Эми гана алты жашка толгон уулумдун берилип сүрөт тартып жатканын көрүп жанына бардым: -Уулум эмненин сүрөтүн тартып жатасың? -Сизди, апамды жана өзүмдү деп сүрөттү мага карматты.
Сүрөткө көңүл бурсам, өзүнүн жана менин жүрөгүмдү кара өң менен боёптур.
-Уулум, жүрөк кызыл менен боёлот. Мына бул калем менен боёш керек.
-Мен билем. -Анда неге кара өң менен боёдуң?
Ал мени айыптуу карап:
-Чоң апамдын айтышынча башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен.
Сиз кече апамды ыйлаттыңыз го?-деди.
Уулумдун сөздөрүнөн кечеги дилкаралык менен аялымды урганымдан уялып кеттим.
Ошентсе да сөздү буруп: -Анда өзүңдүкүн неге кара менен боёдуң? Же сен да бирөөнү ыйлаттыңбы?
-Жок мен эч кимди ыйлатпадым.
Сиз дайыма айтасыз го, «Сен кудум мага окшош болушуң керек» деп. Ошон үчүн карага боёдум…
Өзү билип билбеген абалда атасына сабак берген уулумду боорума кысып жатып оозумдан бул сүйлөм кантип чыгып кеткенин байкабадым:
-Атаңа окшобо уулум…