alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:54 | alternatetextКуптан: 21:39
ЖаңылыктарМедиаФото

Айт намаз кайда качан окулат? (Программа)

Орозо айт намазы 5-июнда эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, баяндар таңкы саат 06:00дөн тарта айтыла баштайт.

«Айт намаз учурунда дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат», — деп жазылат билдирүүдө.

Айт намаздын программасы:

06:00 — 07:00 — дин аалымдарынын баяндары;

07:00 — 07:20 — Азирети муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20 — 07:30 — өкмөттүн куттуктоосу;

07:30 — Айт намаз.

Майрамдык намазга карата Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрү да жабылат.


Унаа кыймылына чектөөлөр төмөндөгү көчөлөргө киргизилет:

Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Эске салсак, быйыл Орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктайт. Ал эми 5-июнда Орозо айт болот.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button