Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Алманын ээсин издеген жигиттин окуясы
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Өрнөктүү өмүрлөр > Алманын ээсин издеген жигиттин окуясы
АңгемелерӨрнөктүү өмүрлөр

Алманын ээсин издеген жигиттин окуясы

admin
Жаңыланды: 2020/04/20 at 11:04 ТЧ
admin
Бөлүшүү
- Advertisement -

Бир күнү бир дайранын жээгинде даарат алып жаткан эле. Сууда бир алманы көрөт. Даарат алып болуп, сууда чирип кете турчу бул алманы алып жейт. Бирок, түкүрүгүндө кан көрөт. Бул убакка чейин мындай абалга туш келбегендиктен түкүрүгүндөгү кандын ушул жеген алмадан улам болгондугун божомолдойт. Жегенине өкүнөт. Алманын ээсин таап, кечирим сурап ыраазылыгын алуу үчүн дайраны бойлоп басат. Акыры барып жеген алмага окшогон алма бакка туш келет. Ээсин сурайт. Бул заттын абдан жоомарт, жакшылыктуу адам экендигин, жада калса, бактагы алмаларды түгөл жыйнап алып кетсе да эч нерсе дебей тургандыгын, бир алма үчүн убара тартуунун мааниси жоктугун айтышат. Буга карабастан алманын ээсин табат, окуяны түшүндүрүп же акчасын алуусун, же акысын адал кылып, ыраазы болуусун суранат.
Алма бактын ээси бул жаш жигиттин абалын карап, такыбаалыгынын чын-жалганын билиш үчүн мындай дейт:
— Жеген алмаң үчүн эмне бересиң?
— Алтын-күмүш, эмнем болсо берейин.
— Мен алтын-күмүш каалабайм, бирок, эгер кыяматта сага доочу болуумду каалабасаң сага бир сунушум бар, аны кабыл кылышың керек.
— Сунушуң эмне?
— Орундай турган болсоң айтайын…
— Исламиятка туура келсе орундай алам.
— Сокур, дүлөй, тилсиз жана колу-буту шал болгон бир кызым бар, аны менен үйлөнүүгө макулдук берсең ошондо гана бул алманы сага адал кылам.
Сабит хазреттери акыретке кул акысы менен кетпөө үчүн бул сунушту кабыл кылат. Нике той даярдыктары көрүлөт. Сабит хазреттери биринчи түнү бөлмөгө киргени менен чыкканы бир болот. Дароо кайын атасына жүгүрүп барып: «Ата, бул жерде бир жаңылыштык бар сыяктуу, бөлмөдө сиз айткан сыпаттагы кыз эмес таптакыр башка бири отурат!» — дейт. Кайын атасы күлүмсүрөп: «Балам, ал менин кызым, сага адал болгон кыз. Мен сага аны сокур деп айткан болсом, ал эч качан арам нерсе көргөн эмес. Дүлөй деген болсом, ал эч качан арам нерсе уккан эмес. Тилсиз деген болсом, ал эч качан арам нерселерди сүйлөгөн эмес. Шал деген болсом, ал эч качан арам жерлерге барган эмес. Бар эми адал жубайыңдын жанына бар, Аллаху Таалаа мубарек жана бактылуу кылсын.»
Мына ушул үйлөнүүдөн, б.а., ушундай эне-атадан Имам Азам Абу Ханифа дүнүйөгө келген.

Шемседдин Сивасинин Менакых-и Имам Азам аттуу эмгегинен алынган.

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Абу Ханифа, Адал/Арам, алма
admin 17.07.2017
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала ЫЙМАН КЕЛМЕСИНИН КЕРЕМЕТИ
Кийинки макала «КЕЛЧИ ТЕЗИРЭЭК, СЕНТЯБРЬ»
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?