alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

АЛЛАХ ДЕГЕН ..

АЛЛАХ ДЕГЕН...

✍🏻Ал – асмандар менен жерлердин жана алардын арасындагы бүтүндөй жандуу-жансыздардын Раббиси.

Дем алгандагы ар бир демибиз, жасаган ар бир кадамыбыз, үйрөнгөн ар бир жаңы нерсебиз, кылган ар ишибиз бир гана Анын буйругу менен ишке ашат.

Ушул учу-кыйры көрүнбөгөн укмуштай кооз дүйнөбүздү биз үчүн Ал кооздоду, дем алган абабызды, ичкен суубузду Ал жаратты.

Түнкүсүн таптакыр караңгылыктын ичинде калышпасын деп ай менен жылдыздарды жаратты. Жамгыр жаасын деп булуттарды, суусуз калышпасын деп дарыя-сууларды жаратты.
Ар бири ар түркүн түстө, даамда жана жытта болгон жашылча жана жемиштерди, нан жасашыбыз үчүн буудайды, этин жеп сүтүн ичкен жаныбарларыбызды да Ал жаратты.

Ал “бол” дегени үчүн мунун баары болду. Бардык нерсе Анын каалоосуна жараша болот. Анын уруксатысыз колубуздагы сууну иче алар белек? Дем алган учурубузда ичибизге алган демди кайрадан тышка чыгара алар белек? Албетте, мунун баарын улуу кудуреттүү Алланын эрки болбосо жасай албас элек. Эгер биз сүйлөшө алсак, уга алсак, колубузду кыймылдата алсак мунун баары Анын буйругу боюнча болууда.

Ар бир нерсе өз тилинде сүйлөйт. Жер менен көктүн ортосундагы бардык нерсе Алла тааланы даңктайт.
Бардыгы өз тилинде Ага шүгүрчүлүк кылат, Андан жардам сурап жалбарат. Канаттуулар эртели кеч чыр-чур этишип үн салышат, аарылар гүлдөн гүлгө конушуп бал чогултушат, кумурскалар уяларына тамак-аш ташышат. Өзөгүндө катылып жаткан дарактын өнүп-өсүшүн каалаган бир урук айдалган топуракка себилип, суунун келишин күтөт, күндүн жылуу табын эңсейт. Өз тилинде улуу кудуреттүү Алладан дуба кылып: “Мени өстүр, канат-бутагы жайылып керилген чоң дараккыл, адамдарга пайдам тийсин,” – деп тилек кылат. Ар бир нерсе өзүнө ыроолонгон ырыскыга ыраазы болуп ырахматын айтат, аны ыраазы кылганга дуба окуп ыраазычылыгын билдирет. Бардык мактоолор жана ыраазычылыктар Ал үчүн.

Ушундай улуулуктун, ээси болгон Аллахктан жардам сурабай дагы кайда жүз бурабыз? Биз үчүн Анын жолуна түшүү үчүн дагы кандай далил керек? Мойун сунуп, буйргуна баш ийүү үчүн бизди эмне тосуп турат? Акыйкатты окуп, угуп, билип туруп шылтоо издгенибиз биз үчүн өтө чоң адашуу, жоготуу бир тууганым! Кели бир тууганым али да кеч эмес Алланын туура жолуна түшүп , түбөлүк бактылуулук жашоого сапар алып бейиште бирге бололуу!!!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button