Бир олуя болгон экен.Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло таңкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине;
» Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел»-деп дайындайт экен.
Бир күнү бир окуучу барып;»Жеңе жакшы жатып-турдуңузбу? Устаз сурап жатат»- дептир. Ал аял:
» Ээ устазың өлүп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылып алганыңа таң калам»-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге келип «жеңем жакшы экен» дегенден башка сөз айтпаптыр. Күндөрдүн биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип биринчи окуучуга айткан сөзүн кайталайт..
Аялы да биринчи окуучуга айткан жообун айтат..ошондо баягы окуучу таң калыптыр да, олуя адамдын аялы да ушундай болобу?
Азыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да:
«Устаз, сиз аалым жана олуя болсоңуз. Мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип кое бериң»-дептир. Ошондо олуя:
» Эй балам , аялымдын айрым бир амалы кудайга жагып калыптыр да , мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир.
Мен- ал үчүн ырахатмын, ал- мен үчүн АЗАП.Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, кудай буюрса бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кандай кылып талак берип коё берем»- дептир..