alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТаасирдүү окуяларТарбия

Ар бир адам кемчиликтүү

Жайлоодон күзүндө,
кой-эчкилер майга толуп
семирип келишет …

Семиз койлор куйруктарын
кыймылдата чуркап,
куйруктары көтөрүлүп ,
көчүгү көрүнүп калса ,
эчки аны көрүп калып
каткырып күлүп маскалдайт экен ..

Өзүнүн куйругу дайыма көтөрүлүп,
көчүгү көрүнүп жүргөнү менен иши жок)))

Чоң устаздардын бири
шакирттерин чогултуп,
аппак батманга (листти) дубалга жармаштырып,
анын ортосуна кара калем менен кичинекей бир чекит коюп сурайт:
«Кана шакирттерим ?
Силер эмнени көрүп жатасыңар?»-десе бир ооздон баардык шакирттери:
-Тээтиги, кара чекитти ! -деп жооп берет.

Устазы жылмайып туруп:
-Ушунча чоң ак баракты корбой жатасыңарбы ?-деген экен..

Менин айтайын деген максатым достор, баарыбызда кемчилик бар!
Бир гана Аллаху Таала бүт кемчиликтерден аруу таза Зат! Жана Куран кемчиликсиз Жаратуучубуздун сөзү!

Бирөөлөрдүн кемчилигин издебей өзүбүздүн кемчиликтерибизди оңдойлу!
Ибаадатыбызды,
кулк-мүнөзүбүздү оңдойлу!

Машинаңыздын бир жери тырыктап калса,
бир жери бузулса, устага алып барасыз да туурабы ?

Ал эми бүгүнкү күндө намазыбыздын каанча жери тырыктап калган ,
кулк-мүнөзүбүз каанча жери шарактап калган, окуган Курандарыбыздан
Айнуранын «А!»сы менен Замиранын «З!»сы чыгып жүрөт)))
илимдүүлөрдөн үйрөнбөйлүбү барып !?

Өзүбүздө кемчилик толтура ,
аны менен ишибиз жок!

Аалымдарды, каарыларды, дааватчыларды, илимдүүлөрдөн дегеле баардык мусулмандардан кемчилик издөөнү токтотойлу !

Бирөөнүн кемчилигин көрсөңүз
элге жарыя кылбаңыз!
Өзүнө эч ким укпаган, эч ким көрбөгөн жерде хикмат менен айтып түшүндүрүп коюңуз !

Умар р.а :

«Мага эң сүйүктүү адамдар, катамды айтып тургандар !»-деген .

Бүгүнкү күндө бизде тескери..
Эң жаман көргөн адам,
бизге катабызды айткандарго.. ))))

Бирөөдөн кемчилик издөө
Пайгамбардын мүнөзү эмес эле!

Ошондуктан бирөөнү эмес,
өзүбүздү көбүрөөк оңдойлу !

Бир сөздү эсиңе дайыма сактай жүргүн бир тууганым !

«Качаан сен бирөөнүн кемчилигин көрүп, айыбын айтып сөөмөйүң менен көрсөтсөң,
калган үч колуң өзүңдү карап турат ушуну унутпа !»

(Хужурот 12-аятты окуңуз)
(эскертүү катары)..

?Али Оши~
?‍?‍?‍? Бактылуулук Формуласы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button