alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
Ырлар

АКЫР ЗАМАН – Туяк акын (1856-1912)

Акыр заман болоордо

Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.

Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.

Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.

Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.

Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.

Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.

Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.

Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.

Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.

Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.

Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.

Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.

Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.

Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.

Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.

Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.

Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.

Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.

Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.

Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.

Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.

Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.

[mks_separator style=»solid» height=»2″]

Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист акын болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.

Бул да кызыктуу

32 пикир

  1. Акыры заманда жашап жатабызбы?Айтылгандардын баары эле дал келиптир го.

  2. Тообо ушундай да дал келуу болобу

  3. Ассалааму алайкум бир тууган бул адамдар оулия адамдар болгон.(Аллахтын ээн жакындары)
    Ошондуктан алардын кылымдар мурун айткандары биздин заманда ачык корунуп жатат.
    Ал улуу акыл парасаттын ээлери болгон адамдар оз оюнан эмес, аян же кандайдыр бир белги келген Аллах тараптан ошол нерсени бизге ыр менен мурас кылган.

  4. Акыр заман болоордо
    Көзү ачыктар көп чыгат.
    Көп жерлерди күйгүзүп
    Жерден жайнап өрт чыгат.

    Озгочо ушул саптары аябай ушул жылдарданы окуяларга окшошупжатабы?

  5. Bul yrchynyn aty nege tuyak atalyp kalganyn kim bilet. Internetten izdep jatyp uwul jaka kelip kaldym. Keniri maalymatty kaidan alsam bolot?

  6. Башка акындар дагы ырдашкан. Жеңижок, Арстанбек Буйлаш уулу, Калыгул олуя сыяктуулар.

  7. Оа дал ошондой бир тууганым эртерээк ойгонгун

  8. Туура айтасынар! Олуялык касиет Алланын бир озунон болот!!!Азыркы кундордо дагы аян белги алгпндарды козу ачык деп атап жатпайбы, динге тура келбейт деп..Кыргыз Эли Нурдан буткон эл экен…Озгочо олуялык кастет элибизде бар экен!!!

  9. Ностордамус, Ванга жана Месин олуялардан,биздин Туяк бабыз эмнеси кем. Бул кудай берген оомат да. Бирок ушуга окшогон улуктарыбызды дуйного тааныта билишибиз керек.

  10. Көзү ачыктарды олуяларга тенебеш керек. Көзү ачыктар өз кызыкчылыктары үчүн акча таап жүргөндөр да. Олуяларда андай нерсе жок. Олуялар Алланын достору.

  11. Жер астынан газ чыгат? Ошол заманда газ деген соз бар беле?
    Бирок Ким жазса да жакшы жазган. Азыркы заман.

  12. Дагы жакшы нефть деп кошуп коюшпаптыр.

  13. Бул бизде болгондор башталышы элего

  14. Бул киши 1856-жылы туулган деп турат. Орустар келген алгачкы жылдары газ болгон. Демек ошол замандагы газды көрүп, анын келечекте кеңири колдоно турганын көргөн болушу мүмкүн.

  15. Коргчтугно 200% бал берем бир кылым мурда биздин жашону катасыз суртогон

  16. Жок андай эмес азыркылар козу ачык а бул акындар чыныгы мусулмандар . азыр эптеп эле акча табуу болуп калбадыбы

  17. Укмуш экен азыркы заманды ошол убактын ойчул каятан билген .Эн сонун адымды акылына келтире турган ыр экен азыркы заман ушундай эле болуп жатат.Элибизге тынчтык эле каалайм.

  18. Ошол замандын адамдары ушунчалык пакиза таза адамдар болгон.аллахым аларга аят аркылуу белги берип турса керек деп ойлойм.ото дал келип турганына.

  19. Азыркы замандын жаны акындары жазганго ырды, создору кобунчо жаны создор.

  20. Акыр замандын озундо жашап же жашабай атканыбызды бир кудай билет бирок ырдын мазмуну азыркы биз жашап коруп угуп жургон болуп аткан иштер.

  21. Ким туяк акын атынан :акыр заман:ырын жазган,жазардан мурун ойлонбойбу,сага эмне кыргыздар лох беле ишене бергидей..оо дуйно жонундо,аалымдарды жазыпсын.ж.о.с.Сен аферист кудайдан коркподунбу?Туяк эмес Нострадамус айта алган эмес.Кудай гана коро билип точ в точ айтпаса,дуйнодо бир инсан жок и болбойт алдын айта турган.Хватит дурачит людей,просто раздражает вашы идиотский поступки.Кыргыздар жинди эмес сага;Аферист

  22. Кунгойундо кумуш бар тескейинде дилде бар Акылман айкол элим бар деген сыяктуу азыркы бийликтегилер ачып сатабыз дегнн алтын кнндер жонундо да айткандары бар бул акындын

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button