Бүгүн, 21-июнда Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен—Ак-Татыр жана Ак-Татыр—Баткен каттамдары аркылуу жүргөн такси айдоочулары жүргүнчүлөрдү акысыз ташышат. Бул тууралуу каттамда иштешкен айдоочулар билдиришти.
Баткен—Ак-Татыр жана Ак-Татыр—Баткен каттамы боюнча иштеген айдоочу Алтынбек Сабировдун айтымында Рамазан айына карата бир күн бою күн чыккандан тартып, күн батканга чейин элге акысыз кызмат көрсөтүлөт.
Ак-Татыр—Баткен жолунун аралыгы 40 чакырымды түзүп, жалпы 25 такси каттайт. Жүргүнчүлөр жол акысы үчүн 80 сомдон төлөшөтсө бүгүн 21-июнда акысыз катташмакчы.