Жаңылыктар

«Азирети Муфтий казинолор боюнча үн катпай коюу менен креслону сактап калуу жолун тандады»

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Кыргызстандын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев тууралуу  билдирүү таратты. Ал муфтий курмарканалар боюнча унчукпай коюу менен кызматтык ордун сактап калды дейт кайрылуусунда: 

Кыргызстандын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев тууралуу

БИЛДИРҮҮ!

Кыргызстанда жашап жаткан мусулмандардын көпчүлүгү Ханафий мазхабын (жолун, көз карашын) карманышат.

Ханафий деген сөз Азирети Абу Ханифа деген аттын туундусу.

Ханафий мазхабын жакшы түшүнүү үчүн Азирети Абу Ханифанын өмүр таржымалына көз чаптырсак көпчүлүккө түшүнүктүүрөөк болмок.

Абу Ханифа илими терең, такыба аалым болгон.

Күндөрдүн биринде ал жашаган чөлкөмдө койлор уурдалып, ууру табылбай калат.

Ал арам этти кокустуктан адашып, касаптан алып жеп калбайын деп чочулаганы үчүн элдерден сурайт: «Кой канча жашайт?» деп.

Уурдалган койлордун жашын жана болжол менен тирүү калса канча жашай турганын аныктаган соң, ошончо убакыт койдун этин жештен баш тартат. Ушундай жол менен адашып, билбей болсо дагы уурдалган койдун эти мага туш болуп калбасын деген такыбалыгы менен койдун этин жегенди токтоткон экен.

Бул кишинин сөзү абдан курч жана таасирдүү болуп, элдер анын сөзүнө этибар эткен. Анын заманында бийликте турган падыша «Эмнеге менин айтканымды кылбайсың, эмнеге мени мактабайсың» — деп далай зулум көрсөткөн экен.

Ошол замандын падышасы Абу Ханифага казы (азыркынын соту) бол деп көп жолу сунуштайт. Бирок, ар сапарында эптеп ал сунуштардан кутулуунун жолдорун табат.

Падыша ага өчөшүп, аны зынданга тыгат.

Бирок ал зынданда жатса дагы сынган эмес. Ал киши зынданда шейит кеткен.

Акыйкат ушундай: Бүгүнкү күндө ал замандын падышасынын атын көбү билбейт дагы, бирок Азирети Абу Ханифанын атын көбү билишет.

Азирети Абу Ханифа эмне үчүн кызматтардан баш тарткан?

Анткени, ал ошол кездин залым падышасына курал болуп бергиси келген эмес! Ошол кездин залым падышасына ыңгайлаштырып адилетсиз өкүмдөрдү чыгарууну өзүнө ыраа көргөн эмес!

Ошол кездин залым падышасынын туура эмес чечимдерине УНЧУКПАЙ КОЮУНУ дагы ыраа көргөн эмес!

Туураны туура деп айтып турган жана аны МИЛДЕТИ деп билген.

Ал ошончо бизнеси, ошончо байлыгы турса дагы аларды бийлик тартып алат деп корккон эмес.

Ал ЧЫНДЫКТЫ ЖЕТКИРҮҮНҮ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮП, ЗЫНДАНДА ШЕЙИТ КЕТҮҮ ЖОЛУН ТАНДАГАН!

АЛ, МЫНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН, АКЫРЕТИН САКТАП КАЛГАН!

КУДАЙДЫН АЛДЫНДА СУРАК БЕРЕ ТУРГАНЫН ЭСИНЕ ТҮЙҮП, АРКАНДЫ УЗУН ТАШТАГАН! ЗАЛЫМ ПАДЫШАГА МОЮН СУНГАН ЭМЕС!

Сөздүн ток этээри, Кыргызстандын Азирети Муфтийи Замир ажы Ракиев КООМДУ БУЗУУЧУ ЖАНА ТАЛКАЛООЧУ ЭЛЕМЕНТТЕРДИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН кумарканалардын (казинолордун) мыйзамдашышына Муфтий катары бир үн катып койгонго жараган жок!

Туура болгон бир эле сүйлөм менен чындыкты айтып койсо, аркы жакта Жараткандын алдында сурагы жеңил болсо керек эле… Бул дүйнөдө, ашып барса, бир кызматтан ажырайт болчу!

Аттиң, бир эле үн катып койсо эрдик кылган болот эле!

Жер жүзүндө Жараткан чоң трибунаны мүмкүнчүлүк кылып берип жатса, аны пайдаланбай коюу акылга сыйбаган көрүнүш!

Ал кресло баалуубу же АКЫЙКАТПЫ? Албетте, АКЫЙКАТ!

Ар бир пенде өмүрүндө оор тандоонун алдында калат.

Азирети Муфтий дагы ошондой тандоого туш болду. Таразанын бир жагында Муфтийдин кызматы, экинчи жагында Жараткандын алдында сурагын жеңилдете турган АКЫЙКАТТЫ АЙТУУ милдети бар эле.

Азирети Муфтий үн катпай коюу менен креслону сактап калуу жолун тандады.

Аркы дүйнөдө ал кресло кандай пайда келтирет, эгерде ошол креслодо отуруп, айтууга милдеттүү болгон чындыкты айта албаса?

Поезд кетти.

Бирок, учак бар. Тик учак бар. Бирөөнө отуруп, жетишип калса болот…

Гүлжигит Исаков

Back to top button