АалымдарМакалалар

АЛЛАДАН КОРККОН ДОСУҢ АКЫРЕТТЕ БЕЙИШКЕ КИРҮҮҢӨ СЕБЕПЧИ БОЛОТ

🤝АЛЛАДАН КОРККОН ДОСУҢ АКЫРЕТТЕ БЕЙИШКЕ КИРҮҮҢӨ СЕБЕПЧИ БОЛОТ


🤲Оо, Аллах сенин
Улуулугуңда, Кудуретиңде чек жок. Сен Мээримдүүсүн, Кечиримдүүүсүн, кечиргенди жакшы көрөсүң.

—Ибилис Алла Таалага:
“Сенин Улуулугуңа ант! Мен адамдарды денелеринде жаны бар кезде өлгөнгө чейин азгырам” – дейт.

—Алла Таала Ибилиске:
“Улуулугума ант ичем! Адамдар истигфар айтып, Менден кечирим сураса эле, Мен алардын күнөөлөрүн кечирем” – дейт.

Бейишке кирген адамдар бейишке кирип бул дүйнөдө чогуу жүргөн досторун, жакын адамдарыны таппай калат.

— Анан Алла Тааладан:
“Оо, Жараткан! Биз менен чогуу намаз окуган, биз менен чогуу орозо кармаган бир туугандарыбызды бейиште көрбөй жатабыз” – деп жакындарын сурашат.

— Алла Таала ал адамдарга: “Тозокко баргыла да жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адамды чыгаргыла!”- дейт.
Ошентип жакшы дос тозоктогу адамдардын бейишке чыгуусуна себеп болот.

💫Хасан Басрий (Алла ырайым кылсын) айтат:
“Момун адамдардан көп дос жыйнагыла! Анткени, ал адамдар Кыямат күнү жакын адамдарын шапаат кылат”.

☝🏻Чыныгы дос – колуңдан кармап бейишке жетелеген дос.

💫Ислам аалымдарынын бири адамдарга:
“Эгер бейишке киргенде араңардан мени таппай калсаңар, анда, мен жөнүндө минтип сурагыла!
Оо, Алла! Сенин пендең баланча бизге Сени айтып эскертет эле, аны да биз менен бейишке чогуу киргиз” – деп сурангыла, эгер мен силерди көрбөй калсам, анда, мен да силер тууралуу сураймын жана бейишке кирүүңөрдү суранам” – дейт.

🤲Аллах Таалам баарыбызга Аллаты эстеткен, эскерткен, Аллах жолуна чакырган, жамандыктан кайтарган дос – туугандарды айланабызга толтурсун! Амиин!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close