ВидеоЖаңылыктарМедиа
Эң мыкты
Айт намаздан кийин насаат айтып ырдаган дааватчы аксакал талкууда (ВИДЕО)
Бишкекте айт намаздан кийин жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн жанында отуруп алып ыр менен насаат айткан дааватчы аксакал коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурду.
Барпы атабыздын обонуна салып, Аллахты даңазалап, насаат ырын куюлуштура ырдаган аксакал ютубдагы «Бетме-Бет» каналына видео жарыялангандан көп өтпөй популярдуу боло баштады.
Видеотасмада көрүнүп тургандай, аксакал ырдап жатканда жанында ондогон адамдар колдоп турган.