Боом капчыгайында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жолун жана темир жолду жаап калган.
«Кыргыз Темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын тийешелүү кызматтары, Транспорт министрлигинин атайын адистери жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Каттамдын качан ачылары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Ошол эле учурда социалдык тармактын колдонуучулары мечиттин зыян тартпаганын айтып, бул дагы Жараткандын керемети деп жазып жатышат.