Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: 140 000 периштени ээрчиткен Жабрайил (алайхис салам) кимге жаназа окуу үчүн түштү?
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Таасирдүү окуялар > 140 000 периштени ээрчиткен Жабрайил (алайхис салам) кимге жаназа окуу үчүн түштү?
РубрикасызТаасирдүү окуялар

140 000 периштени ээрчиткен Жабрайил (алайхис салам) кимге жаназа окуу үчүн түштү?

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:52 ТЧ
Бөлүшүү
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынын арасында жөнөкөй бир адам бар эле. Аны көпчүлүгүбүз жакшы билбейбиз. Анын аты эл арасына да таркаган эмес. Бирок, Аллахтын алдында анын даражасы абдан бийик болду. Анткени, ал Аллахтын сыпаттары болгону үчүн «Ихлас» сүрөсүн жакшы көрөт эле.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Табук согушуна жөнөдү. Сапар оор, жол узак болгонуна карабастан сахабалар согушка аттана башташты. Ошол учурда катуу ооруп, төшөккө жатып калган Муавия бин Муавия согушка аттана албай калды. Анын катуу ооруп жатканына күбө болгон Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын үйдө калуусуна уруксат берди. Аллахтын жардамы менен мусулмандар Табукта жеңишке жетишти. Жеңиш менен мекенине кайткан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен эс алуу үчүн жол боюна токтошту. Түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаган мезгилде, Жабрайил периште түшүп, Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып:

— Оо, Мухаммад, азыр туруп Муавияга кайып жаназасын оку — деди.
— Азыр окуюнбу?
— Ооба.
— Таң атуусун күтсөк болбойбу?
— Жок, оо, Аллахтын элчиси, чатырдын сыртында сени ар бир сабында жетимиш миңден болгон эки сап периштелер күтүп турат — деди Жабрайил, — алар буга чейин асмандан түшкөн эмес, качан гана Муавиянын кайтыш болгону асманга тараганда, сенин артыңда жаназа окуу үчүн Роббусунан уруксат сурашты.
— Оо, Жабрайил, мындай сыйга жетүү үчүн Муавия эмне кылды эле?
— Ал «Кул хувал-лооху ахад…» сүрөсүн жакшы көрөт эле жана «Аллахтын сыпаты болгондугу үчүн аны жакшы көрөмүн» деп айтчу.

Ушул түнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жабрайил баштаган 140 000 периште менен Муавияга кайып жаназасын окуду.

Урматтуу окурман! Биз дагы Муавия сыяктуу Куран аяттарын сүйгөндү үйрөнөлү.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Жабрайил, жаназа, Мухаммед пайгамбар, Периште
02.04.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала «Мираж» Пайгамбарыбызга берилген эң чоң белек
Кийинки макала Чубак ажы Жалилов: «Шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет»
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?