alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Бүгүн 21-июнда Баткен—Ак-Татыр каттамындагы такси айдоочулары элди бекер ташышат

Бүгүн, 21-июнда Баткен облусунун Баткен районундагы   Баткен—Ак-Татыр жана Ак-Татыр—Баткен каттамдары аркылуу жүргөн такси айдоочулары  жүргүнчүлөрдү акысыз ташышат. Бул тууралуу каттамда иштешкен айдоочулар билдиришти.

Баткен—Ак-Татыр жана Ак-Татыр—Баткен каттамы боюнча иштеген айдоочу Алтынбек Сабировдун айтымында  Рамазан айына карата бир күн бою күн чыккандан тартып, күн батканга чейин элге акысыз кызмат көрсөтүлөт.

Ак-Татыр—Баткен жолунун аралыгы 40 чакырымды түзүп, жалпы 25 такси каттайт. Жүргүнчүлөр жол акысы үчүн 80 сомдон төлөшөтсө бүгүн 21-июнда акысыз катташмакчы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button