Макалалар

«Алмустактан бери» деген сөздүн мааниси

Кыргыйбек Молдожунусов

Кыргызда «алмустак» деген жакшы бир сөз бар. «Тарыхтын тээ башталышынан бери» деген мааниде «алмустактан бери» деп коюшат. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө «алмустак» сөзү орусчага: «издавна, с незапамятных времен» деп которулган. Казактарда бул «алимсак» деп айтылат. Көрсө, ата-бабаларыбыз мусулманчылыкты кабыл алганда, бул түшүнүк кошо кирип келген экен, бирок бул эмнени түшүндүрөрү унутулуп калыптыр.

Дин аалымдары муну ачыктаганына караганда, бул түшүнүк «аль-мисак» (кыргызчасы: келишим, осуят) деген арабча сөзгө барып такалып, мунун тарыхка тиешелүү экендиги Курандан алынган. Тагыраак айтканда, биз бардыгыбыз Адам атанын белинде болгон кезибизде Жараткан бизден ыйман тууралуу убада алган учурду «алмустак» же «аль-мисак анты» деп коюшат. Алмустакта биздин денебиз жарала элек болсо да, биздин жаныбыз (рух) ошондо эле бар болгон экен жана биз ошондо Кудайдын бар экенине, бирөө экендигине ишене турганыбызды айтып, сөз бериптирбиз. Алмустактын себеби жөнүндө Аллах Таала өзү бизге баяндаган. Курандын «аараф» сүрөсүнүн 172-аятынын кыргызча котормосу мындай: «Кыямат күнү: «Мындан кабарыбыз жок болгон» — деп айтпооңор үчүн Эгең Адамдын перзенттеринин жонунан (белинен) өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: «Мен силердин Эгеңер эмесминби? (деди). Алар: «Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк бердик» — дешти».

Аалымдардын айткандарына караганда, адамдын жаны түбөлүк жашай турган, өлбөй турган макулук, бирок, ал беш түрдүү жашоону башынан өткөрөт, беш жолду басып өтөт. Мындайча айтканда, сиз жана мен жашап жаткан бул дүйнө беш баскычтын бирөөсү гана болуп, биз көргөн жана көрө турган дагы далай дүйнөлөр бар экени жөнүндө сөз болуп жатат.

Биринчи жашообуз – алмустактан бери карай эненин курсагына чейинки убакыт экен. Ал кез эсибизде жок, бирок биз ошондо «рухтар ааламында» жашаган кезде кимибиздин жаныбыз кайсы жан менен жакын болсо, бул дүйнөдө да ошол жан менен жакын санаалаш болот экенбиз.

Ал эми экинчи жашоонун башталышында эненин курсагында топурактан даярдалган денеге жан болуп салынып, көчүрүлүп келгенбиз. Мына ушул биздин ойгоо, соо абалыбыз, эки жакты баамдай ала турган турушубуз – бул экинчи баскыч, эненин курсагынан баштап, жерге көмүлгөнгө чейинки дененин ичиндеги жашообуз. Кызыгы, үчүнчү жашоо экинчи менен параллель жүрөт экен. Тагыраак айтканда, ойгоо абалыбыз — экинчи аалам, ал эми уктап жаткан абалыбыз — үчүнчү аалам. Биз улам-улам экинчи менен үчүнчүнүн ортосунда көчүп-конуп олтуруп, уйку-соонун арасында турмуш кечирип, ырыскыбыз түгөнгөндө гана төртүнчү баскычка өтөр күн келет экен. Албетте, бул айтылгандар, бир караганда, илимден такыр алыстай туюлат. Жан жөнүндө буга «психика» деген түшүнүк менен карап изилдеген психология илими бар, бирок ал да психикалык көрүнүштөрдү (акыбалдарды, процесстерди, касиеттерди) изилдөө менен гана чектелип, жандын «тиги дүйнөсүн» кеп кыла албайт. Ошентсе да, белгилүү психоаналитик болгон Зигмунд Фрейддин уйку жөнүндө айткан кызыктуу бир байкоосу бар. Биз бул дүйнөнүн сыноолорунан күндө тажап, күндө качып турарыбызды, ошондуктан, уйку аркылуу кайра эненин курсагына кетип калгыбыз келгенин Фрейд калыстык менен байкаган. Балким, биздин жаныбыз эненин курсагындагы жашоого эмес, андан ары да «рухтар ааламындагы» тынч жашоосуна кайткысы келип тураттыр.

Айтмакчы, эгерде алмустак окуясы, рухтар ааламындагы жашоо чын болсо, анда эмнеге ал учур биздин эсибизде жок? Кудай эмне үчүн анын бардыгын жадыбыздан (эс-тутумдан) алып салып, унуттуртуп койгон? Балким, мунун жообу «изденүү» деген түшүнүктө жаткандыр. Адамдын изденүүгө болгон жөндөмү, изденүүгө кызыгуусу, изденүү аракети ошол алмустактагы сырга жетелеп барат дешет. Диний илимде «фитра» деген түшүнүк бар, «адамдын түпкү табияты» деген мааниде. Бул боюнча пайгамбарыбыз (с.а.у.) мындай айтып кетиптир: «Ар бир адам фитрасы менен (табигый ыйманы менен) төрөлөт, бирок аны ата-энеси жөөт, христиан же отпарас кылып тарбиялайт». Жалпак тил менен айтканда, ар бир адам баласы кудай бар экенин жүрөгүнөн сезет, бирок ошону акылы менен баамдай албай, аңдай албай, жүрө берет. Бирок, адам «кудай» жөнүндө ойлонбой коюуга канча аракет кылса да, ичиндеги кайсы бир касиет аны ой жүгүртүүгө, ишенүүгө, сыйынып-табынууга, кыскасы, изденүүгө түрткүлөп турат.

Адам изденүүдөн тажап, жүрөктүн суроолоруна тез арада жооп табууга аргасыз болот. Ошонүчүн ар ким сыйынууга татыктуу объект тапканга шашылып, кайсы бир «кудуреттүү күчкө» ишенүү, таянуу, «андан» коркуу, үмүт кылуу, «аны» сүйүү сыяктуу баёо сезимдерин чыгарып, жеңилдегиси келет. Эгерде анын өзү үчүн тапкан «кудайы» анын муктаждыктарын канааттандырбаса, үмүтүн актабаса, анда адамдын ичиндеги бир касиет аны кайра дагы изденүүгө түрткүлөй берет. Мына ушул касиетибиз «фитра» деп аталып, биздин жаныбызга Аллах тарабынан алдын ала берилген экен. Бул касиет алмустактагы окуяны эстеттирбейт, бирок ошондогу убадабыздын маани-маңызын сездирет окшобойбу. Демек, биздин бул дүйнөдөгү сыноолорго гана көңүл буруубуз үчүн Аллах Таала эс-тутумубуздан эски дүйнөнү алып салып, бир гана ыйман сезимин гана калтырган го.

«Фитра» түшүнүгүнүн илим үчүн мааниси зор десек болот. Биологияга кайрыла турган болсок, жандууларда «рефлектордук аракет», «адат» деген түшүнүктөр бар. Булар денедеги касиеттер жана өздөштүрүлгөн жөндөмдөр болуп саналат. Андан ары «инстинкт» дегенди карай турган болсок, анын тубаса экендигин, укумдан-тукумга өткөрүлгөн касиет экенин байкасак болот. Булардын бардыгы жаныбарларда да, адамдарда да бар болсо, ал эми «фитра» адамзатына гана берилген белек сыяктуу. Эгер фитраны «ыйман данегине» салыштырсак, анда бул данектен «дарак» өстүргөн адамдарды «ыймандуулар» десек болчудай.

Back to top button