alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Китептер

Аялдарга тиешелүү эң зарыл шарият маселелери

Пайдалуу китеп
Сыр эмес, заманыбызда үй-бүлө, жубайлардын ортосундагы мамилелер коомубуздун эң орчундуу маселелеринин бирине айланды. Ажырашуулардын саны көбөйгөн, перзенттердин “тирүүлөй жетим” калуу учурлары аз эмес. Үй-бүлөнүн куту, балдардын тарбиясына жоопкер, үй-бүлөнүн чырагы болгон аялдар базар экономикасынын себебинен көчөгө чыгып, соода-сатык менен алектене башташты. Кээ бири муктаждыктан ага мажбур болсо, башкасы өткөөл кызыгуулар, каниетсиздиктен бул жолго түшүп жатышкандыгы анык. Бул туурасында эркектердин көңүлкоштугу да чоң себептерден бири.
Бирок булардын баарынан да таасири күчтүү, акыбети өтө жаман болгон башка бир себеп да бар. Ал Аллаh Таалага баш ийбестик, илимсиздик. Эркек да, аял да өзүнүн алдындагы шаръий милдеттерин жакшы билбейт, аткарбайт. Натыйжада үй-бүлө мүчөлөрүнүн башы жаңжалдан чыкпайт. Балдардын тарбиясы жарым-жарты, кемчиликтүү болуп калат. Алар мээримсиз, мерез болуп бой тартышат.
Кудайга шүгүр, кийинки жылдарда ушул маселелерди үйрөнүү, жаман натыйжалардын алдын алууга көңүл буруу күч алды. Ошондой эле, түрдүү жылдарда “Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери”, “Мусулман аялдын күйөөсүнүн алдындагы милдеттери”, “Аялдарга тиешелүү маселелер” сыяктуу китептердин басып чыгарылышы бизди кубандырат.
Бүгүн болсо дагы бир кубанаарлык окуя үстүндөбүз: “Аялдарга тиешелүү эң зарыл шарият маселелери” атуу китеп басмадан чыгып олтурат.
Бул китеп башка китептерден бир нече тараптан айырмаланат.

Биринчиден, китептин кенен корутундусун айтып өтмөкчүмүн. Темага тиешелүү эң чакан, эң назик маселелер да этибардан четте калбаган. Мазмунуна назар салган киши дароо бул нерсеге ишенич пайда кылат.
Экинчиден, китептин ишеничтүүлүгү маселеси. Дээрлик ар бир өкүм мазхабыбыздын эң таанымал шарият китептеринен алынгандыгы анык көрсөтүлгөн.
Үчүнчүсү, китепте бүгүнкү турмушта адат болуп жатканайрым учурларга тиешелүү маселелер боюнча да негиздүү өкүмдөр берилген. Китептин “Даарат жана гусл”, “Исламдагы эмчектештик”, “Намаз жөнүндө керектүү маселелер” сыяктуу темаларында мына ушундай “эң заманга жараша” темалардагы суроолорго да негиздүү жоопторду таба аласыз.
Төртүнчүдөн, бүгүнкү күндө бир тайпа инсандар батыш маданиятынын таасиринде адеп-ахлак сыяктуу маселелерде бир топ алсызданып калды. Аллаhтан коркуунун суздашы, ар-намыстын жоголуусу себебинен, үй-бүлө очогунда айрым кооптуу учурлар жүзөөгө чыгып жаткандыгы сыр эмес.
“Хурмати мусахара” (“Арамдыктын пайда болуусу”) темасына тиешелүү ушул китепте берилген өкүмдөр (71-75, 81-85- беттерге көңүл буруңуз!) кишини сергек тарттырат, эскертет. Демек, колуңуздагы китептин пайдалары эсепсиз.
Жараткан Аллаh аны баарыбызга насип кылсын.
Аллаh Таала өзүбүзгө, бала-чакабызга пайдалуу илим, такыбалуу жашоо, үй-бүлөбүзгө мээрим береке-кут берсин, түз жолдон адаштырбасын…
Анвар Турсун

Даарат жана гусл
Аялдар кайсыл жерде даарат алышат?
Эркектер ар бир таза жайда даарат ала беришет. Ал эми аялдар чоочундар көзү түшпөй турган жайда даарат алышат жана муну менен Исламдын жамынуу жөнүндөгү буйругун аткарган болушат.

Аял мисвак колдонобу?
Мисвак колдонуу бекемделген сүннөт. Эгерде мисвак колдонуунун мүмкүнчүлүгү болбосо, тиш шёткасы же колдун манжалары менен тиштер тазаланат.
Аллаhтын элчиси (САВ) айткан: “Эгерде үммөтүмө оорболбогондо, аларга ар намаздын алдында мисвак иштетүүнү буйраар элем” (Абу Давуд: 1/12); “Мисвак өлүмдөн башка ар бир дартка даба” (“Кашфуль-Хафа”:1/457).
Кээ бир шарият китептеринде “Аялдар мисвакты такай колдонсо, тиштери алсыздайт, ошондуктан аларга мисвак колдонуу сүннөт эмес, мустахаб болот, сагыз анын ордуна өтөт” деген сөздөр учурайт. (“Маракуль-Фалах”: 20).
Бирок ыйык хадистерде мисвак эркектер үчүн гана сүннөт деген нерсе жок. Тескерисинче, Азирети Аиша (Аллаh андан ыраазы болсун) энебиз мындай деген: “Расулуллоh (САВ) мисвак колдончу, анан аны жууш үчүн мага берчү. Мен оболу аны тутуп (колдонуп), анан жууп, өзүнө кайра берчүүмүн” (Абу Давуд: 1/13).
Имам Тахтавий болсо аялдардын сагыз чайноого буйрулбагандыгын, мында эч кандай сооптун жоктугун айткан. (Tахтави: 38). Негизи, мисвак үчүн буйрук бар. Сообу жана көп тараптуу пайдасы бар экендигин Пайгамбарыбыз (САВ) билдирген. Шыпаакерлер тиштин жемирилишинин, үстүндө сары каттам пайда болушунун, мүлк жана ооздогу жаралар жана сезгенүүлөрдүн алдын алуу, тамырлар, көздөр, дем алуу жана тамак сиңирүү жолдорундагы түрдүү дарттарды жөнгө салуу үчүн мисвак колдонууну кеңеш кылышат. Ал тургай эске тутуу жана зээн алсыздыгы

сыяктуу кемчиликтерди жана жаман мүнөздү түзөтүүдө, оңдоодо да мисвак чоң курал. Мынчалык сооптон, бүтүндөй, рухий жана ден-соолук пайдаларынан куру калуу туура эмес.
Эркек-аял бири-бири менен кучакташып-өбүшсө, даарат бузулабы?
Кийимсиз, жылаңач абалда же жылуулукту, дененин табын бири-бирине өткөрө турган даражада жука, жибек кийимдеринде бири-бирин дүүлүгүү менен кучактап-өпкөндө эркектин мүчөсү козголсо, эркек менен аялдын даараты бузулат (Тахтави: 74). Бирок дененин табын тосо турган калың кийимде болушса жана мазий деген суюктук чыкпаса даарат бузулбайт. Эгерде бул суюктук, нымдык келсе даарат бузулат. (Тахтави: 51).
Жыныстык мүчөнү кармаса, даарат бузулабы?
Аял же эркек өзүнүн гана жыныстык мүчөсүн кармаса даарат бузулбайт. (Тахтави: 51). Бирок мында колду жуумак мустахаб болот.
Тырмак боёлгон болсо, даарат толук болобу?
Даараттын толук болушу үчүн суу дааратта жуула турган мүчөлөрдүн ар бир жерине жетиши шарт. Жуулушу керек болгон мүчөлөрдө суунун жетишине тоскоол боло турган эрин боёгу, тырмак боёгу, май, сагыз сыяктуу нерселер болсо, даарат болбойт. (“Фатава’и Хиндиййа”: 1/84; “Ниъматуль- Ислам”: 45).
Улама (же кеп)чач үстүнөн масх тартууга болобу?
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Жасалма чач такканга жана тактырганга, денесине чийгенге жана чийдиргенге Аллаhтын каргышы болсун!” (“Тухфатул Ахвази”: 8/68). Жасалма чач башка бир аялдын чачынан жасалган болбошу керек, ал эми химиялык жолдор менен жасалган чач буга кошулбайт.
Улама чач тагуу жахилият (Исламдан мурунку) доордон калган жаман адат. Жасалма чач чыныгы чач

болбогондуктан анын үстүнөн масх тартуу – башына масх тартуу ордуна өтпөйт.
Байпакчан абалда даарат алса болобу?
Даараттын парздарынан бири бутту жуумак. Бир зарылдык себебинен аял байпакчан абалда буттарын жууса, даараты жарайт. Ханафий мазхабында буттун томуктан төмөн тарабы аврат (уят жай) эсептелбегендиктен байпакты чечип бутту жууш керек. Ошондой болсо да аялдын бутуна атайын караган (чоочун) киши күнөөкөр болот. (“Gunumiz Mes’elelerine Fatvalar”: 2/27).
Көкүрөк жана кулактан келген кан дааратты бузабы?
Бир оору себебинен көздөн аккан суу же көздүн сууланышы, эмчек, кулак сыяктуу мүчөлөрдөн кан, ириң сыяктуу суюктуктардын агып чыгышы дааратты бузат.
(Билман. “Ислам Ильму-Хал”: 66).
Жоолуктун үстүнөн масх тартууга болобу?
Чоочундардын аялдын чачын көрүү ыктымалы болсо жана аял жоолугунун үстүнөн масх тартканда суу ичине өтсө, анда анын үстүнөн масх тартса болот. (“Фатава’и Хиндиййа”:1/9).
Жаткан орунда маний (урук) болсо, кимге жуунуу
милдет болот?
Эр-аялдын жаткан орундарынан манийди көрүп, түшүркөгөндөрүн эстей албай, бири экинчисине тиешелүү экендигин айтса, экөөнө тең жуунуу милдет болот. (Ибн Абидин: 1/154).
Гуслдан кийин аялдан маний чыкса, жуунуусу керекпи?
Гуслдан соң аялдан келген маний өзүнүкү болбостон, эркектики болсо, кайрадан жуунбайт, даарат алса жетиштүү. Аял маний өзүнүкү экендигине каниет кылса, тактап

айтканда маний саргымтыл жана назик болсо, (кайрадан) гусл кылат. (Ибн Абидин: 1/154).
Чач боёгу жана майы гуслга тоскоолдук кылабы?
Эгерде боёк чач талдарынын үстүндө катталган болсо, гуслга тоскоолдук кылат. Дарыгерлердин пикири боюнча, чач талдары үстүндө чач боёгу катталып турат. Ошондуктан чач боёгунун гуслга тоскоол болушу тастыкталган. Кынадан башка бардык боёктор катмар пайда кылгандыгы себептүү аларды колдонууга болбойт. Чач майы чачтын түбүнө суу жетпей турган даражада калың сүртүлсө, гуслга тоскоол болот. Эгерде чачтын түбүнө суу жетсе жана калың сүртүлбөсө анда гуслга тоскоол болбойт.
Жылаңач абалда жуунууга болобу?
Кишинин көзү түшпөй турган жайда жуунуу үчүн же башка бир себеп менен чечинүү мубах (эрктүү иш) (“Сахихул Муслим” (Ибн Давуд): 2/1080). Жуунуп жаткан жай (мончо) беш квадрат зираъ (3,5м2)жана андан кеңирээк болсо, гусл кылып жатканда аврат (уяттуу) жерди жабуу сүннөт. (“Жавхара”: 1/14).
Зираъ – узундук болуп, 0,7 м.га тең жана ал эки түрдүү болот – шаръий жана уърфий боюнча. Шаръий зираь – чыканактан ортонку манжанын учуна чейинки өлчөм болгон узундук. Уърфий узундук – желкеден манжанын учуна чейин болгон узундук. Экөө тең өз ордунда этибардуу.
Гусул кылбастан, жеп-ичүү жана уктоого болобу?
Жуунбаган абалда жеп-ичүүнү кааласа, биринчиден колдорун, анан оозун жуйт, анан тамактанса болот.(“ Сахихул Муслим” (Ибн Дауд) 2/1006).
Жуунбаган абалда уктоону каалаган киши эгер намаз убагын өткөрүп жибербестен ойгонооруна ишенсе, уктаса болот.
Расулуллоh (САВ) айткан: “Чынында, ичинде ит, сүрөт жана жуунбаган киши болгон үйгө периштелер кирбейт”
(“Сахихул Муслим” (Ибн Дауд) 2/1000).

Бул хадисте жуунбаган абалда жүрүүнү адат кылган, бир нече убак намазды өткөрүп жибергендер назарга алынган. Демек, катнаштан соң канчалык тезирээк жуунса, ошончолук жакшы. (“Сахихуль- Муслим” (Ибн Дауд):2/1000).
Булганган кишинин уктаардан мурда даарат алганы ылайыктуу. Кээ бирөөлөр мустахаб деп айтышкан (“Сахихуль- Муслим” (Ибн Давуд): 2/1005).
Булганган аял баласын кандайча эмизет?
Эмизүүчү аялдын баласы ыйласа, жуунуга убакыт болбосо, көкүрөгүн жууп, баласын эмизсе болот.
Жунуб (булганган) абалда түктөрдү жана тырмак алуу
Жуунбаган абалда киндиктин алдындагы түктөрдү тазалоо жана тырмак алуу макрух (“Фатава’и Хиндиййа”:5/357). Бул иштерди жуунгандан соң аткаруу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:3/358). Этеккир жана нифастагы аялдардын өкүмү даушундай.
Имам Газзалий “Дин илимдерин жандандыруу” аттуу китебинде мындай дейт: “Жунуб (булганган) кишинин тырмак алышы, түктөрүн кыруусу, киндик алдындагы жана колтуктун түктөрүн тазалашы, кан алдырышы же денесинен ар кандай бөлүктү, үзүшү, сыйрышы дурус эмес. Анткени бардык мүчөлөр, бүтүндөй дене кыяматтка тирилгенде, жуулбай калган же жунуб (булганыч) болгондо жуулбастан кырылган ар бир түк жунуб (булганыч) абалда болот”
(“Mугнил-Мухтажа”: 1/75).
Спираль гуслга тоскоолдук кылабы?
Гуслда жуулушу парз болгон жерлер дененин сырты. Жатын дененин сыртында болбогондуктан, жуунун зарылдыгы жок. Спираль жатындын ичинде болгондуктан гуслга тоскоолдук кылбайт.
Жин менен катнашта болгонго гусл кылуу милдетпи?
Жиндер мага жакындашат, мени менен катнашта болот жана адаттагы жыныстык катнашта сезе турган туйгуну

табам, деген сөздөрдүн өзү гуслду шарт кылбайт. Бирок аял киши мындай катнаштан маний көрсө, ихтиламдан (булгангандыктан) жуунуусу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:1/15).
Аял гуслда чачынын өрүмүн жандырышы
керекпи?
Аял өрүлгөн чачтарын гуслда жандырууга милдеттүү эмес (“Дураруль-Хуккам”: 1/17). Өрүлгөн чачтын түбүнө суунун тийүүсү жетиштүү. Мындан максат жеңилдик. Ал эми чачтары жандырылган абалда болсо, ар бир жерин жуумак парз. Эгерде өрүмдөр атайын колдонуучу нерсе менен бири- бирине жабыштырылып, чачтын түбүнө суунун жетишине мүмкүндүк болбосо, чачты жандыруу керек. Умму Салама (розияллоху анха) энебиз: “Я Расулуллаh (САВ), мен чачтарын өрүп, байлаган бир аялмын. Жунуб же айыздан кийин гусл кылып жатканымда чачтын өрүмүн жандыруум шартпы?” деп сураганда, Расулуллоh (САВ) минтип айткан: “Кош кочуштап башыңдан үч ирет суу куйсаң, жетиштүү болот” (Субутус-Салам”: 1/91).
Эгерде эркектин узун жана өрүлгөн чачы болсо, аны жандырып, чечип жуумагы шарт (“Дурарул-Хуккам”: 1/17).
Аял киши жыныстык катнаштан соң айыз көрсө, гусл кылуу зарылбы?
Эгерде аял түшүркөп же эркек менен катнашып булгангандан соң айыз көрсө, гусл кылуу ага ыктыярдуу – кааласа жуунат же болбосо айыздан бошонгондо жуунат. Анткени гусл бул намаз окуу үчүн. Ал эми намаз окуу – айыз абалдагы аял үчүн каны токтобостон мурда мүмкүн эмес. Ошого карабастан, намаз окубаган айыз учурунда болсо да, жуунган артык (“аль-Мабсут: 1/170). Анткени денени таза суу менен жуумак кан айланууну жакшыртат. Айыз мөөнөтү бүткөн аял жуунбастан мурда жыныстык катнашта болгон болсо, андан соң бир гана ирет жуунуусу жетиштүү
(Ибн Абидин: 1/155).

Гуслда жыныстык мүчөнү жууш керекпи?
Айыз, нифас жана катнаштан соң гусл кылып жатканда аял жыныстык мүчөсүнүн сыртын жуумагы важиб. Ичин эмес. Көздүн сыртын, кулак жана мурундун тешиктерин да жуумак важиб. Аял гусл кылып жатканда жыныстык мүчөсүнүн сыртын жууйт, бирок ичине манжа салбайт
(“Дураруль-Хуккам”: 1/17).
Тырмак боёгу сыяктуу нерселер гуслга тоскоолдук болобу?
Гусл толук болуу үчүн суу териге жана тырмакка жетиши керек. Аял гусл кылып жатканда тырмагынын астында, үстүндө же дененин башка бир жеринде суунун жетүүсүнө тоскоолдук кыла турган камыр, эрин жана тырмак боёктору сыяктуу нерселелер болсо, аларды кетирүү милдет. Кетирбесе, гуслга эсеп болбойт. (“Жавхара”: 1/12). Тырмак боёгу гусл же даараттан соң коюлган болсо да кийинки дааратка жана гуслга тоскоолдук кылат. Ошондуктан, тырмакка боёк сүртүлгөн болсо, эч бир ибадат толук болбойт.

Гуслда “Бисмиллаh” айтылабы?
Гуслду баштаарда “бисмилла” айтуу сүннөт. Анткени Расулуллоh (САВ): “Ар бир жакшы иш “бисмилла” менен башталбаса, демек ал иштин аягы кесилүү (тактап айтканда жок)”, деп айткан. (“Mаракул фалах”: 31; “Жавхара”: 2/12). Гусл белгилүү жана парз ибадаттардан болгондуктан “бисмилла” менен башталат.

Өзгөчө учурлар
Аялдын мүчөсүнөн үч түрдүү кан чыгат:
1. Айыз (этеккир) каны
2. Нифас (төрөттөн кийинки) кан.
3. Истихаза (оору себептүү келген) кан.

АЙЫЗ
“Айыз” сөздүктө “агуу”. Шарияттагы мааниси “балагат жашына жеткен жана төрөт жашынан өтпөгөн аял- кыздардын жатынынан маалым күндөрдө келе турган кан. Муну бизде “этеккир”, “айлык мөөнөт”, “адат” деп да айтылат. Аялдардын айыз учурлары дин өкүмдөрүнө байланыштуу болгондугунан өтө көңүл бура турган маселелерден.
Эң биринчи айыз көргөн аял ким?
Эң биринчи айыз көргөн аял – энебиз Азирети Хава (Обо). Бул абал ошол күндөн баштап бардык аялдардан келип турат. Кээ бирөөлөр биринчи айыз бани Исраилде көрүлгөн дешет. Бирок бул жөнүндө Пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу сөзү болгондуктан Имам Бухарий бул кийинки пикирди четке каккан. Аиша розияллоху анха энебиз айткан: “Ажылык ниетинде Мадинадан чыктык. Сарифа деген жерге барганыбызда айыз көрдүм. Мен ажылык парздарын өз ордунда аткара албай турган болуп калдым деп ыйладым. Расулулулоh (САВ) жаныма келип: “Эмне болду? Дааратсыз болуп калдыңбы” деп сурады. “Ооба” дедим. Ал айтты: “Айыз – Аллаhтын Адам кыздарына тагдыр кылганы. Ажылар аткарган парздарды сен да аткар, бир гана Каъбаны айлануу парзын каның токтогонго чейин күт” (“Тажрийду Сарих”: 1/118).
Азирети Обо энебиз бейиштен чыккандан соң айыз көрө баштаган, бейиште айыз көрбөйт эле. (“Файзуль-Барий”: 1/370). Эмне үчүн? Анткени бейиште төрөбөйт эле. Бейиште бойкат болуу, бала төрөө жок эле.
Айыз аялдарга жазабы?
Кээ бир китептерде ушундай туура эмес пикир кездешет: “Обо эне Адам атага кошулду, ага бейиш жемиштеринен жедирди. Бул окуя экөөнүн тең бейиштен

чыгарылуусуна себеп болду. Ошондуктан Аллаh Таала айыз жана кош бойлуулукту Обо энебизге жаза катары берди”.
Ислам дини келгенден соң, жөөттөр жана христиандардын аялдардын дарегине түрткөн мындай каргыш тамгасын жөнгө салды. Адам алайхис саламдын бейиштен чыгуусуна себеп болгон айыпты аялга гана жүктөбөдү. Экөөнү тең жоопкер тутту. Исламда аял жамандыктардын жана шайтан азгырыктарынын куралы болуп саналбайт. Ислам акыйдасында (ишениминде) Адам атаны аялы жолдон азгырды, деп ынанылбайт. Ислам бул бузук ишеним жана түшүнүктөрдү бүтүндөй жокко чыгарган. Аллаh Таала айтты:
“Демек, аларды шайтан жолдон азгырып, орундарынан (бейиштен) чыгарды” (Бакара сүрөсү, 36-аят).
Курани карим Адам жана Обо жөнүндө мындай
маалымат берет:
“Анан шайтан аларды бекитилген авраттарын (уят жерлерин) ачып жиберүү үчүн васвасага (азгырыкка) салды” (Аъроф сүрөсү, 20).
Курани карим алардын тооболору жөнүндө мындай дейт: “Алар: “О Жараткан, биз өз жаныбызга жабыр- зулумдук кылдык. Эгер бизди кечирбесең жана бизге ырайым кылбасаң, күмөнсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз”, дешти…” (Аъроф сүрөсү, 23-аят).
Куран ал тургай кээ бир аяттарда жоопкерчиликти Адам
атага жүктөйт: “Анан шайтан ага азгырык салып: “Эй Адам, мен сага түбөлүктүү даракты жана жок болбос мүлк- дөөлөттү көрсөтөйүнбү?” деди… Адам Роббисине күнөөкөр болуп, жолдон азды.” (Тоха сүрөсү, 120-121-аяттар).
Тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн таткандык айыбын
Обо энебизге жүктөгөн, аялдарды кор жана төмөн депэсептеген жөөттүк, христиандык жана буддалыкка тиешелүү мындай түркөй көз караштарга Куран чекит койгон. Ыйык хадисте да: “Айыз Аллаhтын Адам кыздарына тагдыр

кылганы”, деп айтылган (“Tажрийду Сарих”: 1/118). Аллаhтын тагдыры жаза эмес.
Айыз жөнүндө медицина илими эмне дейт?
Кыздар балагат жашына киргенде көңүлдөрүндө, денелеринде сезим өзгөрүшү менен бирге, дене тараптан да өзгөрөт (түктөнүү, көкүрөктүн чоңоюусу, айыз көрүүнүн башталышы сыяктуу). Денелик өзгөрүүлөрдөн бири бул айыз. Илимий тил менен кыскача айтканда: айыз каны гормоналдык аракеттин таасири менен тукумдар жана жатындын бойкаттуулукка ар айда бир ирет даярдануусу жана бойго бүтпөгөндүгү үчүн, белгинин сыртка чыгышы. Балагатка жеткен кыздарда, аялдарда бул абал кош бойлуу болгонго чейин айына бир жолу келип турат. Айыз мөөнөтүнүн өлчөмдөгүсү ар жыйырма беш менен отуз беш күн аралыгында бир ирет, кеминде үч күнгө созулат. Бир күндө үч-төрт ирет кан келиши өлчөмдүү болуп эсептелет. Жети күндөн ашык – ар күнү алты иреттен көп кан келсе, шыпаакер аялга кайрылуу пайдалуу (“Saglik Elkitabi”: 11).
Качан айызга эсептелет?
Кан жатындан жыныстык мүчөнүн сыртына чыкса айыз болот. Жыныстык мүчөнүн ичинде калса айыз эмес (Ибн Абидин: 1/263).
Айыз көрүү жашы
Аялдар комарий жыл (354 күн) эсеби менен балагат жашынан, тактап айтканда тогуз жаштан төрөттөн калуучу (элүү беш) жашка чейин айыз көрүшөт. Ушул жаштан мурда же кийин келген кан оору себебинен келген болуп эсептелет. Жаш кыз айыз көрмөйүнчө балагатка жеткен болуп эсептелбейт. Балагатка жеткенден соң гана ага Исламдын бардык өкүмдөрү парз болот. Эркек бала ихтилам болмоюнча (тактап айтканда, түшүркөп, же башка себеп менен уругу чыкмайынча) балагатка жеткенге саналбайт. Айыз көрүү жана ихтилам (түшүркөп же башка себеп менен булгануу)

өз учурунда пайда болбосо, анда балагат жашы он беш жаштан эсептелет. Карылык жашы туурасында аят жана хадис болбогондуктан түрдүү пикирлер бар. Эң сахих (ишенимдүү) пикир боюнча элүү беш жаш. (“Маракуль-Фалах”: 42/). Аялдар балагат чагынын башталышы тогуз, акыры элүү беш. Буга караганда, тогуз жаштан мурда, элүү беш жаштан кийин келген кан айыз каны эмес. Кээде элүү бештен соң да кездешет. Бул темага кийининирээк кайрылабыз. Бойго жеткен кыз “балига” айыз көрүү жашынан өткөн аялды “Айиса” деп аталат. (Тахтави:75).
Айыз канынын түсү
Айыз учурундагы аялдардын каны алты түрдүү түстө болот: кара, сары, топурак түстүү, сыя түстүү, жашыл, киргил түстүү. Айыз мөөнөтү ичинде кандын үзгүлтүксүз келиши шарт эмес. Бул мөөнөт ичинде кез-кезде келип акса да, үзгүлтүксүз өкүмүндө. Толук агарганча аккан ар бир кан айыз каны. Мисалы, беш күн келсе, анан эки күн токтоп он күнгө чейин келген кан айыз каны, он күндөн ашса, истихаза (оорудан келген кан) болуп эсептелет.
Кара жана сыя түстүү кан айыз каны. Азирети Фатима (р.а.) кан көргөндө Расулуллоh (САВ) айтты: “Эгерде айыз каны болсо, маалым жана сыя түстө болот, мындай учурда намаз окуба, башка түрдүү түстө болсо, даарат ал жана намаз оку, анткени ал жабыркаган тамырдан келет” (Абу Давуд; Насаи).
Айыз канынын түсүн бузулган тамактар өзгөртөт. Жашыл түстүү кан жашы улгайып калган аялдардан келет (“Наййиуль-Автар”: 1/406). Адат күндөрү келген бул кандар айыз кандары экендигине далил сүннөттө бар. (“Фатхуль-Кадир”: 1/12). Бул жөнүндө Азирети Аиша розияллоху анхадан риваят кылынган хадис кийинирээк келет…
Айыз канын билдирүүчү негиздер
Айыз каны жыт жана суюктук тарабынан төрт түрдүү болот:

1. Коюу, сасык кан.
2. Сасык, коюу эмес кан.
3. Коюу гана, өтө сасык болбогон кан.
4. Коюу да эмес, өтө сасык болбогон жана кирдебеген кан (“Фатхуль-Кадир”: 1/12).
Айыздын бүтүшүн аныктоо
Айыздын токтошу түстөрү өзгөргөн кандардын токтошу менен аныкталат. Тунук ак келген учурда айыз бүтөт. Бул дегени айыз бүтүү арасында мурундун суусуна окшош бир түрдүү суунун келиши жана же аял өз абалын аныктоо үчүн койгон матанын ак боюнча калуусу дегендик. Аялдар Аиша (р.а.) энебизге айыз канынан сарыга булганган пахталуу матаны көрүп берсин деп жиберишет. Аиша (р.а.) энебиз, бул мата акиташтай агармайынча шашылбагыла, деп жооп берет. “Агаруудан максат – ошол мата кирдебестен түсү өзгөрбөстөн же саргайбастан ап-апак бойдон калышы” (Ибн Абидин: 1/27). Пахтанын ар кандай түс менен булганбастан ак бойдон болушу айыз мөөнөтү бүткөндүгүн билдирет жана ушул учурдан баштап гусл кылып, намаз окушу, орозо кармашы жана башка ибадаттарды аткаруусу шарт болот.
Түсүн аныктоодо биринчи убактагы зарылчылыктар
Коюлган матада биринчи алынган убакта андагы кандын түсү эске алынат. Ошол учурда кан кайсы түстө болсо, ага каралат. Мисалы, андагы ным тунук ак болуп, бир мөөнөт өтүп ным саргайса, ал акка эсеп болот. Ал эми башта сары болуп, анан агарса, сарыга эсептелет. (Ибн Абидин: 1/226).
Айыздын мөөнөтү
Айыздын эң аз мөөнөтү үч күн, үч түн б.а. жетимиш эки саат. Эң узак мөөнөтү он күн, он түн т.а. эки жүз кырк саат.
Үч күндөн аз, он күндөн көп келген кан айыз каныболуп эсептелбейт, оорунун натыйжасы. (“Бидаятул- Мужтахид”: 1/114; (Ибн Абидин: 1/226).

Далил: “Айыздын бүтүн кыз ошондой эле жубан үчүн да эң аз мөөнөтү үч күн, үч түн, эң көбү он күн”, деген хадис. (“Насбур-Роя”: 1/191).
Айыз жана тазалык мөөнөтүнүн узак же кыскалыгы дене түзүлүшүнө, ден-соолугуна, шартка, жеп-ичкенге тамактын денеге болгон таасирине жараша болот
(“Хужжатуллохиль-Баалига”: 1/172).
Эки айыз аралыгындагы тазалык мөөнөтү
Эки айыз аралыгындагы тазалык мөөнөтүнүн эң азы он беш күн, он беш түн, эң көбүнүн чеги жок. Кээ бир аялдар өмүрүнүн акырына чейин айыз көрүшпөйт. Мындай үзгүлтүксүз тазалык абалында болгон аял “мумтаддатут-тухр
– тазалыгы узарган” деп аталат. Кээ бир аялдардын адат күнү тактап айтканда, айыз мөөнөтү белгилүү. Мисалы, ар айда үч, беш же жети же тогуз күн айыз көрүшөт.
Эки кан аралыгындагы тазалык учуру он беш күндөн аз болсо, оорунун себебинен экендигин билдирет. Кан токтогон соң тазалык учуру он беш күн же андан ашыкча уланса, тазалык мөөнөтү катары кабыл алынат. Эки айыз арасындагы тазалыктын азы же көбүнүн чеги жок. Үзгүлтүксүз кан көргөн аял, ар айдын он күнүн айызга эсептеп, калган күндөр тазалык мөөнөтү катары эске алынат
(Ибн Абидин: 1/229).
Адат бир айыз менен белгиленет. Тактап айтканда, эми гана биринчи ирет айыз көрө баштаган кыз биринчи жолу жети күн айыз көрүп, жыйырма эки күн таза жүрсө, адат мөөнөтү жети күн деп белгиленет (“Фатхуль-Кадир”: 1/111; Аль- Бадаи: 1/39).
Белгилүү күндөрдө айыз көрө турган аялдар
Кээ бир аялдардын айыз көрүү күндөрү маалым болуп, мисалы, ай сайын беш же жети же тогуз күн айыз көрүүгө адаттанган. Бул күндөр аларга адат. Мындай аял “мутада” – адаты белгилүү” деп аталат. Адаты белгилүү кыз биринчи жолу сегиз күн кан көрүп, жыйырма эки күн таза жүрсө,

айыз мөөнөтү сегиз күн болот. Андан кийин бир оору себебинен үзгүлтүксүз кан келсе, анын айыз күндөрү жана тазалык күндөрү баштагыдай абалда эсептелет (Билман, “Ислам Илмухал”:69).

Адат күндөрү ар түрдүү аялдар
Кээ бир аялдардын адат күндөрү анык эмес, алмашып турат. Мисалы, биринчи айда беш күн, кийинки айда алты күн айыз көрөт. Бул орунда акыл жүгүртүү керек. Мындай аял алтынчы күн болгондо гусл кылат, намаз окуйт, орозого дал келсе кармайт., анткени алтынчы (кийинки) күн истихаза (оору) каны болуу ыктымалы бар. Бирок эртеңки күн өтмөйүнчө жыныстык катнаш кылбайт. Ажырашкан болсо, иддасы (талактан кийинки эсептелүү мөөнөт) бүткөн болуп саналбайт. Анткени бул кийинки күн аялдын айыз каны болушу мүмкүн (Билман, “Ислам Илмухал”:69).
Адат күндөрү кантип өзгөрөт?
Аялдардын белгилүү адат күндөрү кээде өзгөрөт. Адат өзгөргөн болуусу үчүн ошол учурга чейин көрүлгөн адатына каршы эки жолу айыз көрүүсү керек. Мисалы, ар айда беш күн адат көргөн аял кийин эки жолу төрт күн же эки жолу алты күн кан көрсө, анын адаты беш күндон төрт күнгө же алты күнгө алмашып, өзгөргөн болот.
Демек, адаттын белгилениши бир келүү менен болсо, анын өзгөргөнү эки келүү менен билинет. Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча адат бир келүү менен да өзгөрүшү мүмкүн. Бул абал жаңы адаттын эскини бузуп, анын ордун ээлөө маанисиндеги “Фасхи адат” деп аталат. (“Mанхалул- Вааридин”:88).
Адаттын өзгөрүшү эки көрүнүштө болот:
1. Убакытта өзгөрүү
Кандын эски адат убагын өзгөртүп, табигый мөөнөттө келүүсү. Мисалы, бир аял баштагы айларда беш күн кан көрөт, учурдагы айда ошол беш күндүн убагы келгенине карабастан, эч нерсе көрбөйт, ал тургай бул айдын калган

күндөрүндө да кан көрбөйт же айдын калган күндөрүндө беш күн кан көрөт – бул адат мөөнөтү өзгөрүп, башка учурга көчкөндүгүн билдирет.
2. Эсепте өзгөрүү
Аялдын баштагы айыз жана тазалык күндөрүнө караганда кем же көп кан көрүшү. Мисалы, бир аялдын баштагы адаты беш күн айыз, жыйырма беш күн тазалык болуп, учурда жети күн айыз, жыйырма үч күн тазалык болсо, адаты өзгөргөн болот. (C.Ogul. “Kadin Ilmihali”:142).
Адат маалым күндөрдөн ашса, бирок он күндөн ашыкча уланбаса да адат каны болот. Бул учурда адат өзгөргөн болот. Мисалы, ай сайын жети күн кан көрүп келген аял кийин он күн кан көрсө, баары айыз каны болуп эсептелет, болгону адаты жети күндөн он күнгө көчкөн болот. Бирок маалым күндөрдөн кийин келген кан маалым күндөргө кошулганда он күндөн ашык болсо жети күндөн кийин келген кандар айыз каны болуп саналбайт, истихаза (оору себебинен келген) кан болуп эсептелет. Ушул абалда жети күн кан көргөн аял кийин он бир же он эки күн кан көрө баштаса булардан адат саналган жети күндүгү айыз каны болот. Кийинки төрт же беш күнү оору каны болот. (“Фатхуль- Кадир”: 1/12; “Насбур-Роя”: 1/191).
Ар айдын башынан баштап беш күн адат көргөн аял, бул адатынан кийин дагы кан көргөнүндөй, мындан эки күн же үч күн же беш күн мурда да кан көргөн болсо, алардын баары адат саналат, анткени адат мөөнөтү баары он күндөн ашпаган. Бирок кан көрүү күндөрүнүн баары он күндөн ашса, адаты болгон мурдагы беш күн гана айыз каны болуп эсептелип, адат болгон күндөрүнөн ашыкча келген бардык кандар оору каны болуп саналат.
Адат көрүп жаткан аялдан оору себептүү үзгүлтүксүз кан келе турган болсо, анын кийинки айыз жана тазалык учурлары башкы маалым күндөрүнө карап өкүм кылынат. Мисалы, ар айдын башынан баштап он күн кан көрүп, жыйырма күн жана алты айдан азыраак убакка чейин таза жүргөн аялдан үзгүлтүксүз кан келе баштаса, анын баштагы

учурундай ар айдын башкы он күнү айыз, калган жыйырма күнү же алты айдан кемирээк күнү тазалык күнгө саналат
(“Насбур-Роя”:1/192; Билман:70).

Кыздын балагатка жетүү белгилери
1. “Айыз көрүү”: Тогуз жашар кыз баланын биринчи ирет канга окшоп келген суюктукту көрүшү.
Кыздардын балагатка жеткени кээде жаш менен, кээде белги менен билинет. Кыздарда балагаттын эң кеми тогуз жаш, эң көбү он эки жаш. Эркек балдарда болсо балагатка жетүү эң кеми он эки жаш, эң көбү он беш жаш. Ушул эки мөөнөт аралыгында балагат белгиси пайда болсо, балагат жашы ошол чактан башталган болот. Бул мөөнөттөрдөн мурда пайда болгон белгилер балагат белгиси болуп эсептелбейт. Бирок башта белги көрүлбөсө да жашына жеткенден кийин кыз жана эркек бала балагатка жеткен деп өкүм кылынат, (шарияттын буйруктарын аткарууга) милдеттүү болот.
Мисалы, үч күн менен он күндүн аралыгында келген кан токтогондон кийин эң кеминде он беш күн таза жүрүп, ушул абал кийинки айларда өзү үчүн бир адат түсүн алса, ал кыз балагатка жеткен болот.
2. Боюнда болуу: Балагатка жетпестен турмушка чыккан кыз боюнда болсо, мурда айыз көрбөгөн болсо дабалагат жашына кирген болуп саналат (“Насбур-Роя”1/192; Билман:70).

Медицина илими боюнча биринчи айыз
Өлкөбүздө биринчи айыз көрүү орточо он эки жашка дал келет. Түндүктө чоңураак жашта айыз көрүшөт, он беш жашка чейин кечигүү учурлары да кездешет. Биринчи айыз көрүүнүн чеги он жети жашка чейин. Андан кийин да кан келбесе шыпаакерге кайрылуусу керек. Адат канынын акыркы бүтүү чеги элүү жаштын айланасы (“Saglik Elkitabi”:11).

Кыздын айыз мөөнөтүн аныктоо
Биринчи ирет айыз көргөн кыз бала беш күн кан көрсө, он беш күн таза болуп, кийин дагы кан келсе, анын адаты беш күн болот, калган таза күндөрү намаз окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз он күн кан көрсө, он беш күн таза болуп, дагы кан келе баштаса анын адаты он күн болуп эсептелет. Намазын ушуга карап окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз он төрт күн кан көрсө, он төрт күн таза болсо, кийин дагы токтоосуз кан келе баштаса, анын адаты биринчи кан көргөн күндөн баштап он күн. Башка айлардагы тазалык күндөрү да жыйырма күн. Он беш күн кан келип, анан он төрт күн таза болсо да өкүм ушундай.
Кыз биринчи ирет он төрт күн кан көрсө жана он төрт күн таза болсо, кийин дагы кан келе баштаса, анын адаты он күн, айдын калган күндөрү тазалык мөөнөтү. Намазын ушуга карап окуп, орозосун да ушуга карап кармайт.
Кыз биринчи ирет үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан дагы бир күн кан келсе, эки күн таза турса анан кайрадан кан келе баштаса, анын адаты үч күнү айыз деп кабыл кылынат. Калган жыйырма жети күнү тазалык күнү.
(“Фатхуль-Кадир”:1/12; “Насбур-Роя”: 1/92; Ибн Абидин: 1/263).
Биринчи ирет айыз көргөн кыз төрт күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан бир күн кан келип, эки күн таза болгондон соң дагы кайра кан келе баштаса, адаты төрт күн болот.
Биринчи ирет айыз көргөн кыздан он күн кан келсе, анан он беш күн таза жүрсө, кийин бир күн кан келип, үч күн келбесе, анан дагы үзгүлтүксүз кан келе баштаса, анын адаты он күн; адатын ушуга карап эсептеп, ушуга карап намазын окуйт.
Биринчи ирет айыз көргөн кыз үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүрсө, анан төрт күн кан көрүп, он алты күн таза жүрсө, анан кайрадан кан келе баштаса, анын адат күндөрү беш күн болот.

Биринчи ирет айыз көрүп жаткан кыз үч күн кан көрсө, он беш күн таза жүрсө, дагы үч күн кан көрүп, он беш күн таза жүргөндөн соң кайрадан кан келе баштаса, анын адаты үч күн. Экинчи кан келгенден соң үч күн намазын калтырып, он беш күн окуйт.
Биринчи ирет үч айыз көрүп жаткан кыз он беш күн тазалык, анан төрт күн кан, он алты күн тазалык, кийинки айда беш күн кан, он жети күн тазалык көрсө, булардан кийин кан келе баштаса, орточосу айыз күндөрү болуп эсептелет, тактап айтканда төрт күн адат, он алты күн тазалык мөөнөтү болот.
Биринчи ирет айыз көрүп жаткан кыз, үч күн кан, он беш күн таза, кийинки айда дагы үч күн кан, он беш күн таза, кийинки айда төрт күн кан, он алты күн таза тургандан соң дагы кан уланса, анын адаты үч күн болуп эсептелет
(Тахтави:393;“Насбур-Роя”:1/193; “Ал-Бадаи”:1/39).
Кыздын биринчи ирет көргөн каны үзгүлтүксүз акса эмне болот?
Жаңы айыз көрө баштаган кыздын адаты аныкталбастан, каны үзгүлтүксүз акса, ар бир айдан он күнү адаты болуп эсептелет, жыйырма күн тазалык мөөнөтү саналат (Билман:70).
Жаңы айыз көргөн кыз эмне кылуусу керек?
Балагат жашына кирген кыз жаңы айыз көрө баштаган кан себептүү дароо намазын калтырат, орозо болсо, орозосун казага (кийинкиге) калтырат. Турмуш курган болсо, жыныстык катнаш кылбайт. Бул кан үч күн ичинде, тактап айтканда үч күнгө жетпей токтосо, айыз каны эмес. Ал учурда калтырган намаздарын каза кылып окуйт. Имам Аъзамдын пикири боюнча жаңы башталган бул кан үч күнгө уланса да айыз каны экендиги аныкталмайынча намазын калтырбайт, орозосун да улантат (Тахтави: 394; “Насбур- Роя”:1/192; “Аль-Бадаи”:1/70).

Жаңы айыз көргөн кыз канды күндүн жарымы чыкканда көрүп, төртүнчү күнү күндүн төрттөн бири чыкканда токтосо, бул истихаза (оору) каны. Күндүн жарымы чыкмайынча айызга эсептелбейт, жарымы чыккан убакта айыз болуп эсептелет. Мисалы, адаты беш күн болгон аял канды күндүн жарымы чыкканда көрүп, он биринчи күнү күндүн үчтөн экиси чыккан учурда токтосо, беш күндөн көбү истихаза (оору) каны болуп саналат (Ибн Абидин:1/270).
Адатын унуткан аял эмне кылат?
Бир себеп менен адатын унуткан аял “мутахоййира” деп аталат. Мындай аял каны токтобосо өзүнүн адаты боюнча басымдуу болгон көз-караш менен амал кылат. Басымдуу көз-карашка ээ болбосо, этияттуу жолду кармайт. Ажырашкан болсо иддасы (талактан кийинки саналуу мөөнөт) үчүн он күн, тазалык мөөнөтү болсо алты айдан бир саат кем кылып аныкталат. Башка көз караш боюнча тазалык мөөнөтү эки ай кылып кабылданат (“аль-Мабсут”:1/152; Билман:70).

Айыздан калуу убагы (менопоз)
Медицинадан бир аз айырмалуурак, эл ичинде менопозду “айыздан калуу” жана “айыз токтогон убак” деп таанылат. Бул учур аялдар турмушунда атайын бир өзгөрүү нуктасы болуп саналат. Бул өзгөрүү себептүү ар түрдүү даттануулар чыгышы, кээ бир кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн.
Айыздан калуу учуру кырк беш жашта башталып, беш- он жылга чейин созулушу мүмкүн. Медицина аалымдары бул учурду “жыныстык жарамдык убактан карылыкка бурулуш нуктасы” деп аташат. Себеби – бул убакта аялдык гормондор суздай баштайт. Бул гормоналдык суздоо менопоз бурулушундагы бир далай даттануу жана рахатсыздыктын негизин түзөт. Табигый бул белгилердин пайда болуусун күтүү жана даярдануу аялды бул белгилерди

сезүүгө жөнөтүлгөн бир себеп. Менопоз боюнча даттануулардын бир канчасы жыныстык гормондорун ылайыкташтыруу менен кетириши мүмкүн; кээде тынчтандыруучу нерселерди колдонуу керек.
Жашы кайткан аялдын бала төрөө мүмкүнчүлүгү жоголсо да жыныстык каалоосу жана эңсөөсү суздабашы, ал тургай кээде күч алышы мүмкүн. Менопоздогу аял эне боло албайт, бирок бул абал аялдыгын сезүүдөн тыя албайт. Тактап айтканда, эми эне боло албастыгы аялдык сезимдерин жоготууга алып келбейт (“Saglik Elkitabi”:20).
Ханафий мазхабы боюнча: Аялдар тогуз жашында балагатка жетип, айыз көрө башташат. Элүү же элүү беш жашында айыз көрүүдөн калуу учуруна киришет. Бул жаш “үмүтсүз жашы” деп да аталат. Бул жаштан мурда айыздан калган аялдар да бар (“Насбур-Роя”:1/191).
Элүү беш жаштан соң аялдар айыз көрүшөбү?
Ханафий мазхабында аялдар элүү беш жаштан соң кан көрсө — айыз эмес. Бирок бул жаштан кийин келген кан коюу карамтыл же коюу кызгымтыл түстө болсо айыз каны. Эгер кан ачык түстө болсо, үзүр каны болот (“Mанхалуль-Вааридин”: 70).
Айызга эсептелбеген кандар
1. Балагатка жете элек кыз балдар көргөн кан.
2. Айыз канынын эң аз мөөнөтү саналган үч күндөн кем келген кан.
3. Айыз канынын эң көп мөөнөтү саналган он күндөн ашыкча келген кан.
4. Кош бойлуу убакта келген кан.
5. Айыздан калган жаштагы аялдардан келген кан
(“Mанхалуль-Вааридин”: 74).

АЙЫЗ ТУУРАСЫНДА КЭЭ БИР КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР
Рамазан айында күн чыккандан соң кан көргөн
аялдын абалы
Орозо кармоого ниет кылып, күн чыккандан соң айызы келген аялдын орозосу бузулат. Аял бул учурда тамактанат. Мындай аялга орозо кармоо арам болгондой эле, жеп- ичпестен орозо кармоочуга окшоп жүрүшү да арам (Тахтави:369). Бул учурда аялдардын жашыруун тамактанышы исламдын адептеринен.
Рамазанда күн чыккандан соң таза болгон аялдын абалы
Рамазан айында күн чыккандан соң айыз жана нифастан (төрөттөн кийинки убактылуу кандан) тазаланган аял эгерде орозого каршы иш кылбаган болсо, дароо ниет кылып, орозо тутат жана орозосу эсеп болот. Эгерде күн чыккандан соң таза болгонго чейин орозого каршы иштерди жасаган болсо, ал күндүн калган бөлүгүн жебестен-ичпестен, кечке дейре жүрүшү бир айтымда важиб, бир айтымда мустахаб
(Тахтави:369).
Айыз каны токтобостон мурда алынган даарат
Бир аял айыз же нифас каны толук токтобостон туруп даарат же гусл кылса, сахих (туура) болбогондой эле кылган таямуму да туура эмес (Тахтави:70).
Айыз учурунда же айыздан сырткары учурда мата колдонуу
Мата колдонуу турмуш курган аялдар үчүн ар дайым, кыздар үчүн айыз учурунда гана мустахаб. Мата жыныстык мүчөнүн ичине эмес, сыртына таза жерине коюлат. Башка бир пикирлер боюнча турмуш курган аялдардын кан көргөн учурунда мата колдонуулары сүннөт, таза учурда колдонуу

мустахаб. Анткени алардан дайыма агынды келип турушу мүмкүн (Ибн Абидин:1/207).
Колдонулган матаны отко жакса болобу?
Эгерде ошол мата пайдаланууга жарабай турган абалга келсе, аны көз түшпөй турган жайга, топуракка көмүп же өрттөп салуу керек. Өрттөөнүн зарылдыгы жок. Ал тургай үй-бүлө урматы жана махабатын сактоо үчүн бул маталарды үй-бүлөдөгү чоң-кичинелердин көзүнө көрсөтпөө Ислам адептеринен болот. (“аль-Фикху аъала мазаахибиль арбаъ”: 2/57).
Кан көргөндөн соң жыттууларды сүртүнүүсү
Кан көргөн учурларында колдонгон матанын, кандын жытын кетирүү үчүн жыттууларды колдонуусу мустахаб. Кан көрүп бүткөндөн соң да ушундай кылуу мустахаб. Ал тургай жуунгандан соң матага жыттуулардан сүртүп, жыныстык мүчөнү жана кан тийген жерлерди жакшылап арчып тазалайт. Азирети Аиша розияллоху анхадан риваят кылынат: “Асма Пайгамбарыбыздан (САВ) айыздан соң кантип жуунушту сурады. Расулуллоh (САВ) минтип жооп берди: “Суу жана нилуфар алып жакшылап тазаланат. Анан суу башынан куюлуп, суу баштын терисине жетсин үчүн жакшылап жышылат. Анан денеге суу куюп, мата бөлүгүнө мүшүк сүртүп, тазаланат”. Асма: “Аны менен кантип тазаланат?” деп сурады. Расулуллоh (САВ): “Субханалоох! Кааласаң каалагандай тазаланасың!” деп айтты. Азирети Аиша (РА) шыбырап: “Кандын ордуна сүртөсүң”, деди (Ибн Давуд, Муслим:2/1053; (Ибн Абидин:1/267).
Азирети Аиша (розияллоху анха) энебиздин синдиси Асма айтат: “Пайгамбарыбыздан (САВ) бир аял: “Кийимибизден айыздын изин көрсөк эмне кылабыз?” деп сурады. Расулуллоh (САВ) айтты: “Кийимди кол менен укалап, суу куюп, сыгылат, анан аз-аздан суу куюлат, анан ал кийим менен намаз окуса болот” (“Хуснуль-Усва”:263).

Айыздуу аял уйкудан таза абалда ойгонсо…
Айыздуу аял уйкусунан таза абалда ойгонсо, уктаган учурда өтүп кеткен намазынын казасын окуйт. Анткени уйкудагы убактан тазалыгы эске алынат (Ибн Абидин:1/276).
Аял таза абалда уктап, айыз абалда ойгонсо жана кечинде куптан намазын окубаган болсо, таза болгондон соң казасын окуйт. Анткени канды көргөн убак эске алынат
(“Манхалуль-Вааридин”:85).
Айыз каны мөөнөтүнөн мурда токтогон аялдын абалы
Бир аялдын адаты дайыма жети күн болуп, айыздын эң кыска мөөнөтү болгон үч күндөн соң кан токтосо, адаты бүтмөйүнчө, тактап айтканда жети күн толгонго чейин жыныстык катнашта болушу адал эмес. Анткени кан адат ичинде кайталанып келип калышы мүмкүн жана жалпы жол менен алганда ушундай да болот. Бул абалда күтүү керек. Ошону менен бирге кан токтогондон соң жуунат, анан намазын окуйт. Рамазан айы болсо орозосун тутат. Намаз үчүн мустахаб болгон убакыттын акырында гана жуунмагы ал аялга важиб (милдет) болот. Тактап айтканда намаз убагынын мустахаб болгон бөлүгүнүн аягына чейин намазын баштабайт. Эгерде кан келбесе жуунуп намазын окуйт, орозо убагы болсо орозосун тутат. Эгерде кан мустахаб болгон убак ичинде кайталанса, ал аял адаттуу (айыз) эсептелип, намазын окубайт, орозосун тутпайт (“Фатава’и Али”:1/3; Ибн Абидин: 1/264).
Айыздуу аял өлүктү жууса болобу?
Айыздуу аял өлүктү жууса болот. Буга далил Пайгамбарыбыздын (САВ): “Мусулман негизи таза эмес болбойт (таза)”, деген хадиси (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизий).
Айыздуу абалда өлгөн аялдын абалы
Аял айыз же нифас абалда өлсө, денеси жуулат. Жууп жатканда тазалоо үчүн оозун жана мурдун нымдап коюу жетиштүү. Айыздан же нифастан тазалоо үчүн бир ирет

даарат кылдыруу деп дагы бир ирет денесин жуумак деп өлүктү эки жолу жуунун кереги жок (“Фатава’и Мажмуъа Жадийда”:1/38).
Өлүктүн тырмагы алынабы?
Аял болсун, эркек болсун, айыздуу аял болсун, айызсыз аял болсун, инсан өлгөндөн соң денесинин эч бир жеринен түк кесүү, чачын же тырмагын алууга болбойт. Булар кооздук, эми ал кооздукка муктаж эмес (“Маракуль-Фалах”:180).
Айыздуу убакта уяттуу жерлердеги түктөрдөн тазалануу жана тырмак алуу
Айыздуу же нифастуу абалда аял аврат жеринин түктөрүн тазалоосу макрух. Жуунгандан соң тазаланса же тырмак алса болот. Аврат (уят) жер жана колтуктун астындагы түктөрдөн эң кеминде жети күндө, эң көбүндө кырк күндө тазаланат. Кырк күндөн өтпөшү керек (“Фатава’и Хиндиййа”:5/357). Дал ушундай, айыздуу учурларда тырмак алуу да макрух. Гуслдан соң алуу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:5/358). Жунуб (гусл милдет) болгон эркек жана аял да ушул сыяктуу.
Айыздуу аял сойгон жаныбардын этин жесе болобу?
Адал болушу үчүн жаныбарды эркектер гана союшу шарт эмес. Сойгонду биле турган аялдар сойсо да болот. Ал тургай айыздуу жана нифастуу абалдарында да сойсо болот жана сойгондору желинет (“Фатава’и Али”:2/246).
Кош бойлуу аял айыз көрөбү?
Медицина илими боюнча кош бойлуу учурда адаттагы айыздуу күндөрү өтө аз өлчөмдө кыска мөөнөттүү кан келиши мүмкүн. Бирок бул кандар айыз эмес, үзүр (оору) каны. Негизи бойго бүткөндөн соң айыз көрбөйт (“Фатава’и Хиндиййа”:1/38).

Айыздан соң жыныстык катнашууга болобу?
Ханафий аалымдарынын пикири боюнча айыз мөөнөтүнүн көбү саналган он күн өтсө, кан да токтосо, жуунбастан мурда жыныстык катнаш кылууга болот. Шафиъий жана Маликий аалымдарынын пикири боюнча жуунгандан кийин гана жыныстык катнаша алат (“Бидаятул- Мужтахид”:1/39). Бул айырма “…тээ таза болушканга чейин аларга жакындык кылбагыла!” маанисиндеги аятта келген “таза болушканга чейин” сөзүн ар кандай мааниге жоюудан келип чыккан. Имам Аъзам таза болууну айыздын токтошу деп кабыл кылган, кан токтогондон соң жуунбастан мурда да жыныстык катнашууга болот деп билген. Бирок жуунуп, анан катнаш кылуу мустахаб (Тафсиру аятуль-Ахкам”1/129; “аль- Фикх аъала мазахибиль-Арбаъ”:1/134).
Айыздуу аялга эмнелер арам (тыюу салынат)?
1. Намаз окуу.
2. Орозо тутуу.
3. Куран окуу.
4. Жыныстык катнашуу.
5. Мечитке кирүү.
6. Куранды кармоо.
7. Каъбаны айлануу.
1. Айыздуу, нифастуу аялдын намаз окушу арам
Парз, важиб, сүннөт, нафил же казага (окулбай) калган намаз болсун айырмасы жок, эч кандай намаз окубайт. Сажда да кылбайт, тилават саждасы болсун, шүкүр саждасы болсун айырмасы жок. Бул учурда намаз жана сажда арам (тыйылган) (“аль-Ихтияр”:27).
Аял айыздуу жана нифастуу күндөрүндөгү намаздарынын казасын кийин окубайт. Бул ага парз эмес
(“Дураруль-Хуккам”:1/42).
a) Намаз окуп жаткан учурда айызы келип калган аял эмне кылат?

Аял биринчи жолу болсун, кезектеги кан болсун, канды баштап көргөн учурдан баштап намазын дароо токтотот. Анткени намазы өзүнөн-өзү бузулат. Эгерде бул парз намазы болсо, аны кийин казасын окуунун кереги жок. Ал эми нафил намазы болсо, таза болгондон кийин казасын окушу важиб болот. Анткени парз намазынын өзү милдет, баштоо менен милдет болбойт. Ал эми нафил намазын баштоо менен ал намаз окуп жатканга милдет болот (Ибн Абидин: 1/268). б) Нафил намазга же нафил орозого ниет кылгандан
кийин айыз көргөн аял
Аял нафил намаз же нафил орозого ниет кылгандан соң айыз көрсө, намазын да, орозосун да казага калтырышы керек. Тактап айтканда, айыз мөөнөтү бүткөндөн соң аларды толуктоосу милдет болот. Анткени бул ибадаттар баштоо менен важиб болот.
Парз намазга же парз орозого ниет кылгандан соң айыз көрсө, кийин орозосунун казасын тутат, ал эми намазынын казасын окубайт (Ибн Абидин:1/268).
в) Айыз көргөн аял намаз убагында эмне кылат?
Ар бир намаз убагы киргенде даарат алып, үйүнүн намаз окуу үчүн ажыратылган бөлүгүндө намаз убагында тасбих (Субханаллох…), тахлил (Лаа илааха иллаллох), тавхид (Ашхаду аллаа илааха илаллоху…) келмеси менен алек болуп олтуруусу мустахаб (Ибн Абидин:1/268; “Фатава’и Хиндиййа”: 1/33).
Мындай кылуусу анын намазга бекемдиги жана жакындыгынын далили. Башка бир риваятта мындай кылса аял турмушунда эң көркөм үлгүдө окуган намаздын сообуна жетишет.
г) Аял айыздуу жана нифастуу учурларында окубаган намаздарын каза кылса эмне болот?
Аял айыздуу жана нифастуу учурларында окубаган
намаздарын кийин, тактап айтканда кандан таза болгондон соң, (дароо окубастан) каза кылып окушу макрух. Дал даарат алып жаткан киши башына масх тартуунун ордуна башын бүтүндөй жууганы макрух болгону сыяктуу (“Манхалуль- Вааридин”:95).

2. Айыздуу жана нифастуу аялга орозо тутуу арам
(тыюу салынган)
Айыздуу жана нифастуу абалдагы аял парз, важиб жана нафил орозо тутпайт, бирок тута албаган парз орозолорун таза болгондон соң казасын тутат. Эгерде баштап койгон орозосу нафил орозо болсо, таза болгондон соң ал орозонун казасын тутат. Орозонун казасы айыздуу жана нифастуу аялдын мойнунан түшпөйт.
3. Куран окуу айыздуу аялга арам
Айыздуу жана нифастуу абалдагы аял Курандын бир аятынан аз болсо да окушу арам. Анткени Расулуллоh (САВ) айткан: “Айыздуу жана жунуб (жуунуу милдет) болгондор эң кичине бир аят да окушпайт!” (“ат-Тааж”:1/107).
а) Куранды Куран сыпатында окуу арам
Дуба аяттарын дуба максатында окууга болот. Бисмилла…, тавхид келмеси, Куранда келген пайгамбарлардын дубалары сыяктуу (Тахтави:82).
б) Айыздуу абалда Куран үйрөтсө болобу?
Куранды үйрөтүүчү аял айыз көрсө, Куранды кармабастан, тамгалап, сөзмө-сөз, бөлүп-бөлүп окупүйрөнүүчүлөргө сабак берсе болот (“Дамат”:1/23; “Халаби Kaбир”:57). Бир аятты башынан аягына чейин окушу арам.
в) Айыздуу аял Куранды укса болобу?
Айыздуу же нифастуу аял Куранды кармбастан, окулуп жаткан Куранды кошулуп, же артынан кайталабастан укса болот (“Халаби Кабир”57; “Дамат”:1/26). Бул абалдын сооп даражасын бир гана Аллаh билет.
г) Айыз мөөнөтү бүтпөгөн аял гусл кылып, Куран окуса болобу?
Тап-такыр Куран окуй албайт, Куранга кол тийгизбейт.
Бул абалда аял Куран окуунун арамдыгын билсе да, билбесе да. Куран окуса, Аллаhга күнөөкөр болушу жана азапка ылайык болушу күмөнсүз. Бирок бул абалда Куран тыңшаса болот. Куранга караса болот.

д) Сажда аятын укканда
Куранды угуп жатып, сажда аятын укса сажда кылбайт, эгерде сажда кылса күнөөкөр болот.
Айыздуу же нифастуу аял намаз окууга ылайык болбогондуктан сажда ага важиб эмес. Бирок жунуп (жуунуу милдет) болгондун өкүмү башка: эркек болсун аял болсун жунуп (булганган) абалда сажда аятын укса же өзү окуса, тилават саждасы аларга важиб болот. Жуунгандан кийин бул сажданы аткарышы керек (Тахтави:79).
4. Айыздуу жана нифастуу аялга жыныстык катнаш арам
Айыздуу жана нифастуу аялдын жыныстык катнашта
болуусу арам. Анткени Аллаh Таала Куранда айткан: “… тээ таза болмоюнча аларга (аялдарга) жакындабагыла! Таза болушкандан соң аларга Аллаh буйруган тарабынан келгиле (жакындык кылгыла)!” (Бакара сүрөсү, 222-аят).
Ыйык аяттагы “жакындабагыла” сөзүнөн максат – жыныстык катнашта болбоо. Аллаhтын элчиси (САВ) да “Айыздуу аялдарыңарга жыныстык катнаштан башка бардык ишти кыла бергиле!” деп айткан.
Айыздуу жана нифастуу абалда катнаш кылуу эң чоң күнөөлөрдөн. Айыздуу жана нифастуу абалда катнаш кылуу жана аялдын арткы мүчөсүнө катнашууну адал санаган адам динден чыгат. Анткени бул тыюулар аят жана хадистер менен далилденген. (“Дураруль-Хуккам”:1/42).
Молдо Хусрав мындай дейт: “Айыздуу абалда жыныстык катнашууну адал санаган адамга ыймандан кур- жалак калды деген өкүм берилет” (“Дурарул-Хуккам”:1/42).
Эгерде эки тарап тең өз каалоолору менен катнашта болушса, экөө тең күнөөкөр болушат (“аль-Ихтияр”:201). Айыздуу абалда мындай катнашта болгондуктары үчүн тообо кылуулары керек. Айыз абалында кылынган жыныстык катнаштын каффараты (жазанасы) да бар.

Айыздуу жана нифастуу аял менен жакындык кылуунун каффараты (жазанасы)
Ибн Аббастан риваят кылынган хадисте Расулуллоh (САВ) мындай дейт: “Аялы менен айыздын биринчи күндөрүндө катнаш кылган бир динар, акыркы күндөрүндө катнаш кылган жарым динар садака берет” (“ат-Тааж”:1/105).
Бул жөнүндө Абу Давуд жана Хакимдин пикири боюнча: “Эгерде келген кан кызгымтыл болсо, бир динар, сары болсо жарым динар садака берет” (Абу Давуд. “Tахарат”:105; Tирмизий. “Taхарат”:102).
“Марокиль-Фалах”, Тахтавий жана “Мажмаъуль-Анхур” аттуу этибардуу фикх китептеринде мына бул хадисти далил сыпатында көрсөтүлгөн: “Эгерде кан кызгымтыл жана кара болсо, бир динар, сары болсо, жарым динар садака берүү мустахаб болот” (“Маракуль-Фалах”:44; Тахтави:78).
Дагы бир пикир боюнча: “Эгерде айыздын башталышында катнашса, бир динар, айыздын акырында катнашса жарым динар садака берет” (Дамат”:1/36).
Бир динар бир мыскал (4 грамм) салмактагы алтын акча. Эгерде бир мусулман айыздуу аялы менен жакындык кылса, биринчи тообо кылат, анан жогоруда айтылган өлчөмдө кедейлерге садака берет. Садаканы ар эки тарап, тактап айтканда эркек да, аял да бериши керек.
Орозо кармаган, ихрамдуу жана эътикаф абалдагы аял менен жакындык кылууга болбойт (“Тафсири Aлусий”: 1/420).
а) Айыздуу жана нифастуу аял менен катнашуунун ден-соолукка тийгизген терс таасирлери
Мындай катнаш Исламда арам жана ден-соолукка зыян.
Окмуштуу аалымдар мындай дешет: “Аялдардан негизинен 13-15 жаштан 40-45 жашка чейин, ар ай сайын 22-28 күндө бир келе турган, 3-4 күнгө созула турган жана күн сайын бир-эки матаны кирдете турган өлчөмдө курамында зыяндуу кошулмалары бар жатын жолдорунан чыккан кан келип турат. Айыз учурунда жатын жолдорундагы кан тамырлар ачылып кетет жана жаралуу болот, мындай учурда

жыныстык катнаш кылуу аялды азапка дуушар кылат, тынч жаткан жаман микробдорду козгоп жиберет жана оорулуу болууга себеп болот.
Негизинен, белогрик – бод оорусун баштан кечирген аялдарда “гонокок” деген микробдор болот. Айыз учурунда аялдардын терлери жана кандары уулуу болуп, жаман жыт таратат. Демек, бул учурдагы жыныстык катнаш эркектин көңүлүнүн суздашына, жийиркенүүгө жана натыйжада мамиленин бузулушуна себеп болот. Айыздуу аялдарда жыныстык эңсөө төмөндөйт же жоголот (Dr. C. Zeki Onal. “Evlilik ve Mahremiyetleri”: 169).
б) Аялдын арткы түтүгүнө катнаш кылуу арам
Кайсыл үлгүдө болсо да, мындай жакындык кылуу арам. Эгерде аял бул нерсеге ыраазы болсо, чоң күнөөгө шерик болот. Аллаh Таала бул жөнүндө мындай дейт:
“…аларга Аллаh буйруган тарабынан келгиле (жакындык кылгыла). Аялдарыңар эгинзарыңар. Демек, эгинзарыңарга каалаган абалыңарда жакындаша бергиле!”
Бакара сүрөсү, 222-223-аяттар).
Жыныстык катнаш бала чыга турган, туула турган жайга болушу шарт. Мында алды тараптан келсе да арт тарабынан келсе да боло берет. Аллаh Таала адал болгон жайды, тактап айтканда, бала туулуп чыга турган жайды эгинзар деп айтып жатат. Мындан башка жерге жакындык кылуу арам. Расулуллоh (САВ) мындай деген: “Аялдардын артына катнашпагыла!” (Тирмизий); “Аялдардын артына катнашканга каргыш делинген!” (Тирмизий); “Аллаh буйруган жерден аялдарга жакындык кылгыла!” (Тирмизий).
Эркек жыныстык мүчөсүнүн кертмегин аялдын арткы түтүгүнө киргизээри менен арамдык башталат.
в) Айыздуу жана нифастуу аялдын киндиги менен тизесинин аралыгынан пайдалануу
Бир тосмосуз, тактап айтканда арада эч бир кийимсиз пайдалануу арам. Абдуллоh ибн Саъд Пайгамбардан (САВ) минтип сурады: “Айыздуу учурунда аялымдан мага эмне

адал?” Расулуллоh (САВ) айтты: “Изардын (ыштандын) үстү (жогору тарабы) сага адал” (“Найлул-Автар”:1/227).
Пайгамбарыбыздын (САВ) аялы Маймуна энебиз айтат: “Расулуллоh (САВ) айыздуу учурумда мени менен чогуу жатаар эле. Арабызда бир кийим болоор эле” (“ат-Тааж”:1/104). Дагы Маймуна энебиз айтты: “Пайгамбарыбыз (САВ) аялдары айыздуу болгон убактарында алар менен өбүшөөр эле” (“ат-Тааж”:1/227).
Расулуллоh (САВ) бул нерсени лаззатын козгоп кылчу эмес. Анткени жыныстык муктаждыгын камсыздоо үчүн башка аялдары да бар болчу. Балким башка себептери болушу керек: Биринчиден, Пайгамбарыбыздын (САВ) мындай кылганы, бул туурасындагы туура эмес ишеничтерди жоготот жана мындай иш тутууга болоорун көрсөтүп кетти. Анткени жөөт жана христиандар мындай кылышчу эмес;
Экинчи, айыздуу учурда денеси да, жаны да жагымсыз боло турган аялды жалгыздык жана рахатсыздыктан куткарды, баштагыдай анын инсан экендигин көрсөттү.
Имам Аъзам менен Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча, этек астынан тизе менен киндик арасынан пайдалануу арам. Бирок Имам Мухаммад: “Кан келген жерден сактануу шарты менен ар бири тараптан пайдалануу адал” деген пикирин айткан (“Дамат”:1/36; “Дурарул-Хуккам”:1/42) жана Имам Шафиъий да ушул пикирде. Бул абалда кан келген жай ачык калбастыгы, жабылуу болушу керек. Мындай кылгандар этият болуулары керек.
5. Айыздуу жана нифастуу аялдын мечитке кириши арам
Мындай абалда зарылсыз эле мечиттерге кирүү арам.
Бул өкүм жунуб (жуунуу милдет) болгондорго да тийиштүү. Аиша (РА) энебиз айтты: “Расулуллоh (САВ) бир күнү мечитке карап ачылган кээ бир сахабалардын үйлөрүн көрүп, минтип буйруду: “Ушул үйлөрдүн эшиктерин башка тарапка каратып бургула! Анткени мен айыздуу жана жунуб (жуунуу

милдет) болгондордун мечитке киришин адал көрбөймүн”
(“ат-Тааж”:1/107).
6. Айыздуу жана нифастуу аялдын Куранга кол тийгизиши арам
Айыздуу же нифастуу аял Курандын бир аятына, ал
тургай бир аяттан азына да кол тийгизиши арам. Анткени Аллаh Таала: “Аны (Куранды) даараттуу – таза адамдар гана кармашат”-деп айткан. (Вакиъа сүрөсү, 79-аят). Расулуллоh (САВ) айтты: “Жунуб (жуунуу милдет) жана айыз абалында болгондор Куранды кармабасын!” (“Умдатуль-Кари” 2/84).
а) Айыздуу аял Куран жазылган тактайды кармаса болобу?
Тактайдабы, дубалдабы, бир нерсенин бөлүгүндөбү же
башка нерседеби аятты айыздуу же нифастуу аял кармоого болбойт. (Тахтави:79).
б) Айыздуу аял Куранды капчыгы менен кармаса болобу?
Курандан өзүнчө, тактап айтканда, мукабасына
жабышпаган капчыктын же сырттын ичинде болсо же баштык, сумка, портфель, сандык сыяктуу салгычтарда болсо, аларды кармоого болот (“Халаби Кабир”:58).
в) Айыздуу аял кийиминин бир чети же жеңи менен Куранды кармаса болобу?
Айыздуу же нифастуу аял кийиминин чети менен
Куранды кармашы оор макрух, т.а. арамга жакын макрух. Анткени кийимдин жеңи да кийимди кийгенге ээрчийт. Бул аракет урматтан жана адептен саналбайт. Шарият китептери менен алектенген айыздуу аял же жунуб (жуунуу милдет) болгондор хадис, фикх, тафсир сыяктуу китептердин бир барагын зарылдык себебинен кийиминин бир чети менен кармашына уруксат берилген (Тахтави:77).
г) Айыздуу аял Курандын маани котормосу жазылган китепти окуй алабы?
Айыздуу аял Куранга жана аят жазылган нерсеге кол
тийгизбейт деп айтып өттүк. Арабчадан башка тилдердеги

Курандын котормо-маанилерин кармоо да арам. Анда Курандын маани-мазмуну жана өкүмдөрү болгондугу үчүн Куран өкүмүндө болуп эсептелет. (Тахтави:77, “Жавхара”:1/40). Эгерде ичинде аят болбосо, түркчө (кыргызча) китептерди окууда зыян жок. Эгерде аял айыз боюнча үйрөнүүнү кааласа, зарылдык себебинен фикх (шарият) китептерине караса болот (Тахтави:82).
д) Айыздуу аял Куранга карай алабы?
Айыздуу жана нифастуу аял же жунуб (жуунуу милдет) болгон адам муундап, бөлүп-бөлүп, окуу үчүн Куранга караса болот, макрух эмес. Анткени жунубтук жана айыз абалдарынын көзгө тиешеси жок (“Фатава’и Хиндиййа”: 1/39).
7. Айыздуу жана нифастуу аялдын Каъба ташын айлануусу арам
Айыздуу, нифастуу аялдын парз же нафил (ыктыярдуу) таваф-айлануулары арам. Ажыга барган аял айыз көрүп калса, ажылыктын тафаф-айланмасынан башка бардык түркүктөрүн аткара алат. Болгону парз болгон зыярат таваф- айланмасын аткарбайт. Мындай абалда таваф кылган (айланган) болсо, чоң күнөөкөр болот. Бул үчүн жандык, уй же төө союп, курмандык кылышы керек (“Умдатуль-Кари”:2/81).

НИФАС
(Төрөттөн кийинки убактылуу келүүчү кан)
Көз жарганда аялдын жатынынан келе турган кан “нифас” деп аталат. Нифастын эң кыска мөөнөтү үчүн чек жок: бир күн, бир саат кан келиши же аял тап-такыр кан көрбөшү да мүмкүн. Мындай аялдар нифаска эсептелинбейт, дароо жуунуп, намаз окушат, орозолорун тутушат. Нифастын эң узак мөөнөтү кырк күн. Кырк күндөн ашык уланса, кыркынчы күндүн акырында жуунуп, милдеттерин аткарууга киришишет.(“Дураруль-Хуккам”:1/41). Андан тыюулар алынат, кийин келген кан үзүр (оору) каны сыяктуу. Ар бир намаздын убагы үчүн өзүнчө даарат алып, намазын окуйт.

Эгиз төрөгөн аял нифас мөөнөтүн биринчи төрөгөн баласынан эсептейт (“Жавхара”:1/44).
Нифас мөөнөтү ичинде көрүлгөн тазалык нифасөкүмүндө болот. Мисалы, он күн келгенден соң беш күн токтоп, кайра он күн келсе, жыйырма беш күндүн бардыгы нифас мөөнөтүнө кирет (“аль-Ихтияр”:27). Намазын калтырат, орозосун таза болгондон кийинки күндөргө калтырат. Жыныстык катнашта болбойт (“аль-Мабсут”:2/141).
Нифас канынын өзүнө тиешеси төрөттөн соң келиши. Эгерде бир аял көз жаргандан соң эч кандай кан келбесе, нифаска эсептелбейт. Мындай аялга гусл (жуунуу) шарт эмес, даарат жетиштүү болот. Орозосу бузулбайт. Бирок Имам Аъзамдын пикири боюнча мындай аял алдын алып, гусл кылуусу керек (Ибн Абидин:1/216).
Кырк күндөн ашыкча келген кан эмне?
Нифастын эң узак мөөнөтү кырк күн. Кырк күндөн ашыкча келбейт. Эгерде келген болсо бул үзүр (оору) каны. Нифаска саналбайт (“Жавхара”:1/44).
Нифас каны адаттан мурда токтосо…
Нифастагы аялдын каны маалым болгон адатынан мурда токтосо, жуунуп, өзү биле турган адаты келгенге чейин намазын окуйт, орозосун тутат. Болгону жыныстык катнашта болбойт (“Фатава’и Али”:1/3).
Бала төрөлбөстөн мурда келген кан
Мындай кан нифас каны эмес, истихаза (оору) каны (“Жавхара”:2/44). Баланын денесинин көбүрөөгү чыкпастан мурда аял нифас болбойт. Бул учурда келген кан да истихаза (оору) каны. Бул учурда намаз аялга парз. Окубаса күнөөкөр болот. Баласына зыян бербей турган абалда намазын окуйт
(“Жавхара”:2/44).
Бул өкүмдө зарыл бир чекитке ишарат бар. Балким бул кыйын абалда намаз окубайт, эгерде окуй албаса, милдетинен түшпөйт, карыз болуп калат, кийин казасын

окушу керек. Анткени бала толук төрөлбөстөн мурда аял нифаска саналбайт, намаз милдетинен түшпөйт. Алдыңкы убактын намаздарын окуп, бирок жаңы намаздын убагы кирбестен мурда бала төрөсө, намаз ал аялдын милдетинен түшөт.
Курсагын кесип, баласы алынган аял нифаста болобу?
Эгерде аялдын жатынынан кан келбесе, курсагы кесилип бала төрөсө да нифаска саналбайт. Болгону гусл кылып, намаз окушу, орозо айы болсо орозо тутушу керек
(“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”:1/123).
Бойдон түшкөн бала менен нифаста болобу?
Эгерде бала инсандардын каалоосу менен атайын – дары же жабырлоо (кесүү) менен түшүрүлгөн болсо, бул иш чоң кылмыш жана өлтүрүү.
Эгерде түшүрүлгөн баланын колу, буту, тырмагы, чачы жана манжалары сыяктуу мүчөлөрү билинип калган болсо, нифас пайда болот. Мүчөлөрү такыр билинбеген болсо, нифаска саналбайт. Түшүрүлгөндөн соң кан үч күнгө чейин келет. Мурда да эң кыска он беш күн тазалык учуру уланган болсо, ал айыз каны болот. Андай болбосо, истихаза (үзүр) каны болуп саналат (“Дураруль-Хуккам”:1/43; Тахтави:15).
Нифастагы адаттын өзгөрүүсү
Бир аялдын нифастагы адаты, мисалы жыйырма күн кан көрүү болсо, бул учурда нифаста он күн кан, жыйырма күн тазалык, он бир күн дагы кан көрө турган болсо, бул аялдын нифастагы адаты өзгөргөн болуп, бул арада калган жыйырма күндүк тазалык али эки кан арасында болгондуктан кечиккен кан өкүмүндө. Бул абалда бул кырк күндүн башкы жыйырма күнү нифастан. Канчалык тазалык менен аягына жетсе да, калган жыйырма бир күн үзүр (оору) каны жана бул күндөрдө окуй албаган намаздарынын кийин казасын окуйт (“Манхалуль-Вааридин”:88).

ИСТИХАЗА
(оору себептүү келген үзүр каны)
Истихаза бир оору себептүү жатындан эмес жыныстык мүчөнүн тамырларынан келген жытсыз кан. Айыз каны саламаттык каны, ал эми үзүр каны болсо оору себебинен келет.Үч күндөн кыска, он күндөн узак келген кан айызэмес, истихаза каны. Кээ бирөөлөрдө төрт, кээ бирөөлөрдө жети, сегиз күн келет. Көпчүлүк аялдарда адат мөөнөтү белгилүү. Бойкат аялдардан, тогуз жашка толо элек кыздардан, айыздан калган улгайган аялдардан келген кан да истихаза (оору) каны. Истихаза каны башка мүчөлөр, т.а. ооз, мурун, кулактан келген кан сыяктуу. Бул учурда даарат гана бузулат. Улана берсе, үзүрлүү (кечиримдүү) саналат (“Маракуль-Фалах”:42). Аиша (РА) энебиз кабар бергендей, Хубайр кызы Фатима Пайгамбарыбыздан (САВ): “Менден истихаза каны келип жатат, намазды калтырайынбы?” деп сураганда, Аллаhтын элчиси (САВ): “Жок, негизи ал тамырдан келген кан, айыз эмес, болгону айыз мөөнөтү бүткөнгө чейин намаз окуба, бүткөндөн соң гусл кылып, намазыңды оку,”- деп айткан (“ат-Тааж”:1/108).
Истихазалуу (үзүрлүү) аялдар намаз окушат, орозо кармашат, мечитке кире алышат, Каъбаны айланышат, Куран окушат, Куранды кармашат, жыныстык катнаш кыла алышат. Болгону үзүрлүү адамдар сыяктуу ар бир намаздын убагы үчүн өзүнчө даарат алып, намаз окуулары керек. Бир даарат менен бир убакыт ичинде т.а. кийинки намаздын убагына чейин каалашынча парз, нафил намаздарын окуй алышат. Убакыт чыкканда даараттары бузулган өкүмдө болот (“Дураруль-Хуккам”:1/33). Андан соң ар кандай ибадат үчүн жаңыдан даарат алуулары керек.
Үзүр канынын түрлөрү
Үзүр каны жети түрдүү болот:
1. Тогуз жашка толо элек кыздан келген кан.

2. Элүү беш жаштан өткөн аялдан келген кан. Мында кандын түсү кызгымтыл же карамтыл жана жыты билинип турса, айыз каны, башка түстө жана жытсыз болсо, үзүр каны болуп саналат.
3. Бала төрөй элек учурда келген кан.
4. Айыз жана нифастын эң көп мөөнөтүн өткөрүп, экинчи айыздын мөөнөтүнө чейин уланып келген кан же нифастан кийин айызга чейин уланып келген кан.
5. Айыздын эң кыска мөөнөтү болгон үч күндөн аз келген кан.
6. Аялдын айыздан үч күн эсеби толуп, айыздын эн көп мөөнөтү болгон он күндөн өтүп, экинчи айыздын убагына чейин уланган кан да үзүр каны.
7. Эгерде бир аялдын айыздан эсеби болбостон айыздын эң көп мөөнөтү он күндөн өтсө, бул кан да үзүр каны.
Истихаза (үзүр) каны кандай абалда көрүлөт?
Истихаза каны төмөнкү абалдарда көрүнөт:
1. Мубтадий – эми гана балагатка жетип, кан көрө баштаган кыз. Мындай кыздын адаты ар айда он күн белгиленет. Анткени көбү айыз болбойт. Ар айдан жыйырма күн тазалык деп кабыл алынат. Эгерде кан көрүүсү уланса, он күнү адат, жыйырма күнү истихаза (үзүр) каны деп кабыл алынат.
2. Биринчи нифас каны. Бул абалдагы аялдын нифасы кырк күн, кийинки тазалыгы жыйырма күн деп кабыл кылынат. Эгерде кан келе берсе, кырк күнү нифас, жыйырма күнү истихаза (үзүр) каны деп кабыл кылынат.
3. Мутада – баштагы адатында туура болгон кан көргөн, тазаланган, кийин дагы кан көрүүсү уланган, адатын да унутпаган аял. Бул аял адат жана тазалык учурундагы адатына карайт. Адатынан ашыкча келген кан истихаза (үзүр) деп кабыл кылынат. Адаты өткөндөн соң калтырган намаздарынын казасын окуйт.

4. Мутахоййира – адатын унуткан аял. Бул аялдын да адатынан ашыкча созулган каны истихаза (оору). Бирок бул аялдын мынча күнү таза, мынча күнү айыздуу деп ар кандай үлгүдө өкүм кылынбайт. Тескерисинче, мындай абалдагы аял шарият өкүмдөрүнүн эң этияттуусун алып, ошого жараша иш жүргүзөт. (“Фатхуль-Кадир”:1/122; “аль-Лубаб”:1/32).
Үзүрдүн шарттары
Аялдан келе турган истихаза (үзүр) канынын, ошондой эле таптакыр аял жана эркекке тиешелүү үзүрдүн диний үзүр (себеп) саналышы үчүн кээ бир шарттар бар:
1. Үзүр абалы кеминде бир намаздын убактысы өлчөмүндө уланышы керек. Ал убак – намаздын убагы кирген убактан баштап, намаздын убагы чыкканга чейинки убакыт. Мисалы: Пешин намазы, күн чак түштөн оогондон баштап, ар бир нерсенин көлөкөсү эки барабар болгонго чейинки аралык
2. Андан соң ар бир намаздын убактысы ичинде кеминде бир жолу көрүлүшү керек.
Үзүр каны токтогондон кийин гусл кылуу керекпи?
Истихаза (үзүр) каны токтогон соң гусл шарт эмес. Тактап айтканда парз эмес. Ошондой болсо да жуунуп алуу жакшыраак (“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”:1/147).
Үзүрлүү аял маасы кийсе эмне кылат?
Үзүрлүү аял даарат алып жатканда гана жана маасысын кийигенде кан токтогон болсо, маасынын үстүнө масх тартса болот. Муким (сапарда эмес) болсо, бир күн, бир түн мусапыр (сапарда) болсо, үч күн, үч түн маасысына масх тартат (“аль-Мабсут” 2/143).
Үзүрлүүлөр качан даарат алышат?
Үзүрлүүлөр беш убак намаздын ар бири үчүн өзүнчө даарат алышат. Даарат алуу үчүн ал учурдагы намаздын

убактысынын киришин күтүү керек. Мурда алып алган болсо, намаздын убактысы кирээри менен даараты сынат
(“Маракуль- фалах”: 45; “Фатава’и Абдурахим” :1/4).
Намаз окуп жаткан учурда үзүр каны токтосо…
Үзүрлүү аял пешин намазы учурунда даарат алып, намаз окуса, намаздан соң каны токтосо, аялдын намазы толук болуп саналат. Ал эми даарат алып, намазды баштабасатан мурда же намаз учурунда каны токтосо, даараты бузулат. (“аль-Мабсут” 2/143). Бул абалда окулган намаз кайрадан окулат. Үзүрлүү деп эсептелген соң, намаз убагынын ичинде бир жолу келсе да үзүрлүүгө эсеп болот. Даарат алып, намазды баштабастан мурда келип токтосо, даараты бузулбаш керек. Себеби үзүрү бүтө элек.
Көз жашы тынбастан агып турган киши үзүрлүү
болобу?
Ооба, үзүрлүү болуп эсептелет. Бул оорунун себеби. Ар бир намаздын убагы үчүн даарат алышы керек (“Фатава’и Абдурахим” :1/4).
Үзүрдү кетире алса, даарат алабы?
Үзүрдү кетире алса, тактап айтканда, аккан кан жана ушул сыяктуу нерселерди таңып, байлоо менен токтото алса болот. Бул учурда үзүрү көтөрүлөт, башкача айтканда кетет. Бирок айыздуу жана нифастуу аял ал тургай агындысын токтоткону менен болбойт, анткени сырткы көрүнүшүнөн токтогондой көрүнсө да, негизги кан токтобойт.
Мурундун бир таноосунан гана аккан кан себептүү үзүрлүү болгон адам даарат алса, анан экинчи таноосунан да кан акса даарат бузулт (“Дамат”:1/38).
Ал үзүр каны токтогондон бир учурда үзүрдөн сырткары ар кандай нерсе үчүн даарат алган болсо, үзүр каны ага баштаса, даараты бузулат (“Фатава’и Абдурахим”: 1/4).

Үзүрлүү аккан канды тазаласа болобу?
Эгерде аккан кан үзүрлүүнүн кийимин булгаса жана бул агынды бир дирхамдан (2,8 гр.дан) көп болсо, ошол учурда бир намаздын мөөнөтүндө токтобосо, аны жууш керек, эгерде бул шарттар болбосо жууш шарт эмес (“Фатава’и Абдурахим” :1/3).
Үзүрлүү аял намазын кандай окуйт?
Эгерде кан сажда учурунда гана келсе, үзүрлүү сажданы таштайт, рукуъ учурунда келсе рукуъну да таштайт, намазын ымалап окуйт.
Заарасын же заңын кармай албай турган, желин кармай албай турган, тынбастан мурун каны же истихаза каны агып тура турган адамдын үзүрү толук бир парз намазынын убагынча болсо, ал адам үзүр ээси болуп саналат. Ар бир намаздын убагы үчүн даарат алат, ошол убакыт ичинде парз жана каалашынча нафил намаздарды окуй алат, убакыт чыкcа, даараты бузулганга эсептелет (“Дураруль-Хуккам”:1/43).
Бир жери канаган адам убакыттын соңун күтөт, эгерде кан токтобосо, убакыт чыкпастан туруп даарат алып, намазын окуйт. Эртерээк токтосо, убакыттын соңун күтпөйт, токтоор замат даарат алып, намазын окуйт (“Ислам Илму Хал”:89).
Үзүрлүүлөр:
1. Истихаза (оору себебинен кан көргөн) аял.
2. Айызды үч күндөн аз, он күндөн көп убакка чейинкөргөн аял.
3. Нифас каны кырк күндөн көпкө созулган аял.
4. Заарасы тамчылап турган адамдар.
5. Мурду тынбай канап туруучулар.
6. Ар кандай бир мүчөсүнөн кан агып туруучу адам.
7. Эмчек, кулак, көз сыяктуу мүчөлөрүнөн оорусебебинен тынбай агынды келип тургандар.
8. Жарааты тынбастан канап тура турган эркек же аял.

Үзүрлүү (аял) “кан токтобой жатат, агынды тынбай келип жатат”- деп, менде гуслду милдет кылуучу бир абал бар, деген күмөн менен билбестен намаздарын окубаган болсо, казасын окушу керек болот. Анткени мындай үзүрлөр намазды калтырууга себеп боло албайт (“Дамат”:1/38).
НАМАЗ ЖӨНҮНДӨ КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР
Намаз кимдерге парз?
Исламдын башка өкүмдөрү сыяктуу эле намаздын да парз болушу үчүн шарттары бар:
1. Мусулман болуу.
2. Акыл-эси жайында болуу.
3. Балагат жашында болуу.
Бирок балдардын жети жашынан намазга буйрулуусу жөнүндө Пайгамбар алайхис салам айткан. (“Дураруль- Хуккам”:1/50). Чоңдор балдарга намазды үйрөтүүлөрү керек.
Намаздын парздары:
Намаздын парздары он эки. Алтоо намаздын сыртында, бул намаздын шарттары деп аталат. Ал эми алтоо ичинде, бул намаздын түркүктөрү деп аталат.
Намаздын шарттары:
1. Дааратсыздыктан таза болуу.
2. Булганычтан таза болуу.
3. Аврат (уяттуу) жерлери жабылуу болуу.
4. Кыбылага бет алуу.
5. Убакыт (намаздын).
6. Ниет (намазга).
1. Дааратсыздыктан таза болуу
Намаз окуй турган адам дааратсыз болсо, даарат алышы, булганган болсо гусл кылышы, эгер сууга мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, таямум кылышы шарт
(“Халаби Кабир”:12).
2. Булганычтан таза болуу
Денеде, кийимде, намаз окуй турган орунда ибадат кылууга тоскоолдук боло турган даражада булганыч болсо,
ну бул булганычтардын намазга даражада экендиги этибардан четте

окуй турган орунда болгон булганыч коюу болсо, бир дирхамдан (2,8 граммдан), суюк болсо, алакан отунан көп болсо, аны тазалоо парз.
Денедеги булганычты көзгө көрүнө турган даражада уят жерди ачпастан туруп, кетирүү керек, мүмкүн болбогон жерде, уят жерди ачпоо үчүн, ошол бойдон намаз окууга болот (“Ибн Абидин; “Халаби Кабир”).
3. Аврат (уяттуу) жерлери жабылуу болуу:
Кишинин денесинде чоочундардын карашы тыюу салынган орундар аврат деп аталат.
Аялдардын авраты (жабылышы шарт болгон дене-мүчөлөрү):
Мусулман жана эрктүү аялдын аврат жерлери колу (билегинен ашыгына чейин), буту (кызыл ашыктарына чейин) жана жүзүнөн башка бардык денеси. Чачы, көкүлү да аврат болуп саналат (“Халаби Кабир”:176-205). Аврат жерлерди жабуу – намаздын шарттарынан.
Жүз, кол жана бутунан башка мүчөсүнүн биринин төрттөн бир бөлүгү намаз ичинде бир тасбих айтаар убакта, тактап айтканда бир түркүктү аткараар убакта ачылса, намазы бузулат. Төрттөн биринен аз бөлүгүнүн ачылышы же ачылаар замат кайра жабылышы намазды бузбайт (“Ибн Абидин; “Халаби Кабир”208).
Намаз ичинде жабылышы парз болгон аялдын денеси бир бүтүн сыпатта каралбастан, мүчөлөрдүн ар бири өз- өзүнчө аврат болуп кабыл алынат. Ошондуктан ачылган авраттын төрттөн биринин дайын этилиши үчүн аврат саналган мүчөлөр өз-өзүнчө каралышы керек.
Эркектин аврат мүчөлөрү
(эркектерде дененин киндик менен бирге тизенин астына чейин болгон бөлүгү аврат):
1. Жыныстык мүчөнүн айланасы.
2. Жумурткалары.
3. Арткы түтүк жана анын айланасы.

4-5. Эки куйругу.
6-7. Эки саны (тизелер да).
8. Киндик, аны менен табарсыктын арасы.
Аялда буларга кошумча аврат болуп саналган мүчөлөр:
(Аялдарда бет, колдордун алаканы, буттардын кызыл ашыктарынан астыңкы бөлүгүнөн башка бардык мүчөлөрү аврат):
1-2. Эки кулак.
3-4. Эки эмчек.
5-6. Кызыл ашыктарыменен эки балтыры. 7-8. Эки желкеси чыканактары менен.
9-10. Чыканактарынан билегине чейин эки колу.
11. Тамагы
12. Башы.
13. Чачы.
14. Моюну.
15. Ийиндери (Ибн Абидин:1/380).
Бул саналган мүчөлөрдүн ар бири өзүнчө мүчө сыпатында кабыл алынгандыктан, алардан биринин төрттөн бири бир тасбих убагынча, тактап айтканда, бир рукуъ же сажда кылаарлык убакыт аралыгында ачык турса, намаз бузулат (Ибн Абидин:1/380).
Караңгы бөлмөдө намазды кийимсиз окуса болобу?
Аял кийими болуп туруп, кийбестен инсан жок жайда – караңгы бөлмөдө жылаңач, же жарым жылаңач абалда намаз окуса, намазы жарабайт (Ибн Абидин:1/376).
Аялдар үчүн мустахаб болгон кийим
1. Ийиндерине түшүп тура турган оромол.
2. Желкесинен кызыл ашыктарына чейин болгон көйнөгү.
3. Курсагынан кызыл ашыктарына чейин болгон ич кийими (“Фатава’и Хиндиййа”:1/59).

Ич кийим же байпак менен намаз окуу
Дене көрүнө турган даражада жибек, жука, кең, ачык тигилген түнкү кийим жана ушул сыяктуу оромол менен намаз окууга болбойт (“Халаби Кабир”:3/14).
Калың болуп, дененин чегараларын көрсөтпөсө болот. Кийилген кийим аврат жерлерди ороп, дененин ыраңын билдирбесе, өзү бир бөлүк мата болсо да, астында эч кандай ич кийим болбосо да, аны менен намаз окууга болот (“Халаби Кабир”:2/14).
Аврат жеринин жакадан, этектен көрүнүшү намазга
тоскоолдук кылбайт. Бир мүчө чоочун көз үчүн аврат болуп саналат, ээси үчүн эмес. Мисалы, бир адам намаз окуп жатып, бир гана көйнөктө болсо, өзү көйнөгүнүн жакасынан караганда аврат жери көрүнсө, намазы бузулбайт. Бирок башка адам көрө турган болсо, намазы бузулат (Билман. “Ислам Илмухал”: 109).
Аялдын буту намазда аврат эмес, намаздын сыртында
махрам эместер (чоочундар) үчүн аврат саналат. Аврат болбогон буту – бутунун учунан баштап, кызыл ашыкка чейинки аралык. Кандай байпак менен жапса да жаппаса да боло берет. Бир гана учурда, эркектердин көз алдында намаз окуган аял бутун жабуусу милдеттүү.
Намаз окууга макрух болгон учурлар
Кээ бир учурлар бар, ал учурларда парз, важиб, нафил, негизинен эч кандай намаз окууга болбойт. Кээ бир учурлар бар, ал учурларда нафил намазы гана окулбайт.
Эч кандай намаз окулбай турган учурлар
Күндүн үч учуру бар, бул учурларда парз, нафил жана жаназа намазы окулбайт, тилават саждасы (Курандан сажда аятын окуганда же укканда кылынышы важиб болгон сажда) кылынбайт:
1. Күн чыгып жатканда (орточо он беш минут өткөнгө чейин).

2. Күн чак түш болгон учурда. Ар бир нерсенин көлөкөсү эң кыска болгон учур.
3. Күн батып жаткан учурда. Шамга чейин күн саргайып, көздү уялтпай турган абалга келгенде. Бирок ошол күндүн окулбаган аср намазын ушундай учурда макрух болуу менен бирге окуса болот (“Фатава’и- Хиндиййа”:1/82).
Нафил жана ушул сыяктуу намаздардын окулушу макрух болгон учурлар
1. Багымдат намазынын убагы киргенде багымдат намазынын сүннөтүнөн башка нафил намаз окулбай.
2. Багымдат намазын окугандан соң күн чыгып болгонго чейин.
3. Аср намазы окулгандан соң.
4. Шам намазынын парзынан мурда.
5. Үйүндө болсо да, айт намазынан мурда.
6. Ай намазынан соң мечитте нафил намаз окуу макрух. Үйдө окуса болот.
7. Ажылык учурунда Арафатта жана Муздалифада бириктирип окула турган намаздардын арасында, пешин жана шам намаздарынын сүннөттөрү ошондой эле эч бирнафил намаз окулбайт. (Кээ бир китептерде шамдын сүннөтү куптан окулгандан кийин окулат, деп айтылат).
8. Парз намаз үчүн убакыт өтө аз калган учурда.
9. Жума намазында имам кутбага чыккан учурда.
10. Заарасы кыстап турган учурда.
11. Дасторконго жагымдуу тамак келгенде табити тартып кыялын бура турган даражада болсо.
12. Жума күнү намаз үчүн такбир айтып жатканда, күн тутулуу жана жамгыр тилөө кутбасы окулуп жатканда
(“Халаби Кабир”: 237-242).
Аялдын имамдыгы жарайбы?
Аялдын эркектерге имамдык кылуусу тап-такыр мүмкүн эмес. Ал эми аялдын аялга имамдык кылуусу макрух болуу

менен болот. Мындай учурда имам болгон аял жамаат болгон аялдар менен бир сапта турат, алдыга чыгуусу макрух
(“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”: 1/417).
Азирети Аиша жана Умму Салама (алардан Аллаh ыраазы болсун) аялдарга имамдык кылып, алар менен бир сапта турушчу (Абу Давуд. “Сунан”: “Kитабус-Солат”:2). Аялдар жамаат болуп, намаз окуса, азан жана такбир айтышпайт. Айтса, макрух. Күнөөкөр болушат (“Фатава’и-Хиндиййа”:1/66).
Эркек жалаң гана аялдардан турган жамаатка имамдык кылабы?
Эркек араларында махрамы (нике буйрубай турган жакыны же аялы) болбогон аялдардын жамаатына имамдык кылуусу макрух. Эгерде жанында эркеги болсо макрух эмес
(“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”: 1/416).
Эркек өз махрамы болгон аялдарга имамдык кылса макрух болбойт. Парз, жана таравих намазы үчүн өкүм ушундай. Фитна (азгырык жаралышы) себебинен аялдардын жамаатка баруулары макрух. Кемпирлер гана багымдат, шам, куптан намаздарына барса болот (“Фатава’и Хиндиййа”:1/66).
Аялдар имамга кандай жүктөйт?
Ханафий мазхабы боюнча имам жамаат менен окуп жаткан аялдардын намаздары туура болушу үчүн имамдык кылууну ниет кылуусу шарт (“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”: 1/417). Имам аялдар үчүн ниет кылмайынча алардын имамы болуп саналбайт (“Фатава’и Хиндиййа”:1/66). Демек, жамааттын арасында аял болсо, имам аялдар үчүн да имам экендигин ниет кылышы шарт.
Аялдар жума күнү пешин намазын кандай окуйт?
Аялдарга жума намазы парз эмес. Убакыт киргенде, жума намазы окулбастан мурда да пешин намазын окуса болот (Тахтави: 426). Бирок жума намазынан кийин окуганы жакшы.

Кош бойлуу аялдын намазы
Парз намазын мүмкүнчүлүгүнө карап, тик туруп окушукерек. Күчү жетпеген бөлүгүн олтуруп окуса болот.
Сүрөттүү жайда намаз окууга болобу?
Дарак, тоо, дарыя сыяктуу жансыз нерселердин сүрөтү болсо, ал жайда намаз окуу макрух эмес. Болгону кыбыла тарапта болбошу керек. Жандуулардын сүрөтү болсо, алжерде намаз окуу макрух. Сүрөт оң, сол, үстүдө жана артта болсо, жеңил макрух. Сүрөт алды тарапта болсо, арамга жакын макрух. Сүрөттөр айырмаланбай турган даражада кичине болсо, же бут астында болсо, зыяны жок (“Фатаава-и Каазихан”: 1/119; “Маракуль-Фалах”: 95). Намаз окула турган жайда айкел жана сүрөттөр болбошу керек. Бутпарастыкка окшобосун деп Ислам мындай нерселерди тыйган.
Телевизор коюлган үйдө жана жылаңач сүрөттүү жайда намаз окууга болобу?
Жылаңач (ачык-чачык) адамдын сүрөтү бар жайда намаз туура болбойт. (“Фатхуль-Кадир”: 1/29; Ибн Абидин: 1/605). Бул сүрөттөр дубалда илинген же телевизордо көрсөтүлүп жатсын айырмасы жок, негизи көздүн түшүүсү. Телевизор коюлган болуп, жылаңач сүрөттөр көрсөтүлбөгөн болсо да, ал жерде намаз окуу макрух. Анткени ар кандай берүүлөр көрсөтүлүп калышы ыктымалы бар. Телевизор өчүрүрүлгөн абалда, ал жайда намаз окуу макрух эмес.
Айкелчелер турган жайда намаз окуу
Көргөзмөлөрдө же атайын кооздук үчүн коюлган кичине айкелдер бардык мүчөлөрү бар болгон айкел болуп эсептелет жана Исламдын көз карашы боюнча арам. Мындай жайда намаз окуу макрух. Эгерде алды тарапта болсо арамга жакын макрух.

Кооздолгон жана Каъбанын сүрөтү түшүрүлгөн жайнамаздардагы намаз
Ар түрдүү кооздолгон, түрдүү түстөгү жайнамаздарда намаз окуу жеңил макрух. Булар чалгытышы, ойго салышы мүмкүн, биринчиден аялдарды. Жайнамаздардын сүрөтсүз, кооздуксуз, бир түстө болгону жакшы. Үстүндө Каъба, Аксамечитинин сүрөтү болгон жайнамаздарда намаз окуу макрух. Мында эки макрух бар: биринчиси, урматсыздык болот; Каъбанын сүрөтүн бут астында тебелебөө керек: экинчиси – ал сүрөттөргө табынгандай, байлангандай бир абал жүзөөгө чыгып, көңүлдү бузушу мүмкүн.
Аялдар талаада, бакта, коктуда намазды кандай окушат?
Аялдар сапарда, талаада же бакта болгон учурларда, эркектер көрөт, деген ой менен олтуруп намаз окубайт. Анткени мындай абалда намаздын парздарынан бири – кыям (тик туруу) себепсиз ташталган болот. Болгону авратты жабууга ылайык намаз окуу керек (“Фатава Мажмуъал жадийда”: 25).
Аялдын кыям, рукуъ жана саждада кызыл ашыктарынын абалы
Фикх (шарият) китептеринде аял кыям, рукуъ жана саждада кызыл ашыктарын бириктирип туруулары сүннөт деп айтылган (Ибн Абидин: 1/320-321).
Аял саждада бутунун манжаларын тик тутабы?
Фатва-өкүмдөрдө “Аялдар саждада бутунун манжаларын тик тутпайт деп айтылат (“Фатава’и Банжа”: 1/9). Аялдар ар убакта оронуулары керек. Айрыкча намазда. Аялдын оронууга ылайык болсун үчүн саждада бутунун манжаларын тик тутпайт.

Автобуста жана башка унааларда намаз кандай
окулат?
Пайгамбарыбыз (САВ) унаа үстүндө сүннөт намазын окуган. Демек, атайын себеп болбосо да унаада сүннөт окуса болот. Бирок атайын себеп болбосо, парз намазы унаада окулбайт. Шарият себептерине душман, жаныбар, жырткыч айбандар жана уурулардан кооптонуу жана жолдошторун күттүрүп коюу сыяктуу үзүр-себептер кирет. Ушундай шарият себептер болбостон унаада намаз окууга болбойт (“аль-Мабсут”: 1/250). Ал тургай важиб болгондуктан витр намазы да себепсиз унаада окулбайт (“аль-Мабсут”: 1/250). Мисалы бир жолоочу автобустун тыгылыштыгынан, дааратка муктаждыгын айтып, автобусту токтото алса, бул автобуста парз намазы окулбайт. Себептүү болсо, кыбылага жүздөнөт. Олтуруп сажда кылып же ымаа менен окулат. Эгерде намаздын убагы чыкканга чейин ыңгайлуу жайга жетүү мүмкүнчүлүгү болсо, намазды ошол жайга жеткенге чейин кечиктирет (“аль-Фикх аъла мазахибиль арбаъ”: 1/206).
НИКЕ
“Нике” сөздүктө “биригүү” дегенди түшүндүрөт. Ал эми шарияттагы мааниси – жыныстык катнашты адал кылуу үчүн белгиленген келишим. Кененирээк мааниси, үйлөнүү, үй-бүлө куруу.
Дүнүйөлүк турмушу жана акыреттик келечеги тарабынан адамга рахат жана бакыт берүүчү саламат бир коомду жүзөгө ашыруу – Ислам дининин негиздеринин бири. Ошондой эле инсан тарбиясынын башкы очогу жана коомдун башаты болгон үй-бүлө түзүмүнүн жана бул түзүмдүн башталышы болгон никеге Ислам өзүнчө көңүл бурган. Курани Карим да бул туурасында көптөгөн керектүү жол-жоболорду көрсөткөн.
Нике Куран, сүннөт жана аалымдардын бир бүтүмү менен туруктуу болгон ибадат жана мамиле. Нике себебинен инсандын урпагы Адам (алайхис салам) атадан бүгүнкү күнгө

чейин жана бүгүнкү күндөн бейишке чейин уланат. Бейиште кээ бир ибадаттар токтотулат, нике жана ыйман уланат (Ибн Абидин:2/280).
Сахабалар (розияллоху анхум) бул дүйнөдөн никесиз
кетүүдөн ушунчалык коркушат эле, ал тургай өлүм алдында да никеленүүгө умтулушаар эле.
Нике – Аллаh Тааланын эзелки илиминде тагдырланган инсаният урпагынын улануусун эң көркөм үлгүдө аткаруу.
Никенин түркүктөрү
Ханафий мазхабы боюнча никенин шарты төртөө:
1. Ийжаб (жооп берүү) жана кабыл алуу келишими.
2. Эркек.
3. Аял.
4. Эки күбө.
Ийжаб – Никеленип жаткан эки тараптын биринин сунушу.
Кабул – Экинчи тараптын бул сунушка болгон жообу. Ийжаб жана кабул өткөн чакка дал келиши керек. Мисалы, эркек: “Сени аялдыкка кабыл алдым”; ал эми аял: “Сени эрдикке кабыл алдым”, деп айтуусу керек. “Сени аялдыкка (же эрдикке) кабыл кыламын”, сыяктуу келээр чакты түшүндүрө турган сөздөрдү пайдалануу никеге өтпөйт. Эгерде сунуш келээр чакка, ал эми кабыл алуу өткөн чакка ылайык сөз менен болсо, нике кыйылганга саналат. Мисалы, эркек: “Мага аялдыкка тий”, десе, аял: “Мен сага тийдим”, десе, нике кыйылганга саналат. (“Дураруль-Хуккам”:1/327). Бирок нике байлоочунун: “Эрдикке (же аялдыкка) кабыл кыласыңбы?” деп айтуусу жана буга жооп иретинде, эркек жана аялдын: “Кылабыз” сыяктуу сөздөрү келечек учурга тийиштүү болгондуктан эсепке алынбайт.
Исламдагы никенин жоболору
1. Курани Каримде үйлөнүү буйрулган. Аллаh Таала турмуш кургандарды, эгер кедей болушса, өз берешендиги

менен бай-муктажсыз кылуусун убада берген (Нур сүрөсү, 32). Расулуллоh (САВ): “Киши үйлөнүү менен дининин жарымын тургузат, калган жарымы үчүн Аллаh Таалага такыбалык кылсын”, деп айткан (“Миркат: 2/161). Чынында үй- бүлө куруу жана перзент көрүү – Пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөтү.
2. Жыныстык эңсөөнү кандыруунун шарияттагы жолу үйлөнүү. Курани Каримде аялдар перзент жеткире турган эгинзар талаага салыштырылган. (“Аялдарыңар эгинзарларыңар…” Бакара сүрөсү, 223). Акыйкатта, үйлөнүүнүн максаты жыныстык кумарды кандыруу менен бирге перзент көрүү. Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Төрөй турган карааял, төрөбөй турган сулуу аялдан жакшы”; “Үйлөнгүлө, көбөйөсүңөр, чынында мен Кыямат күнү башка үмөттөргө караганда силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын!” (“Файзул Кадир”: 3/269); “Үй-бүлөлүүнүн эки рекет намазы жалгыз бойдун сексен рекет намазынан жакшы” (“Файзул Кадир”: 4/138).
3. Никеде эки чоң пайда бар: жубайлар бири-биринен
бейпилдик жана рахат табышат; алардын ортосунда сүйүү жана мээримдүүлүк пайда болот (Рум сүрөсү, 21-аят). Жубайлар бири-бирин толуктоочу, тең салмакта кармап туруучулар.
Аллаh Таала айтты: “…Алар силердин кийимиңер, силер алар үчүн кийимсиңер…” (Тактап айтканда эркек менен аял бири-бири үчүн дал дененин айыптарын жашырып, аны ысык-сууктан коргоп тура турган кийим сыяктуу) (Бакара сүрөсү, 187-аят). Чынында аялсыз эркек жана эркексиз аял кемчиликтүү.
4. Пайгамбарыбыз (САВ) үйлөнүп жаткан кишинин төмөнкү өзгөчөлүктөргө көңүл бурушун айткан: “Аялга үйлөнүп жатканда төрт нерсеге көңүл бурулат: мал- дүйнөсүнө, тегине, өң-келбетине жана диндардыгына. Сен булардан диндарын танда, бактылуу болосуң” (Бухарий, “Никах”: 50).
5. Эркек-аял бири-бирине жакшы ниетте жана өз ара жылуу мамиледе болуусу сүннөт. Расулуллоh (САВ) айткан:

“Силердин жакшыңар үй-бүлөңөргө жакшы мамиледе болгонуңар” (Ибн Маажа, “Никах” 50).
6. Нике жарыя болушу керек. Ошондуктан жакындарына жана дос-жарларына зыяпат берилиши, той өткөрүлүшү динибизде көрсөтүлгөн (Бухарий, “Никах”: 66-78).
7. Эркек-аял бири-бирине жоопкер: “Ар бириңер чабан сыяктуусуңар, кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Эркек үй-бүлөсүнө, аял күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына чабан сыяктуу” (Бухарий, “Никах”: 80-89).
8. Ислам эркек-аялдын ортосундагы мамилелерди нукка сала турган өкүмдөрдү ошондой эле, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилелерди да тартипке сала турган жол-жоболорду көрсөтүп берген.
9. Ислам бир аял алууга үндөйт, бирок айрым учурларда төрт аялга чейин үйлөнүүгө уруксат берген.
Никедеги күбөлөр
Никеде күбө шарт. Ислам көрсөтмөлөрүнө негизделген күбөлөр болбой туруп, Аллаh Тааланы, периштелерди күбө тутуп кыйылган нике туура болбойт. Күбөсүз жашыруун же бир гана күбө менен кыйылган нике жарабайт (“Жавхара”: 2/10; “Дамат”: 1/219; “Дураруль-Хуккам”:1/332).
Күбөлүктөгү шарттар
1. Мусулман эки эркек (же бир эркек, эки аял) болушу.
2. Балагатка жеткен, акыл эстүү, эрктүү болуулары.
3. Жашы кичине (тактап айтканда наристе) жана уйкуда болбоосу.
Бирок, наристе үчүн валийси (тактап айтканда ага жооптуусу) никелендирсе болот. Ошол жооптуу адам атасы же чоң атасы болсо, никеден кийин, бала балагатка жеткенде ыктыярдуу болбойт. Калган учурларда ыктыярдуу.
Нике учурунда “тапшырдым”, “кабыл алдым” деген сөздөрдү угуулары шарт. Зарыл учурда, көзү алсыз киши никеде күбөгө өтсө болот.

Никедеги өкүлдүк
Өкүл жакшы-жаманды ажырата турган болушу шарт. Өкүлдүк берилип жатканда өкүлдүн жанында күбөнүн болушу шарт эмес, болсо жакшы. Кыздан же күйөөдөн өкүлдүк алган адам башка бирөөнү өкүл кылбайт (“Дураруль- Хуккам”:1/334 “Жавхара”: 2/114; “Дамат”: 1/216).
Аял турмушка чыгып жаткан кишиге өкүлдүк бере алабы?
Аял турмуш куруп жаткан кишиге нике келишимин түзүүгө өкүлдүк бериши мүмкүн. Аял жана эркек бар туруп, нике кыйыла турган болсо, көрүнүшү мындай: эгер күбөлөр аялды тааныса, нике жүрөт, болбосо жүрбөйт. Таануу өлчөмү: болочок күйөө үйлөнө турган аялдын аты-жөнүн, атасынын-чоң атасынын атын айтат, аларды тааныштырат. Бул өлчөмдөр менен күбөлөр аялды таанышса нике жарайт, тааныбаса жарабайт (“Фатава’и-Хиндиййа”: 1/268).
Нике кандайча кыйылат?
Ыраазычылыктарын алуу керек болсо, алардан ыраазычылыктары алынат. Ар эки тарап өздөрү же өкүлдөрү аркылуу эки күбөнүн алдында ийжаб (жооп берүү) жанакабыл алуунун натыйжасында да нике кыя алат. Эгерде нике ырасмисинде (никеленүүчүлөрдүн) өздөрү катышып жаткан болсо, нике эки тараптын жооп жана кабылы менен ишке аша турган келишим болгондуктан кимдир бирөөнүн нике кыйышы (окушу) шарт эмес, ал эми өкүлдөрү катышып жаткан учурда өкүлдөрдүн гана сөзү угулуусу шарт. Ошону менен бирге, түрдүү себептер менен жооп жана кабыл (нике) үчүнчү бир кишинин башчылыгында аткарылышы ыңгайлуу жана көркөм абал.
Нике кыя турган киши кыз менен күйөөнүн аты-жөнүн (ошондой эле өкүлдөрү аркылуу болсо, алардын аты-жөнүн, жана күбөлөрдү) сурап-тактап алып, кыздан же атайын өкүлүнөн аялдыкка макулдугун сурайт. “Тапшырдым”,

деген жообунан соң, эркектен же атайын өкүлүнөн кызды аялдыкка кабылдаганын сурайт. Макулдуктардан кийин кутба окулат.

Никенин адептери
1. Никеден мурда кыска бир кутба (үгүт-насаат) кылуу.
2. Никени айланага угузуу.
3. Аллаhка моюн сунуу жана Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүнө ылайык ишти баштоо.
4. Никени мечитте кыюу.
Үйлөнө турган кызды көрүү
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Аллаh Таала бирөөнүн көңүлүнө бир аялга болгон арзууну салса, ал аялды көрүүсүндө зыян жок (“Кашфуль-Гумма”:2/55).
Абу Хурайра (РА) риваят кылат: Расулуллоhтун (САВ) алдына бир киши келди. Ансарлардан болгон бир аялга үйлөнмөкчү экендигин айтты. Пайгамбарыбыз (САВ) сурады: “Ал аялды көрдүңбү?” Ал: “Жок”, деди. Расулуллоh (САВ): Бар, ал аялды көр, анткени ансар аялдарынын көздөрүндө бир нерсе бар”, деди (Муслим, “Никах”:12).
Эркек үйлөнмөкчү болгон кызды шарияттын чеги менен
көрүүгө болот. Кыздын жүзү жана колдорунан сырткары, тар жана жука кийим кийбөө шарты менен, ал тургай жалгыз калбастыктары же жандарында чоочун эркек болбостук шарты менен бири-бирин көрүүгө болот.

НИКЕ ЖӨНҮНДӨ КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР
Эки айттын арасындагы нике
Эл арасында “эки майрамдын (айттын) арасында нике кыйылбайт” деген бир ишенич бар. Бул нерсе туура эмес, ага далил жок. Тескерисинче, Пайгамбар (САВ) Аиша энебизге эки айттын арасында-шаавал айында үйлөнгөн. Шаавал

айында нике жана тойлордун болушу мустахаб (Муслим, “Никах”:4/12).
Исламдан мурда Арабстанда шаавал айында ваба (халера) оорусу жайылган, өлүм жана оору көбөйгөн,
ошондуктан шаавал – эл арасында (үйлөнүүгө) ылайыксыз ай деп аталган, бул туура эмес адат азыркы күнгө чейин жетип келген.

Нике окуган адамдын өзү күбө боло алабы?
Нике кыйган мусулман ошол учурда күбө да боло алат. Анткени нике эки күбөнүн алдында эркек менен аялдын жооп жана кабыл алуулары менен болот.
Тойдон мурдагы нике
Исламий шарттар менен аткарылган ар кандай нике туура. Тойдон бир канча мурда кыйылса да. Мындай учурда аял шарият боюнча эркектин аялы. Эр-аялдык укуктары ортолорунда башталган болот. Азыркы учурда тойдон мурда кыйылган никелер келин менен күйөөнүн кенен көрүшүп жүрүүлөрү үчүн. Анткени никеленбеген кыз-жигит бири- бирине шарият боюнча чоочун. Мына ушул чоочундукту ортодон алуу үчүн тойдон мурда нике кыйылат.
Нике үчүн балагат жашына жетүү шартпы?
Нике үчүн балагатка жетүү шарт эмес. Кызга жооптуу же өкүл киши тарабынан кыйылган нике да жарайт.
Акыл-эси тараптан оорулуулар үйлөнө алабы?
Акыл-эси тараптан оорулуулар да атайын жооптуу кишилер тарабынан үйлөндүрүлөт.
Никеге мажбурлоого болобу?
Акылдуу жана балагатка жеткен ар бир эркек өз каалоосун, ниетин баян кылуу менен үйлөнө алат. Ага жооптуу киши анын ыраазылыгын албастан, мажбурлап

үйлөндүрүшү мүмкүн эмес. Жубан жана жесир аялдын да ыраазылыгын албастан же ал каалабаган бирөөгө никелебейт. Ошондой эле балагатка жеткен кызды да ыраазылыгысыз эч ким турмушка узата албайт. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ): “Ачык уруксаты алынбастан жубан жана ыраазылыгы алынбастан кыз узатылбайт”, деп айткан жана (намыстуу) кыз өз ыраазылыгын унчукпоо менен билдириши мүмкүндүгүн айткан (Бухарий. “Никах”:40).
Пайгамбарыбызга (САВ) бир кыз: “Атам мени мен каалабаган адамга турмушка берип жатат”, дегенде, бул никени бузууга болот, деп айткан (Бухарий. “Никах”:41).
Мындан балагатка жеткен кыз баланы күйөөгө узатуу үчүн анын ыраазылыгы шарт экендиги маалым болот. Кыздын ыраазы болуу белгилери: жооптууга (мисалы: атасына) унчукпоо, башка жакындарына ачык билдирүү. Кыздын ыйлашы, күлүшү да абалына карап ыраазылыгын көрсөтөт. Мурда турмуш курган аял болсо, күйөөгө берилип жатканда ыраазылыгын ачык айтышы керек.
Ханафий мазхабы боюнча, бойго жеткен кыз бала жоптуусуз (м: атасынын макулдугусуз) да күйөөгө чыга алат (“Дамат”:1/207). (Бирок азыркы учурдагы фатва – ылайыксыз адамга кыйылган нике валийнин (жооптуунун) уруксатына токтоп турат).
Нике келишими ишке ашуу үчүн керектүү
шарттар
1. Ийжаб (сунуш) жана кабыл алуунун толук мааниде болушу.
2. Ийжаб (сунуш) жана кабылдын бир учурда бир жайда болушу.
3. Никеленүүчүлөрдүн бири-биринин сөздөрүн угушу.
4. Ийжаб (сунуш) менен кабылдын арасында сунушту жокко чыгара турган нерсенин жүзөгө келбеши.
5. Ар эки тараптын үйлөнүү же үйлөндүрүү укуктарына ээ болушу.

6. Мусулман аялга үйлөнүп жаткан эркектин мусулман болушу (“Дамат”:1/208).
Кандай эркекке никеленүүгө болбойт?
Эркек мусулман болбосо, динден кайткан болсо; никесинде төрт аялы болсо, мусулман аял мындай эркекке никеленбейт. (Китеп элинен болгон каапырга да).
Кандай аялга никеленүүгө болбойт?
Аял башка эркектин никесинде болсо, иддада болсо, динсиз болсо, (еврей же христиан дининде болушу тоскоолдук кылбайт).
Жакын же эмчектеш тууганы, нике аркылуу жүзөгө ашырылган жакын туугандык, ортого үч талак түшүүсү сыяктуу учурлар ар эки тарап үчүн никеленүүгө тоскоолдук кылат.

Нике келишимине кимдер күбө боло алат?
Нике келишими учурунда тараптардын сунуш жана кабылына эки эркиндиктеги балагатка жеткен, акылы толук мусулман эркек же ушул сыпаттарга ээ бир мусулман эркек менен эки мусулман аял күбө болушу керек. Күбөлөрдүн ар эки тараптан жашы чоң-кичине болушунун зарылдыгы жок.
Бирок акыл-эси ордунда жана балагат жашында болуулары шарт.
Балагатка жетпеген кыздын никеси
Турмушка чыга турган кыз балагатка жеткен болсо, анын ыраазылыгы шарт. Эгерде балагатка жетпеген болсо, ага жооптуусу никелесе болот (“Дамат”: 1/209; “Жавхара”: 2/3; “Фатаваль-Хиндиййа:1/267).
Жаш балдардын никеси
Мумаййиз (жакшы-жаманды ажырата турган) жаш баланын никеси ага жооптуунун уруксатына тиешелүү. Осуят

алдындагы кишинин нике келишими үчүн жооптуунун ыраазылыгы алынышы керек. Булардын ыраазылыгысыз кыйылган нике жарабайт. Ыраазылыктары алынгандан соң, никелери нике болот (“Дамат”: 1/209; “Жавхара”: 2/3; “Фатава’и Хиндиййа:1/267).

Никени байлоонунун шарттары
Байлоо шарттары болбогон нике жарабайт. Бирок мында тараптардын бири же жооптуулар бул турмушту бузуу же буздурууну талап кылууга укуктуу болушат. Мисалы, ата менен чоң атадан башка бир жооптуу никелеген жаш балдар балагатка жеткенде бул никеге ыраазы болушпаса, бузуу үчүн арызданууга укуктуу. Ошондой эле теңи болбогон жеөзүнө ылайык даражада калың берүүнү создуктуруп жатканга никеленген балагат жашындагы кыздын жоопкерлери ыраазы болушпаса, никени бузууну талап кылууга акылуу. Жыныстык жашоого алсыздык да никени бузуу талабына себеп болот ошондой эле эр-аялдыктын уланышына тоскоолдук болот. (“Дураруль-Хуккам”:1/326 “Жавхара”: 2/3; “Дамат”: 1/209).
Өкүм боюнча никенин түрлөрү
1. Жыныстык тараптан эңсөө талабы тынчтык бербей турса, никесиз жакындык кылуу коркунучу болсо, үйлөнүү парз.
2. Орточо абалдагылардын үйлөнүшү бекемделген сүннөт.
3. Аялга зыян берип коюу (мисалы жыныстык алсыздык сыяктуу анын укуктарын аткара албоо) коркунучу болсо, үйлөнүү макрух (“Дамат”: 1/209; “Жавхара”: 2/113; “Дураруль- Хуккам”:1/326 ).
Туура болуу тарабынан никенин түрлөрү
1. Сахих нике.
2. Фасид нике.
3. Батыл нике.

1. Сахих нике. Нике келишиминин туура болуу шарттары болгон үйлөнүү “сахих нике” деп аталат.
Сахих никеде эркектин аялынын алдындагы
милдеттери
а) калың: нике келишими учурунда калыңды белгилөө эстен чыкса да, аял ага укуктуу боло берет;
б) каржы: аялдын негизги муктаждыктарын аткарууга эркек милдеттүү;
в) башка аялдары да болсо, ортодо адилеттүүлүк кылуу. г) тынч-таттуу өмүр сүрүү, жакшы мамиледе болуу.
Аялдын күйөөсүнүн алдындагы милдеттери
а) турмушка чыккан аял учурдагы күйөөсүнөн башкага никелениши арам (тыюу салынган).
б) аял күйөөсүнөн келишилген калыңды алса, анынүйүнө барат жана ага баш ийет;
в) Ислам туура көргөн абалдардан башкасында сыртка күйөөсүнүн уруксаты менен гана чыгат;
г) күйөөсүнүн Исламга каршы болбогон каалоосун аткарат;
д) күйөөсүнүн Исламдын чеги боюнча тарбия берүү укугун кабыл кылат (“Дамат”: 1/209; “Жавхара”: 2/3; “Фатава’и Хиндиййа”:1/268 ).
2. Фасид нике. Фасид нике эмне?
Күбөсүз нике, иддасы (талактан кийинки саналуу мөөнөт) бүтпөстөн мурда эжесинен соң синдисине же синдисинен соң эжесине үйлөнүү. Төртүнчү аялдын иддасы бүтпөстөн бешинчисине никеленүү, башка бирөөдөн ажырашкан аялга иддасы бүтпөстөн никеленүү сыяктуу никелер фасид (бузук) нике болуп саналат. Никенин фасид (бузук) экендигин билген эркек-аял дароо аны бузуулары керек.
Сахих (туура) никенин шарттары болбосо, ал фасид (бузук) болуп саналат. Күбөсүз же бир гана күбө менен

кыйылган нике же керектүү учурда жоопкердин уруксаты болбогон нике фасид.
Фасид никенин өкүмдөрү:
а) мындай никеленгендер дароо ажырашуулары шарт;
б) жыныстык катнаш болбосо, фасид нике жаман акыбет туудурбайт;
в) жыныстык катнаш болсо, махр мисл тактап айтканда, эл катары калың менен аталган калыңдын кайсы бири аз болсо, аял ошонусуна акылуу болот. Алты ай менен бир күн жылы аралыгында туулган баланын теги аныкталат.
3. Батыл (жокко чыккан) нике. Негизги түркүктөрү же шарттары кемчиликтүү болгон нике батыл болуп, жокко саналат. Мисалы, мусулман эркектин бутпарас аялга же мусулман аялдын мусулман эмес эркекке үйлөнүшү батыл (жокко чыгат). Жыныстык катнаш болсун-болбосун, мындай үйлөнүү эр-аялдыкка эч кандай натыйжа бербейт, дароо ажырашуу керек (“Дамат”: 1/210; “Жавхара”: 2/5; “Фатава’и Хиндиййа”:1/203).
Эмчектештик себептүү махрам (бири-бирине никеси арам) болгондор
Тек тараптан туугандыгы, нике аркылуу туугандык жана сүт тараптан туугандыгы да никеленүүгө тоскоолдук болот. Эмизүү аркылуу болгон энелери, алардын кыздары, эже- синдилери, аялын эмизген аялдар (кайненелер), аялы эмизген өгөй кыздар, сүт тараптан уулунун аялдары, сүт тараптан атанын аялдары да арам (“Дамат”: 1/210; “Жавхара”: 2/205 ).
Эже-синдиге бир учурда никеленүүгө болобу?
Эже-синди менен бир учурда никеде болуу арам. Аялдын атасынын бир тууган эже-карындашынын жана апасынын бир тууганын жана жээндерин бир учурда никеде кармоого болбойт, бирок экөөнөн бирин никеден чыгаргандан кийин экинчисине никеленсе болот.

Ошондой эле, иддасы (талактан кийин саналуучу мөөнөтү) бүтпөгөн аялга үйлөнүү да арам (тыйылган).

Кайната менен кайненеге кандай кайрылат?
Бир мусулман бирөөнү өз атасы эмес экендигин билип туруп атам, деп доомат кылышы арам (Муслим. “Ийман”:113; Жасас. “Ахкаамуль-Куран”:222).
Энелик маселеси да ушундай. Бирок эр-аял бири-бирине
жылуу-жумшак мамиледе болуулары жана бири-биринин жакындарына өздөрүнө жага турган сөз менен кайрылышы жана урмат көрсөтүү өздөрүнүн милдети экендиги жана мамлекетибиздеги үрп-адат боюнча кайнатаны “ата”, кайненени “эне (апа)” деп кайрылуунун Исламий бир тоскоолдугу жок. Ошондой эле мажбурлоо да жок. Куранда бул маселе боюнча аят болбогондой эле хадистерде да буга тиешелүү бир көрсөтмө жок.
Пайгамбарыбыз (САВ) кайнатасы Азирети Абу Бакрды же Азирети Умарды “ата” деген эмес, күйөө балдары Азирети Усман жана Азирети Али да (Аллаh булардын баарынан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызды (САВ) “ата” деген эмес. “Расулуллоh! (Аллаhтын элчиси!)” (САВ)- деп кайрылышкан.

Аллаh Тааланы, Пайгамбарды, Китепти, динди сөккөндүн никеси жарайбы?
Аллаh Тааланы, Пайгамбарды, Куранды, Динди жана ыйык саналган башка нерселерди акаарат кылган, сөккөн киши динден чыгып, каапыр болот. Бул кишинин ыйманы кеткен соң никеси да бузулат. Тообо кылып, ыйманын жаңыламайынча, тактап айтканда башкадан ыйман келтирмейинче ыйманы да никеси да жок. Тообо кылып, ыйманын, никесин жаңылашы керек (Карафи. “аль-Фарук”:4/295).

Кайненесин сөккөндүн никеси
Кайненени же энени сөгүү эң чоң күнөөлөрдөн. Бирок никеси бузулбайт. Никеге зыян келтирбестиги күнөөнүн кичинелигине далалат эмес. Мусулман мындай иштен сактанышы, өзүн тыйышы керек.
Үйлөнө турган эркекке жана сүннөт кылына турган балага кына коюу
Аялдарга кына коюуга уруксат. Бирок үйлөнө турган эркекке же сүннөт кылына турган балага кына коюу арам. Бирок эркектер шыпаа ниетинде кынадан пайдаланса болот
(“аль-Хавилиль-Фалавий”:1/114).
Исламда бойдок өтүү, турмуш курбоо барбы?
Жок. Кедей болсо, анын үйлөнүүсүнө жардам берүү бай мусулмандардын милдети. Бул нерсе эркек жана аялды күнөө иштерден сактап, коомчулукта таза өмүр сүрүүнүн бирден-бир жолу.
Куран боюнча, турмуш куруу мусулмандын табигый укугу. “Өз араларыңардагы бойдок-жесирлерди ошондой эле кулдарыңардын жана күңдөрүңөрдүн жакшыларын үйлөндүргүлө. Эгерде алар кедей болушса, Аллаh өз берешендиги менен аларды бай-муктажсыз кылат. Аллаh (берешендиги) Кең, билүүчү” (Нур сүрөсү, 32-аят). Бул ыйык аяттан максат ушул: эч ким Ислам коомунда бойдок, жесир, турмуш курбастан калбасын. Анткени жыныстык эңсөөлөр аны тескери жолдорго баштабасын. Бул буйрук бардык мусулмандарга тиешелүү. Расулуллоh САВ) бойдок өтүүнү каалаган Усман ибн Мазъунга мындай деген: “Жалгыз бой абалда Аллаhка жакындаба!” “Дайлами”: 2/290). Азирети Умардын (РА): “Үч күндөн кийин өлүшүмдү билсем да бойдок өтпөстөн, үйлөнүүнү артык көрдүм”, деп айтканы риваят кылынган (Суютий. “Жамиъуль-Жавамиъ”:1/90).

Кош бойлуу аял башкага никелене алабы?
Боюнда бар аял ичиндеги баласынын теги аныкталгандан соң, эри өлсө же ажырашса, башка эркекке никеленсе болбойт. Анткени аялдын иддасы (талактан кийинки саналуу мөөнөтү) төрөгөндөн кийин аяктайт. Баласын төрөгөндөн соң башкага никеленсе болот.
ИСЛАМДАГЫ ЭМЧЕКТЕШТИК
Нике жөнүндө сөз жүргөндө эмчектештик боюнча да токтолуп өтүү керек. Анткени, эмчектештик себебинен да адамдар ортосунда никеге тосмо (арамдык) пайда болот. Ошондуктан аялдар зарылсыз өз баласынан башкаларды эмизбеши керек. Эгер эмизген болсо, кийин өздөрүнө күйөө бала же келин кылып албасын.
Баланы эмизүү мөөнөтү канча?
Баланы эмизүү мөөнөтү Имам Аъзамдын пикири боюнча эки жарым жыл (жаш). (Сохибайндын сөзү боюнча фатва эки жылга берилет.)
Аллаhтын элчиси (САВ): Бала сүттөн ажырагандан соң, эмчектештик пайда болбойт”, деп айткан. Хадистеги сүттөн ажыраштан максат бул — мөөнөт. Тактап айтканда, эки жарым жашка толбогон бала сүттөн ажыраган болсо да, эмчектештик пайда болот. Ал эми эки жарым жаштан ашкандан соң башка энени эмсе эмчектештик пайда болбойт (“аль-Хидая”: 1/223; “Жавхара”:2/34).
Аял күйөөсүнүн уруксатысыз башка баланы эмизе алабы?
Башканын баласын эмизүү шариятта адал. Бирок күйөөсүнүн уруксаты керек. Күйөөсүнөн уруксат албастан башка баланы эмизүү макрух (“Дураруль-Хуккам”:1/355; “Жавхара”: 2/34).

Сүт эмүү мөөнөтүнөн соң эмизсе болобу?
Бул жөнүндө Имам Маргинаний мындай деген: “Мөөнөт чыккандан соң, эмизүү же эмүү мубах (эрктүү) болбойт, анткени аны мубах (эрктүү) кылган нерсе балага зарыл болгон учур. Сүт аялдын бир бөлүгү, инсандын бир бөлүгүн жеген арам” (“аль-Хидая”: 1/223; “Жавхара”:2/34). Демек, эмизүү зарылдык себебинен гана адал болот.

Эмчектештер мурас алууда шериктеш болобу?
Жок. Сүт ортодогу мураскорлукту пайда кылбайт.

Сүттүн өлчөмү
Ортодо сүт махрамдык (никеленүүгө арамдык) пайда болуу үчүн бир тамчы сүттүн ашказанга жете турган өлчөмдө эмилиши жетиштүү. Көкүрөктөн эмүү да шарт эмес, саап алып, эмизсин же кашык менен ичирсин айырмасы жок. Негизгиси сүттүн ашказанга жетиши.

Киши сүт уулу талак кылган аялга никелене
алабы?
Нике себептүү махрамдык (никеленүүгө арамдык) пайда болот. Мисалы, киши сүт уулунун же сүт атасынын (талак кылган) аялына никелене албайт. Аял да сүт кызынын күйөөсүнө турмушка чыга албайт. Бир эркек сүт кызын шахват (берилүү) менен кармалап-тийишсе, аялы талак болот. Эгерде аял сүт уулун шахват (кызыгуу) менен кармаласа, ал аялга күйөөсү арам болот, талак түшөт.
(Түшүндүрмө: Мисалы, бир аял күйөөсүнөн боюна бүтүп, ошол себептен сүттүү болуп, ошол учурда башка бир сүт эмүү жашындагы баланы эмизсе, ал бала аялдын ушул күйөөсүнө сүт уулу же кызы болуп саналат.)

Жакын туугандарга үйлөнүүнүн зыяндуу тараптары
Жогоруда атасынын бир тууганы, энесинин бир тууганы махрам (никеленүүгө арам) экендиги, бирок алардын балдары арам эмес экендигин айтып өттүк. Демек, эненин бир тууганы менен атанын бир тууганы өз ара никелениши шариятта адал.
Бирок башкаларга караганда туугандарга үйлөнүүнүн кээ бир кооптуу жана оңтойсуз тараптары бар. Баланын сак- саламат жана бакубат болуп төрөлүшүнө эр-аялдын бири- бирине мээрим-махабаттуу жана күчтүү жыныстык эңсөөдө болуусу өтө зарыл экендиги маалым. Анткени, Пайгамбарыбыз (САВ) да эркектерге жыныстык мамиле учурунда шашылбоону, аялдарды канааттандырууга аракет кылууну осуят кылган. Кээде мындай учурлар кездешет: аталары бир туугандар бир короодо чоңоюшат, бири-бирин өтө жакын сезишет, ошондуктан, аларда бири-бирине болгон жыныстык каалоо кээде болбойт. Ошондой эле туугандардын арасында эмчектештер көп кездешет. Мына ушул эки тарап балдардын майып болуп төрөлүүсүнүн негизги себептеринен.
Азыркы илим балдардын кемчиликтүү, майып болуп төрөлүшүнө негизги себеп кылып, жакын туугандарга үйлөнүүнү көрсөтүүдө. Кандын окшоштугу себептүү төрөлгөн жакын туугандардын арасында көбүрөөк кездешүүсү шыпаакерлердин ушундай жыйынтыкка келишине себеп болгон. Бирок алар жогоруда айткан эмчектештик маселесин эстен чыгарышууда. Бул негизге калыс карабай жаткандар Исламдын өкүмүн да бир ойлоп көрүшсө, акыйкатка жакындаган болушмак.
Турмуш кура турган эркек-аялдын теңдиги
Бул теңдик арапча “куфф” деп аталат. Шариятта – турмуш кура турган жубайлардын кээ бир жактан бири- бирине тең болуусу. Бул боюнча Куранда өкүм жок. Атайын хадис да жок. Болгону бир хадис бар: “Үч нерсени

кечиктирбе, намазды, жаназаны жана теңи табылган кызды” (“Байхакий”: 7/133). Көпчүлүк аалымдарды теңдик шарт дегендерине себеп, жубайлардын ортосундагы түшүнбөстүк жана келишпестиктердин алдын алуу, айрыкча эркектердин кээ бир тараптардан аялдан төмөн болбоосу, үй-бүлө башчылыгы бекем болуп, кээ мааниде тили кыска болбосун деген максат. Үйлөнүүдөгү теңдикте аялга эмес, эркекке көңүл бурулат. Эркек өзүнө тең болбогон аялга үйлөнө алат. Аял теңи болбогон эркекке турмушка чыкса, жоопкерлер аларды ажыратуу үчүн каршы болушу мүмкүн. Турмуш курулгандан кийин ортого келген айырмалардын үй-бүлөгө зыяны жок. Этибарга алынбайт (Билман. “Хукукуль-Исламия”: 2/65).
Теңдиктеги көздөлгөн максат жана өзгөчөлүктөр
1. Текте тең болуу.
2. Диндарлык тараптан тең болуу.
3. Илим, өнөр жана жүрүш-турушта тең болуу.
4. Байлыкта тең болуу.
5. Азаттыкта тең болуу.
Төрт мазхабтын имамдары турмуш кура турган жубайлардын ортосундагы диндарлык тарабынан теңдиктин зарылдыгы боюнча маселеде бир бүтүмдө. Ошону менен бирге, Бизде (ханафийлерде) эркектин теги аялдыкынан төмөн болбоосу айтылат. (“Фатхуль-Кадир”: 2/419). Шафиъийлерде болсо, эркек аялдан диндарлык, тек, жүрүш- турушта жана азаттык тарабынан төмөн болбоосу керек. Ханбалийлер майда айырмалар менен шафиъийлерге кошулат. Маликийлер диний далилдер тарабынан дагы да бекем түшүнүктө. (Фатхуль-Кадир”:2/419. Буларга караганда, теңдикте диндарлыгына, дене мүчөлөрүнүн саламаттыгына гана этибар берилиши керек (Билман. “Хукукуль-Исламия”: 2/65). Ханафийлер боюнча да, шафиъийлер боюнча да теңдиктин болбоосу никенин туура болуусуна тоскоол болбойт. Ханафийлерден бир гана Имам Кархийдин пикири боюнча никеде теңдик тап-такыр шарт эмес (Билман.“Хукукуль-Исламия”: 2/71).

Теңдикти зарыл деп билбей турган аалымдар инсан негизи тең жаратылгандыгына, Ислам түрдүү коомдук баскычтар арасында теңдикти жүзөөгө чыгаргандыгына этибар беришет. “Чынында Исламда бардык инсандар тарактын тиштериндей тең (“Фатхуль-Кадир”:2/48). Инсандар арасындагы өзгөчөлүк бир гана Аллаh Тааладан коркуу тарабынан. Мал-дүйнө өлчөм боло албайт, анткени ал келип, кетүүчү (“Билман.“Хукукуль-Исламия”: 2/75). Бул мааниде жок боло турган өзгөчөлүктөгү теңдик маселесинде ашыкча токтолуунун кажети жок. Жок болбой турган өзгөчөлүктөрдүн үстүндө токтолуу керек. Аларга диндарлык, жакшы кулк-мүнөз, чырай жана илим сыяктуулар кирет. Кедей байышы мүмкүн, бирок кулк-мүнөзү жана диний ишенимдери алсыз, Исламий илими жок, жахыл (илимсиз) инсандардын өзгөрүшү кыйын. Ата-эне жана чоң аталардын диндар, илим жана артыкчылык ээси болушу, бул сыяктуу баалуу өлчөмдөрдөн жакыр болгон перзенттерге мактануу жана үстөмдүк себеби болбойт. (“Фатхуль-Кадир”:2/424).
Ошондуктан, теңдик үй-бүлөлөрдөн да көбүрөөк азыр турмуш кура тургандардын өздөрүнөн сүрүштүрүлүшү керек. Ошондо үй-бүлөдө бейкутчулук болот. Эгерде теңдик үй- бүлөлөрдөн (ата-энелеринен) изделип, турмуш кура тургандардын өздөрүнө көңүл бурулбаса, жаш үй-бүлө ата- энесинин боорунан ажыралып чыкса, бул теңдик бузулушу мүмкүн.

Мусулман эмес менен турмуш куруу
Мусулман эркек Китеп элине, тактап айтканда, еврей же христиан аялга, ал аялдын афифа, башкача айтканда, сойку болбостугу шарты аркылуу, үйлөнүүсү – макрух болуу менен жарай берет. (Ма-ида, 5). Бирок динсизге үйлөнүүгө болбойт.
Куранда мушрик аялдарга, алар ыйман келтирмейинче, никеленүү тыйылган (Бакара, 221).
Мусулман аялдын мусулман эмес эркекке турмушка чыгышы арам (тыйылган). Бул мусулман эмес эркек еврей

болсун, христиан болсун, мушрик болсун, тап-такыр динсиз болсун – айырмасы жок. Куранда минтип айтылат: “Тээ ыйманга келишмейинче мушрик аялдарга үйлөнбөгүлө. Күмөнсүз, азат мушрик аялдан, эгер ал силерге жакса да, ыймандуу күң жакшы. Тээ ыйманга келишмейинче мушрик эркектерди (кыздарыңарга) үйлөбөгүлө! Күмөнсүз, азат мушриктен, эгерде ал силерге жакса да, ыймандуу кул жакшы” (Бакара, 221). Мусулман аял мусулман эмеске турмушка чыкса, күйөөсү Исламга чакырылат, эгерде мусулман болбосо, аял ажыратылат, ажырабаса, Исламдын бир өкүмүн жокко санаган болуп, ибадаты кабыл болбойт.
Мусулман эмес жубайлар чогуу мусулман болушса, никелери эмне болот?
Эгерде Китеп элинен болгон жубайлар Исламды чогуу кабыл алышса, мурдагы турмуштары эске алынат, жаңыдан нике кыюу шарт эмес (“Жавхара”: 2/30; “аль-Лубаб”: 2/30). Бирок алар мусулман болгондон соң, араларында үйлөнүүгө тоскоолдук себептер (м: Жакын туугандык, эмчектештик сыяктуу) болсо, никелери жокко чыгат.
Эр-аялдын экөөнүн бири динден кайтса эмне болот?
Нике бузулат. Ошол замат ажырашкан болуп саналат. Аларга талактын зарылдыгы жок. Экөө бир учурда динден кайтышса да, өкүм ушундай (“Жавхара”: 2/30; “аль-Лубаб”: 2/30).
Хурмати мусахара
(арамдыктын пайда болуусу)
Бул маселелер өтө аз болсо да, мусулмандардын жашоосунда кездешип турат. Анткени бул өз учурунда суралып жаткан маселе. Ошондой эле ушуну бекемдөө керек, бул темалар такыбанын темасы же майда маселелерден эмес, буга өтө этибар берилиши шарт.
Мазхабыбыз боюнча “хурмати мусаххара” мындайча чечмеленет: “Бири-бири менен жыныстык мамиледе болгон

же жылаңач же дененин табы сезиле турган даражада жука кийимде бири-бирине жабышып, шахватты (дүүлүгүүнү) сезген же бири-биринин жыныстык мүчөсүн ачык көрүп (түктүү жерлерин гана көрүү жетиштүү эмес), шахватты (дүүлүгүүнү) сезишсе, “хурмати мусаххара” пайда болот (“Дураруль- Хуккам”:1/330; “Жавхара”:2/5); “аль-Лубаб”: 2/5); “Фатава’и Хиндиййа”:1/274); “Фатава’и Каазихан”: 2/360).
Тактап айтканда, дал бири-бири менен эр-аял сыяктуу, бири-биринин жогорку жана төмөнкү тектери өздөрүнө арам болот. Өкүм жагынан бир жакындык пайда болот. Кыскача кээ бир мисалдарды келтиребиз:
Бир эркек шахват (дүүлүгүү) менен кайненесинин же келин кайнатасынын колун кармаласа, жубайы ага арам болот, никеси бузулат.
Бир эркек шахват (дүүлүгүү) менен кайненесинин же келин кайнатасынын колун кармап, бул себеп менен экөөндө тең же биринде гана шахват сезими пайда болсо, жубайлардын күйөөлөрү өздөрүнө арам болот, нике бузулат
(“Дураруль-Хуккам”:1/330; “Дамат”: 1/212; “Жавхара”: 2/6).
Шахваттын (дүүлүгүүнүн) өлчөмү: кыялына жаман пикирдин келиши гана эмес, эркектин жыныстык мүчөсүнүн козголуусу, аялдын көңүлүнүн жибиши (“Дураруль- Хуккам”:1/330; “Дамат”: 1/212; “Жавхара”: 2/6).
Мындай арамдыктын ишке ашуусунда өзүнө сүйкөнгөн
же жыныстык мүчөсүнө каралган киши “муштахат” (көңүлдү бура турган) болушу шарт. Тогуз жашка жетпеген балдар муштаха эмес (“Дураруль-Хуккам”:1/330; “Дамат”: 1/212; “Жавхара”: 2/6).
Калың (махр)
Эркектин үйлөнө турган аялга белек катарында бере турган акчасы же малы – калың. Калың нике келишиминин бир шарты болуп, Куран жана хадис менен далилденген.
Имам Аъзам жана Имам Малик боюнча, калыңдын эң азы (важиби) он дирхам (28 грамм күмүш). Мындан азы калыңга эсептелбейт. Капыстан аз белгиленген болсо, баары бир он дирхам берүү шарт. Калыңдын көбү чектелбеген.

Пайгамбарыбыз (САВ) “Калыңдын эң жакшысы – азы” деген (“Найлуль-Автар”: 6/179). Калың – аялдын акысы. Ата же жакын жоопкер ага (калыңга) ээлик кыла албайт. Туура нике келишими түзүлсө, калыңды белгилөө унутулса да төлөө шарт болот. Бул жагдайда калың экиге бөлүнөт:
1.Махри мисл – калыңдын окшошу. Нике кыйылып жатканда калыңдын өлчөмү аныкталбаган болсо, аялдын теңине карап ага ылайык өлчөм чыгарылышы керек. Муну “махри мисл” (калыңдын окшошу) деп айтат. Бул тараптан этибарга алына турган нерселер: кыздык намысы, жашы, чырайы, мүнөзү, акылы, илими, адеби, байлыгы. Аялдын жакын туугандарынын арасында бул өзгөчөлүктөрдө өзүнө тең болгондорго белгиленген калың бул аялдын окшош калыңы. Жакындарынын арасында окшошу табылбаса, айланага карап өлчөм чыгарылат.
2. Махри мусамма. Нике кыйылып жатканда же мурдараак келишилген калың. Бул да он дирхам (28 грамм) күмүштөн кем болбойт. Калың мурдатан берилиши мүмкүн болгондой эле, белгиленген мөөнөт кийинкиге да калтырылышы мүмкүн. Бул тараптан калың экиге бөлүнөт.
а) махри муъажжал – тездетилген, мурдатан берилген калың. б) махри муаххор – баарынын же бир бөлүгүнүн өтөлүшү турмуш кургандан кийинкиге калтырылган калың. Тактап айтанда, “кечиктирилген калың”.
Эгер кечиктирүү мөөнөтү белгиленбеген болсо, өлүм же ажырашуу учурунда өтөлүшү керек. Аял тездетилген калыңды алмайынча турмуштук мамилелерге киришпөөсү мүмкүн. Тездетилген калыңды мөөнөтүнөн кийинкиге калтырбоо керек. Никеде калыңдын берилиши важиб болгондуктан Аллаhтын алдындагы милдет. Ошондуктан никенин башында калыңды четке кагууга болбойт. Бирок кыйылгандан соң аял кааласа, калыңды күйөөсүнө тартуу кылуусу, калыңдан баш тартса болот (Фатава’и Хиндиййа”:1/203). Калың – аялдын гана акысы. Аял калыңды себи үчүн иштетүүгө милдеттүү эмес. Кыздын жакындары эркектен эч

нерсе талап кыла албайт. Бул дегени, элде адатка айланган калың Исламга чак келбейт. Нике кыйылаары менен эле аял калыңга ээ болот. Мында акы толук же жарым болушу мүмкүн.
Калыңды толук алууга аялды укуктуу кылуучу учурлар
1. Жакындык кылбастан мурда эр-аялдын бири өлсө.
2. Хилвати сихханын пайда болушу. Хилвати сихха – эр- аялдын өздөрүнчө ээн калышы жана жыныстык катнаш кылууга мүмкүнчүлүктүн туулушу.
Калыңдын жарымын алууга аялды укуктуу кылуучу учурлар
1. Жакындык кылбастан мурда ажырашса.
2. Хилвати сиххадан, тактап айтканда, өздөрүнчө ээнкалбастан мурда ажырашса (“Дамат”: 1/210; “Жавхара”: 2/18, “Дураруль-Хуккам”:1/341).
Келишип койгон кызга жөнөтүлгөн белек
Эркек келишип койгон кызга белек жиберип, ортолорунда нике болбостон мурда келишим бузулса, абал мындай: эгерде жиберген белеги тез арада бузула турган, мисалы, жей турган нерсе болсо, артка кайтарылбайт. Алтын, кийим-кечек, акча сыяктуу нерселер болсо, артка кайтарылып бериши керек. Иштетип, эскиртип же жоготуп койгон болсо төлөп берет (“Дамат”: 1/210; “Жавхара”: 2/18, “Дураруль-Хуккам”:1/341). Эгерде үйлөнөөрдөн мурда эркек өлүп калса, алтын жана кымбат баалуу нерселери кайтарылып берилет, жокко саналган нерселердин төлөнүшү шарт эмес
(“аль-Фатхур-Рохман” 2/17).

Хилвати сихха
“Хилват” – бир орунда ээн калуу. Ал эми хилвати сихха
– эр-аялдын эч ким көрбөй турган, бирөө өз ыктыяры менен

кире албай турган, бек же бек саналган бир орунда бирге ээн калуулары. Өкүмү белек сыяктуу десе боло турган бул учурда да аялдын толук калыңга укугу бекемделет. Эр- аялдын биринде жыныстык мамилеге тоскоол боло турган нерсе болбосо, хилвати сиххага саналат. Тоскоолдук: оору, жаштык, өңү серттик сыяктуу өздүк абал, же парз намаз, парз орозо, ажылыкта ихрамда болуу, айыз, нифас сыяктуу шарият өкүмдорү болушу мүмкүн. Жанында сокурбу, уктап жаткан балабы, айтоор бирөө болсо, жана жогоруда айтылган тоскоолдуктардын бири эр-аялдын биринде болсо, хилвати сихханы бузат. Катнашка жарамсыздык хилвати сиххага тоскоолдук эмес (“Жавхара”: 2/1, “Дамат”: 1/211, “Дураруль- Хуккам”:1/332).
Хилвати сихха гусл кылууну, кыздардын башка эркекке арам болушун, үч талак менен ажырашкан жубайынын баштагы күйөөсүнө кайтышын, мураскор болушун зарыл кылбайт. Болгону теги анык болушун, идда күтүшүн, каржы жана калыңды милдет кылат (“Жавхара”: 2/10, “Дамат”: 1/219, “Дураруль-Хуккам”:1/332).
Акырет туугандыгы жана бүлөлүгү
Исламда тек жана сүт жолунан башка эркек менен аялдын ортосунда жакындык жок (“Ниъматуль-Ислам”, Муфаракот:30). Анткени, Исламда акырет туугандыгы же акырет бүлөлүгү деген түшүнүк жок.
Үйлөнө турган кызды көрүү
Шарият боюнча зыяны жок. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Аллаh Таала кишинин жүрөгүнө бир аялга үйлөнүүнүн эңсөөсүн салса, аны көрүүгө болот”.
Жуучунун үстүнө жуучу түшүүгө болобу?
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Бирөө соодалашып турган учурда башка бирөөнүн (ортого аралашып,) үстүнө соодалашуусу жана жуучу болуп турган аялга алар бир чечимге келгенге чейин же ажыраганга чейин башка

бирөөнүн (ортого аралашып,) жуучу болуусу адал эмес”
(Булугул-Мараам”: 3/246).

Бойдок өтүү жөнүндө
Шарият жана медицина тараптан тыюулар болбосо, бойдок өтүү жакшы эмес. Кедейлерди үйлөндүрүү бай мусулмандардын буйругу. Бул нерсе коомчулукту адепсиз иштерден сактап, ар-намыстуу жашоонун бирден-бир жолу.
Куранда мындай айтылат: “Өз араларыңардагы бойдок-жесирлерди ошондой эле кул жана күңдөрүңордүн жакшыларын үйлөндүргүлө. Эгерде алар кедей болушса, Аллаh өз берешендиги менен бай-муктажсыз кылат. Аллаh (берешендиги) Кең, Билүүчү” (Нур сүрөсү, 32-аят).
Бул ыйык аяттан көздөлгөн максат, Ислам
коомчулугунда эч бир себепсиз бойдок жана жесирлер болбоосу, жыныстык каалоолор бир гана шарият жолу менен ишке ашуусу.
Азирети Умар (РА) мындай деген: “Үч күндөн соң өлүшүмдү билсем да, бойдок өтүүдөн караганда үйлөнүүнү артык көрөмүн” (Суютий).
“Аялдардын укугунда Аллаhтан корккула! Анткени, силер аларды Аллаhтын убадасы менен алдыңар жана Аллаhтын келмеси (сөзү) менен денелерин өзүңөргө адал кылдыңар” (Аллаhтын элчисинин коштошуу кутбасынан).
Талак
“Талак” сөзүнүн сөздүктөгү мааниси ар кандай нерсенин “түйүнүн чечүү”, “байламын бошотуу”, үзүү”.
Шариятта, нике менен болгон байланышты чечип жиберүү. Тактап айтканда эркек менен аялдын ортосундагы байланышты (түйүндү) чечип жиберүү. Жашоо-турмуштагы келишпөөчүлүктүн эч бир чарасы болбосо, акыркы чаракатары Аллаh Таала талакты адал кылган.
Батыштагылар канча кылымдардан бери ажырашууну адал кылгандыгы үчүн Исламды каралайт. Алардын пикири

боюнча бул нерсе аялдарды басынтуу, урматын түшүрүү имиш.
Эркек-аял турмушун улай албай турган даражада соңку чекитке келсе да, ошондой азапта жашоого мажбур. Анткени мыйзамдар жана бузук ишенимдер ажырашууну четке кагат. Эч бир чарасы калбаса, такыр мүмкүн болбой калган учурларында өздөрүнчө жалгыз-жалгыздан жашоого мүмкүндүк берилет, бирок ошондо да мыйзам боюнча ажырашпайт.
Исламдын талакка көз-карашы кандай?
Ислам жубайлардын турмушун дайыма уланып турушун, өлүмдөн башка нерсе аларды ажыратпашын каалайт. Болгону эч бир чогуу жашоого мүмкүнчүлүк калбаганда гана ажырашууга уруксат берилет. Мындай абал инсандын табиятына ылайык. Себепсиз ажырашуу арам. Куранда: “Аялдарыңар силерге баш ийишсе, аларга каршы башка жол издебегиле!” (Ниса сүрөсү, 34-аят), деп буйрулган. Расулуллоh (САВ): Үйлөнсөңөр, ажырашпагыла. Анткени Аллаh Таала лаззатка берилген эркектерди жана лаззатка берилген аялдарды жактырбайт” (“Кашфуль-Хафа”: 1/304) деген. Талак Аллаh Таалага жакпаган эрктүү амал. “Үйлөнгүлө, бирок бул үй-бүлөңөрдүн курулушун талак менен бузбагыла. Талактын жамандыгынан Аллаhтын Аршы титирейт” деп айтылат. (“Умдатуль-Кари”:9/528). “Кайсы бир аял олуттуу себепсиз күйөөсүнөн ажырашууну сураса, ал тургай ага бейиштин жыты да арам (Абу Давуд, Хадис №:1187).
Келишпөөчүлүктөр кантип жөнгө салынат?
Жубайлар арасында түрдүү себептер менен келишпөөчүлүктөр чыгышы мүмкүн. Мунун чарасын табуу үчүн чоң кайратмандуулук көрсөтүү керек. Биринчиден эр- аялдын өздөрү бул келишпөөчүлүктү жөнгө салуулары керек. Бул шарттарга көнүшпөсө, эки тараптан өкүм чыгаруучуларга кайрылуулары керек. “Эгерде эр-аялдын

аралары бузулуп кетүүдөн корксоңор, эр тараптан бир (адилет) өкүм кылуучу, аял тараптан бир (адилет) өкүм кылуучу чакыргыла. Эгерде алар (эр-аял) жарашууну каалашса, Аллаh эр-аялдын ортосуна ынтымакты орнотот. Аллаh – билүүчү жана Кабардар” (Ниса сүрөсү, 35-аят). Аяттын маанисинен үй-бүлөнүн ынтымакта болуусу жебузулуп кетүүсү (адилет) өкүм кылуучулардын каалоосуна, демек, көңүлдөрүнө, ниеттерине аракеттерине көп тараптан тиешелүү экендиги түшүнүлөт. Мындан тышкары, өкүм чыгаруучулардын эр-аялдын өздөрү тараптан тандалышы үй- бүлөнүн сырын сактоонун көркөм касиеттеринен.
Ажырашуунун өкүмү
Ар бир жол сынап көрүлгөндөн соң, чогуу жашоого эч кандай чара калбаса, ажырашуу жөнүндө Куранда мындай айтылат: “Эгерде эр-аял ажырашып кетишсе, Аллаh экөөнү тең Өзүнүн кеңдик-берешендиги менен камсыз кылат…”
(Ниса сүрөсү, 130-аят).

Өкүм тарабынан талактын түрлөрү
1.Мубах. Бардык аракеттерге карабастан, жубайлар бири-биринен иренжий турган даражага жетип барышса, ажырашуу мубах-эрктүү иш.
2.Мустахаб. Намыссыз жана динсиз жубайдан ажырашуу мустахаб. Намазын, орозосун жана башка парз ибадаттарды таштаган жубайды талак кылуу мустахаб
(“Умдатуль-Кари”: 3/528).
3.Важиб. Жубайлардын жыныстык мүчөлөрү катнашууга жарабаса, эр-аялдык кыла алышпаса, жыныстык тараптан жугуштуу оорусу болсо, ажырашуу важиб-милдет.
4.Макрух. Зарылсыз жана кемчилиги болбогон жубайынан ажырашуу, усулга ылайык болсо да, арамга жакын макрух.
5. Арам. Сүннөткө ылайык болбогон ажырашуу күнөө. Анткени ажырашса, балдары кароосуз, дин жана дүйнө

иштери чала болуп калат. Зарыл муктаждык менен чогуу жашоого мүмкүндүк болбой калган учурда гана ажырашууга болот. Адалдар арасында эң жаманы талак экендигин Расулуллоh (САВ) бекемдеп айткан (“Умдатуль-Кари”: 9/528).
Талак укугу
Исламда талак укугу эркекке тиешелүү. Маалым сөздөрдү айтуу менен талак пайда болот. Эркек аялына “сени коё бердим”, “сенден ажыраштым”, башың бош” деген сыяктуу сөздөрдү айтса, талак түшөт.

Ажырашуу укугу аялга да берилеби?
Исламда ажырашуу эркектин укугу. Эркек кааласа, бул укукту аялына да берет. Мисалы, аялына: “Он жылга чейин ажырашуу укугун сага бердим, он жылга чейин ушул укукка ээсиң” деп бул укукту аялына берсе аял ошол мөөнөттүн ичинде талак укугуна ээ болот. Каалабаса, ажырашпайт (Ибн Абидин: 2/481). Муну “тафвизу-талак” (“талакты тапшыруу”), деп айтылат. Никеде ажырашуу укугу колунда болгон эркек аялына өзү каалаган учурда ажырашуу укугун берет. Ажырашуу көрсөтмөсүн жана талактын санын белгилейт. Аял ушул шарттардын ичинде ажырашуу укугунан пайдалана алат. Бирок эркек аялына берген бул ажырашуу укугун кайтарып албайт. Мындай укук берилбеген болсо, аялдын өзүнүн күйөөсүнөн ажырашууга укугу жок (“Фатхуль- Кадир”: “аль-Хидая”:1/224).

Талакты колдонуу шарттары
Киши талак укугун колдоно алышы үчүн кээ бир шарттарга ээ болушу керек, алар:
1. Ажырашып жаткан эркектин өзү же анын өкүлү болушу. Нике учурунда болгондой эле ажырашып жатканда да өкүлдүк жарайт.

2. Акылы ордунда болуу. Акылы тараптан ооруса, акылы алсыз (оору же башка себептен) о.э. уйкудагы кишинин талагы жарабайт.
3. Балагат жашына жеткен болушу керек. Жаш баланын талагы эсепке алынбайт.
4. Ажырашуу ниети болбостон аялга тамашалап ажырашууну билдирүүчү сөздөрдү иштетсе да талак түшөт. Мында ниет шарт эмес. Анткени Расулуллоh (САВ): “Талактын тамашасы да чыны да чын” деп айткан (Абу Давуд: “Талак”:9).
Талак канча түрдүү болот?
1. Сүннөткө ылайык талак
Куранга жана сүннөткө ылайык талак “сунний талак” деп аталат. Бардык имамдардын пикири боюнча, эркек менен аялдын ортолорунда никеден кийин жыныстык катнаш болгон болсо, айыздан соң жыныстык мамиле болбостон мурда, бир жолу талак бериши сүннөткө ылайык. Бул боюнча талактын үч түрү бар:
-айызда болбоосу керек;
-айыздан тазалангандан соң жыныстык мамиле кылбаган болуусу керек;
— бир гана талак берүү керек.
Сүннөткө ылайык талактын бир нече хикматтары (пайдалары) бар. Биринчиден, мында киши ойлонуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Аялын талак кылуучу болгон киши бир тазалык учурунда бир талак берет, экинчи талакты бергенге чейин күтөт, бул мөөнөт ичинде ажырашууга сабыр кыла албашын билип, өкүнсө, кайра аялына кайта алат. Аял да турмушун улантууга аракет кылат. Жубайлар артыкча түйшүктөн кутулат.
2 Бидъат талак
Сүннөткө каршы, тактап айтканда, аялга айыз учурунда же таза болоору менен жыныстык мамиледе болуп, же бир тазалык мөөнөтү ичинде бирден ашыкча берилген талактар

“бидъий (бидъат) талак” деп аталат. Мындай талак кылуу андай учурда күнөө (“аль-Хидая”:1/226).
Кайра жарашууга боло турган талактын түрлөрү
1. Рожъий талак.
Бул талакта кайрадан никеленүү жана калың белгилөөнүн кажети жок, талак кылган аялы менен кайрадан бирге жашоону улантууга болот.
Эркек аялына “сага талак бердим” же “башың бош” десе, бир рожъий (никесиз эле кайра жарашып алса боло турган) талак түшөт. Рожъий талакта эркек идда (талактан кийинки саналуучу мөөнөт) ичинде аялына кайтаруу укугуна ээ. Кайра никесиз деле турмушу улана берет, калыңды жана никени жаңылоонун кажети жок. (“аль-Хидая”:1/228; “Умдатуль-Кари”: 9/528). Аялга күбөсүз эле кайтуу рожъий талакта туура болсо да, күбө менен кайтуу мустахаб. Рожъий талакта эркек аялын өзүнө кайтарбастан мурда идда мөөнөтү бүтсө, талагы баин талакка айланат.
2. Баин талак
Биротоло ажырашуунун түрү. Мында үй-бүлө бузулат.
Төмөнкү учурларда баин талак түшөт:
1. Киная (т.а. башка сөздү колдонуп, көздөлгөн максатты билдирүү) жана ачуу сөздөр менен ажырашуу.
2. Аялдын каалоосуна жараша ордуна бир нерсени келишүү менен ажырашуу.
3. Үчүнчү талак укугун колдонуу.
Баин талак эки түрдүү болот:
а) байнунати сугро – кичине ажырашуу. Бир же эки баин талак болсо, кичине ажырашуу болуп саналат. Мында аялдын ыраазылыгы жана эки күбө менен никени жаңылоого болот. Рожъий талактагы сыяктуу, эркектин гана ыраазылыгы, бушаймандыгы, кайтышы жетиштүү эмес;
б) байнунати кубро – чоң ажырашуу. талак үч же үчүнчүсү болсо, мындай ажырашуу чоң ажырашуу. Бул баинталактын өкүмү: аял эркекке арам болот. Чогуу жашаган

турмушу бузулуп чегине жетет. (“Умдатуль-Кари”: 9/528; “Фатхуль-Кадир” 3/99).
Талак кандай сөздөр менен айтылат?
1. Ачык-айкын сөздөр менен: “Ажыраштым”; “Башың бош”; “Талак кылдым”; сыяктуу сөздөр. Бул сөздөр айтылаары менен баин (оор-ачык) талак түшөт. Маанисин, өкүмүн түшүнүп же түшүнбөй айтса да айырмасы жок. (“аль- Хидая”:1/230; “Фатхуль-Кадир” 3/99).
2. Киная (ачык болбогон сөз) менен. Ажырашуунун да, башка нерсенин да маанисин билдирүүчү сөздөр, мисалы: “чык!”, “кет!”, “тур!”, “бар!”, “башыңды жап!”, “арамсың”, “мен сенин күйөөң эмесмин”, “өзүңө күйөө тап!” “изде!” “сенден айрылдым”, “идда (мөөнөт) күт!”- деген сыяктуу сөздөр.
Эркек бул сөздөрдү ажырашуу ниетинде же ажырашуу жөнүндө сөз жүрүп жатып, жана ачуу үстүндө айтса, бул сөздөр ажырашууга тиешелүү болуп, талак түшөт (“аль- Хидая”:1/240; “Фатхуль-Кадир” 3/100).
Үч талак маселеси
Бир учурда эркек аялына “Сага үч талак бердим” десе, бир талак эмес үч талак түшөт.
Сахабалар таабийъиндер (алардын артынан келген аалымдар) жана төрт мазхаб боюнча эгерде бир сөз менен аялга үч талак берилсе, үч талактын укугу бирден колдонулган болот. Аялга: “Сени үч талак менен коё бердим”; “Сага үчтөн тогузга чейин талак бердим”; “Миң талак бердим” дегенге окшош.
Ажырашууга тиешелүү кээ бир керектүү
маселелелер
1. Коркутуп же азил-тамаша менен ажырашуу
Эркек коркутуп же тамашалап аялына: “сени коё бердим, ажыраштык” же “сенин башың бош”- десе, аялынан ажырашкан болот (“аль-Фикху аъла мазахибиль арбаъ: 54/280;

“Фатхуль-Кадир”:3/38. Анткени талактын (ажырашуунун) тамашасы жок. Расулуллоh (САВ): “Үч нерсенин чыны да тамашасы да чын алар: талак, нике жана ражъат (ажыраган аялына кайтуу) –деген (Абу Давуд. “Талак”:9).
2. Мастын талагы
Мас кылуучу ичимдиктерди, тактап айтканда Ислам тыйган ар кандай мас кылуучу нерселерди өзүнө кабылдап, аялына: “Сени коё бердим”, десе, ханафий жана шафиъий мазхабтары боюнча аялынан ажырашкан болот (“Дамат”:1/585).
3. Кат (жазуу) аркылуу талак.
Эркек жанында болбогон аялына кат жазып, кол коюп, же мөөрүн басып, ажырашкандыгын жазып жөнөтсө, аялдын башы бош болот. Ошондой эле, өзү жаза албастан бирөөгө жаздырса жана бул каттын ага тиешеси ачык билинсе, аялынан ажырашкан болот (“Фатава’и Хиндиййа”: 1/379).
4. Эс-акылсыз жана акыл-эс тараптан оорулуунун талагы
Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Акылы бузук жана эс- акылы начардан башка ар бир кишинин талагы жарайт” (Ибн Маажа. “Талак”:15, Тирмизий. “Талак”:15).
“Үч кишиден талак түшпөйт алар: уктап жаткан кишиден, ойгонгонго чейин; жаш баладан, балагатка жеткенге чейин; жиндиден өзүнө келгенге чейин” (Ибн Маажа. “Талак”:15, Абу Давуд. “Талак”:17).
Бир киши үшүнөн кетүү, талма сыяктуу оорулар учурунда талак айтса, талак түшпөйт. Мындай оорулар эс- акылы жайында болгон учурда талак беришсе, талак түшөт
(Ибн Абидин: 2/426).
5. Дил менен ажырашуу
Тил менен айтпастан, дили менен гана ниет кылып, ажырашууга болбойт. Талактын түркүгү болгон каалоо баяны ачык же анчалык ачык болбогон (киная) сөздөр менен айтылмайынча же жазылмайынча талак түшпөйт (“Истилахати Фикхия комус”: 2/184). Пайгамбарыбыз (САВ) айткан: “Аллаh Таала үммөтүмдүн жүрөгүнөн өткөн нерселери амалга ашмайынча же сүйлөмөйүнчө жоопкер кылбайт” (Ибн Маажа: 1/658).

6. Шарттуу ажырашуу
Бир киши аялынан ажырашууну бир нерсеге байланыштырса, мисалы, “Көчөгө чыксаң, талаксың”, десе, ажырашуу көчөгө чыгууга байланат. Аялы көчөгө чыкса бир талак түшөт.
Талактан эркектин ниети коркутуу болсун, тамаша болсун, бир талак түшөт (“Дамат”: 1/418).
Жыныстык мүчөгө кароонун өлчөмү
Жыныстык мүчө ачык көрүнгөндө гана аны көрдү деп өкүм кылынат. Түктүү жерин гана көрүү жетиштүү эмес. Аял тик турган абалында гана эмес, ал тургай тизелерин бүгүп олтурган аялдын да жыныстык мүчөсүнө берилүү менен караса, “хурмати мусаххара” (арамдык) пайда болот (“Фатва-и Каазихан”: 1/360). Дагы олтурган аялдын жыныстык мүчөсү айнек-шише же өтө жука парданын артынан кароо же суунун ичинде кароо менен да арамдык пайда болот.
(“Дураруль-Хуккам”: 1/330, “Дамат”: 1/212; “Фатва’и Каазихан”: 1.360).
эркектин тик турган жыныстык мүчөсүнө кароо арамдыкты пайда кылат.
Уулунун же кызынын жыныстык мүчөсүнө кароо
Аял тогуз жаштан өткөн уулунун жыныстык мүчөсүнө берилүү менен караса, күйөөсү өзүнө арам болот. Эркек кызынын жыныстык мүчөсүнө карап, берилсе же берилүү менен караса, аялы өзүнө арам болот (“Жавхара”: 2/5; “аль- Лубаб”:2/5; “Фатава’и Каазихан”: 1.360).
Уулун же кызын шахват (берилүү) менен кармалоо
Аял маалым шарттарга ээ болгон (балагатка жеткен) уулунун денесине жылаңач абалында берилүү менен жабышса же караңгыда билбестен (же билип), күйөөм,- депойлоп, кучактап-өпкүлөсө же кармаласа, күйөөсү өзүнө арам болот. Эркек билбестен, аялым деп ойлоп же билип туруп, берилүү менен, маалым шарттарга ээ болгон (балагатка жеткен) кызын кучактап-өпкүлөсө, кармаласа, аялы өзүнө

арам болот (“Дураруль-Хуккам”: 1/330, “Дамат”: 1/212; “Фатава’и Хиндиййа”: 1/275).
Кайнатасы келинин шахват (дүүлүгүү) менен өпсө, кучактаса, нике бузулабы?
Эгерде бир эркек уулунун аялын дүүлүгүү менен өпсө, (кучактап, кармаласа) ошол аял тактап айтканда, келини күйөөсүнө арам болот (“Фатава’и Абдурахим”: 141. “Фатава’и Хиндиййа”: 1/275). Хурмати мусаххара (арамдык) пайда болот.
Ууртунан же эринден өбүү: Эркек кайненесинин ууртунан, илебинен шахватсыз (берилбестен) өпсө да, арамдык пайда болуп, аялы өзүнө арам болот. Анткени мындай өбүү негизинен берилүүдөн болот. (“Дураруль-Хуккам”: 1/330, “Дамат”: 1/212; “Фатава’и Хиндиййа”: 1/275). Мойнунан кучактоо да өбүү сыяктуу (“Дурарул-Хуккам”: 1/330, “Дамат”: 1/212; “Фатава’и Хиндиййа”: 1/275). Уурту, эрини, башы, ээгинен өбүү да ушул сыяктуу (“Дураруль-Хуккам”: 1/330, “Дамат”: 1/212; “Фатава’и Хиндиййа”: 1/275). Хурмати мусаххаранын (арамдыктын) пайда болуусу үчүн шахват (делебенин козголуусу) шарт.
Улуу хадис аалымы, факих Бадридин Айний “Хидая” китебине жазган кеңейтмесинде хурмати мусаххарага байланыштуу белгилерди келтиргенден кийин, темага байланыштуу эки хадисти айтат:
Умму Хаани риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: “Бир эркек бир аялдын уяттуу жерине караса, ошол аялдын энеси жана кызы ушул караган эркекке арам болот” (Айни. “Биная алал Хидая”: 2/14). Дагы Ибн Абу Шайба жана ибн Умар (РА) риваят кылган хадисте Расулуллоh (САВ) айтат: “Бир эркек бир аял менен катнашса же дүүлүгүү менен өпсө же берилүү менен жабышса же берилүү менен уяттуу жерине караса, аял ошол эркектин атасына жана уулуна арам болот (Айни. “Биная аълал Хидая”: 2/41).
Бүгүн көп шарият маселелери унутта калгандыктан кээ бир мусулмандарга оор туюлат. Бул абал Исламий өкүмдөргө көңүлкоштук болуп жаткандыктан, бүгүн

жакындар тарабынан жыныстык суздоо жана алсыздыкка дуушар болгон инсандар кездешип турат. Теманы кенен жана терең түшүнүү үчүн “Хурмати мусаххара” темасын кайра-кайра окууга туура келет.
Көкүрөк жана жыныстык мүчөнү кармоо: Эгерде эркек бир аялдын көкүрөгү жана жыныстык мүчөсүн кармап, шахват менен (дүүлүгүп) кармабагандыгын айтса да, арамдык пайда болот. Бир аял эркектин жыныстык мүчөсүн кармап, шахватсыз (дүүлүгүп) кармабагандыгын айтса да арамдык пайда болот. Жылаңач абалда же жылуулукту өткөрө турган жука кийимдин үстүнөн кармаганда да ушундай (“Фатава’и Хиндиййа”: 1/276).
Зынаа (ойноштук) кылган кишинин баласына турмушка чыгууга болобу?
Бир эркек менен зынаа (ойноштук) кылган аялга ал эркектин атасы, чоң атасы жана уулдары арам, алар менен турмуш кура албайт. Эркекке да ал аялдын энеси, чоң энеси, кыздары жана неберелери арам, буларга эч качан үйлөнө албайт (“Фатава’и Каазихан”: 1.360; “Жавхара”: 2/5; “аль-Лубаб”:2/5). Зынаа (ойноштук) кылган эркек менен аял бири-бири менен турмуш кура алат. Башта кылган зынааларынын күнөөсү башка маселе.
ИДДА
Идда — сөздүктө саноо. Шариятта аялдын күйөөсүнөн ажырап, башкасына тийгенге чейин арада күтүүсү керек болгон мөөнөттү айтат. Идда аялдын кош бойлуу болгон же болбогондугун аныктоочу, рожъий (никесиз жараша ала турган) талакта эр-аялдык турмушуна кайрадан кайтуу мүмкүнчүлүгүнүн берилиши жана талакты жаман колдонбоо, жаман ниетте пайдаланбоо үчүн.
Талак учурунда айыз көргөн аял үч айыз мөөнөт күтөт. Куранда: “Талак кылынган аялдар өздөрүн үч айыз мөөнөтүндө күзөтүшөт”-деп айтылган (Бакара сүрөсү, 228-аят).

Картайгандыгы же жашы жетпегендиги себептүү айыз көрбөй турган аялдын иддасы үч ай. Кош бойлуу аялдын идда-мөөнөтү баласын төрөгөндө бүтөт. Куранда: “Аялдарыңардын арасындагы айыз көрүүдөн үмүт үзгөндөрү, эгерде шектенсеңер, демек, алардын иддалары үч ай, дагы (эч) айыз көрбөгөндөрдүн (иддалары да үч ай)”- деп айтылат. (Талак сүрөсү, 4-аят). Ушул аяттын уландысында: “Кош бойлуулардын (идда) мөөнөттөрү боюндагыларын коюулары (төрөгөнгө чейин)”, деп айтылат.
Күйөөсү өлүп, кош бойлуу болбогон аялдын идда
мөөнөтү төрт ай, он күн. Куранда мындай айтылат: “Силерден көз жумган кишилер аялдарын калтырган болушса, алар төрт ай, он күн өздөрүнө карап (идда сактап) турушат” (Бакара сүрөсү, 234-аят).
Баин (оор) талак менен ажырашкан аял идда мөөнөтүндө
күйөөсүнөн обочо турат. Үчүнчү киши болбогон жайда экөө бирге кала албайт. Анткени ортолорунда жубайлык бүткөн. Иддасы бүткөнчө каржылап, обочо жашайт. Рожъий талакта булар шарт эмес (“Истилахал Фикхия Комуси”: 2/210).
Экөө бир жайда ээн калып, эрди-катын ортосунда болуучу иштердин болуусу менен же күйөөсүнүн: “мен кайра аялымды никеме кайтардым”-деген сөзү менен да аялдын никеси кайра ордуна келип калат.
ИСЛАМДА АРАМ БОЛГОН ТУРМУШ ТҮРЛӨРҮ
Төмөндө санала турган түрлөрү Исламдан мурдагы – жахилият доорундагы никенин түрлөрү болуп, бүтүндөй бузук, тыюу салынган:
1. Мутъа никеси.
2. Муаккат (убактылуу) нике.
3. Шигар никеси.
7. Бадал никеси.
9. Тажрыйба үчүн нике.
Булардан мутъа никеси менен кээ жерлерде өтө жайылгандыктан сөз жүргүзүү муктаждыгын сездик.

Анткени, доорубузда мутъа никеси жарайт деп жаштарыбыз күнөөгө батышууда.
Мутъа никеси Исламда барбы?
Мутъа никеси жахилият (Исламдан мурунку илимсиздик) доорунан калган никенин формасы болуп, Исламдан мурунку жылдарда, негизинен согуш жылдары аялдарынан узак калган аскерлер үчүн мутъа никесине уруксат берилген эле. Хайбар согушуна чейин мубах (эрктүү) саналган бул нике кийин Пайгамбарыбыздын сүннөтү (жолу) менен тыюу салынып, арам кылынган. Мутъа никеси – бир нерсе (акы) берип ордуна белгилүү мөөнөткө чейин турмуш куруу. (“Islam ve Osmanli Hukukunda Efleme”: 36).
Эркек аялга кайрылып, “Мага беш айлык мөөнөткө турмушка чык”; же “Беш айлык акы төлөө менен сага үйлөндүм”, десе аял да аны кабыл алса, мутъа никеси байланат. Эл ичинде “ажам никеси” деген ат менен таанылган. Бул иш бузукулуктан башка нерсе эмес. Муну Расулуллоh (САВ) кескин түрдө тыйган. Сахабалардан, таабиъиндерден (сахабалардан кийинки аалымдардан) алардан кийинки мужтахид-аалымдардан бул никенин түрү кабыл алынган деген эч бир киши жок (Фатхуль-Кадир”: 2/384). Мындай келишим аялды адал кылбайт, ажырашуу өкүмүнө да эшик ачпайт, зихар (окшотуу) да болбойт мурас акысын да бербейт. Аял эркекке, эркек аялга мураскор боло албайт (“Фатава’и Каазихан”: 1/330). Мутъа никесинин мөөнөтүнүн азы- көбүндө эч кандай айырма жок. Бирок “Кыямат болгонго чейин, Дажжал чыкканга чейин сени никеме алдым”, сыяктуу сөз колдонулса, убактылуу шарты да өкүмсүз калат жана алар никенин башка шарттарын да ордуна коё алышса
(м: калың) никеси туура болот (“Фатаваи Каазихан”: 1/330).
Анткени ал убакытка (Кыяматка) чейин жашашы маалым эмес. Азирети Алиден (Аллаh ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте:

Азирети Али Ибн Аббаска (Аллаh алардан ыраазы болсун) мындай деди: “Расулуллоh (САВ) мутъа никесин жана эшектин этин жемекти Хайбар (согушу бүткөн) алынган күнү тыйды” (Бухарий: 6/129;Насаи: 2/90; Муслим: 4/134). Расулуллоh (САВ) Автос (Макка алынган) жылы мутъа никесине үч жолу уруксат берген, анан тыйган (Муслим: 4/131).
Пайгамбарыбыз (САВ) мындай буйруган: “Эй инсандар, мен мутъа никеси менен аялдардан пайдаланууңарга уруксат берген элем. Күмөн жок, Аллаh Таала кыяматка чейин муну (мутъа никесин) такыр арам кылды (тыйды). Кимдин жанында мындай аялдардан болсо, дароо бошотсун жана берген нерселерин алардан кайтарып албасын” (“аль-Хидая”: 1/1950).
Төрт мазхабта тең мындай келишим (мутъа) четке кагылган. Шийит агымындагылардан башка бардык сунний Ислам аалымдары бул никенин арам экендиги боюнча бир пикирде (“аль-Мабсут”: 5/152; Фатхуль-Кадир”: 2/384 ; “Бидаятуль- Мужтахид”: 2/43). Ал тургай шийиттердин таанымал мазхабтарынан зайдиййа да мутъа никесинин арамдыгына ишенет жана бул туурасында ханафий аалымдары менен бир пикирде. Ахли суннат мазхабтарынын далилдери Куран жана сүннөт.
1. Куранда: Идда жана мурас жөнүндөгү өкүмдөрдүн мындай (мутъа) ыкма менен үйлөнүүгө байланышы жок. Ошондуктан мындай никенин түрү, башка айтылган никелер сыяктуу арам. Шийиттер мутъа никесине Ниса сүрөсүнүн 24- аятын далил кылып келтиришет. Ал аят мындай: “Алардан нике аркылуу пайдаланууңар менен аларга белгиленген калыңдарын бергиле!” Белгилүү Куран аалымы Ибн Жарий Табарий бул аяттын тафсиринде (түшүндүрмөсүндө) айтат: аяттын мааниси: “Үйлөнсөңөр калыңын бергиле” дегени. Анткени мутъа Пайгамбарыбыздын сүннөтү менен түбөлүк тыюу салынган. Ибн Вакий атасынан, ал чоң атасы Сабрадан риваят кылат: “Расулуллоh (САВ) “Бул аялдардан пайдалангыла”, деп буйруду. “Пайдалангыла” деген сөз

Пайгамбарыбыздын (САВ) “үйлөнгүлө” деген мааниде болгон” (“Тафсиру Табарий”: 5/30).
Ыйык аяттагы “истамтаътум” т.а. “пайдалануу” — үйлөнүү маанисинде “акы” деген сөз – калың маанисинде келген (“Тафсиру Табарий”: 5/30).
2. Хадисте: Хадистер да никенин бул түрүнүн арам экендигин ачык көрсөтүп турат (“Бухарий: 6/129;Муслим: 4/132). Мухаммад ибн
Ханафийде Азирети Алиден (РА) риваят кылат: “Хайбар күнү Расулуллонун жарчысы: “Көңүл бургула, Аллаh жанаанын Элчиси силерди убактылуу (мутъа) никеленүүдөн тыйды”, деп жар салды (“аль-Мабсут”: 5/153). Бул жөнүндөгү хадистердин көбү Азирети Алиден (РА) риваят кылынган абалда, Азирети Алиге (РА) махабат доосунда болгон шийит жана рофизийлердин мындай никени макул көрүшү илим жана акылга сыйбаган нерсе.
Бири-биринен кыз алуу (кайчы куда) шигар никесине киреби?
Шигар никеси. Азыркы учурда да кээде кыздарды же карындаштары бар эки эркек калың бербестен бири экинчисинин, экинчиси биринчисинин карындашын (же кызын) алып, үйлөнүшүүдө. Мындай нике важиб болгон калыңдын ташталышы жана аялдын укугунун жоголгондугуна себеп болгондуктан Расулуллоh (САВ): “Исламда шигар нике жок”, деп, айткан (“Муслим: 4/139). Сахабалар да бул нерседлен кабар беришет: “Расулуллоh (САВ) бизге шигар никесин тыйды” (“Бухарий: 6/128). Нике кыйылып жатканда, ар эки тараптын калыңы белгиленсе, бул нике шигар никеси болбойт. Шигар никесинде кыздар бири-биринин калыңы болуп кабыл алынат. (Ошондуктан шигар никеси тыйылган).
Бала асырап алуунун Исламдагы өкүмү
Ислам кароосуз, жардамга муктаж болгон балдарга ээлик кылып, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү колдойт.

Бирок асыранды баланы дал өзүнүн эне-атасындай болуп өстүрүү жана өздөрүнүн фамилиясын берип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кошуп, мураскор кылуу Исламда жок. Бул иш жахилият (Исламдан мурунку) адаттарынан. Мындай үлгүдө бала асыроо Аллаh Таалага каршы чыгуу. Төмөндөгү аят менен жогорудагыдай үлгүдө бала асыроого тыюу салынды:
“Мухаммад силерден эч бир кишинин атасы эмес, тескерисинче, ал Аллаhтын элчиси жана пайгамбарлардын соңкусу…” (Ахзаб сүрөсү, 40-аят). Расулуллоh (САВ): “Билип туруп, өз атасынан башканы ата тутканга бейиш арам”, деп айткан (“Жамиъус-Сагийр”: № 8370).
Пайгамбарыбыз (САВ) өзү да биринчи аялы Хадича (РА) тартуулаган Зайдды асырап алган эле. Ошондуктан “Зайд ибн Мухаммад” (“Мухаммад уулу Зайд”) деп аташчу. Кийин Аллаh Таала ошону менен мындай ата-балалыкка тыюу салды. “Аллаh эч бир кишинин ичине эки жүрөк кылган эмес, (ошондой эле) силер зихар кыла (аялын өз энесине окшото) турган аялдарыңарды да силерге эне кылган эмес жана асыранды балдарыңарды да өз балаңар кылган эмес. Бул (т.а. аялдарыңарды “эне”, асырандыңарды “балам” дешиңер) силердин оозуңардагы сөзүңөр. Жалгыз Аллаh акыйкатын айтат жана Анын Өзү (туура) жолго баштайт. Аларды өз аттары менен чакыргыла. Ошол Аллаhтын алдында туура. Анан эгерде алардын аталарын билбесеңер, анда (алар) силердин диндеш туугандарыңар жана досторуңар…” (Ахзаб сүрөсү, 4-5-аяттар).
Мына ушул аят түшкөндө, Зайдды “Ибн Хариса” –
“Харисанын уулу” дей турган болушту.
Асырап алган балага өз кызын никелеп, кыз болсо өз уулуна үйлөндүрүүгө болот.
Аллаh Таала айтты: “(Эй Мухаммад (САВ),) Эстегин, Аллаh (Исламга туура жол кылуу менен) мээримдүүлүк кылган жана сен (кулдуктан азат кылып, өзүңө уул кылып алуу менен) мээримдүүлүк кылган кишиге (т.а. Зайд бин Харисага): “Жубайыңды өз жаныңда кармагын (талак

кылганга шашылбагын), Аллаhтан корккун”, деп, Аллаhка ашкере кылуучу болгон нерсени ичиңе жашырган элең жана Аллаhтан коркууң ылайык болсо да, сен адамдардан (ушак кылуусунан) корккон элең. Анан Зайд андан (Зейнептен) муктаждыгын бүтүргөн (талак кылгандан) соң, Биз сени ага (Зейнепке) үйлөндүрдүк. Момундарга асыранды балдары өз аялдарынан муктаждыгын бүтүргөндөн (талак кылгандан) соң, алардын (аялдарына үйлөнүүдө) машакат-тоскоолдук болбошу үчүн (ушундай) кылдык. Аллаhтын буйрук-каалоосу аткарылуучу болду” (Ахзаб сүрөсү, 37-аят). Асыранды балдар тек-насап тарабынан жакын болушпаса, чоочундар сыяктуу. Асыранды уулга өз кызын никелесе болот. Эгерде асырандысы кыз бала болсо, өзү да үйлөнсө болот же уулуна алып берсе болот. Асыранды уул талак кылган аялга иддасы бүткөндөн соң, асырап алган киши үйлөнсө болот (“Истилахал Фикхия Комус”: 2/431).
Жуучунун үстүнөн жуучу түшүүгө болобу?
Расуллуллоh (САВ) айтты: “Силерден бириңер диндеш тууганыңардын жуучуларынын үстүнө жуучу түшпөсүн. Жуучу жиберген андан биринчи баш тартканга чейин же өзү уруксат бергенге чейин” (“Булугуль-Марам”: 3/246).
Ийла
(Аялына жакындык кылбоого ант ичүү)
“Ийла” – ант менен бир нерседен кечүү, таштоо. Шариятта болсо, төрт ай же андан да көбүрөөк мөөнөткө чейин аялына жакындык кылбоого Аллаhтын аты менен ант ичүү. Төрт айдан аз мөөнөткө касам ичүү ийла болуп саналбайт. Ийланын себеби эр-аялдын үй-бүлө келишпестиги. Эркек ийланы хикмат сыпатында колдонсо болот. Ийланын шарты эркектин талакка кадыр болушу жана аялдын да никелүү болушу. Жаш баланын жана жиндинин ийласы жарабайт.

Ийланын түркүгү аялы менен жыныстык катнашта болбоого ант ичүү же жыныстык мамилени бир оор ибадатка байланыштыруу. Антсыз, төрт айга жетпеген жана өтө жеңил бир ибадатка байланыштырып кылынган ийла акыйкат эмес. Ийланын мөөнөтү, Курандын көрсөтмөсү боюнча төрт ай: “Аялдарынан ант менен жүз бурган кишилер үчүн төрт ай күтүү мөөнөтү бар. Эгерде (ушул мөөнөттүн ичинде аялдарына) кайтышса (болот). Анткени, Аллаh, күмөнсүз Кечиримдүү, Ырайымдуу. Эгерде талак кылууну максат кылган болушса, демек, албетте Аллаh Угуучу, Билүүчү” (Бакара сүрөсү, 226-227-аяттар).
Ийла түбөлүк да болушу мүмкүн. Төрт айдын ичинде
аялы менен жыныстык мамиледе болсо, ийла (ант) бузулат. Бул учурда эркек анттын кафаратын (төлөмүн) берет же ийла үчүн максат кылып койгон ибадатын жазана катары өтөйт. Андан соң аялына кайтып, турмушун улантат. Эгерде төрт ай толгонго чейин аялына кайтпаса, баин (никесиз жараша албай турган) талак менен ажырашкан болот. Ийладан кайтуу жыныстык мамиле менен гана болот. “Мен ийладан кайттым”, дегендин өзү жетиштүү эмес. Эгерде жыныстык катнаш кыла албастык даражасында оорулуу болсо, ушул сөздөр да жетиштүү боло алат. Бирок түзөлгөндөн кийин кошулуусу шарт кылат (“Дамат”: 1/287; “Жавхара”: 2/79; “Дураруль- Хуккам”:1/395).
Лиъан
(Эркектин аялын зынаада (ойноштукта) айыпташы)
Лиъан — сөздүктө каргыш айтуу. Шариятта болсо, эркек аялын башка менен жыныстык катнаш кылган, деп айыптоосунан пайда болгон маселе. Эгерде бул айыптоо төрт күбө менен далилденбесе, эркек менен аял казынын алдында ант ичишет. Бул “лиъан” деп аталат жана бул бир талактын себеби.
Исламда зынаанын өзү да, зынаада айыптаган доомат да арам. Ислам дининде эки тарапка тең жаза бар. Ислам мамлекетинде эркек аялына мейли ачык, мейли “бул бала

менден эмес” деп зынаа дооматында болсо, аял казыга кайрылып, өз укуктарын талап кылат. Эркек дооматын төрт күбө менен далилдей албаса, лиъанга (касамга) кайрылат жана казы ушуга карап өкүм чыгарат. Куранда бул маселеде мындайча айтылат:
“Өздөрүнөн башка күбөлөрү болбой туруп, өз аялдарын (бузук деп) жаманатты кыла турган кишилердин ар бири өзүн шек-күмөнсүз ыраскөйлөрдөн деп, Аллаhтын атына төрт жолу күбөлүк бериши (зарыл). (Ал эркектин) бешинчи (күбөлүгү) эгер жалганчылардан болсо, үстүнө Аллаhтын каргышы (түшүүсүн сурамагы).
Андан (аялдан) азап-жазаны “Ал (күйөөсү) шек- күмөнсүз жалганчылардан”, деп, Аллаhтын атына төрт жолу күбөлүк бериши кайтарат” (Нур сүрөсү, 6-7-8-аяттар).
Аял дооматында туруп алса, күйөөсү да дооматын четке
кагып, аял да дооматын далилдей албаса, лиъан түшөт. Эрдин айып тагуусу же өзүнүн же аялынын далили менен доомат кылынса, тактап айтканда, дооматы далилденсе, лиъан жолуна кайрылат. Лиъанды биринчи эркек баштайт. Касам ичүүнү каалабаса, жалган айткандыгын мойнуна алат же касам ичирүү үчүн камалат же лиъан айтып кутулат же түрмө жазасына тартылып, жемеленет. Эркек касам ичип, жемеден кутулса, анан аял касам ичүүдөн баш тартса, касам ичкенче камалат. Аял касам ичсе казы аларды ажыратат. Лиъан айтуучулар эч качан бирге боло алышпайт, никеленишпейт.
Зихар (окшотуу)
“Зихар” сөзү сырт, арт, же сыртты окшотуу маанисин түшүндүрөт. Шариятта болсо, балагат жашына жеткен эркек аялын же аялынын башын, мойнун, жүзүн, денесин жарымын, же үчтөн бирин энесинин, эжесинин, карындашынын, кайненесинин, демек махрамдарынын (ага никеси арамдардын) биринин кароо арам болгон бир мүчөсүнө окшотуусу (“Дамат”: 1/283; “Жавхара”: 2/81). Зихар Куран жана хадис менен далилденген. Куранда мындайча

айтылат: “Араларыңардагы өз аялдарын зихар кыла тургандардын (зихар кылынган аялдары) алардын энелери эмес. Аларды төрөгөндөрү гана алардын энелери. Шек- күмөнсүз, алар сөздүн кайтарылганын жана жалганын айтышууда. (Бирок) Аллаh, күмөнсүз Өтүп жиберүүчү- Кечирүүчү.
Өз аялдарын зихар кылып, анан айткан сөздөрүнөн кайткандар (моюндарына эр-аял) кошулууларынан мурда бир кулду азат кылуу (милдети) бар. Бул силерге сабак болот. Аллаh – кылып жаткан ишиңерден Кабардар.
Эгер ким (азат кылуу үчүн кул) таба албаса (моюндарына эр-аял) кошулууларынан мурда үзгүлтүксүз эки ай орозо тутуу (милдети) бар. Ал эми ким орозого тутууга кадыр болбосо (анын мойнунда) алтымыш кедейге тамак берүү (милдети) бар. Бул (өкүмдөр) силер Аллаh жана анын пайгамбарына ыйман келтирүүңөр үчүн (түшүрүлдү)…” (Мужадала сүрөсү, 2-3-4-аяттар).
Салама ибн Сахрдан риваят кылынган хадисте да зихар жана анын каффараты (жазанасы) түшүндүрүлгөн (“ат-Тааж”: 2/353).
Зихар жахилият (Исламдан мурунку) доордогу талактын үлгүсү. Ислам ийланы алды, зихарды четке какты. Зихар кылганга каффарат берүүнү буйруду.
Тек, эмчектештик же үйлөнүү жолу менен махрам (никеленүүгө арам) болгон аялдын каралышы арам болгон жерлери анын сырты, курсагы, сандары жана жыныстык мүчөлөрү. Аялынын мүчөлөрүн ушул мүчөлөргө окшотуу – зихар болот. Же махрамынын жарымы, үчтөн бири сыяктуу жерине окшотуу да зихар болот (“Жавхара”: 2/83; “Дамат”: 1/283). Бир эркек аялын өз энесине, эмген энесине же кайненесине, уулунун аялына, өз эже-карындашына, тайежесине, атасынын эже-карындашына окшотсо, зихар болот. Ал эми балдызына окшотсо, зихар болбойт. Анткени алардын махрамдыгы (никеге арамдыгы) түбөлүк эмес. (“Хукукул-Исламия”: 2/312). Зихар – адалды арамга окшотуу. Бул

окшотуу зихардын шарты. Мисалы, бир эркек аялына: “Сенин артың апамдын артындай, же сенин сандарың апамдын же апаңдын сандарындай, сенин жыныстык мүчөң апамдын жыныстык мүчөсүндөй” десе, зихар кылган (окшоткон) болот. Каффарат (төлөм) бермейинче аялына жакындык кылбайт. Жакындык кылуу арам, т.а. жыныстык катнаш кылса, арам ишти кылган болот (“Жавхара”: 2/84; “Дамат”: 1/283).

Зихардын өкүмү
Жогоруда баяндалган сөздөр менен аялын зихар кылган кишиге аялы менен кошулуусу арам болот. Зихардын каффаратын төлөбөстөн мурда аялына жакындашпайт, өппөйт (дүлүгүү менен). Каффаратты өтөгөндөн кийин гана бул иштер адал болот. Каффарат бербестен бул иштерди жасаса, күнөөкөр болот (“Дураруль-Хуккам”: 1/393; “аль-Хидая”: 2/21).
Кээ бир сөздөр бар, айтылуу ниетине карап маани чыгарылат. Эркек аялына: “Сен бүтүндөй энеме окшошсуң” же “энең сыяктуусуң”- десе, андан эмнени максат кылгандыгы суралат. “Мен бул сөздөр менен энемден көргөн көркөм же энесинен көргөн жаман пейилдерин ойлоп айттым десе, зихар болбойт. Мындай деген адамдан зихардыбы, талактыбы же мүнөздө окшотуубу – эмнени көздөгөнү суралат (“аль-Хидая”; “Жавхара”: 2/83).
Зихар мүнөздү, пейилди окшотуу эмес, мүчөлөрдү окшотуу. Эгерде эркек аялынын бир мүчөсүн энесинин, эже- карындашынын, кайненесинин кароого боло турган мүчөсүнө, мисалы, жүзүнө, колуна окшотсо зихар болбойт
(Билман. “Ислам Илму Хал”: 2/33).
Алсыздык (оору) же семиздикти окшотуу
Бир эркек ооруну же семиздикти оюнда максат кылып: “Сенин сыртың (же бутуң) энемдин (же энеңдин) сыртына (же бутуна) окшойт”, десе, зихардын каффараты милдет болот (Билман. “Ислам Илму Хал”: 2/33).

Эркек аялын “энем-кызым”, аялы да күйөөсүн “уулум-атам” десе болобу?
Эгерде эркек аялына “энем”, “кызым”, “сен менин энемсиң”, “кызымсың” десе, зихар болбойт. Бирок аялына мындай деп кайрылышы арамга жакын макрух (“Хукукуль- Исламия”: 2/314). Аял күйөөсүнө “уулум”, “атам”, деп кайрылуусу да арамга жакын макрух.
Шарттуу зихар да болот. Эгерде эркек аялына: “Балан жерге барсаң, менин энем сыяктуусуң”, десе, шарт орундалган учурда зихар болот (“Хукукуль-Исламия”: 2/315).
Эгерде эркек аялына: “Сен мага бир күн (же “бир ай” же “бир жыл”) энем сыяктуусуң” десе, убактылуу зихар болот
(“Хукукуль-Исламия”: 2/317).
Рух (жан), баш, көз сыяктуу мүчөлөргө окшотуу менен зихар максат кылынбаса, зихар болбойт. Анткени бул сөздөр менен, негизинен, мүнөз максат кылынат. “Сен менин энеме окшошсуң” же энем сыяктуусуң” деген сөздөр да ушу сыяктуу. бул сөздөр менен талак, зихар ниет кылынбаса, талак, зихар пайда болбойт (“Хукукуль-Исламия”: 2/311).
Аялын эркекке окшоштурса, зихар болобу?
Эркек аялын өз атасынын же уулунун бир мүчөсүнө же артына окшотсо, зихар болбойт. Анткени зихар туурасындагы аят аялдарга окшотуу жөнүндө. Бирок Имам Мухаммаддын пикири боюнча, зихар пайда болот (“Хукукуль- Исламия”: 2/313).
Аял күйөөсүн өз атасына же уулуна окшотсо…?
Зихар аялдын күйөөсүн окшотуу менен да пайда болот. Болгону бул зихар эркектин зихары сыяктуу эмес. Эгерде аял күйөөсүнө: “Менимче, сенин артың атамдын артына же уулумдун артына окшойт”- десе, зихар болбойт. Аялдын зихары бир гана күйөөсүнө: “Сенин жыныстык мүчөң атамдын же уулумдун жыныстык мүчөсүнө окшойт” (т.а., “жыныстык мүчөсү сыяктуу”) десе, зихар пайда болот

(“Жавхара”: 2/83). Башка мүчөлөр эмес, жыныстык мүчө ганаокшотулса, аял тараптан да зихар пайда болот. Бул пикир Имам Абу Юсуф, зухрий, Авзаийнин пикири. Имам Аъзам менен Имам Мухаммаддын пикири боюнча, аялдын окшотуусу менен зихар пайда болбойт (“Жавхара”: 2/83; “Хукукуль-Исламия”: 2/313).
Имам Ахмаддын пикири боюнча, мындай окшотуу үчүн
касамдын каффараты (төлөмү) керек “Хукукуль-Исламия”: 2/314).
Мындай окшотуунун кереги жок.
Зихардын каффараты (жазанасы)
Бир кулду азаттыка чыгаруу. Эгерде буга мүмкүн болбосо, алтымыш күн үзгүлтүксүз орозо тутуу. Буга да кадыр болбосо, алтымыш жардыны тойгузуу (Мужадала сүрөсү, 4-аят).
Зихарда нике бузулбайт. Зихар менен жүзөөгө келген арамдык каффарат менен кетет жана ал жогоруда саналган үч жолдон башка жол менен жоюлбайт. Ал тургай зихар кылган аялын каффарат (төлөм) бербестен туруп талак кылса да зихар жоюлбайт, зихар себептүү жүзөөгө чыккан арамдык ортодон көтөрүлөт (“Дураруль-Хуккам”:1/324; “аль-Хидая”: 2/22).
Сахабалардан бири аялын зихар кылгандан соң, ПАйгамбарыбызга (САВ) келип сурады: “Мен каффарат бербестен мурда аялым менен жыныстык катнашта болдум”, деди. Расулуллоh (САВ): “Аллаhтын буйругун аткармайынча (каффаратты төлөмөйүнчө), аялыңа жакындашпа”- деди.
(Субулус-Салам”: 3/290).
Халала же тахлил (адалдоо)
Куран Каримде мындай айтылат: “Эми, эгер аны (үч) талак кылгандан соң болсо, тээ ал аял башка эркек менен турмуш курмайынча (баштагы күйөөсүнө никеленүү) адал болбойт. Андан соң эгерде (кийинки күйөөсү да) талак кылса, анда Аллаh буйруган мыйзамдарды аткарууга ишенишсе, (ал аял баштагы күйөөсү менен) бири-бирине

кайтууларынын (кайрадан никеленүүлөрүнүн) күнөөсү жок”
(Бакара сүрөсү, 230).
Ортодо бир эрге тийип чыгуусу халала же тахлил (адалдоо) деп аталат.
Бул аятта өкүм бүтүндөй ачык көрсөтүлгөн. Эркек аялын эки талак кылгандан соң дагы талак кылса, жогорудагы аят боюнча, башка күйөөгө тиймейинче жана андан бүтүндөй ажырашмайынча баштагы күйөөсүнө кайта албайт. Кайра турмуш куруу үчүн мына бул төмөндөгү шарттар болушу керек:
1. Ажырашкан аял идда мөөнөтүн толук бүтүрөт
(Бакара, 228).
2. Башка эркекке туура нике менен турмушка чыгуу (убактылуу нике ниети менен эмес).
3. Турмушка чыккандан соң, жаңы күйөөсү менен жыныстык катнаш кылат.
4. Экинчи күйөөсү өз каалоосу менен талак берген же өлгөн болсо.
5. Үй-бүлө бирдигин түзүүгө каниет келтиргендеринен кийин кайра турмуш курууга болот. Аятта ушул шарт бар
(Бакара, 230).
7. Кийинки күйөөсүнөн ажырашкандан кийин да иддасын толук өтөйт.
8. Шарият өлчөмдөрү ичинде ушул нерселерден кийин гана биринчи күйөөсү менен кайрадан турмуш курууга болот. Исламдын өкүмү ушундай. Шаръий халала ушундай. Тактап айтканда экинчи күйөөгө чыгуу бир түндүк же бир сааттык шаръий амал, биринчисине кайтуу үчүн жол эмес, чыныгы турмуш куруу ниети менен үйлөнүшү керек. Расулуллоh (САВ): Халала кылганга да кылдырганга да Аллаhтын каргышы болсун!” деген (Абу Давуд. “Никах”: 14; Тирмизий. “Никах”: 28). Ибн Аббас (РА) халала жөнүндө сураганда, Пайгамбарыбыздын (САВ) мындай берген жооптору бар: “Колдон колго өткөн нике жарабайт. Үйлөнүү (чыныгы) каалоо менен болот. Аллаhтын китеби менен

эрмек кылынбайт. Эркек аялдын кынынан лаззат (ырахат) алмайынча нике болбойт” (“ат-Тааж”: 2/313).
Расулуллоh (САВ) халала кылган эркекти аманатка коюлган текеге салыштырган: “Силерге иштетүүгө алынган текеден кабар берейинби?” “Ооба, о, Аллаhтын элчиси” дешкенде, Пайгамбарыбыз (САВ): “Халала кылган эркек”, деген (Ибн Маажа. “Никах”: 33).
Бир киши Азирети Умардын (РА) уулунан убактылуу нике менен халаланын өкүмүн сурады Азирети Умардын уулу Абдуллоh мындай жооп берди: “Нике каалоо менен гана болот. Биз Пайгамбарыздын учурунда мындай үйлөнүүнү зынаа деп саначуубуз” (Тафсир Ибн Касир”: 1/280). Азирети Умар (РА): Мага халала кылганды, өзү үчүн халала кылдырганды да алып келишсе, ташбараң кылдырып өлтүрмөкмүн”, деген (Умдатуль-Кари: 9/541).
Экинчи үйлөнүү нике менен гана эмес, жыныстык катнашуу менен да болушу керек. Аиша розияллоху анхадан мындай риваят кылынат: “Рифаъа Курозийнин аялы Пайгамбарыбыздын (САВ) алдына келип: “Мен Рифаъанын никесинде элем. Ал мени коё берди, бекем талак берди. Кийин Абдурахман бин Забирге турмушка чыктым. Анын эркектиги кийиминин жиби сыяктуу”, деди. Пайгамбарыбыз (САВ): “Сен Рифаъага кайтмакчысыңбы?” деп сурады. Аял ооба, деп жооп кылды. Пайгамбарыбыз (САВ): “Эч качан! Сен анын уругунан, ал да сенин кыныңдан татмайынча болбойт”, деди (Бухарий. “Либас”: 23; Абу Давуд. “Талак”: 49).
Ал аял абалын түшүндүрүп турган учурда Азирети АбуБакр да Пайгамбарыбыздын (САВ) жанында эле. Ичкери кирүүгө уруксат күтүп турган Холид бин Аас аялдын сөздөрүнө ачууланып, Азрети Абу Бакрга (РА): “Пайгамбарыбыздын (САВ) алдында бул аялдын мындай сөздөрдү айтып жаткандыгын уккан жоксуңбу?” деди. (“Умдатуль-Кари”: 9/540). Сахабалар Пайгамбарыбыздын (САВ) алдында мындай маселелерди мындай жол менен сураганына чыдап тура алышпаган.

Адалдоо шарты менен кыйылган нике мазхаб имамдарынын көбүнүн пикири боюнча арам, кээ бирлеринин пикиринде, арамга жакын макрух (“Умдатуль-Кари”: 9/540; “Фатхуль-Кадир”: 3/178). Анткени ахли суннат боюнча убактылуу нике жарабайт (“Аль-Хидая”: 1/190). Бир да аалым мындай никени адал деген эмес. Арамга жакын макрух да азапты чакыра турган күнөө (“Умдатуль-Кари”: 9/541
Аял биринчи жана экинчи күйөөсүнөн ажырашкандан кийин, идда ичинде мөөнөтүн күтүшү шарт. Жогоруда саналган шарттарга да ылайык болгон абалда гана баштагы күйөөсүнө кайта алат. Ошондуктан, бул нике кээ бир Ислам душмандарынын айтканы сыяктуу, бир түндүк же бир сааттык нике эмес…

ЗЕКЕТ
“Зекет” сөзүнүн сөздүктөгү мааниси артуу, ашыруу, көбөйүү, көбөйтүү, тазалоо, тазалык жана береке. Ошондуктан, зекет бергендин мал-дүйнөсү көбөйөт, тазаланат.
Шарияттагы зекет бай кишинин ар бир жылда бир жолу малынан тиешелүү бөлүгүн кедей-жардыларга берүү. Зекет мал-дүнүйөлүк ибадат. Зекетте убакытты белгилөөгө болот.
Зекет Исламдын беш парзынын бири. Парз болуусу Куран, Суннат, ижмаъ (аалымдардын бир бүтүмү) менен далилденген. Жокко санаган киши динден чыгат. Ишенип, аткарбаган киши чоң күнөөгө батат. Аллаh Таала Курани Каримде: “Албетте, садакалар (зекеттер) Аллаh тарабынан парз болгон абалда, кедейлерге, жакырларга гана садака (зекет) жыйноочуларга, көңүлдөрү Исламга тууган кылынуучу кишилерге, моюндарды азат кылууга, Аллаh жолунда жүрүп жаткандарга, жолоочу жана мусапырларга берилет. Аллаh билим жана хикмат ээси” (Тавба, 60).
Расулуллоh (САВ) айтты: “Шек-күмөнсүз, Аллаh Таала момундарга өз байлыктарынан бир садака парз кылган. Бул садака (зекет) байлардан алынат, кедейлерге берилет”
(“Булугуль-Марам”: 2/335).

Зекет бербеген киши кедейдин акысын жеген болот, демек, арам жеген болот. Ушинтип, байлыгына арам аралашат. Ал зекетти берген учурда малын арамдан тазалаган жана ар кандай апаат-кырсыктардан коргогон болот. Эч бир бай зекет алынып жатканын сүйлөөгө акылуу эмес. Ал кедейди айыптап, өзүнүң тыңдыгына мактанып, акылдуусунуп, тапкан нерселерим өзүмө гана болушу керек, дей албайт. Анткени коомчулук-эл кедей, бай, сокур, майып, жаралуу, оорукчан, жетим-жесирлерден, дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон ата-энеден жана балдардан турат. Бай киши бир өзү үйдөн чыкпай, бул коомчулукка аралашпастан бай боло алабы? Ал канчалык акылдуу болсо да, ушул суроого жооп берүүгө алсыз. Байдын байлыгында жана малында жакырлардын акысы бар. Бермейинче арам жеген болот. Бул бирөөнү тоноп, карактап, коркутуп же чөнтөгүнөн уурдап алган акчанын арамдыгы сыяктуу арам.
Зекетти берүүчү жана алуучуларга пайдалары
— кедейлердин акысын берсе, малына бирөөнүн акысы аралашып, арам болуусунан куткарат жана адалдайт;
— малдын жакшылыктуу жана берекелүү болуусуна, көбөйүүсүнө себеп болот; кедейлерге муктаждыгын камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн бул көбөйүү ошол учурда материалдык тараптан да акыйкатка айланат;
— зекет душмандыкты жоготуп, мээримди арттырат;
-Аллаhтын ниематтарына шүгүр кылууга себепчи болот;
-ыраазылык менен берген киши жакшы артыкчылыктар менен мүнөздөлгөн болот;
-мал жыйноого кызыгуу, ач көздүк илдеттерин түзөтөт;
-Акыретке болгон ыйманы күч алат. Курани Каримде зекет бербегендин акыретке ыйман келтирбегени, ишеничсиздиги айтылган;
— зекет берүүчү зекет алууга укуктуу кедейди, жардыны, жолоочуну, мусапырды, кулду, карызга батканды

муктаждык арасатынан куткарып, ага адамгерчилик, милдеттүүлүк, шүгүрчүлүк, сезим-туйгуларын тартуулайт;
— жек көрүү, душмандык туйгуларын түзөтөт;
-коомчулукта тынчтык-бейпилдиктин болушун камсыздайт, көңүлдөрүн Исламга бурат, мусулмандарга жаман ниетте болгондорду ал жолдон кайтарат, алдын алат. Мамилелерди жакшыртып, коомчулукта биримдикти жана камкордукту пайда кылат.
Зекеттин парз болуусунун шарттары
Зекет берүүчү киши мусулман, эрктүү, акыл-эси ордунда жана балагатка жеткен болушу шарт.
Карыздан башка нисап (зекет төлөө) өлчөмүнчө мал- дүйнөсү болушу шарт.
Колундагы мал негизги муктаждыктарынан артыкча болушу шарт.
Зекет берилип жаткан мал колдо бир жыл турган болушу шарт.
Зекетке бериле турган нерсе берүүчүнүн мүлкү болушу шарт (Кудурий: 66).

Зекеттин түрлөрү
1. Алтын жана күмүштүн зекети.
2. Акчанын зекети.
3. Соода мал-мүлкүнүн зекети.
4. Үй айбандарынын зекети.
5. Жеринен чыккан түшүмдүн зекети (ушур).
6. Фитр садакасы (“Hak dini Kuran dilu”: 2573).
Нисаптын (малдын зекетке төлөө чегинин) өлчөмү
Негизги муктаждыктардан жана карыздан тышкары алтындан жыйырма мыскал (85 грамм), күмүштөн эки жүз дирхам (560 грамм). Ушунчалык алтын жана күмүш уютулган болсун, жасалга же акча үлгүсүндө болсун, айырмасы жок.

Акчанын нисабы (чеги) алтын жана күмүшкө карап эсептелет. Кой жана эчкинин нисабы кырк, уйдун нисабы отуз, төөнүн нисап чеги беш. Зекет малынын жынысы (түрү) боюнча берилиши же акчага өлчөп, баасы берилиши мүмкүн.
Жерден чыккан түшүмдүн (ушр) ондон бири берилет. Эгерде кудуктан же төмөндөн тартып сугаруу акы менен болсо, түшүмдүн жыйырмадан бир бөлүгү берилет.
Зекет кимдерге берилет?
1. Кедейлерге, тактап айтканда, малы нисап (зекет төлөө) чегине жетпегендерге.
2. Жакырларга.
3. Зекет жыйноочуларга (мечит имамдары).
4. Азаттыка чыгуу үчун кожоюну менен келишим түзгөн кулга.
5. Карызга баткандарга.
6. Аллаh жолундагыларга тактап айтканда, сапарда, согушта же илим алуу жолунда жүргөндөргө.
7. Жолдо калгандарга, жерине жетип алууга акчасы жокторго (Тавба сүрөсү, 60-аяттан).
Зекет кимдерге берилбейт?
Зекет Куранда баяндалган түрдүү кишилерге берилишин айтып өттүк. Ата-эне, чоң ата-чоң эне, балдары бул түрдөн болсо да аларга берилбейт. Анткени киши кедей ата-энесин багуусу важиб. Балдарын да багышы керек. Зекет булардан тышкары Куранда айтылган топтун бирине кире турган жакындарга, кошунага жана башка мусулмандарга берилет. Ата-эне, чоң ата-чоң эне, уул-кыз, неберелерге, күйөөсү аялына, аялы күйөөсүнө зекет бербейт. Байларга да зекет берилбейт (Фатава’и Хиндиййа”, 151).

Фитр садакасы
Фитр Рамазан айынын акырына жетишкен жана күнүмдүк муктаждыгынан сырткары нисапка (зекет төлөө чегине) жеткен өлчөмдөгү малга ээ болгон мусулмандарга важиб (милдет). Фитр инсан напсинин зекети. Фитр садакасы үчүн зекет сыяктуу малдын ашыкча болушу, бир жыл өтүшү же мал ээсинин акыл-эстүү жана балагатка жетиши шарт эмес. Жаш балдардын фитр садакасын берүү атасына милдет. Балагатка жеткен балдары жана аялы үчүн фитр берүү милдет эмес. Фитр садакасын берүү орозо айт күнү таң атканда милдет жана сооптуу болот. Кедейлердин муктаждыгы үчүн айтка чейин, мурдараак берип койсо болот. Фитр зекет бериле турган кишилерге берилет. Зекет берилбей тургандарга фитр да берилбейт.
Бир кедейге бирден көп фитр садакасын берсе болот. Болгону бир фитр бирден ашык кедейлердин арасында бөлүнбөйт. Фитр садакасын берүү дүйнө-акыретте ийгиликке жетишүүгө, орозонун кабыл болуусуна, азаптан кутулууга себеп болуусу айтылган.
Зекет жөнүндөгү зарыл маселелер
Зекет, фитр, садака, назир жана ушул сыяктуулар берилип жатканда төмөнкү тартипке көңүл буруу жанакеректүү кишилерге биринчи кезекте берүү керек:
1. Кедей ага-ини жана эже-карындаштарга;
2. Алардын балдарына;
3. Атасынын бир туугандарына;
4. Таяке жана тайежелерине;
5. Алардын балдарына;
6. Эне тараптан болгон алыс туугандарына;
7. Жакын жана алыс кошуналарына, кесиптештерине.

Турмушка чыга элек кыздын себи үчүн зекет
берилеби?
Зекет берилбейт. Анткени ал соода үчүн алынбаган.
Аялдын калыңынын зекети
Аял калыңын колго алмайынча ага зекет милдет болбойт. Анткени бул калың — мал болбогон бир нерсенин орду. Бул тараптан калың колго кирмейинче ага зекет түшпөйт, т.а. калыңдан зекет бербейт. Эгерде аял калың алып, калың нисап өлчөмүндө болсо жана бир жыл өтсө, ал үчүн зекет берет (Тахтави: 390). Эгерде аялынын жанында калыңдан тышкары нисап өлчөмүндө акча болсо жана ал акчага да калыңдын бир бөлүгүн кошсо жана бир жыл өтсө, калың менен бирге ошол акча үчүн зекет берүү милдет болот
(Тахтави: 390).
Аял күйөөсүнө зекет береби?
Имам Аъзамдын пикири бай аял кедей күйөөсүнө зекет бербейт. Анткени күйөөсүнүн муктаждыгын жоюу аялынын милдети эмес (Тахтави: 393). Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын пикири боюнча, бай аял кедей күйөөсүнө зекет берсе болот. Бул пикир боюнча, муктаждыгы жоюлганга чейин кедей күйөөсүнө бай аял зекет берсе, зыяны жок (“аль-Фикхуль-Вазих”: 5/69).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button