Этек кири келген аял намаз окуганга болбойт жана орозо да кармай албайт. Бул маселе боюнча бардык Ислам аалымдары бир пикирде. Аял киши этек кири келген учурда окубаган намаздарынын казасын окубайт. Бирок кармалбай калган орозонун казасын кармоого тийиш (парз).
Ажылык учурунда этек кири келген аял бир гана Каабаны таваф кыла албайт. Ажылыктын рукуну (парзы) болуп эсептелген зыярат тавафын орундатуу үчүн этек кири токтогонго чейин Меккеде болушу керек. Имам Азам агымы боюнча, этек кири келген аял парз болуп эсептелген зыярат тавафын орундата турган болсо, тавафы орундалган (сахих-жарамдуу) болот. Бирок, мындай учурда жаза иретинде бир бодо мал курмандыкка чалуу зарылчылыгы туулат.
Этек кири келген аял Куранга кол тийгизе да, окуй да албайт. Бирок, Курандан сабак алгандар аят сөздөрүн бир-бирден бөлүп айтып үйрөнүшсө болот.
Эч бир себепсиз мечитке кире албайт.
Этек кири учурунда аял киши (жубайы) менен жыныстык катнашта болуу арам. Аял киши этек кири токтогон соң жуунуп тазаланганга чейин же этек кири токтогондон кийин бир намаздын убактысы өткөнгө чейин жыныстык катнашка кирүүгө болбойт.
Этек кири токтогон аялдын гусул алуусу парз болуп эсептелет.
В. НИФАС
Нифас – бул төрөттөн кийин, же болбосо буту-колу сыяктуу органдары билинип калган баласы боюнан түшүп калган аял кишиден келген кан. Бул «нифас абалы» деп аталат.
Имам Азам агымы боюнча, нифастын эң узун мөөнөтү 40 күн. Бул мөөнөттүн аралыгында кан келбей калган учурлар да нифас абалына кирет.
40 күнгө чейин эле кан токтой турган болсо, нифас абалы соңуна чыккан болот.
Намаз, орозо сыяктуу маселелерде нифаска байланышкан өкүмдөр этек киринин өкүмдөрү менен бирдей. Башкача айтканда, нифас абалындагы аял этек кири келген аял кишиге тиешелүү өкүмдөргө баш ийет.
Г. ИСТИХАЗА
Этек кири жана нифас учурларынан сырткары айрым бир физиологиялык оору-сыркоолордон улам келген кан «истихаза» деп аталат. Аял кишинин бул абалы мурундун үзгүлтүксүз канашы же зааранын тез-тез келип турушу сыяктуу «үзүр» болуп эсептелет. Истихаза абалындагы аял киши ар бир парз намаз үчүн өз-өзүнчө даарат алат. Ал даарат алган соң кийинки парз намаздын убагы киргенге чейин үзүр (истихаза) абалынан сырткары дааратты буза турган жагдай жүзөгө ашпаса, каалаганынча напил намаз окуп ибадат кыла алат. Бул учурда үзүр абалынан сырткары дааратты буза турган жагдай жүзөгө ашса (маселен; муруну канаса), анда даараты бузулган болот.
Аялдардан келчү табигый кандардын өкүмү
1-Хайз
Суроо: «Хайз» же «айыз» дегендин мааниси эмне?
Жооп: Хайз — бул аялдардын ай сайын көрүүчү табигый каны
Суроо: Хайз көрүү нече жаштан башталат?
Жооп: Эң азы тогуз жаш. Эгер ага чейин кындан кан келсе, ал «истихааза» каны болот. Эң көбүнө чек жок
Суроо: «Истихаза» дегени эмне?
Жооп: Истихааза — бул ооруу же башка себеп менен аялдардын хайз келчү жеринен ага турган кан. Хайз менен истихаазаны бири-биринен төмөндөгүчө айырмаласа болот: 1) Хайздын түсү кочкул-кызыл (карага жакын), ал эми истихазанын түсү ачык кызыл, мурундан келген канга түспөлдөш болот. 2) Хайз каны коюу, кээде уюган кан аралаш болот. Ал эми, истихааза суюк жана жараатан аккан канн сыяктуу болот. 3) Адатта хайз каны сасык, жагымсыз жыттанат. Истихаазанын каны кадимки кан сыяктуу жыттанат. Ислам шарияты боюнча хайз көргөн аялдар намаз окубайт, орозо кармабайт, Каабаны таваф кылбайт, Кураан окубайт жана кармабайт, мечиттерде турбайт, күйөөсү менен жыныстык алака кылбайт жана хайыз абалындагы аялга талак айтылбайт.
Суроо: Хайздын эң азы нече күн?
Жооп: 24 саат. Андан аз болсо, истихааза болот
Суроо: Эң көбүчү?
Жооп: 15 күн. Андан көпкө созулса, анда — истихааза деп эсептелинет.
Суроо: Эки хайз аралыгында нече тазалык күн бар?
Жооп: 13 күн бар. Эгер кан бул мөөнөттөн эрте келсе, ал — истихааза каны
Суроо: Көпчүлүк аялдардын (адаттагы) кан көрүү мөөнөтү канча?
Жооп: 6 же 7 күн
Суроо: Көпчүлүк аялдардын (адаттагы) тазалык мөөнөтү канча?
Жооп: 23 же 24 күн
Суроо: Кош бойлуу убакытта келген кан хайз каныга эсептелеби?
Жооп: Кош бойлуу аялдардан келген киргилт, сары түстөгү жана башка кандар хайз эмес, истихааза
Суроо: Хайздын токтогону кантип билинет?
Жооп: Мунун эки белгиси бар: 1) Кээ бир аялдар кындан келген ак суюктуктан билет. 2) Эгер ак суюктук келбесе, кындын ар кандай кандардан кургашы менен билинет.
Суроо: Тазалык мезгилде кындан келген суюктуктар эмне?
Жооп: Эгер алар ачык түстүү, ак, жабышкак болсо нажас эмес. Ал эми, кан, кир же сары түстө болсо — нажас. Бардыгы дааратты кетирет. Эгер токтобой келсе — ал истихааза
Суроо: Кындан келген киргилт, сары кандар эмне?
Жооп: Хайздан мурун же кийин ага уланып келсе — ал хайздан. Эгер уланбай келсе -истихаазадан эсептелинет.
Суроо: Бир аялдын хайызы адаттагысынан мурда токтоп (таза болуп) калды. Эмне кылат?
Жооп: «Таза болдум» деп эсептейт дагы, ибадаттарын баштай берет.
Суроо: Хайз адаттагы убактысынан эрте же кеч келип калды?
Жооп: Кайсы убакытта келсе да, эки хайзынын аралыгы 13 күн (тазалыктын эң аз мөөнөтү) же ашыгыраак күн өтсө — хайзга эсептелет. Ушуга чейин келсе ал — истихааза
Суроо: Эгер хайз адаттагы мөөнөтүнөн (6 же 7 күндөн) ашып же ага жетпей калса-чы?
Жооп: Эгер 15 күндөн ашып кетпесе хайзга эсептелинет
Суроо: Эгер хайз каны бир ай же андан көбүрөөк убакытта да токтобой койсо эмне кылыш керек?
Жооп: Мында үч абал бар: 1) эгер аял ай сайын келчү күнүн билсе жана күнүн эсептей алса, ал адаттагы мөөнөтүн хайзга эсептейт дагы жуунуп, тазаланып алат. Мында кандын өзгчөлүгүгнүн этибары жок. 2) эгер аял айлык хайз күнүн билсе, бирок нече күн уланышын билбесе, 6 же 7 күн отурат дагы, кийин жуунат. 3) ал эми аял хайызынын нече күн уланышын билсе бирок, ай сайын келээр убактысын билбесе, мурдагы айларда отурган мөөнөтүнчө (адатынча) отуруп, андан кийин тазалана берет.
2-Нифас
Суроо: «Нифас» деген эмне?
Жооп: Нифас — бул аялдар төрөгөндө хайз келген жерден келүүчү кан
Суроо: Эгер төрөгөн аял кан көрбөсө чү?
Жооп: Нифаста деп эсептелбейт, кусул дагы зарыл эмес, орозосун да бузбайт
Суроо: Төрөттүн белгилери башталганда келген суюктук эмнеге эсептелинет?
Жооп: Төрөттөн белги катары кан келсе да, суу келсе да, нифаска эмес, истихаазага эсеп болот.
Суроо: Төрөт жараяны (процессии) башталганда келген канн эмнеге саналат?
Жооп: Бул — нифас каны. Аял ушул мезгилден баштап, тээ нифас бүткөнгө чейинки токтоткон намаздарын кийин каза кылып окубайт.
Суроо: Нифастын санагы качандан бошталат?
Жооп: Ымыркай толук төрөлүп бүткөн убакыттан башталат
Суроо: Нифастын эң аз мөөнөтү?
Жооп: Мунун чеги жок. Эгер төрөп болоор замат токтоп калса да, жуунуп, намаздарын баштай берет. 40 күн өтүшүн күтпөйт
Суроо: Нифастын эң көп мөөнөтү канча?
Жооп: 40 күн. Мындан ашык күтпөйт. Кан токтобосо дагы, муну истихаазага жоруп, кусул кылып, намазын баштайт. Эгер бул кан адаттагы хайз убактысына дал келип калса, анда хайзга эсептелинет
Суроо: Эки же андан көбүрөөк эгиз төрөсөчү?
Жооп: Нифас убактысы биринчи перзент төрөлгөндөн башталат
Суроо: Боюнан түшүп калгандагы канн эмнеге саналат?
Жооп: Түшкөн ымыркай 80 же азыраак күндүк болсо, келген кан истихаазага эсеп кылынат. Эгер 90 күндөн кийин түшсө — мунун каны нифас болот. Эгер 80 менен 90дун арасында түшсө, анда байкалат: эгер түшкөн нерседе адамдык белгилер жаралган болсо, анда келген кан — нифас, жарала элек болсо — истихааза болот
Суроо: Эгер 40 күнгө жетпей нифас каны токтоп, аял тазаланса, бирок, кийин 40 күн бүткөнгө чейин кайра кан келсе?
Жооп: Абалкы токтогонун аял тазалык деп, жуунган болсо, намаз окуй берет. Эгер кан кайра келсе, 40 күндү толктаганга чейин нифас өкүмдөрүн кармайт
Эскертүүлөр
1) Истихаза көргөн аял намаз окуй берет. Бирок, ар бир намаз үчүн тазаланып, дааратын жаңылайт.
2) Эгер аял хайздан же нифастан күн батканга чейин тазаланса, ошол күндүн бешим жана асир намаздарын окуйт. Эгер күн чыкпай туруп тазаланса, ошол түндүн шам жана куптан намаздарын окушу керек.
3) Намаз убактысы келгенде, намаз окуганга чейин хайз же нифас көрүп калган аял, ал намаздын казасын
кийин окубайт.
4) Хайз же нифастан кусул кылууну ниет кылган аял өрүлгөн чачын жандырып жибериши зарыл. Бирок, жүнүб абалынан кусул кылууда чач өрүмүн жазбайт.
5) Хайз же нифастагы аялга жыныстык жакындашуу арам. Бирок, кындан абайлаган абалда сылап-сыйпалап жатса болот.
6) Истихаза көргөн аялга жыныстык мамиле макүрөө. Бирок, эри «муктаж болсо» мүмкүн.
7) Истихааза көргөн аялдын ар бир намазга кусул кылуусу мустахаб. Буга мүмкүн болбосо, бешим менен асирге бир кусул, шам менен куптанга бир кусул жана багымдатка бир кусул, бардыгы болуп бир кече-күндүздө үч кусул кылса да жакшы. Эгер буга да мүмкүн болбосо, бир күндө бир ирет гана кусул кылып, ар бир намаз үчүн дааратын жаңылайт.
8) Мусулман аял ажылык, умра сыяктуу ибадаттарда жана орозону толук кармоо ниетинде хайз канын токтотуп коюуучу дары-дармектерди колдонсо болот. Бир гана шарты: ден-соолугуна зыян жеткирбесе.
Кээ бир шарият маселелери