АРАК САТКАН САТКЫЧЫГА …
Атың өчкүр арак адамзаттын жашоосунда пайда болгондон тартып үрөйдү учурган окуялардын учугу үзүлбөй келет,айрыкча азыркы күндөрдө көбөйө баштады дейсиз сөз менен жеткизгенге аздык кылат. Бул маселе канча көтөрүлүп,аалымдарыбыздан эскертүүлөр берилип эле жатат. Ошондой болсо да жаман ишти токтотуу, түйүнүн чечүү же уйугун жок кылуу дегендей бул постубуз арак ичкендегре эмес , аракты ичпей туруп ,сатып ичкендерден да чоң күнөөгө баткан, эч нерсе болбогондой, үйүндө, тынч гана чайын чайпап ичип олтурган арак саткан дүкөнчү, камокчу, буткачы дейби эжелер, байкелер үчүн болмокчу..
БИРИНЧИДЕН: Арак ичкен адам үйүнө барса аялы, бала — чакасы биринчи сизди ушунчалык жаман сөз, көздөр менен «баланчанын үйү күйсүн, биз көргөндү көрсүн, өлүп калсын, ошол арак сатпаганда бул күндөр болмок эмес » деп толгон, токой күйүттөн, кайгыдан чыккан сөздөр менен каргыш айтат. Сиз кудуңдап күндө күткөн клентиңиздин капчыгыңызга түшкөн акчалары сөзсүз бир күн убалы урушу анык…
ЭКИНЧИДЕН: Пайгамбарыбыз ( саллаллооху алейхи васаллам) он төрт кылым мурда: «АРАКА ОН КАРГЫШ:
«АЛЛАХ АРАКТЫ :
АНЫ ИЧКЕНДИ, ИЧИРГЕНДИ, САТКАНДЫ, ЖАСАГАНДЫ, ЖАСАТКАНДЫ, ТАШЫГАНДЫ, ТАШЫТКАНДЫ, АКЧАСЫН АЛГАНДЫ
КАРГЫШТАДЫ » (Абу Дауд)
деп айтып кеткен. Пайгамбарыбыздын каргышана калуу эч качан жашоосунан жакшылык көрбөйт. Аллах Таала ыйык Куранда арам, ичкен адам ыймандан чыга турганын, арак ичип өлсө кечирилгис күнөөкөр болоорун эскертип өткөн. Аллахтын буйргуна баш ийбөө, чоң күнөөкөр болуп, бул дүйнөдө оңбой, аркы дүйнөдө азабы катту болот.
ҮЧҮНЧҮДӨН: Ооба , туура сиз айтышыңыз мүмкүн: » мен эч кимди ич деп зордобоймун, ким кааласа өзү билет, ар ким өз ишине өзү жооп берет » деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок сиз сатпасаңыз такыр ичпей койбосо да 70%, 80 % ичпей койунун мүмкүнчүлүгү болот. Сиз болгону бир жолу болсо да олтуруп бир саамга ойлонуп көрүңүз: ошол болуп жаткан адам өлтүрүу, күйүттөн күл болгон үй — бүлөөлөр, жап жаш балакайлардын өз атасынан зомбулук, зордук көргөнү талкаланган тагдырларга себепчиси сиз болуп жатасыз….
ЖЫЙЫНТЫК: Чындыгында ойлоно турган маселе арак саткан ЭЖЕМ, БАЙКЕМ! Ушунча сөздөн кийин: » Эгерде мен сатпасам, ал сатпаса, тиги сатпаса мындай өкүнчтөр болбойт беле? » деген ойлор жүрөгүңүзгө жетип, ыйманыңыз ойгонуп атың өчкүр арак атууну дүкөнүңүздөн алып чыгап таштап, жашооңуздун жаңы барактарын адал ырыскы менен баштайсыз деп үмүт кылып калабыз.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG
red bull and viagra Larger doses have not been evaluated in this population, and may be associated with a more significant side effect profile