alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
АңгемелерТаасирдүү окуялар

АТЕИСТ

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Ашынган атеист мугалим окуучуларга:

— Баарыбыз атеист болушубуз керек. Кана, кудай жок деп айткыла,- дептир.
Анын сөзүнөн кийин, класстагы бир кыздан башкасынын баары «Кудай жок» деп чуулдашат.
Кызга сурдана караган мугалим кыздын маңдайына жетип барып:
— Сен эмнеге кудай жок деп айтпадың?- десе, кыз:
— Мен мусулманмын,- дептир.
— Эмнеге?
— Анткени ата-энем мусулман.
— Эгер сенин ата-энең акмак болсо сен ким болмок элең?
— Атеист болмокмун,- дептир кыз…))

Биздин арабызда дагы деле атеист адамдар көп. Акыркы жылдары «Теңирчибиз» деп ислам динине асылгандар да бар. Бирок «Мен мусулманмын» деп коюп динде тыюу салынган адаттарды жасап жүргөндөр да жок эмес.

Улуу Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (САВ) айтты:

Үммөттөрүмдүн ичинде 10 түрлүү адам бар. Алар өздөрүн момун мусулмандарбыз деп ойлосо дагы Алла Таалага ишенбегендердин катарында:

1- Адилетсиз киши өлтүргөн,
2- Сыйкырчылык кылган,
3- Үй-бүлөсүн кызганбаган,
4- Зекет бербеген,
5- Арак ичкен,
6- Ажы кылууга кудурети жетип бирок барбаган,
7- Кишини кишиге каршылаштырган,
8- Душманга курал саткан,
9- Аялдын артынан барган (зынаакор эркек)
10- Нике жүрбөгөн өзүнүн жакындары менен никелешкен.

Сабак: Биз дагы жогорудагы атеист мугалимге жооп кайтарган кичинекей кыз сыяктуу ыймандуу болуп, пайгамбарыбыз көрсөткөн 10 адамдын катарына кирбегенге аракет кылалы туугандар! Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button