alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТаасирдүү окуялар

БҮКҮРДҮ КАБЫР ГАНА ТҮЗДӨЙТ

БҮКҮРДҮ КАБЫР ГАНА ТҮЗДӨЙТ

«Өлгөн адамды сөз кылбайт» деп айтып коюшат эмеспи.Бирок жыл башталганда эле бири Кыргызстандын аркы учу болгон Баткенден, экинчиси берки учунда турган Кочкордон эки эненин үрөй учурган аянычтуу өлүмдөрүнөн кийин айла жок арабыздан кеткен эки адамдын жоругун айтууга мажбур болдум.Эненин өмүрүнө кыянаттык менен кол салынган окуя өзүбүздүн эле Кочкор районунда, болгондо да биздин Ак-Кыя айыл Өкмөтүнүн курамына кирген кошуна Жаңыжол айылында болуп өткөнү ачуумду келтирди…
Азыр кайсы гана молдокелер болбосун: «Үйлөнгүлө. Үй-бүлө күткүлө. Акыретте Пайгамбарыбыз үммөттөрүнүн көптүгү менен сыймыктанат»,- деп айтышат да, бирок никенин өкүмдөрүн айтышпайт. Динибизде кээ бир адамдардын үй-бүлө күтүүсүн АРАМ деген чектөөлөр бар экенин да айтышпайт.
Эгер бир эркек адам үйлөнгөндөн кийин аялына кордук, зордук, зомбулук көрсөтпөйм деп кепилдик бере албайм деп өзүнө ишенбесе анын үй-бүлө күтүшү арам болот. Никеге байланыштуу дин маселесин далилдери менен жазарбыз, азыр болсо арабызда жок эки адам жөнүндө айтып берейин…

Биздин айылда 1976-жылкы эки байке бар болчу. Экөө тең үлдүрөгөн алсыз, көчөдө жүрсө кой оозунан чөп албаган момун, эркектер арасында чабалдардан эле. Кийин экөө тең эр жетип үй-бүлө күтүштү. Бирок ошол экөө тең алган келинчектерине күн көргөзүшпөй касап чыгышканын алар менен классташ байкелер, айылдын эли сөз кылышчу. Алардын бири конокко барса аялын бурчка отургузуп өзү буту менен тосуп алып, башка бир классташы карап койсо аялын дасторкон үстүндө сабачу экен. Анын ал жоругун билгендер аны акыркы кездери шеринелерине, жакшылыктарына чакыргандан заарканчубуз дейт. Экинчи байке болсо аялы көчөгө суу алганы чыкканда жанында башка кошуна эркектер чакасын көтөрүп туруп калганын көрүп калса ошол жерден сөгүп-сагып үйүнө кубалап кирип эки-үч күн көкала кылып сабачу экен. Аялы дүкөнгө баргандан да коркчу дешет…
Экөө тең 2-3 балалуу болгондон кийин аялдары акыры төркүндөрүн көздөй кетип ажырашып кутулушту…
Экөөнүн тең аялдары кеткенден кийин үйлөрүнөн кут кошо кеткендей көчөлөп арак ичип калышты. Алардын зөөкүрдүгүнө башка тирүү жан чыдап турмак эмес…
Өздөрү башкалардан таяк жеп кордук көрө башташты. Акыры бири короосунда асынып өлсө, экинчиси он жаш кичүү баладан бычак жеп каза болду…
Мүмкүн кээ бирлери ошол эки келин өздөрү шүмшүк же тилдери узун деши мүмкүн. Жок алар жакшы, ыймандуу келиндер болчу.
Азыр ошол эки жеңебиз тиги экөөнүн зордугуна чыдап жүрө беришпей ырас эле кетип калышыптыр деп кубандым. Болбосо ал экөөнүн жанын алып тынышмак окшойт…

Бир араб акынынын «Бул топурак бир күнү сенин үстүңө чачылат» деген ыры эсиме түштү…
Бул дүйнөдө эч ким, эч кимге кордук, зордук көрсөтүүгө акысы жок!
Мейли аялыңбы же апаңбы, балаңбы же атаңбы, тууганыңбы же таанышыңбы эч ким бирөөгө муштум көтөрүп зордук көрсөтүүгө акысы жок!!!
Үйдө баатыр жоодо жок, сыртта жибек үйдө болот болгон, зөөкүр уулуңар болсо үйлөнтпөй эле койгулачы байболгурлар!
Башка бирөөнүн чырактай кызын өлтүргөн күйөө ал адам эмес!
Алардын кылыгын дин да, мыйзам да түздөй албайт! Бүкүрдү кабыр гана түздөйт!!!!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button