alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер

АШ КӨКТӨРДҮН ПАЙДАСЫ

 

Жаз кетип жай мезгили кирип келе жаткан учуру, жашылча жана мөмө-жемиштердин маалы. Бул учурда организмибизди мүмкүн болушунча витаминдер менен камсыздап алганыбыз жакшы. Ден соолукка пайдасы артык азыктардын сап башында арзан жана сапаттуу ашкөктөр турат. Алардын сырын билип алсаңыз жайда гана эмес, кышта да колдонууну адат кыласыз.
Петрушка
– Петрушканын жалбырагы тамакка болгон табитти ачат;
– Уругу менен сабагы организмде уюп калган туздарды заара аркылуу тазалайт;
– Курамында С жана В9 витаминдери бар болгондуктан аны кан айлануу процесси начарлагандарга сунушташат;
– Мындан тышкары курамында В, А, РР, Е, бета-каротин, минералдардан калий, фосфор, кальций, магний, натрий, темир, цинк бар;
– Курамындагы инулин кандагы глюкозаны көзөмөлдөп, нормада кармап турат;
– Демек, кант диабети менен ооругандар петрушканы көбүрөөк колдонуулары керек.
Кайсы ооруларга даба?
Бөйрөк же бооруңузда таш бар болсо, петрушканын ширесин 3 маал жарым стакандан тамактангандан жарым сааттан кийин ичиңиз. Ширесин иче албасаңыз, жалбырагын айранга чылап ичсеңиз да болот.
Циститте, простатитте жана айыз каны көп келгенде 2 аш кашык майдаланган петрушканын тамыры менен жалбырагын термоско салып, ага 1 стакан кайнак суу куюп 5 саат коюп коёсуз. Аны бир күндө 2 аш кашыктан 4 маал тамактанарга жарым саат калганда ичесиз.
Укроп
1. Укроп баш ооруну айыктырат;
2. Укроптун курамында В6, В9, Е, Р, РР, В1, В2 жана С витаминдери бар;
3. Ал эми уругунда калий, марганец, жез, цинк, кальций жана натрий баш болгон микроэлементтер бар болсо, сабагында фосфор менен темир бар;
4. Зат алмашууну жакшырткан флавоноид нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларынын жакшы иштешине көмөктөшөт;
5. Организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат;
6. Диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды жоготот;
7. Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачат;
8. Бирок кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып, кустурат.
Кайсы ооруларга даба?
Көз тунарып чарчаганда укроптун 1 чай кашык уругун дакиге ороп ысык сууга 3-4 мүнөт малып чыгарып, муздатуу керек. Даки жылуу болуп калганда көздү жумуп туруп үстүнө 5-10 мүнөт кармап турасыз. Ушул эле ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн да колдонсоңуз болот.
Ал эми эмчегинен сүт чыкпай кыйналган энелер укроптун кайнатмасын ичүүсү керек.
Жара, шишик, псориаз жана безетки менен күрөшүүдө жаш укропту майдалап эзип алуу керек. Эзилген укропту дакиге салып жаранын же шишиктин үстүнө 3-4 саат байлоо зарыл.


Көк пияз
– Онкологиялык шишиктери барлар көк пиязды көбүрөөк жеши керек;
– Көк пияздын курамындагы цинк иммунитетти жана эркектердин бел кубатын көтөрөт;
– Көк пияздын курамынан калий, кальций, цинк, темир микроэлементтерин жана С, В, РР, А витаминдеринен тышкары эфир майын, фитонцидди кезиктирүүгө болот;
– Пияздын курамындагы калий жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат. Адистер адам бир жылда 10 килограмм көк пияз жеш керектигин айтышат;
– Чың ден соолукту каалаган адам бир күндө бир баш пияз же бир байлам көк пияз жеши керек;
– Простатиттен жабыркаган эркек күнүгө жатар алдында бир байлам көк пияз же бир баш пияз жесе оорусунан таза айыгат;
– Бирок ашказанында жарасы барлар, гастрит илдетине кабылгандарга сунушталбайт.
Кайсы ооруларга даба?
Кулак ооруганда кадимки көк пияздын кесиндисин кулагыңызга тыгып коюңуз. Ал суук тийүүдө натыйжалуу каражат болуп эсептелет. Эгерде шакыйдан жапа чексеңиз, бул ыкманы уйку алдында да кайталаңыз. Жыйынтыгына ыраазы болосуз.
Жөтөл үчүн көк пияз натыйжалуу дары болуп эсептелет. Тамактан кийин нанга кошуп бир байлам пияз жеп турсаңыз, 5 күндөн кийин натыйжасын көрөсүз.


Сельдерей
– Сельдерей элдик медицинада бөйрөктү, подагра, ревматизм ооруларына каршы колдонулат;
– Картаюу процессин жайлатуучу касиетке ээ.
– Сельдерейдин жалбырагында В, А, К, Е витаминдери, темир, магний, кальций баш болгон микроэлементтер бар;
– Сельдерейдин курамындагы кальций, темир жана магний кан айланууну жөнгө салып, кан басымын калыбына келтирип, иммундук системанын ишин жакшыртат;
– Кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатып, эркектин бел кубатын көтөрүп простатит оорусунун алдын алат;
– Бирок кош бойлуу айымдарга сунушталбайт жана өз өлчөмүнөн ашыкча колдонгондо зыяндуулугун көрсөтөт.
Кайсы ооруларга даба?
Айыз оорутуп келгенде, климакста сельдерейдин уругун колдонуу керек. 1 чай кашык сельдерейдин уругун термоско салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп 5-6 саат демдеп коюңуз. Эч убакта кайнатпаңыз.

Тундурманы 2 аш кашыктан бир күндө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Муну 35-40 жаштан ашкан айымдар жылына бир ай ичип турса, климакс кеч болот жана убагы келгенде тез өтүп кетет.
Уйку качып уктай албай жатканда 35 грамм сельдерейдин тамырын бир литр муздак сууга аралаштырып 8 саат коюп коюңуз. Даяр болгон соң дакиден өткөрүп алып бир күндө бир аш кашыктан 3 маал ичиңиз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button