alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Астанада Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити өтүүдө

Астанада 10-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун саммити башталды. Иш-чарага 14 өлкөнүн лидерлери жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн 80ге чукул делегациясы келди. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулду.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дүйнөсүндөгү илим жана экономиканы өнүктүрүү үчүн уюмга мүчө 15 алдынкы өлкөнү “Чоң жыйырмалыкка” үндөш расмий эмес топ катары биригүүгө чакырды.

Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев барган жок. Кыргыз делегациясын билим берүү жана илим министрлигинин чиновниктери жетектеп барды.

Саммит бүгүн, 11-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чаранын соңунда Ислам дүйнөсүндөгү илимий-технологиялык модернизацияны саясий жактан камсыз кылуу боюнча Астана декларациясы кабыл алынат.

Ислам кызматташтык уюму 1969-жылы түзүлгөн. Ага 57 өлкө мүчө.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button