Кыргыз элинин ай санагы өзүнө көчмөндөрдүн жашоо образын, философиясын камтыган.
Табиятка аяр мамиле кылган көчмөндөр куут учурун, төлдөгөн маалын жакшы билгендиктен ай аталыштарынын айрымдарын жапайы жаныбарлар менен байланыштырган. Анткени мергенчилер бооздорун, эмизгендерин аткан эмес. Калган айлардын аталышы коомдук алакага тиешелүү деп чечмелеп келишет илимпоздор.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуулардын жардамы менен 12 айды толук чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Кыргыздардын ай санагы боюнча жыл 12 айдан куралып, айдын жаңырып бүтүшү 30-31 күн болгон. Көчмөндөр ар бир айды чечмелеп, ошого жараша өзүнүн чарбалык иштерин, жайытка көчүп-конуусун пландаган. Жадагалса малдын токтошу, желин салышын да айдын чыгышына карата санаган.
Жалган куран — март
Чын куран — апрель
Бугу — май
Кулжа — июнь
Теке — июль
Баш оона — август
Аяк оона — сентябрь
Аяк оона айында эл жайлоодон этекке түшөт. Ал айдын ичинде көчүп-конгондор мал-мүлкүн, үй оокатын, чака-чайнегин түгөлдөп адамдын буту-бутуна тийбей турган учур болот. Себеби бул учурда карапайым эл жыйым-терим менен алышып, кыштын камы менен санаа тартып калат. Баса, бул айда жейрендер топтошуп куут учуру башталат. Эске сала кетсек, мурун жейрендер кыргыз жеринде кеңири байырлап, малдын көбөйүшү менен союз маалында жоголуп кеткен.
Кыргыздар ошондой эле бул айда учкан желени «мыйзам гүл» дешкен. Жаратылыштын бул кубулушун байкаган жергиликтүүлөр мыйзам боюнча салык төлөчү убак жакындап калыптыр деп түшүнүшүп даярданган.
Тогуздун айы — октябрь
Жетинин айы — ноябрь
Бештин айы — декабрь
Үчтүн айы — январь
Бирдин айы — февраль
Дагы экөө салыкчыларга берилип, тогуздун бир бөлүгү калган ай. Элдин аңчылык кылышына шарт болбойт, колдогу малды жакшы карап кыштан аман-эсен чыгуунун жолун издеп калышат. Бирдин айында кардын көлөмү максималдуу чекке жетет. Айрым жерлерде 1,5 метрге чейин чукулдайт. Кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Айдын соңунда күн жылып, акырындык менен кар кетип, соңунда жаздын илеби сезиле баштайт.
Кыргыздар ай жаңырган учурду ай арасы деп коюшкан. Ал күндөрү сөзсүз аба ырайы бузулуп, бийик ашуу тоолордо кар жаайт дешкен. Ал эми Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошкон күндөрү (экөөнүн маңдай-тескей болуп калышы — ред) көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн.
Эскертүү: айрым окумуштуулар айларды ай тогошуусу, Үркөрдүн чыгышы сыяктуу астрономиялык кубулуштарга байланыштырып да чечмелешет.
Авторлор
Мирбек СакеновМаалымат булагы
окумуштуу, география илимдеринин кандидаты Жумакадыр Карамолдоевдин маеги, Касымбек Сейдакматовдун «Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү», Кармыштегин Макелек Өмүрбөй уулунун «Кыргыз саресепчилиги: күн санак, ай санак, жыл санак» китеби
Сүрөт
Россиянын Илимдер академиясынын Петр Великий атындагы Антропология жана этнография музейинин коллекциясы, SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Дизайнер
Даниил Сулайманов