
болуп калабыз .
Йаа Робб!
Кайсыл жерде жакшы иш, кайсыл жерде сооптуу иш болсо ошону бизге насип эт.
Кайсыл жерде күнөө, кайсыл жерде жаман иш болсо андан бизди Өзүң алыстаткын !
Аллах Таалам дааватты бизге кайтарып бергин.
Аалымдарыбызга хакты сүйлөт!
Каары, аалымдардын өмүрлөрүнө береке бер!
Урпактарынан да каары, аалымдарды үзбөгүн!
Эл башына ыймандуу, адилеттүү
башкаруучуну насип кыл ..
Өткөндөрүбүздү өз рахматыңа,
Келечек муунду өзүң кечиримиңе алгын.
Бул дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын
насип кылып, бизден дагы ыраазы болгун,
бизди дагы ыраазы кылгын !
Өзүңдүн астыңа толлук мусулман болуп барууну насип кыл . Аамин, аамин, аамин .
Эй мусулман бир тууган ..
Кадыр-баркың кандай гана жогору !
Көтөр башты бийик коюп,
Сүннөт жолду тандагын.
Өмүр өтөт, жашоо кетет,
бирге калаар жалгыз сенин амалың .

Өкүнбөйсүң, кайгырбайсың
эгер өтсөң жашап ыйманда !
Ал Аллах, сурак күнү адилеттүү
өкүм берип сени суракка алганда !

Дүйнө жалган, тартып көздүн жоосунун.
Байы дагы, жарды дагы,
жетпей чуркап таалыккан !
Изи менен барып дүйнө артынан,
азгырылып жок болуучу ,
аягы жок алдоолорго кабылба !

Ыйманда сен жашагын
Жалгыз Аллах болуп сенин көөдөнүңдө.
Кыяматта, Мухаммеддей сүйүктүүм менен
жетелешип киргин Бейиштин төрүнө !

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button