? Кээде унчукпай койуу , чындыкты айтуунун жалгыз гана жолу болушу мүмкүн.
? Мен үчүн эң бактылуу күндөрүм күнөөсүз өткөргөн күндөр.
? Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет.
?Эң сулуу көз — мээримдүү көз. Анын көк же кара экени айырмасы жок.
? Сен дайыма чакырып турган жүрөктөр бар. Бирок ал жүрөктөр чакырбай калган күндөр да келерин унутпа.
? Баардык адамдар жаңылып каталашат. Алардын бактылуулары тообо эшигине туш келгендер.
? Сени таштабайм . Сага өмүрүм өткөнчө жанымды арнап жүрүп өтөм дегендерден, бир гана апама ишенем.
? Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.
? Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билип жанын бериш керек.
? Банкир — бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.
? Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.
? Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл аяктайт.
? Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.
? Баарына жагам десең — бирине да жакпайсың.
? Кечирип коюш баарына оңой, кептин баары унутуп салышта.
? Сүйүүдөн жек көрүүгө бир эле кадам.
? Адамдын эң эле акмагы башкаларды жамандай бергени.
? Кудай бизге төрт ырахатты тартуулаган:
Ичкенди, жегенди, уйкуну, аял- эркек мамилеси.
???? БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ