alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
АңгемелерТаасирдүү окуялар

АЙБАНАТТАРДЫН ТИЛИН ҮЙРӨНГӨН АДАМ

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Бир күнү ар нерсеге обужок кызыгып, ар дайым бирден экини кылгысы келген адам Азирети Муса (а.с) пайгамбарга келип айбанаттардын тилин үйрөтүүнү суранды. Муса пайгамбар маңдайындагы адамга ал нерсенин канчалык зыяндуу экенин, өзүнө каргаша тилеп жатканын канчалык түшүндүрсө дагы оюнан катпай койду. Өз пикирине бекем туруп алган адам:
— «Оо, Муса! Менин тилегимди артка кайтаруу сенин даражаңа жарашпайт. Жок дегенде эшиктин алдында жаткан ит менен үй канаттууларынын тилин түшүнгүдөй болоюн. Жардамыңды аяба!»,- дейт жалбарып. Айласы кеткен Муса (а.с) адамга дуба кылды. Адам кубанган боюнча үйүнө жөнөдү.
Эртеси таң атпай тиги адам эшигинин алдына чыгып бакча тарапта жүргөн ит менен корозду карап туруп калды. Ошол учурда үй кызматчысы дасторконду алып чыгып бакчага силкигенде бир тоголок нандын күкүмү жерге түштү. Жакын турган короз шып этип нанды илип кетти. Корозго нааразы болгон ит:
— Эмне үчүн дайыма менин ырыскыма көз артасын? Сен арпа жана буудай да жесең болот. А мен үчүн аларды жегенге мүмкүн эмес. Нан менин акым эле,- деди. Короз итти карап:
— Сен капа болбогун. Эртең кожоюндун аты ооруп союлат. Ошондо өзүңө көп-көп ырыскы аласың,»-деди. Короз менен иттин маегин уккан адам, короону көздөй чуркап атын базарга алып барып сатты.
Адам кийини күнү да таң атпай «Ит менен короз эмне деп сүйлөшөт болду экен?» деп эшикке чыгып кулак төшөдү. Ит корозго ырылдап:
— Сен жалган айткан экенсиң. Кана ат союлат дедиң эле? Мен дагы көп-көп тамак жейт элем,- деди.
Короз:
— Кожоюнубуз куулук кылып атын базарга алып барып сатып жиберди. Ат ошол жерде союлат. Сен кабатырлаба, эртең качыры ооруп өлөт. Ошондо бир жыргайсың,- деди канаттарын каккылап. Адам бул сөздөрдү угары менен качырын базарга жетелеп жөнөдү. Качырын жакшы акчага соодалап, зыян менен чыгымдан кутулганына чечекейи чеч болуп кубанган адам үйүнө көңүлдүү кайтты. Ал жолдо келе жатып, айбанаттардын тилин билген кирешелүү өнөр экенине жетине албай турду.
Түн кирип таң сөгүлөөрү менен адам кайрадан ит менен короздун сөздөрүн тыңшай баштады. Бул жолу дагы ит корозго жинденип жаткан экен. Ит:
— Кана качыр? Кана толтура эт? Сен аябай алдамчы экенсиң,- деди.
Короз:
— Жок, мен калп айткан жокмун. Качыр чын эле өлмөк бирок кожоюн аны да сатып жиберди.Сен чыдап тур. Эртең кожоюндун сүйүктүү кулу өмүрүнөн айрылат. Анын ыракымына эртең элге тамак берилип таттуу халвалар таратылат. Баарыбыздын курсагыбыз тоёт»,- деди.
Бул сөздөрдү уккан адам бир саам да турган жок. Үйүндөгү кулун ой-боюна койбой жетелеп базарга алып барып сатты. Адам башына келе турган үч балекеттен оңой кутулганына сүйүнүп бакытка
балкыды. Аябай кубангандыктан өзүнө өзү шүгүр кылды.
Эртеси таң атары менен кайрадан чала-була кийине салып бакчаны көздөй жөнөгөн адам, маңдай-тескей турган ит менен короздун кептерине кулагын түрдү.
Бул ирет ит аябай каарданып жаткан экен. Корозду тиштеп жиберчүдөй жулунуп:
— Эй, алдамчы! Күн сайын мени алдап жатып тойгуздуң! Кана кулдун өлгөнү? Кана курсагыбыздын тойгону? Сен калптан башка сөз билесиңби, — деди.
Короз:
— Мени алдамчы дегениңди эч качан кабыл албайм! Короздор жалган сөз эмне экенин билишпейт. Анткени Алла Таала бизди инсандарга намаз убакыларын эстетип, билдирип турсу деп жараткан. Жалган кыйкырган короздун башы кесилет. Кул өлөт, бирок бул үйдөн эмес. Анткени кожоюн аны да сатып жиберди. Көзү ачык мырзабыз бул аракеттери менен мал-мүлкүн куткарды бирок өз жанын куткарган жок. Аттын, качырдын, кулунун өлүмү анын башына келе турган балээлерден тосот болчу. Бирок ал бирок бардык келе турган балээлерди өзүнө тартып алды. Эмки кезек кожоюнга келди. Эртең мырзабыз каза болот. Мураскерлер анын өлүмтүгүнө арнап чоң өгүздү союшат. Бул ирет сөзсүз тамакка карк болосуң,- деди.
Адамын асманы жерге түшүп кеткендей онтоп ордунан атып турду да, чуркаган боюнча Муса пайгамбардын алдына барып жыгылып:
— Оо, улуу Пайгамбарым! Мени өлүмдөн арачалап кал! Жардам бере көр! Суранам!,- деп жалбарып ыйлап кирди.
Пайгамбар адамды карап:
— Октун жебеси жаадан атылып кетти. Аллахтын тагдыры эч качан артка кайрылбайт. Алладан сен үчүн тилеп суранарым ыйманың менен кетсең экен,-деди.
Муса (а.с) бул сөздөрдү сүйлөп жатканда адамдын түрү бузулуп, көздөрү тунарып, денесин калчылдак басып, буттары чалыштады. Аны үч-төрт киши үйүн көздөй көтөрүп кетишти…

Сабак: Алла Тааланын адамдар үчүн тартып койгон түрдүү тосмоолору бар. Ал тосмоолордон өтөм дегендин өзү чоң күнөө… Акылы бар адамдар ар бир иштин жыйынтыгын алдын ала көрүп амал кылышат. Акылы жок адамдар иштин баарын жасап бүткөндөн кийин гана өкүнүп бармактарын тиштеп калышат. Рамазан айыңыздар менен!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button